Коомдук-саясый гезит
№20_21, 14.08.08-ж.





  ПОЭЗИЯ

Жыйнап журтту кыргыз элин жараткан,
Бул жөрөлгө келген айкөл Манастан
Чачыла
Булактын көзүн ача бил!
Тагдыр такшалткан келин
Кеңсеге буудай ыраң, жүзүнөн чарчоонун ыры окулган бир келин кирип келди. "Атым Көйкөл, ыр жазып жүрчү элем, жан адамга көрсөтпөгөм. Убактыңыз болсо окуп көрөсүзбү?" - деди. Мен макул болуп дептерин алып, ырларын окуп көрсөм, кадимки эле такшалып калган акындардай жазат экен. Бир гана кемчилдиги ырларында өксүү, арман, жалгыздык толтура экен. Ал кемчилдик эмес экенин түшүндүм. Анткени бул азыркы турмуш эмеспи. Анын үстүнө Көйкөл Акматалиева өмүрлүк жарынан ажырап үч баласын тарбиялап өстүрүп жаткан учуру экен. Кесиби боюнча ашпозчу болгондуктан, айтымында көп жерде иштеп балдарын багып чоңойтуунун аракетин көп көрүптүр. Учурда Аксы районун Кербен шаарында жашап, эмгектенип жатат. Мен Көйкөлгө чоң чыгармачылык ийгилик каалап коюну туура көрдүм.

Абдымомун Калбаев, акын.
Аксы району. Кербен шаары

Эне
Эне деген эч табылгыс пендедир,
Жаман болот эне байкуш кимгедир.
Тирүүлүктө сыйлай албай энесин,
Көзү өткөн соң арман айтат күндө бир.

Ата-эненин биз кадырын билбейбиз,
Акыл айтса ичибизден тилдейбиз.
Кечирилгис оор күнөө кылсаң да,
Эне байкуш жаман дебейт кимгедир.

Ата-энең бар ошол сенин байлыгың,
Сен билесиң жашообуздун тардыгын.
Болуп кетем кээде туруп мен капа,
Ченеп берген өмүрлөрдүн аздыгын.

Кечүү
Кечүү деген менин өскөн айылым,
Мен жашаган этегинде айылдын.
Ысыккөлгө баргандай мен эс алам,
Карап туруп аккан суунун агымын.

Беш арча деген касиеттүү жери бар,
Арча булак сыйынуучу жайы бар.
Карап турсаң тунук булак башаттын,
Табыптардай айыктырар деми бар.

Тоого чыксаң булбул сайрайт таң эрте,
Кекиликтер чакырышат күн кечке.
Чөп аралап жыттап көрсөң гүлдөрүн,
Кеткиң келбейт көңүл өсөт жөн эле.

Ак -Таш деген алтын чыкчу жери бар,
Мармар таштай түркүн толгон кени бар.
Улуу тоонун касиеттүү чөптөрү,
Ар оорууга даба болор түрү бар.

Менин азыр отуз сегиз курагым,
Айылымды дайым эңсеп турамын.
Кайтып берсе сурамакмын Кудайдан,
Өтүп кеткен жаштыгымдын убагын.

Бул жашоодо
мейманбыз
Ким ажырашат түшкөн жери жакшы болсо,
Пешенеге ушул күндү жазып койсо .
Турмуштан өмүр бою түз өтсөң да,
Сени эч ким жакшы дебейт эр болбосо.

Жакшы сөздүн жаман сөздүн жүгүн артып,
Келатам өмүр бою башым катып.
Ушак сөзгө өмүр бою жар болгончо,
Бир кулга токол болуп өткөн артык.

Бул жашоого бир келебиз, бир болобуз,
Турмушуң бир бөксөрсө орду толгус.
Булуттан жарк дей түшкөн чагылгандай,
Дүйнөдөн бир күн биз да жок болорбуз.

Кечирээр белең
Күн батып ай жаркырап чыккан кезде,
Келет деп уктабадым күтүп кечте.
Жүрөктөн чыккан сүйүүмдүн күчүн,
Эми мен кантип арнаймын сизге.

Жолодошум болбой түбөлүк бирге,
Башканы тандап үйлөндүң неге?
Тагдырым менин кем беле сенден,
Арманымды эми айтамын кимге?

Бактымды мен учурдум колдон,
Байкабай жүрүп алдырып койгон.
Мен сени сүйүп адашкан белем,
Калдымбы эми армандуу бойдон.

Сен неге таарындың экен,
Көңүлүңдү калтырдым бекем?
Кечирим сенден сурасам эми,
Мурдагыдай кечирээр белең?

