Коомдук-саясый гезит
№22_23, 28.08.08-ж.





  Ынануу

Тандаган жолубуз байсалдуу болсун!
1991-жылы СССР ыдырагандан кийин агрардык өлкө болгон Кыргызстанда өнөр жайды өнүктүрүүнүн көлөмү төмөндөп, экономикалык байланыштар үзүлүп, калктын кирешеси азая баштаган. Мурдатан союздан 30%га чейин дотация алып келген Кыргызстан үчүн бул мезгил экономикалык төмөндөө учуру болгон. Мурда жалпы союзга иштеп келген завод, фабрикалар жабылып, айыл чарбанын өнүгүүсү төмөндөгөн шартка жана мындай экономикалык, саясий өзгөрүүлөргө даяр болбогон мамлекет оор кризиске кабылган.Бул биринчи кезекте жаштарга, пенсионерлерге кары- картаңдарга оор болгон. Себеби өлкөнүн эмгекке жарамдуу калкынын 65% дан ашыгын жаштар түзгөндүктөн эми алар жумушсуздар катарын толуктап калган. Союздан пенсия алып жүргөн кары картаңдарыбыз да оор абалга туш болгон. Себеби союз ыдырагандан кийин алган пенсияларынын көлөмү 1993-жылы 10-майда улуттук валюта - сом киргизилгенден кийин өтө аз өлчөмдү түзгөн. Бул акча алардын күнүмдүк турмушу үчүн жетишсиз болгон. Анын үстүнө экономикалык байланыштар үзүлгөндүктөн өнөр жайынын жана айыл чарбасынын өсүү ыргагы кескин төмөндөгөн. Демек, өнөр жай айыл чарба иштетилбегендиктен, республикалык бюджетке салык аз түшкөн, бул социалдык чөйрөнүн кызматкерлери - мугалимдер, врачтар жана маданият кызматкерлери үчүн өзгөчө кыйынчылык туудурган. Бул чөйрө баштатан эле эч кандай киреше алып келбей жалаң гана бюджеттин эсебинен жашап келгендиктен көпчүлүк мугалимдер, врачтар ошол эле маданият кызматкерлери айлык акылары өтө аз болгондуктан аргасыз иш орундарын таштап жекече ишкердик кылганга өтүшкөн. Мына ошондон улам Россияга, Түркияга жана жакынкы чет өлкөлөргө каттаган соодагерлердин арасынан кечээки эле жашы өзгөчө аялдарды көп көрүүгө болот. Ар кимиси көр оокаттын айынан жанын оозуна тиштеп, аба ырайынын ысык-суугуна карабастан мурдагы союздун республикаларын аралай чаап жүрүшкөндөр.
Экономикалык катаал шарттарга карабастан Кыргыз Өкмөтүнүн жана Президенттин көрөгөч саясатынын аркасында экономикалык реформаларды жүргүзүүгө, ачыгын айтсак базар экономикасына өтүү башталган. Демек өнүгүүнүн жолун тандап алган Кыргызстан үчүн бул оор болду, бирок элибиздин сабырдуулугунун аркасында ошол кездеги оор абалдан чыга алдык. Бул жагынан өлкөбүздүн Парламенти бир жарым миңден ашык мыйзам кабыл алды. Андан тышкары элдердин ортосундагы ынтымакты сактап калуучу да көптөгөн программалар кабыл алынды. Бул программа аркасында Кыргызстанда жашаган 86 улуттун өкүлдөрү ынтымак-ырашкерликте жашап келишүүдө. Ушундан улам кедейликти жою программасы кабыл алынып,иштеп келе жатат. Кыргызстан жергиликтүү бийлик жана сот системасына багытталды. Ушунун аркасында Кыргызстан жакшы ийгиликтерге жетишти, эл аралык ынтымактуулукка ээ болду. Азыр көз карандысыздыктын 17 жылдыгын белгилөө алдында туруп, Кыргызстан тандап алган жол да туура экендигине дагы бир жолу ынанып отурабыз.


Айжамал Акматжанова,
журналист



  Майрам алдындагы маектер

Мээнеттенсек Акыбек болбой койбойт
Калкыбыздын көпчүлүк бөлүгү элет жергесинде жашап, айылдын турмушун мыкты түшүнүп келери бышык. Мына ошолордун башын бириктирген айыл өкмөттөрү болуп саналат. Ошону менен биргеликте эгемендүүлүктүн алдында өзү жетектеген айыл өкмөтүнүн жашоочуларына болгон куттуктоо сөзүн угуу үчүн Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы Чынтемиров Бердибек Айбековичти сөзгө тарттык.

