Коомдук-саясый гезит
№20_21, 14.08.08-ж.





  Жаңылануу

Айылда бакубат жашоо байкалат
Элет элинин жашоо тиричилигине байланышкан көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча Карабуура районундагы Аманбаев айыл өкмөтү колдон келген бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшоо менен акыркы жылдарда айтаарлык ийгиликтерди жаратууда. Калкынын саны боюнча райондогу эң чоң айылдын экономикалык-социалдык жана маданий абалы менен айыл өкмөтүнө атайылап барып, айыл өкмөтүнүн башчысы Бокоев Кенжебек Сатымкуловичти кепке тарттык.

- Каршы болбосоңуз адегенде өзүңүз жөнүндө тааныштырып, анан негизги маселеге өтсөк, Кенжебек мырза?
- Көп жылдардан бери айылдардан алыс - сыртта жүрүп, туулуп өскөн өз айылыма биротоло келгениме мына быйыл эки жылдан ашып калды. Туулган жердин топурагы алтын деген илгеркилердин накыл сөзү туура экен, өз элиме кайтып келгенден бери жердештерим менен эриш-аркак иштеп, айылда турмуш-тиричиликти жакшыртууга баалуу салым кошуп жатам. Учурда он жылдыкты айылдан бүтүп, Москвада окуп, Айыл чарба академиясынан билим алып, мал чарбасы боюнча жогорку билимдүү адис болуп чыккамын. Ошону эске алыштыбы, айтор элибиз мага 2005-жылдын декабрь айында чоң ишеним көрсөтүшүп, айыл өкмөтүнүн башчылыгына көтөрүп, эң жооптуу милдетти жүктөп коюшту. Кыскача ушул.
Анчалык көп эмес чакан жана орто ишканалар гана болбосо, өнүккөн өнөр жайыбыз деле жок. Ошондуктан айылдын элдери негизинен жер иштетип, мал багышат. Башкаларга караганда жер шартыбыз начарыраак келет, бирок ошого карабастан ар жыл сайын эгинди ар гектарынан орточо 23, төөбуурчактан 18,3, ал эми картошкадан 167 центнерден түшүм жыйнап алуудабыз. Көчө таптап, иши жок бош жүргөн адамдарды көрбөйсүң, айыл өкмөтүндөгү эмгекке жарамдуу деген 5269 адамдардын бардыгы талаачылык менен алектенип, бакубат жашоонун аракетинде.

- Төөбуурчак көп айдап, төрт түлүктү көбөйтүүгө көңүл бургандар мурдагыдан да бай болуп калышты деген сөз айтылып жүрөт, ошонусу чынбы?
- Калк айтса калп айтмак беле? Өткөн жылы бизде жалпысынан 3162 гектар жерге төөбуурчак айдалган эле, ошондон гана 115,8 млн. сом накталай акча элдин чөнтөгүнө түштү эле. Быйыл аталган өсүмдүктүн дүң жыйымын 6340 тн.га жеткирип, андан 126 млн. сом акча табууну пландаштырып жатабыз. Азыркы күндө баба дыйкандарыбыз аз уктап, көп иштеп күн-түн дебей жер иштетип талааларда жүрүшөт.

- Башкаларга эмгеги менен үлгү көрсөтүп, кийинки жаштарга из калтырган алдыңкы адамдар жөнүндө билсек болобу?
- Мал чарбасында, талаачылыкта союз убагында узак жылдар бою үзүрлүү иштеп, эмгеги менен элге кеңири таанылган Социалисттик Эмгектин Баатырларын алсак бир тууган чабандар Алдарберген, Төлөгөн Аманбаевдер белгилүү тамеки өстүрүүчүлөр Дмитрий Гребещенко, Елена Дробытко жана Пөлагея Лопуховалар биздин айылдан өсүп, эл жерине чоң аброй алып келгенине биз ар дайым жетине албай ошолор менен сыймыктанып келебиз...