Көйкөл
Акматалиева


Автор жөнүндө маалымат

Асанбай Молдокасымов Көл өрөөнүнүн адабий чөйрөсүндө, айрыкча поэзия күйөрмандарынын арасында өзүнө тиешелүү үнү, түйшүктүү изденүүсү бар, Атамекен,туулган жер, аялзатынын сулуулугу туурасында жазган маанайлуулугу, жарк эттире таасын айта алган ыр саптары менен айырмаланган, элет демин акындык жүрөк тереңине сиңире алган автор.
Ал баштатан эле таланттуу инсандарды кыргыз элине берген Түп районундагы Миңбулак айылында 1952-жылы, 27-июнда төрөлгөн. Райондун Арал орто мектебин 1970-жылы аяктаган соң, жоокердик милдетин 1973-жылга чейин Советтик Армиянын катарында өтөп келген.Туулуп өскөн айылында совхоздун курулуш цехинде усталык кызматта иштеген.
Учурда Асанбай Молдокасымов Каракол шаарында эмгектенет. Төрт баланын атасы. Уул-кыздары Максат, Эльзат, Гүлзат,Кымбат ата жолун жолдоп эмгекчил болуп чоңоюп жатышат.
"Айыл өкмөтү" гезитинин редакциясы элеттик авторубуз, акын Асанбай Молдокасымовго чыгармачыл ийгилик каалайт. Анын редакцияга жиберген поэзиялык чыгармалары мындан ары карай дагы гезит беттеринде дамаамат жарыяланып турмакчы.

Мирзат Урдавлетов,
жазуучу жана драматург
Жан биргем
Сүйгөнүм менин ак дилден,
Сураймын сени ар кимден.
Кабарың билген адам жок,
Кайдасың азыр жан биргем?
Табылаар, күдөр үзбөймүн,
Дарегиң сенин так билген.

Шарактап ойноп бир күлгөн,
Салкындап басып бир жүргөн.
Караймын бактын арасын,
Карааның кайда жан биргем?
Бирөөсү болуп калсаңчы,
Бөлүнүп өскөн сен гүлдөн .

Түндөрдө жарык шам күйгөн,
Жылдыздуу түндө ай тийген.
Узатып сени бараткан,
Күндөрдү эстейм жан биргем.
Кымбатка туруп айрылыш,
Ак шоола эчен таң сүргөн .

Чабууттап ойлор ат минген,
Чачыма тал-тал ак кирген .
Кезимде секет кезигип,
Кетпесең эми жан биргем.
Сагыныч букту таркатып,
Сорушсак ысык балтилден,
Асылым менин жан биргем.


Көлдүк кыз
Талталдап чачың өрүлгөн,
Балтырды карай төгүлгөн.
Жүзүңө кашың жарашып,
Жаңырган айдай көрүнгөн.
Кулачын жаят кирпиктер,
Сүйүү оту жанган көзүңдөн.
Перилер сендей тизилип,
Аккуудай учсун Көлүмдөн.

Чыкпастан эстен көңүлдөн,
Тартпаган кайра өлүмдөн.
Мекенин эрдей коргогон,
Алкоого аты чөмүлгөн.
Баатыр кыз Жаңыл Мырзадай,
Касташкан жоосу жеңилген.
Эржүрөк кыздар өсүшсүн,
Айтылуу Ысыккөлүмдөн .

Бир элди эки бөлүнгөн,
Жол бербей кага төгүлгөн .
Жаралып кайра кыз болуп,
Жаматкан жерин сөгүлгөн.
Төрөтай Көлдүн периси,
Төрөгө кеткен элимден.
Эл жүгүн арткан мойнуна,
Эжеңдей өскүн Көлүмдөн.

Кыз Жибек болуп көшүлгөн,
Артыктар болсун өзүңдөн.
Акылдын кени оргуштап,
Агылып турсун сөзүңдөн,
Курманжан Датка кыз болуп,
Тайыбай өткөн өмүрдөн.
Даткасы Көлдүн аталып,
Асмандап учкун Көлүмдөн.

Кетеличи өрүкзарга
Бүркөлгөн кабагымды,
Ашыгым ачамынбы?
Гүл терип өзүң менен,
Тоо-белес ашамынбы?
Колтукташып өрүкзарда,
Сен менен басамынбы?

Алтыным сени менен,
Жүрөктү эрибеген.
Жылытып жибитейин,
Махабат деми менен.
Кетеличи өрүкзарга,
Жанашчы мени менен.

Талыбас канаттарын,
Каккылап баратканын.
Гүл өмүр тоо суусундай,
Карачы шар акканын.
Чыгынып өрүкзарда,
Тосолучу таң атканын.