- Бердибек Айбекович, мына жакында 31-август - эгемендүүлүк күнү келе жатат. Сиздердин айыл өкмөттө буга чейин кандай өзгөрүүлөр, түйүндүү маселелер жана ийгиликтер болду?
- Эң биринчиден Лебединовка айыл өкмөтүнүн бардык жашоочуларын келе жаткан эгемендүүлүк күнү менен куттуктагым келет. Ошону менен бирге биздин айыл өкмөттүн атынан жалпы кыргыз элин куттуктап иштерине ийгиликтерди кааламакчымын.Ал эми болуп жаткан иш чаралар туурасында сөз козгосом эки жылдын аралыгында көптөгөн өзгөрүүлөр болду, жолдорду оңдодук. Мына жакында эле Восток айылынын жолдору толугу менен оңдолуп бүткөрүлдү. Ушундан улам социалдык жактарга көбүнчө көңүл буруудабыз. Ушул ыргак менен жүрүп отурсак, эки үч жылда эле көптөгөн ийгиликтерди алып келебиз деп ойлойм.Мектептерди да толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүп алдык.
- Айыл өкмөтүнүн калкынын саны канча, кайсы улуттун ээлери басымдуулук кылат?
- Жаңы конуштарда жашаган кыйла тургундарыбыз архитектуралык кагаздары жок каттоого тура албай жатышат. Алардан тышкары айыл өкмөтүнүн аймагында 25 миң адамыбыз бар. Алар негизинен кыргыздар, орустар, уйгурлар чечендер. Нооруз сыяктуу майрамдарды чогуу биргеликте өткөрүп жүрөбүз. Жылда эгемендүүлүк майрамы Лебединовкада өткөрүлчү. Быйылкы эгемендүүлүктүн 17 жылдыгын Восток айылында өткөрөлү деп турабыз.
- Социалдык турмуш-тиричилик боюнча, мисалы кээ бир колунда жок аз камсыз болгон үй-бүлөлөр деген сыяктуу маселелерге кандай карайсыздар?
- Эл болгон соң андай аз камсыз болгондору да жок эмес. Алар үчүн социалдык паспорт түзүлгөн. Ошого жараша акчалай жардам берип турабыз.Калгандарына кышкыга көмүр түшүрүп берели деп чечтик. Ар бири тизмеде болгондуктан ошол боюнча эле тиешелүү чараларды көрүп колубуздан келген жардамдарыбызды берип турабыз.
- Жогоруда мектеп жөнүндө айтып өттүңүз эле. Ремонт болдубу же жаңы салдыңарбы?
- Эскилиги жеткен мектептер бүгүнкү күндүн талабына жооп бербей калгандыктан алардын ашканасын, спорттук залын актовый залын толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүп бердик.Башталгыч класстын окуучулары 5 сомдон төлөп тамак ичишчү. Айыл өкмөтү тарабынан дагы 5 сомдон кошуп бердик. Бул балдарыбыз жакшырак тамак ичишип, мыкты билим алышса экен деген эле ой. Азыр мектеп окуучуларына бирдей форма кийгизилсин деп чечим чыгарылбадыбы. Колунда жок, аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн балдарын камсыз кылууну биз мойнубузга алдык.
- Айыл өкмөтүңүздөрдөгү жашаган калктын жашоосунун тынчтыгы үчүн ички иштер министирлиги тарабынан көптөгөн маселелер козголгон эле...
- Социалдык объектилерде күтүлбөгөн нерселер көп. Биз буга өзгөчө көңүл бурабыз акча жетишсиз болгондугуна карабастан атайы көңүл буруп, участкалык инспекторлорго "Нива" маркасындагы бир машина сатып бердик. Өзүнчө төрт бөлмөдөн турган оперативдүү пункт салып берип жатабыз. Андан тышкары караңгы көчөлөргө, бурулуштарга светтерди коюп берүү менен элдин коопсуздугуна ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүдөбүз. Ички иштер министирлиги менен макулдашып дагы 5 участкалык инспекторго жардамчы сурап жатабыз. Шаар менен чектеш жаңы конуштар көп болгондуктан отурукташып калган айылдардан айырмаланып кылмыштуулук тоноочулук фактылары кездешпей койбойт.
- Стратегиялык реформа сыяктуу маселелер массалык маалымат каражаттары тарабынан берилип, элдин ой-пикирлеринде деле айтылып, кыштын катуу болушу мүмкүн делүүдө. Ун, талкан, көмүр электр жарыгын үнөмдөө турасында дайардык кандай?
- Айылдык Кеңештин депутаттары менен биргеликте элге атайын Кайрылуу жасаганбыз. Кыштын катуу болушу божомолдонууда. Ошого биз даяр болушубуз керек. Тургундарыбыз социалдык паспорттору боюнча каралып, көмүр жеткириле баштады.Көмүрдүн баасы 2700 сомдон. Жалгыз жашаган адамдарды же болбосо пенсионерлерди кыштан камсыздандырып алып чыгуу биздин милдет. Бизге караган төрт мектептин экөө ТЭЦке карайт, экөөнө көмүр жеткирилди.
- "Элим аз, бирок аябай саз" дегендей Кыргызстандын келечеги жөнүндө өзүңүздүн оптимистик көз карашыңызды билгибиз келет. Биз качан бутка турабыз?
- Менимче биримдик, эмгектенүү керек.Бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Бөлөк жактан эч нерсе күтпөшүбүз керек. Өзүбүз мээнеттенсек эле акыбетибиз кайтпай койбойт.
- "Айыл өкмөтү" республикалык коомдук саясий гезити кеңейтилген жыйналыш өткөрүп, редакциялык кеңеш тарабынан төрага Мамасадык Сабырович, гезитибиздин башкы редактору Таштан Шамшидинов болуп жер жерлерден теңтөрага катары бирден алалы дегенбиз. Анын ичинен айыл өкмөттөрүнөн редакциянын жалпы жамааты теңтөрагалыкка сизди ылайык таап, айыл өкмөттөрүнүн арасынан республикалык масштабдагы маселелерди кароо керек болуп калган учурда иш чараларды алдыга жылдырууга сиздин көмөгүңүз керек деп чечтик, кандай кабыл аласыз?
- Чынында күткөн эмесмин. Сиздерге чоң ыракмат. Биз муну менен биргеликте иштешип айыл өкмөттөр арасында гезит аркылуу пикир алмашып, бирибиздин кемчилигибизди, экинчибиз кайталабай жалаң гана жакшы жактарды алып иштешүүгө бирден бир өбөлгө түзүлдү десем болот.
- Анда биз сизди редакциялык кеңештин теңтөрагалыгына макулдугуңузду бердиңиз деп эсептейлиби?
- Макулмун, иштин алдыга жылышына албетте макулмун.
- Куттуктайбыз!