- Өзүңүз жакшы билесиз, элдин жашоо турмушунун жакшырып бара жатышы көп учурда айылдарда социалдык-маданий маселелердин өз убагында чечилишине байланыштуу болот эмеспи?
- Туура айтасыз, жолдор оңдолбосо, көчөлөрдө жарык болбосо, эл, өзгөчө жаштар, көңүл ачып, эс ала турган жай жок болсо. Айыл эли таза суу менен камсыздалбаса, айылдык клуб, мончо жана китепканалар иштебей, балдар билим ала турган мектептер ремонттон өтпөсө, анда жашоонун кызыкчылыгы болбойт да... Ал эми айыл өкмөтү болсо, айрыкча акыркы жылдарда, ушул көйгөйлүү маселелерди чечүү жагына көбүрөөк көңүл бөлүп, колдон келген бардык аракеттерди жасоонун үстүндө жигер менен иштеп жатат. Төрт айылдан турган айыл өкмөтүнүн аймагында азыр эки миңден ашуун окуучуларды камтыганг 2 клуб, 2 спорт залы, ал эми Акжар айылында болсо бир стадион, ошондой эле медициналык жана ветеринардык 2 аптека , 2 техсервис, он бир жерде соода түйүндөрү, 6 кафе, 2 наабайкана, ун чыгара турган эки тегирмен иштеп, элге кызмат көрсөтүп жатат. Жакында "ОСО катасул" деген кытайлык фирманын жардамы менен курулуп жаткан кыш чыгара турган завод да пайдаланууга берилгени турат. Суткасына 60-100 миң даана бышкан кыш чыгара турган чакан заводдун биздин айыл өкмөттүн аймагында курулганы жаңы үй тургузгандар үчүн жакшы жышаан болду.

Маектешкен:
Батыркул Боромбаев,
өз кабарчы




  Окурман үнү

Андаш арман
Урматтуу окурман, качандыр бир мезгилде Андаш алтын кени тууралуу уктуңуз беле? Укпасаңыз, бул кен Таластын көкүрөгүндөгү Көпүрөбазар айылына бир чакырым аралык жакын жайгашкан, болжолдуу кору 18тн.ны түзгөн алтын кени. Башкаларды билбейбиз, биз Андаш алтын кени тууралуу абдан эле көп жаздык. Миң түтүндөн ашуун эли бар көпүрөбазарлыктардын атынан да, өзүбүздүн атыбыздан да бул алтын кенин иштетүү Көпүрөбазар элине гана эмес, Каракол суусунан ичкен бардык таластыктар үчүн (бул суу Талас өрөөнүнүн көкүрөгүн эле тең жарып агып өтпөстөн, ал суудан казак эли да ичет) экологиялык зыян апкелери жөнүндө далай жолу жаздык. Биздин сөзүбүз Акүйдүн муздак дубалдарына жеткен да, биздин сөзүбүздүн жүйөсүнө көңүл бөлгөн да эч ким болгон жок. Алтын дегенде акылыбыздан адашып калат көрүнөбүз. Аргументтерибизди уккусу келишпеди. Көпүрөбазарлык он миң адамдын тагдырынан он тонна алтын артык экен биздин бийликке. Андашка мына ушул чен-өлчөмдөн мамиле жасалды.
Жеке адамдардын, бизнестин кызыкчылыгы үчүн бир айыл элдин эртеңкисин ойлоп да коюшкан жок.

