Коомдук-саясый гезит
№22_23, 28.08.08-ж.





  Эл үчүн жасалган адал мээнет, ак кызмат адамды сыймыктуу дөөлөткө жеткирет

Агенттиктин өкүлдөрү жер жерлерде
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиктин расмий өкүлдөрү Республикабыздын аймактарында болуп кайтышты. Облустардын райондордун, айыл өкмөттөрдүн алгылыктуу иштерине күбө болушуп, жер жерлерде жыйындарды өткөрүшүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн кандай иш алып барып жатышкандары менен жеринен таанышышты. Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 4-августагы № 275 жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде учурда шайлоого карата даярдыктар жүргүзүлүүдө. Участкалык шайлоо коммиссиясынын курамына ар кандай эмгек жамааттарынын, партиялык уюмдардан, муниципалдык органдардан мүчөлөрдүн талапкерлер сапаттык курамдары түзүлүүдө.

Атап айтсак Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиктин директору М.Бакиров жана Жогорку Кеңештин төрагасы А.Тагаев ордолуу Ош жергесинин Карасуу, Өзгөн, Араван райондорунда болушуп, жергиликтүү эл менен жолугушту. Бүгүнкү күндө калкты күз-кыш мезгилинде көмүр жана отун менен камсыз кылуу боюнча эскертилип, ар бир калктуу конуштарга маалыматтар берилип жаткандыгына күбө болушту. Ошондой эле шайлоо участкалары шайлоого даярдалып жер жерлерде шайлоочулардын тизмелери такталып жаткандыгын жыйындардан баамдашты.
Ал эми Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары А.Куниев өз сөзүндө мына буларды белгиледи:
- Облустук тапшырма боюнча райондук электр тармактар ишканасы 2008-2009- жылдагы күз-кыш мезгилинде калкты үзгүлтүксүз сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоо үчүн трансформоторлорду, электр линияларын оңдоо боюнча ушул күнгө тапшырмадагы 35 даана подстанцияны 40км 6-10кВ чыңалуудагы электр линияларын ,0,4кВ чыңалуудагы 95км линияларын ремонттоо үстүндө иштешүүдө. Элге жылуулук системасын отунга өткөрүү иштери да уюшкандыкта жүргүзүлүүдө. Алабука районун калктуу конуштары электр энергиясын үнөмдөөга аракет кылышууда. Ошондой эле Баткен районунда болгон жыйында райондук кеңештин жооптуу катчысы мына буларга токтолду:
Баткен району боюнча жети айылдык Кеңешке депутаттарды шайлоо өткөрүлөт. Райондук Кеңешке депутаттарды шайлоого 9 округ түзүлүп, 27 мандат белгиленген, ал эми шаардык жана айылдык кеңештерге 24 округ түзүлүп 111 мандат белгиленген. Бардык шайлоо участкалары тийиштүү эмеректер менен камсыз болуп, учурда шайлоого даярдыктар көрүлүүдө.
Быйылкы жылы кышка кам көрүү маселеси негизги маселелерден болуп келүүдө . Райондук малекеттик администрациянын бул боюнча иш чара иштеп чыгып ,ошонун негизинде иш алып барууда. Мектептерди көмүр менен жылытууга өтүү үчүн 175 даана, 1050 даана түтүк, 525кернейлик чыканак даярдалган. Мурда мектептерге 413 тн көмүр керектелсе, быйыл 1240 тн көмүр талапка ылайык. Азыр көмүрдүн мектептерге жеткирүү иши башталып, бүгүнкү күнгө 76 тн жеткирилди. Элди көмүр менен камсыз кылуу боюнча да иш болууда, тактап айтканда, азыр эл 8041 тн көмүр менен камсыз болду, бул керектөөнүн 40%ын түзөт. Быйылкы жылы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында 4000га жерге күздүк кылкандуу дан эгиндерин эгүү пландаштырылууда, бул өткөн жылга салыштырганда 1000 гектарга көптүк кылат. Ал эми Кадамжай райондук кеңешинин жооптуу катчысы Якубова мына буларды баса белгиледи. Шайлоочулардын санын аныктоо боюнча райондук мамлекеттик администрациянын системдик администротору тарабынан ар бир айыл өкмөтүндөгү чарбалык китептер аркылуу шайлооочулардын тизмелери аныкталууда. Шайлоочулардын тизмелерин тактоого жеке жоопкерчилик айыл, пост өкмөт башчыларына милдеттендирилген. Райондо Жергиликтүү Кеңештин депуттаттарын шайлоону өткөрүү боюнча 62 участкалык шайлоо комиссиялары жайгашса, бүгүнкү күнгө алардын жайгашуу жерлери аныкталып, шайлоону өткөрүүгө керектүү болгон жабдуулар такталды. Райондо шайлоону өткөрүүгө керектүү 185 шайлоо кабиналары, 62 стационар, 64 көчмө урналар жана 113 шайлоочулардын тизмеси илинүүчү доскалар даяр. Республика боюнча Юститция министрлигинен 105 партия өткөн болсо, алардын ичинен райондо 5 партиянын (Ак Жол элдик партиясы, Кыргызстан Компартия, Афган согушунун ардагерлер партиясы, Жаңы Кыргызстан, СДПК) партияларынын өкүлчүлүктөрү бар. Андан сырткары райондук, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилиги астында райондун тургундары 2008-2009- жылдын кыш- күз мезгилдерине даярданууу жана орум- жыйым иштерин жүргүзүү менен 2009- жылдын түшүмү үчүн күздүк кылкандуу дан эгиндерин айдап себүү аракеттери көрүүдө.
Жер жерлерде болгон жолугушууда Баткен райондук Кеңешинин жооптуу катчысы А. Имаров мына буларды баяндап берди. Ар бир шайлоо участкасы боюнча аймактык өзүн өзү башкаруу комитетинин төрагалары жана тиешелүү адистер бөлүнүп, шайлоо участкасында жылуулук, жарык, шайлоого тишелүү болгон эмеректер менен камсыз болушу боюнча уюшкандыкта аракеттер жасалып тизмелер такталууда. Негизинен шайлоого карата даярдыктар жигердүү ишке ашып атат. Ал эми электр энергиясы боюнча айта турган болсок, электр энергиясынын лимиттери аныкталып, эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Аймактагы электр энергиясы боюнча калкка түшүндүрүү иштери натыйжалуу жүргүзүлгөн. Быйыл кышта Исфана шаар башкармалыгынын аймагындагы мектептер жылытуу системасын көмүр менен жылытышат. Буга да тийиштүү аракеттер көрүлүүдө. Ошондой эле Ысыккөл облусундагы жыйындарда элдин шайлоого даярдыгы күзгү оруу жыюу иштерине даярдыктары көңүл кубантарлык экендигине күбө болуп кайтышты. "Жаз жарыш, күз күрөш"- дегендей, карапайым элет эли күзгү оруу жыюуу менен алектенип аткан убакта элет элинин жашоо шарты менен таанышууга барган аталган агенттиктин өкүлдөрүнө элеттик эл ыраазы болушту.