Жолдо жүргөндөргө узак өмүр каалар элем
Баарыбызга белгилүү болгондой шаарыбызда авто унаалардын көбөйгөнү байклууда. Ошол эле учурда алардын жол эрежесин сактабагандары да кескин көбөйдү. Мына ушул туурасында жана да алдыда келе жаткан эгемендүүлүк туурасында куттуктоо сөзү менен чакан маалымат алуу үчүн Бишкек шаардык МАИ синин начальнигинин орун басары Керимбаев Темиркан Тоялиевичке кайрылдык.

- Жакында эгемендүүлүктү майрамдоо алдында турабыз кандай ийгиликтериңиз куттуктоолоруңуз бар?
- Ыракмат, Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын астындагы МАИ бөлүмү бүгүнкү күндө алдыга койгон максаты жана кылган иши жол кырсыгын болтурбоо аларды алдына алуу иштери боюнча. Ал эми келе жаткан 31-августтагы эгемендүүлүк күнүнө карата биздин эң биринчи максат ушу күнгө чейин андан кийин да шаарда колдон келишинче жол кырсыгын азайтуу иштери боюнча. Биздин кызматкерлер тарабынан профилактикалык иштер иштелүүдө.Телерадио журналисттери менен да биргеликте тартипке чакыруу иштери жасалды. Өзгөчө 12-августта күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Административдик кодексине өзгөрүүлөр жана кошумчалар туурасында иштер жүрүп жатат. Бул иштер боюнча жол эрежесин бузгандарга катуурак чаралар көрүлө баштады. Биринчи күндөрү бир жума бою МАИ кызматкерлери адегенде эле жол эрежесин бузган айдоочуларды кармап баса калбай аларга түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Түшүндүрүү иштери бүгүнкү күндөрү бүттү десек да болот. Учурдан пайдаланып айткым келет жалпы шаар тургундарына анын ичинде айдоочуларга кабыл алынган мыйзам туурасында өз алдыңыздарча окуп алсаңыздар МАИ кызматкерлери менен сиздердин ортоңуздарда эч кандай түшүнбөстүк, чыр-чатак болбойт эле. Жалпы МАИ кызматкерлеринин жана өзүмдүн атымдан кыргыз элин эгемендүүлүк күнү менен куттуктап кетмекчимин. Жолдо жүргөндө кырсыктан алыс болуп узак өмүр сүрүүлөрүн каалар элем.
- Жакында кошумча айып маселеси козголду деп айтып өттүңүз айдоочулардын чөнтөгү көтөрө алат бекен өтө катуу болуп калган жокпу же туура эле чыккан мыйзамбы?
- Бул мыйзамдын чыгышы бүгүнкү күндүн талабы болду.Себеби дегенде мурда коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн 50 сом болсо бүгүнкү күндө эки үч эсеге көбөйгөндүгү туура эле шарт. Андан тышкары светофордун кызыл жарыгынан өтүп кеткендерге айып 300 сомго жетти. Мындан ары ар бири 300 сомдон берип коюп өтүп кете бербестен, ойлонуп, жол эрежесин сакташат деген ойдомун. Менин оюмча 238-статьяга каршымын себеби мас абалындагы айдоочуларга мурда эле 1500 сом болсо ошол бойдон калтырылды. Кошулганы бир жылдан эки жылга чейин айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.
- Карамагыңыздарда канча адам иштейт?
- Бишкек шаардык МАИ си боюнча 244 адам кызмат кылат. Бардыгы өз адистигин шайма-шай билген кызматкерлер.
- Айлык маянаңыздар көбөйдү делди эле?
- Мурункуга караганда көбөйдү десем жаңылышпайм.Мындан ары да жаңы жылдан кийин көбөйтүлөт деген сөздөр болууда.
- Мазмундуу маегиңиз үчүн ыракмат.