Мына ошол көпүрөбазарлык агаиндердин атынан "Камза" дыйкан чарбасынын башчысы Куттубаев Камза, Көпүрөбазар айылдык кеңешинин депутаттары Оболбеков Мамбеткул, Курамаев Ормошбектер редакцияга келишиптир. Андаш алтын кени деп атып бир айыл эл экиге бөлүнүп калдык дейт. Элден айланса болот, элдин ынтымагы керек эле "20тн. алтын биздин ынтымактан кымбат эмес" - дешип шуу үшкүрүшөт. Канткенде элдин башын бириктирип, бул маселени-алтын баш ооруну бир жаңсыл чечебиз дегенде элдин эки көзү төрт экенин түшүндүк. Андашмайнингдин азаматтары алтын казабыз деп жатып, элди алтын баш оорусуна кириптер кылыптыр. Ушундан улам аргасыз ойлойт экенсиң, эгер элдин башы алтын казыла электе эле ушунча ооруп жатса, алтын казыла баштагандан соң, ал оору айыкпас дартка айланбас бекен?
Баса, Андашты иштетүүчүлөр аталган алтын кенинин запасынын аздыгын жана аны иштетүүдө пайда анчалык деле көп болбостугун айтып жатышат. Андай болсо, адамдан алтынды артык койгон азаматтар бир айыл элди будуң-чаң кылбай, алтын кенин иштетүүдөн баш тартып деле койсо болор беле? Болмок. Анүстүнө алар бул алтын кенин геологиялык чалгындоо иштерине жана изилдөө үчүн көп деле каражат коротушпаганы бардыгына эле белгилүү. Андаш алтын кени тээ союз мезгилинде эле чалгындалынып, канча алтыны, канча жези бар экени такталып калган. Демек, Андаш алтын кенин иштетүүгө лицензия алгандар анчалык деле өпкөлөбөй койсо болот.
Мүмкүн, алтынды адамдан артык көргөндөрдүн максаты - 18тн. алтында эмес, башкада болуп жүрбөсүн? Бул деле капысынан келе калган ой. Айталы, маселен "Белый пароход" басылмасы Кумтөр алтын кенинин "хвостохранилищасына" радиоактивдүү калдыктар ташылып келинип, төгүлүп жатышы мүмкүн деген версияны айткан. Мүмкүн ал версиянын чындыгы бардыр, мүмкүн жоктур. Маселенин төркүнү мында, өзүн сыйлаган өлкөлөр өз территориясында радиоактивдүү калдыктарды сактагысы келбейт. Мындай болгондо, өнүккөн өлкөлөр өз территориясынан радиоактивдүү калдыктарды мамлекеттин аймагынан тышкары ташып, башка өлкөлөрдүн аймагына төгүшү үчүн оңбогондой акчаларды сарптары өзүнөн өзү түшүнүктүү эмеспи. Айтымда, бул киреше алтынды казганга караганда да алда канча кирешелүүрөк. Бир доллар жумшасаң миң доллар аласың. Сыягы, мындай жеңил кирешенин даамын татып алган компаниялар алтын казуу менен бирге, бай өлкөлөрдүн территорияларындагы радиоактивдүү калдыктарды мына ошо алтын кендериндеги "хвостохранилищаларга" ташып, көмүү менен шугулданат окшобойбу. Ал эми өзүңөр билесиңер, жер шары радиоактивдүү калдыктарга толуп бүткөн.
Келиңиздер ойлонуп көрөлү, "Андаш майнинг" компаниясында алтынды иштетүүгө караганда да, пайдалуураак, кирешеси көбүрөөк максат жок болду бекен? Айтпадыкпы, Андаш алтын кени союз мезгилинде эле чалгындалып бүтүп, 18тонна алтын бар экени жана жаңылбасак, 1тонна тоо тегинин курамында 1.8гр. гана алтын болгондуктан, казуу максатсыз, же капиталисттик тил менен айтканда, рентабелсиз деп табылып, Андаш консервацияланган алтын кендеринин катарына кирген. Андаш алтын кени түгүл, 70тн. запасы бар Жерүйдүн деле рентабелдүү болушу кыйын дегендей, алтын кенин иштетүү кийинкиге калтырылып келген. Рентабелдүүлүк маселеси суроолуу болсо, анда эмнеге Андаш кенин иштетүү маселеси мына бүгүн көтөрүлүп олтурат? Же капиталисттер акчасын шамалга чача берген башы шамалдап калгандарбы? Эгер Андаш алтын кенин казуудан пайда аз экенин айтып текеберсингенин эске алсак, "Андаш майнинг" компаниясы бул ишке батыл киришип, эки жеңди түрүнүп шымаланганынын сыры бар деп айтууга эмнеге болбосун?
Талаш жок, мамлекеттик кызыкчылык дегенди түшүнсө болот. Ошол эле учурда, элдин кызыкчылыгы деген да бар эмеспи. Мамлекетти элден бөлүп кароого болбойт. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эч убакта элдин кызыкчылыгы садага чабылган эмес. Тескерисинче, мамлекет элдин кызыкчылыктарына, бардарчылыгына, жыргалчылыгына кызмат кылууга тийиш.
Мынча болду, айтпай кетпесе болбостур. "Вечерний Бишкек" гезитине берген сукбатында Искендер Тарыхчиев деген эме "Андаш Майнинг Компани" компаниясынын гендиректору Эркинбек Казакбаевди "Сиз, Исхак Раззаковдун тушунда Кыргызстан Компартиясынын идеология боюнча секретары болуп иштеген, республикага белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкайыр Казакбаевдин баласы болосуз да. Атаңыз Сиздин "Андаш Майнинг Компанинин" гендиректору катары ишмердигиңизди колдойт беле?" - деп жагалданат. Исхак Раззаковдун тушунда Кыргызстан КП БКнын идеология боюнча секретары болуп иштеген адамдын Андаш алтын кени менен тиешеси канча? Бул бир. Экинчиден, мына ошол Раззаковдордун тушунда эле чалгындалып, 18тн. алтыны бар экени аныкталган алтын кени иштетүүгө "нецелеобразный" деп эсептелгендиктен, казылбай калгандыгын Тарыхчиевге айтып олтуруунун зарылдыгы барбы? Аталган алтын кенин иштетүү маселесин Андашка бир чакырым алыс отурукташкан элден сураш керектигин, башкалар түшүнбөсө да, жакшы атанын уулу катары гендиректор Эркинбек Казакбаев түшүнүшү керек эле го. Баса, анча болду айта кетели, бир жолку пресс-конференцияда "Андашмайнинг" көпүрөбазарлыктарды экиге бөлүп-жарып, элдин ынтымагын кетириптир го десек, укмаксан болуп кутулушту. "Алтын кени ачыларын уккандан кийин, айылдыктар туулуп-өскөн жерлеринен көчүп жатышыптыр го" - деп суроо берсек: "Көчсө, көчөт да" - деп мурдун балта кеспей жооп берип олтурбайбы Эркинбек мырза. Аны адам эмес, алтын гана кызыктырса керек деп калдык ушундан соң.
Кантели заман заңы ушундай экен. Бөрү заманда карапайым элдин укугу менен мамлекет да, өкмөт да эсептешип койбойт экен. Мамлекет, өкмөт ойлобогон элди бизнестин битин сыгып, чөнтөгүнүн амалын ойлогондор ойломок беле?!