Кундуз Исмаилова,
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча
Улуттук агенттиктин басма сөз катчысы




  Атуулдук сунуш!

Энергиялык кризиске дуушар болуп жатабызбы?
Биздин өлкөбүздөгү түйүндүү маселелердин бири - электр энергиясы. Электр энергиябыз үзгүлтүккө учурап жатат. Биздин мамлекет сууга бай өлкө. Сууга бай болуп туруп ушундай маселе болгону бул уят эле иш. Өзүбүздүн мамлекетибизди электр энергиясы менен толук камсыз кылганга жетиштүү канчалаган дарыяларыбыз бар, ошолорго орто жана чакан ГЭСтерди куруу зарыл. Быйылкы кыш да катуу болот дейт. Элибиздин кышка карата даярдыгы кандай болуп жатат? Көмүрдүн баасы болсо кыш жакындаган сайын кымбаттоодо. Көмүргө каражаты жетпеген карапайым элибиз кыштан кантип чыгышат? Өкмөтүбүз ушул маселелерди карап көрүп, баанын өсүшүн токтотуп, карапайым элдин дагы чөнтөгүн ойлоп коюшса жакшы болор эле.
Азыркы убакта байларга билинбейт. Кедей карапайым элибиз кыйналып жатышат. Көмүр кендерибиз дагы жетиштүү. Буларды Өкмөтүбүз көңүл буруп иштетип, көп өндүрүп элге ортомчуларсыз жеткирилсе, бул иш карапайым элибиз үчүн жеңил болот эле. Кечи суук болсо, электр жарыгың үзгүлтүккө учурап өчүп турса, көмүрдүн баасы кымбаттап жатса, карапайым элибизге кыйынчылык туудурбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.
Азыркы учурда Өкмөтүбүз мекемелерди жана элибиздин үйлөрүн жылытуучу системаларын көмүргө өткөрүп жатышат. Биз башыбызга иш түшкөндө гана ойлонуп калабыз. Эми бул кыйынчылыкты биз үчүн сабак деп эсептейли. Балкыбеков агабыз жетектеген министрлигибиз ушул маселелерди колго алып, өз-өз ордуна коюп чечет деп ишенемин. Ушул кризистен чыксак, кийин ушундай кризистерге учурабаш үчүн болгон аракеттерибизди жумшашыбыз керек. Электр энергиябызды үнөмдүү пайдаланып, көмүрдү жылуулукка сарптасак өзүбүзгө жана мамлекетибизге да пайдалуу болот эле.
Камбар-Ата-2 ГЭСи курулуп жатат. Ошол ишибиз толук бүтүп, ал пайдаланууга берилсе чоң жетишкендик. Өкмөтүбүз элибизге көңүл бурса, элибиз аракетинен жазбаса, анда ишибиз оң болот. Өкмөтүбүз элибизге кайдыгер караса, элибиз колун куушуруп, Өкмөттү карап отурса, иш татаал болот.
Сууга, көмүргө, кенге жана электр энергияга байбыз, ошолорду бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып иштетелик. Чыгаша кылалык. Чыгаша кылбасак, киреше кирбейт. Чыгашанын артында киреше турат.
Бакыт Донбрунов,
Сарыжон айылы,
Ысык-Ата району