Өткөндү биз кечээги.
Ыр менен эстешели.
Биз күткөн махабатка,
Биригип кездешели.
Барууга өрүкзарга,
Макул де биз кетели.

Жашоого ачып эшик,
Жанашып ырыс кешик.
Даңктайлы махабатты,
Үн созуп кезектешип.
Жашайлы өрүкзарда,
Терметип арча бешик.

Болбосун таарынычтар,
Жазылсын сагынычтар.
Дайыма келип турсун,
Куттуктап кубанычтар.
Айтылсын өрүкзарда,
Ашыктык уламыштар.

Асанбай Молдокасымов

Автордон айкын маалымат
Анарбек Акматбек уулу Токтогул районундагы Сарыгата айылында туулган. Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктагандан кийин республикалык китеп сүйүүчүлөр коомундагы агитация жана үгүт бөлүмүнүн редактору, Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы мамлекеттик жашыруун сырларды сактоо боюнча башкы башкармалыгында редактор, Кыргыз совет энциклопедиясындагы философия жана укук бөлүмүнүн илимий редактору, 1983-95-жылдары Ички иштер министрлигиндеги дарылоо-эмгек мекемесинде улук инженер, отряд начальниги, оперативдүү штабында алдыңкы тажрыйба жана басма сөз, радиотеле байланыш маалымат уюштуруу бюросунун начальниги, 2001-жылдан республикалык өрттөн сактоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат бөлүмүнүн начальниги кызматында үзурлүү иштеген. Ички кызматтын подполковниги, Кыргызстан Журналисттер жамаатынын жана Жазуучулар союздарынын мүчөсү. Эл аралык Айтматов клубунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы.
1989-жылы "Адабият" басмасынын "Жүрөк толкуну" деген ат менен ырлар жыйнагы жарык көргөн.

Баатыр Бекбоо баяны
(Афсана)