А. Бостон




  Мугалим мөмөлүү дарак

Якут Урустемованын сыймыгы
Аксы районундагы Уметалиев атындагы орто мектепте быйылкы жылда башталгыч төрт класста 90го жакын окуучу алиппе китебин окуп бүтүп, мектепте алиппе майрамдарын өткөрүштү. Башталгыч класстардын мугалими Якут Урустемова быйылкы жылда тогузунчу ирет жаш темир канат окуучуларга алиппени үйрөтүп билим жолуна салып, мына ушундай майрамды өткөрдү. Мектеп босогосун аттап мектепке мугалим болуп келгенден бери 26 жыл канттуу куштай учуп өттү. Ар дайым алиппе майрамында өзүнүн алгачкы класска мугалим болуп кирген күнүн дайыма эстейт. Анда 1976-жыл болчу. Ош шаарындагы педагогикалык орто окуу жайын ийгиликтүү бүтүп келип Надыр Мамбетов атындагы орто мектепке мугалим болуп келген. Андан бери далай жылдар агып өтүп кетти. Мына бул мотурайган окуучулар Якуттун кубанычы, иштеги ийгилиги.

Ар бир окуучусунун алган "беш" баасы ал эжекенин кубанычы, таза балалык баео сезими менен беш деген баа алууга дилгирленип окушат. Өз колунан "А" тамгасын тааныган окуучуларынын турмуштагы ийгиликтерин көрсө мугалимде андан ашкан бакыт жоктой. Якут эжеке да окутуп тамга тааныткан же биринчи мугалими болгон окуучулардын ичинен Баймырзаева Махабат Американын Лос-Анжелес университетинде доктордук наамды ийгиликтүү коргоп иштеп жатса, Сатыбалдиева Жаңыл Турция мамлекетинде окуп, иштеп жатат. Ал эми эженин дагы бир окуучусу Тынара Акматова Москва шаарында фирмада котормочу болуп иштеп жатышы ал мугалим берген билимдин негизинин жемиши катары баалоого болот. Дал мына ушундай ондогон окуучулары менен сыймыктанган мугалим, ар бир окуучусунун жакшы окуп, билимдин негизин жакшы түзүшүнө жетүүгө бардык күч аракетин жумшайт.
Мына бул окуучулардын ичинен да түрдүү кесиптин ээлери чыкса экен деген ак тилеги ар бир сабакта камтылып, эжекеси билим берип келди. Менин биринчи мугалимим деген сүрөттөргө түшүштү. Бул башка мугалимдердей эле Якутка да чоң сыймык.
Якут эжекенин эмгеги жогору бааланып бир нече Ардак Грамоталар менен сыйланган. Жогорку категориядагы мугалим. Якут эжеке өз билимин өркүндөтүүнүн үстүндө дайым аракеттенип келет. ЖАМУнун педагогикалык факультетин да эң мыкты бүтүп, жогорку билимге ээ болду. Мугалимдин эмгеги канчалык түйшүктүү экендигин эске алсак, анда эжекеге талыкпай эмгектене бериңиз, ишиңизге ийгилик , өзүңүзгө ден соолук болуп, менин эжекем деп ар дайым окуучуларына сыймыктанып, алардын сый-урматына бөлөнүп жүрө бериңиз демекчибиз. Ал эми ата-энелерине, эжеке-агайларына өз билимдерин даңазалап, көрсөтүп жаткан мына бул окуучуларга болсо, жакшы окуп, эр азамат болуп өсө бергиле, эртеңки келечек ээлери демекчибиз.

Абдымомун Калбаев