  Кылмыш издөө кызматынын 90 жылдыгына карата конкурска

"Дагы эле кылмышкерлерди тизгиндегим келет"
Өткөндө Турдубек Дүйшеев областтык башкармалыктын жетекчиси, милициянын полковниги Эркин Эсеналиевге кирип, биртопко чейин сүйлөшүп отурушту. Чыкканда сурасам: "Азыркы учурдагы оперативдик кырдаал жөнүндө, аны кыскартуунун жолдору, агөнтуралык иштердин сууп баратканы жөнүндө сүйлөшүп, ой бөлүштүк", - дейт. Мен булардын маектешүүсүнө катышпаганым менен эки муундун оперкызматкерлеринин аңгемеси кызык жана пайдалуу болгондугун түшүндүм. Турдубек Дүйшеев милицияда 30 жыл иштеп, анын 22 жылын кылмыш иликтөөгө арнаганын, ийгилик-кемчилик, кыйынчылыктары жөнүндө айтып бериптир. Ал комсомолдун жолдомосу менен 1970-жылы катардагы милиционер болуп органга кирип, көп өтпөй эле 4 айлык даярдоо курсун ийгиликтүү аяктап участкалык инспектор болуп дайындалат. Алты ай ичинде Жети-Өгүз районунун борборунда эмгектенип, мурдагы ачылбай жүргөн үч кылмыштын бетин ачып, наркотикке бөгөт коюуда бир топ оперативдүү иш жүргүзөт. Ошондуктан участкалык инспектордон наркоманияга каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн ага инспекторлугуна дайындалат. Андан жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиктен 1976-жылы Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмчөсүнүн кылмыш издөө бөлүмүнүн начальнигине дайындалып, 1980-жылга чейин кылмыш бетин ачуу 100%дык көрсөткүчтү камсыз кылат. Мында уюшулуп 27 адамдан турган мал уурдаган кылмышкерлер тузакка түшүрүлүп, жүздөгөн эпизоддуу кылмыштар ачылган. 1980-жылы оперативдик кырдаалы оордоп бараткан Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш издөө бөлүмчөсүнө которулат. Бул жерден да кылмыш бетин ачууда 100%га жетип, эки жылдан кийин Ысык-Көл районундагы Ананьево поселкалык бөлүмчөсүнө начальник болуп которулат. Андан тез эле Ысык-Көл облустук ички иштер башкармасынын кылмыш изилдөө бөлүмүнүн началынигинин орун басарлыгына дайындалат. Тандап алган кесибин жанындай сүйгөн, азыркы отставкадагы милициянын подполковниги Турдубек Дүйшеевден кылмышкерлер оңой-олтоң кутула алган эмес. Башкарманын жетекчилиги Т.Дүйшеевдин оперативдик, уюштуруучулук сапаттарын туура баалап, 1987-жылы Тоң райондук ички иштер бөлүмүнө начальник кылып жиберген жана ушул бөлүмдө ийгиликтүү иштеп туруп, 1993-жылы ардактуу эс алууга чыккандыгы 1976-жылы Фрунзедеги милициянын атайын орто окуу жайын сырттан окуп бүтүргөндүгү Кыргыз ССР Жогорку Советинин 2 Ардак грамотасы, Кыргыз ССРинин ички иштер министрлигинин Ардак грамотасы, милициянын отличниги деген төш белгиси менен сыйлангандыгы кесиптик жогорку билими болбосо да райондук бөлүмдүн начальнигине, подполковниктик даражага чейин көтөрүлгөңдүгү, ардактуу эс алууга чыккандан кийин эки жылга жакын өзүнүн туулуп-өскөн айылында башкарма болуп иштегендигине азыр да Каракол шаарындагы "Газпром Азия" АЗСтеринин коопсуздук кызматын жетектеп келаткандыгы, 4 бакандай