Коомдук-саясый гезит
№20_21, 14.08.08-ж.





  Заманбап маек

"Биздин жарандар муниципалдык аймактык башкарууга өтүштү"
- дейт "Арча бешик" жаңы конушунун айыл өкмөт башчысы Талант Жумабек уулу
- Мурун ТОС деп аталса, бүгүнкү күндө жаңы түзүлүш боюнча "Муниципиалдык аймактык башкаруу" деп аталганына эмне себептер болду?
- Мурункуга караганда статусу жогору МАБ деп уюшулгандан бери бизге жети штат берилди. Алардын ичине башкы адистер, бухгалтер, эсептөө бөлүмү болуп бөлүндү. Мурда коомдук башталышта иштеп келсек, азыр муниципиалдуу аймактык башкаруу болуп калдык. Эмки жылдан баштап кудай буюрса, өз алдынча башкаруу органы болгондон кийин, жакшы эле болот го деп ойлойм. Областтык айыл өкмөттөргө караганда түзүлүшүбүз, ал абалыбыз,биз үчүн кабыл алынган жоболор такыр башкача. Мурда биз маянаны өкмөттөн, мэриядан алсак, бүгүнкү күнү өзүбүздүн бухгалтерия бар, өз алдынча каржылоо аркылуу айлыкты өзүбүздөн беребиз.
Биздин жарандар муниципиалдык аймактык башкаруунун тегерегинде жашаган мындан 10-15 жыл мурда жерге ээ боло албай көбүнчө батирлерде тургундар, ижарага алып акча төлөп жашашчу эмес беле. Азыр кудайга шүгүр шаардын тегерегинде көп жаңы конуштар көбөйдү. Бул жагынан алып караганда сүйүнөсүң, Кыргыз Респубикасынын жарандары жер алганга жетишип, үй салгандары салып, өзүнчө түтүн булатып жатышат.

- Деги эле Арчабешик жаңы муниципиалдык аймактык жаңы конушунда канча калк жашайт, кандай чечилбеген маселелер бар, элдин жашоо шарты алардын көйгөйлөрү тууралуу айтсаңыз?
- Шаардын тегерегинде 47 конуштун эң чоңу биздин Арчабешик конушу эсептелет. МАБ болгондон бери "Орок" айыл өкмөтүнүн, "Аларчанын", "Ташдөбөнүн" "Баха" айылынын жашоочулары бизге кошулду. Жаңы конуш болгондон кийин көйгөйлүү маселелер болбой койбойт экен. 1991-жылдан бери Арчабешик курулуп келе жатат. Ошол аралыкта 12 жыл дегенде 1 мектеп салынды. 2005-жылдан бери бизде бюджеттен акча каралып, Президентибиз К. С. Бакиев өзү колго алып, пайдубалына капсуль салган 11 жылдык мектептин курулушун бүтөбүз деп турабыз. Шаардык каржылоо жакшы болуп, республикалык бюджеттен каржылоо кичине кечеңдеп жатат. 2008-жылы элдин кыйналганы - бул суу маселеси. Быйылкы жылы элге таза суу эки, үч ай чыкпай эми гана чыга баштады. Шаардык мэрия тарабынан 120 млн. сом бөлүнүп, Башкарасуу деген жерден скважина каздырып, суу чыгарып келүү аракетин көрүп жатабыз. Анын максаты: Акордо, Алатоо, Арчабешик, Акөргө конуштарын эмки жылдан баштап камсыз кылуу. Арчабешик, Орок айылдарынын ортосундагы 4км.жол салынып, ал жол сентябрдын ичинде пайдаланууга берилет. Кудай буюрса жалпы Арчабешик боюнча 10кмге жакын жол төшөлүп бүтөт.

- Өзүңөрдүн аймакта жашаган элдин жалпы эле турмуш тиричилиги, социалдык абалы кандай?
- Биздин конушта 33 миң калк бар (катталганы), шайлоочулар 11,200гө жетет. Бары эле жакшы жашайт дегенден алысмын, бирок убактылуу кыйынчылыктарды эске албаганда элдин жашоо шарты жакшы.Чоң-чоң мекемелерде иштешет, жеке ишкерлерибиз да бар.. Жетишпеген карапайым элдерге Ленин районунун социалдык коргоо бөлүмү тарабынан ун, көмүр жагынан жардам берип жатабыз. Ошондой эле, жумуш орундарын таба албай кыйналгандар боюнча, "Социалдык коргоо" деген бөлүм бар, жашоочулардын баары каттоодо турат. Алар да бизден жардамын аяшпайт. Биздин көчөлөрүбүз ар бири өзүнчө бир кичи район.

-Кээ бир орчундуу маселелерди элдин күчү менен ашар ыкмасы аркылуу же колунда бар азаматтар менен биригелешип жасаган иштериңиздер бардыр?
- Андай учурлар көп эле кездешет. Мисалы: мындан 6-7 жыл мурда жазында, күзүндө эл ылайдан, жаан-чачын учурунда абдан кыйналышкан болсо, эми анын баары арттта калды десем аша чапкандык болбос. 4 жылдын ичинде элдин өзүнүн салымы менен демилге көтөрүп, арзан кум, таш таап көчөлөрдү жок дегенде таш жолго айландырдык.