Байыркы сөз жетип турсун алдыга,
Карт тарыхты каттай жаттап алгыла.
Жети атаны билүү биздин улуу салт,
Жектеп элди бөлүү эмес-санжыра.
Кыз алышпай жети ата өткүчө,
Таза сактап келген кыргыз канды да.
Кыргыз, кыргыз кылымдарды беттеди,
Кымбат бизге ушул күнгө жеткени.
Не бир канча бөлөк улут кошулуп,
Неси жаман кыргыз болуп кеткени.
Кең пейилдик - мүмкүн бул бир саясат,
Кеңейсе эгер кыргыз саны, чек жери.
Жыйнап журтту кыргыз элин жараткан,
Бул жөрөлгө келген айкөл Манастан.
Таарынгандар мекенине, элине,
Тапкан ордун айтылуу кең Таластан.
Кыргызстанда кыргыздашып эчен эл,
Кыргызстандын ар-намысын талашкан.
Мезгилдердин катмарында төрүндө,
Мелтилдеген эчен тарых чөгүүдө.
Ушул баян улут болгон кыргыздын,
"Бекбоо" деген бир уругу жөнүндө.
Бул окуя качандыр бир учурда,
Болгон дешет даңктуу Ысыккөлүмдө.
Ысыккөлдүн Күнгөйүнө караган,
"Бөлөкбайдын" уругунан тараган
Акбай баатыр "Чиркей" деген уруктан,
Эр болуптур намыс арга жараган.
Өч алам деп аттаныптыр бир кезде,
Душмандардан элин чаап, талаган.
Оо, ал кезең жоокерчилик заман да,
Эл зар болгон калка болор караанга.
Акбай баатыр чыккычакты кайран эл,
Даабай турган доосун доолап барарга.
Малын талап, кыз келинин олжолоп,
Салган азап, калмак эли аларга.
Жок кылам - деп өз элинин азасын,
Тарттырам - деп талоончунун жазасын.
Акбай баатыр жүрүп кетти аттанып,
Алып элдин дүркүрөгөн батасын.
Кандай катаал жоокерчилик замана,
Каны менен жууган күнөө, катасын.
Ал белгисиз кайсыл жылы, кай кылым,
Акбай баатыр жеңет калмак хандыгын.
Күтүрөгөн жылкыларын олжолоп,
Келет тартып өз элине байлыгын.
Беш жаштагы уулу менен ал хандын,
Олжолошот үч жаштагы жан кызын.
Бекбоо - дешип атап аны журтчулук,
Бекбоо өсөт акыл-эске умтулуп.
Тартат аны бооруна кыргыз эл,
Кыргыз күүсүн, кыргыз ырын уктуруп.
Каны калмак карындашы Наар да.
Кыргыз болуп бойго жетет кулпуруп.
Алп мүчөлүү акыл-эси шамчырак,
Ар бир ишти адал иштеп так кылат.
Ак эмгегин көрүп турган калайык,
Ак дилинен ал жигитти жактырат.
Он сегизге келгенинде Бекбоону,
Акбай баатыр жылкычыга баш кылат.
Өз жериңде кул болгонуң жакшы андан,
Өзгө жерде кадыр-баркты тапкандан.
Деген чыгаар, ошол жигит бир күнү,
Азаттыгын сурап келди Акбайдан.
Суутулган атын минип тандалма,
Сурап турду карындашын жаш калган.
Билермандар чогулушуп, ошондо,
Аксакалдар келди акыл кошоорго.
Чыгаргысы келбей Акбай колунан,
Оор шартты коюп турду бозойго.
Миң жылкыны апкел дешти калмактан,
Карындашы калды жолун тосоорго.
Макул болуп жигит башы ийилди,
Буза албады Акбай сызган чийинди.
Коштоп чыкты кыргыздардан жүз жигит,
Жоокерликтен алып өскөн билимди.
Айтты Бекбоо карындашын чакырып,
Кыргыздарга бербегин деп дилиңди.
Калды артында карындашы элеңдеп,
Айтты агасы кайра сөзсүз келем деп.
Экөөбүз тең элибизге кайтканда,
Сени калмак ханзаадага берем деп.
Узап кетти кайтарышып жүз жигит,
Шарттан кайтса турган өлүм белендеп.
Аны уккандар Бекбоо менен келишпей,
Арданышып турду муздай эришпей.
Кеткенден соң карындашын бирөөгө,
Баш байлашты кызга эркин беришпей.
Той кылышты жаңы өргөө көтөрүп,
Кыз өмүрүн кыскартканын сезишпей...
Бир күнү эле айылды бүт шаң кылып,
Кернейлер, сурнайлар тартылып.
Келип түшөт Бекбоо Акбай айлына,
Жер-сууну бүт күлүктөргө бастырып.
Калмак жигит кутулдум деп турганда,
Кудалардан калат кулдук айтылып.
Бир кыйкырып билбей кандай кылышын,
Жаа сындырып, чабат ташка кылычын.
Как талаада калган өңдүү жинденет,
Карышкырга тарттыргандай ырысын.
Катуу тийет байкуш кызга, тийгиче,
Жакшы эле деп өмүрүңдү кыйышың.
Албадың деп айтканымдай күтүнүп,
Албууттанат алай-дүлөй түшүрүп. өлүп кал!
Деп, үч кайталап ийгенде,
Кыз мүрт өлөт, капилеттен үзүлүп...
Көтөралбай агасынын каргышын,
Кайран сулуу муздайт көзү сүзүлүп.
Күлгүн жашты жашырышат зар ыйлап,
Көл шарпылдап, тоо, күн ыйлап, ай ыйлап.
Өмүр чиркин, бааланбайт ээ барында,
Өлгөндөн соң өткөн кайра жаңырбайт.
Ачуу менен каргап ийген Бекбоо да,
Көп зыркырайт карындашы табылбайт...
Келди Бекбоо Акбай баатыр жанына,
Коюшкан соң жаш сулууну жайына.
Алып келди алтын, күмүш олжосун,
Бөлүп бер деп эл, журтуңдун баарына.
Бөлүшүшүп, азат кылды жигитти,
Бар эми деп өз элиңе, шаарыңа.
Бирок, Бекбоо "бир боорумду жедим" деп,
Кечтим эми мансап, бийлик чегин деп.
Айлыңарда калам деди түбөлүк,
"Кыргыз жери менин дагы жерим" деп.
Колдоп турду аксакалдар бул сөздү,
Ак жолуңду ачсын уулум Теңир деп.
Бекбоого арнап көтөрүшүп өргөөнү,
Бек кылышып турмуш жолун жөндөдү.
Тандап ал деп сулуулардын сулуусун,
Ханзаададай сыйлады журт төрдөгү.
"Бекбоо" урук ошол Бекбоо тукуму,
Бул учурда жашап турган Көлдөгү.
Эл каадасы жетип турсун алдыга,
Эл каадасын бекем сактап калгыла.
Жети атаны билүү бизде улуу салт,
Жектеп элди бөлүү эмес санжыра.
Дагы далай Манас келсин эл кураар,
Дагы далай заман болсун алдыда.


Анарбек Акматбеков,
Улуттук жазуучулар
союзунун мүчөсү