болгон уулдары - Дүйшеев Улан, Карагандыдагы милициянын жогорку окуу жайын бүтүрүп, азыр финансы полициясында, Дүйшеев Нурлан Россия федерациясынын Мирный шаарында Коопсуздук кызматында, Дүйшеев Феликс Нью-Йоркто ООНдун кызматкери, Дүйшеев Алмаздын "Крокус Секьюрити" агентствосунда коопсуздук кызматында иштеп жүргөндүгү ОИИБнын начальгинин көңүлүн бурбай койгон жок. Ошондуктан иши жөнүндөгү маалыматты кеңирирээк бериш үчүн мага жибериптир.
Эмесе, сөз тизгинин Турдубектин өз оозунан уккан фактыларга буралы.
1984-жылы Пржевальск шаарында үй мүлкүн уурдатып, жылдап жыйнаган оокат-кечелеринен кол жууп калган граждандар ар кандай арыздар менен көп кайрыла баштаган. Бирөөлөр килем, кымбат баалуу хрусталь идиштерин, экинчилери белекке тартуулаган алтын шакек, билерик, иймек, кийим-кечелерин таламандын чак түшүндө үйдөн алып кеткенин кабарлашты. Дүкөндөнбү же автобустанбы, айтор "чөнтөгүмдү" тазалап коюшуптур, үйгө келип сыйпалап айлык акымдан ажырап оозумду ачып калдым, дегендер да көбөйдү. Ууру-кески, шылуундар өтө көп жойлоп дасыккан, баскан изин шыпырып, жик алдырбаган айлакер, амалдуу "карышкырлар" экендиги билинип турат. Алар оокаттуу, ээнирээк көчөлөрдөгү өзүнчө чоң үйлөрдү жалгыздап тоноп, бир далайга чейин дымып калышчу. Көп кабаттуу имараттан бир мезгилде 5-6 квартираны "жылаандай сыйпап" эч шек алдырчу эмес. Милиция кызматкерлери ар түрдүү "операция" жасап көрүштү, рейд уюштурушту, шектүү адамдарды сыртынан иликтешти, айрымдары менен бетме-бет сүйлөшүштү. Бирок алгылыктуу тыянак чыккан жок.
Акыры мурда үч ирет соттолгон, азыр да эч жерде иштебей кара жанын "жыргатып" багып жүргөн адам жөнүндө шек туулду. 1984-жылдын 17-декабрында 5 адамдан уюштурулган оперативдүү группа Фадеев көчөсүндөгү № 2 үйдө жашоочу Э.Ашыкеевдикине кечки саат 8дер чамасында байкатпай келишти. Үч милиционер сырттан көз салып айланып акмалашты, экөө эшик чертип үйгө киришти. Он алты, он жети жаш курактагы жаш кыз ата-энеси Сары-Булак айылына кеткенин айтып кандайдыр ишенимсиз жооп берди. Турдубек үйдү тегерете байкады, полдогу тактайды ачып, жапма каалга бар экенин көрө койду. Чагарактан тартып погребди кол фонарь мөнен жарык кылды. Түркүктөрдөн караан байкалды. "Эркин, сыртка чыккын, сени менен сүйлөшө турган сөз бар", - деп эки-үч курдай үн каты. Жооп болбогон соң түпкүргө секирип түштү, аңгыча "тарс" эткен мылтык үнү жаңырды. Турдубек колун оңго сунуп фонарды жашырынган адамдын тике көзүнө багыттады. Анын бул амалы ажалдан сактап калууга чоң жардамчы болду, экинчи ирет мылтыктын кулак тундурган үнү угулуп сол колу ысый түштү да фонарь жерге ыргып, айнектери чачырап шаңгыр этти. Погребдин ичи капкараңгы эле милициянын лейтенанты К.Кудайбергенов үңкүргө секиргенде үчүнчү ирет мылтык атылып, дүп деп калды. Бурчтагы түркүккө далдаланып курал колдонгон адамга Турдубек кандай жеткенин өзү да сезбеди, кекиртектен сыга кармап сыртка көтөрүп чыкты. Тез жардам машинасы келгенде анын колуна ок жаңылганын, К.