- Айыл өкмөттөрүндө даталуу күндөрдө жакшы көчө, үлгүлүү үй деген сыяктуу иш-чараларды уюштуруу салтка айланган. Ошол салт сиздерде кандай жолго коюлган?
- Арчабешик айыл өкмөтү болуп жаралгандан бери "Нооруз" майрамында көчө боюнча аксакалдарды чакырып, кыргыз кийимдерин кийгизип, сүмөлөк кайнатып, кыргыз элине тиешелүү тамактын түрлөрүн жасап, спорттук оюндарды уюштурабыз. Бизде бул адатка айланган. Аны бир дагы жылы кур калтырбайбыз. Аксакалдарды карылар күнүндө да чакырып, сыйлап турабыз. Балдарды коргоо күнүндө кичине болсо дагы оюндарды уюштуруп, бекер балмуздак таратып бир аз болсо да көңүлдөрүн ачканга аракет кылабыз. Ал эми "Үлгүлүү үй", "Үлгүлүү көчө" деген салтыбызды да өткөрүп кайсы көчө, үй таза, тыкан болсо, орундарды берип сиздердин гезитиңиздер аркылуу ишке ашыралы деген ойдобуз.

- Билим очогу болгон мектепте кадр маселеси кандай чечилген?
- Биздин үч мектебибиз бар. Учурда бир мектепти жаңыдан салып жатабыз. Сентябрь айында, жаңы салынган мектептерде төрттөн, бештен, алтыдан класс болуп калат. Өзгөчө биздин мектептерге орус тили, математика, англис тили боюнча мугалимдер жетишпейт.

- Айылдан шаарга иштейм деп келген жарандарыбыз арбын, аларга паспорт боюнча кандай көзөмөлдөр болот?
- Арчабешик жаңы конушу чоң болгондуктан республиканын бүт аймактарынын жашоочулары келет. Бул да бир чоң маселе. Биз аларга жардам берип, каттого алып, убактылуу маалымкаттарды берип турабыз.

- Азыркы күндө тазалыкка өзгөчө көңүл бурулуп жатат, бул жагына сиздер кандай маани берип жатасыздар?
- Тазалык боюнча биздин өзүбүздүн атайын машинабыз бар. Ошону менен колубуздан келишинче тазалыкты сактоо боюнча графикти түзүп койгонбуз.Ал шаардык кеңештен каралып бекитилген. Мурда бир үй-бүлөгө 35 сомдон болсо, азыр киши башына 10 сомдон төлөнөт. Тазалык боюнча акимдин жобосу да бар. Биз ошонун негизинде иш алып барабыз.
- Мазмундуу маегиңизге чоң ыракмат!

Айнура Шайкеева,
"Айыл өкмөтү"




  Кыштагым - алтын турагым

Айылымдын аты - ынтымак
"Айылым - алтын бешигим" дегендей ар бир адамдын киндик каны тамган жери өзүнө мисир. Туулуп-өскөн айылы өзүнө баа жеткис, ыйык сезилет. Анын сыңары мен да өзүм туулуп өскөн, балалыгым чаң жолунда калган айылым менен сыймыктанам. Биздин кыштакча Ынтымак деп аталып, Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүнө карайт.
Кээде Баткенге же Пүлгөнгө барып калсаң: "Айылыңардын дагы башкача аты бар ээ?" деп тийишип күлүп калышат. Башкалары: "Ии, сен ошол жерденсиңби?" - дешип, тоготпогондой тоң моюн боло калышат. Сенин кандай адам экениң, ички дүйнөң, маданиятың, көз-караштарың кандай экенин таназар албай азилдеше беришет.
"Тарыхы жок эл болбойт" дегендей биздин чакан кыштакчабыздын да өзүнчө бир таржымалы, тарыхы бар. Ал мындайча: Өзбекстан Республикасы менен биздин айылды дөбөлөр, кыр-адырлар бөлүп турат. Илгери биздин ата-бабалар ат-эшек арабалары менен ошол кырларды ашып өтүшүп, гөзөл калаа Ферганага түшүшүп, соода-сатыгын жасашчу экен. Анткени өзбек ашыналардын базары кенен, каалаганыңды таба аласың, соода маданиятын үйрөнөсүң. Кем-карчты толуктоого бир күн кетип, кырды "дабан" деп аташчу. Дабан түркчө Кетал деп которулат экен. Ошондон улам ушундайча кызыкча аталып калса керек деп ойлойм.
Кыштактын калкы өзүнө көңүлү ток, пейили кенен, ак көңүл, мээнеткеч. Бул жерден республика, дубанга чейин таанымал көптөгөн педагогдор, дарыгерлер, журналисттер, маданият ишмерлери, чебер усталар чыгышкан. Алардын салтын жаш муундун өкүлдөрү татыктуу улантышууда.
Ынтымактыктар бүгүн да көз карандысыз мамлекетибиздин гүлдөп өсүшүнө өзүлөрүнүн үлүштөрүн кошуп жатышат.
Мурдакыдай "Бир мейизди кырк киши бөлүп жептир" дегендей ынтымак-ырашкерлүү элибиз Нажимидин Надиров агайдын демилгесин колдоого алып, "ашар" ыкмасы менен заңгыраган жаңы мектептин имаратын куруп бүткөрүштү. Анын ачылыш аземине бүгүнкү президентибиз Курманбек Бакиев мурда премьер-министр болуп турган кезде катышкан болчу. Бул биз үчүн чоң майрам, салтанат, элдик бийликтин даңазаланышы эле. Ал "Ааламга кетчү жол - айылдан башталат. Ушул чакан мектебиңиздерде өлкөбүздүн келечек ээлерин, жаңы замандын адамдарын тарбиялап өстүрө бергиле" - деп ак тилегин айткан болчу. Эми ал мектепте менин татынакай бөбөктөрүм терең билим, татыктуу тарбия алып жатышат.
Дээринен аптапта качпай кутман талаага бешене терин төгө эмгектенишкен биздин кыштактын эли, жалпы дүйнө эли аман болсун! Жергебизге тынчтык орноп, сүйүктүү Кыргызстанымдын гүлдөгөн доорун көрүү бизге да Алла-тааладан насип этсин!

Махабат Кыргызова,
Кадамжай району,
Ынтымак кыштагы