Кудайбергеновго ок далысынан тийип өпкөгө токтоп калганын кийин операциядан соң билишти... Ошол жылдын декабрь айынын башталышында Ысык-Көл областтык ички иштер башкармасына "Г" аттуу жаш келин кайрылып калды. Ал мындан үч-төрт күн мурда Жамбыл шаарына жумуштап барып, кайра кетээрде жеке менчик жеңил автомашинасы бар эки уланга жолугуп, жолдон акчасын, анча-мынча белек-бечкегин алдырып жибергендигин, өзүнө кордук көрсөткөндүгүн, ошондон уялып кеч кабарлаганын айтып даттанды. Автомашинанын номерин, жаш уландардын аты-жөнүн билбөй тургандыгын кошумчалап, маркасы "Жигули" болуш керек, өзүлөрү Тосорлукбуз дегендей айтышкан деп арсар түшүнүк берди.
Областтык ички иштер башкармасы бул окуяны аныктоону Турдубек менен оперуполномочен, милициянын лейтенанты Жакшылык Абдраевге тапшырды. Алар Көл айланасынан жакын арада "Жигули" автомашинасы менен Жамбыл шаарына барып келген адамды иликтешти. Кимдир бирөө Тамга айылынан эки жаш жигит "Жигули" эмес "Москвич" автомашинасы менен Таласка барганын шыбыштады. Көп узабай 1956-жылы туулган, "Тамга" совхозунда шофер болуп иштөөчү Орозбаков Сапарбек Асангожоевич тузакка илинет. Ал адегенде канчалык тайсалдап танса да берилген суроолордон улам ички сырын ачыкка чыгарууга мажбур болуп калды. Декабрь айында Тоң районундагы турмуш-тиричилик комбинатында телемастер болуп иштөөчү, өзү менен жашташ, "Москвич-412" маркасындагы жеке менчик автомашинасы бар Жайнаков Бекболду Тентиевич менен Таласка барып, андан Жамбыл шаарындагы базардын "арзан-кымбатчылыгын" билиш үчүн сапарга чыгышкан. Ал жерден "Г" аттуу жаш, өңдүү-түстүү келинди жолуктуруп, "Бир жерлик турбайбызбы, биз да көлдүк болобуз" деп таанышышкан. Кечкө маал бир машинада чогуу Пржевальск шаарын көздөп жолго чыгышкан. Жолдон "атчан арактан" бирди жара тартышып, делебелери козголгондо келинге тийишишкен. Боомдун капчыгайынан өтүп, токойлуу талаага келгенде чын ниети менен алардын көңүлү бузулган. "Бул келин болду-болбоду Жамбылга алып-сатарлык менен келип, капчыгы толо акча бар чыгар", - дешип, аны ой-бойлорунча мазактап, чөнтөктөрүн, сумкасын тинтип, 500 сом табышкан. Келиндин эсин оодарып, оозуна бөтөлкөдөн чулкулдатып арак куюп, талаага таштап бастыра беришкен...
Бирок бул кылмышкерлер Т.Дүйшеевдин кылтагын кыйгап өтө алган жок. Кылмышкерлер кылмышына жараша жазаларын алышты.
Ошол кездеги ОИИБнын начальниги, азыркы милициянын генерал-майору Шаршенбаев Жоломан Шаршенбаевичтин "Ушул Дүйшеевдей иштеген 4-5 кызматкер болсо эле биздин облуска жетет эле" деген сөзү эсимден кетпейт..
Кыскартып айтканда, милициянын азыркы муундарына Турдубектен үйрөнүүчү иштер көп. Ал ар дайым кылмыш издөө иштерин участкалык инспекторлорго, паспорт, МАИнин кызматкерлерине жана элге таянып жүргүзүүчү. Профилактикалык иштерге өтө көңүл буруучу.

Жолболду ОСМОНАЛИЕВ,
Ысык-Көл областтык ички иштер
башкармасынын ардагерлер
кеңешинин төрагасы