Күндүн темасы

Жумушсуздуктан кантип кутулабыз?
Биз эгемендүүлүккө жетип, эркиндикти колубузга алгандан кийин, алакандай кыргыз элинде көйгөйлүү маселелердин саны арбып баратат. Өлкөбүз мурунку социализмден базар экономикасына өтүшүнө байланыштуубу жумурай журтубуз, көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жатышат. Бүгүнкү күндөгү эң орчунду маселелердин бири бул жумушсуздук. Жумушсуздуктун айынан көптөгөн жарандарыбыз тагдырдын оор сынагына туруштук бере албай, жинди суунун артынан кетип жатышканы жашыруун деле эмес.

Жумушсуздуктун айынан адамдын психологиясы өзгөрүп, уурулук, зомбулук, кылмыштуулук, сойкулук, аракечтик деги койчу санап бүткүс маселелердин саны артууда. Айрым кыргыз кыздары ар кимдин алдында тапталып, пулу бардын кулу болуп сойкулук менен күн көрүп келүшүүдө. Айрым үйбүлөөлөр куттуу үйдүн очогун сактай алышпай балдары чилдей тарап көчө балдарына айланышууда. Алар эптеп базарларда ар кимдин бут кийимдерин тазалап, ката элек белдерин мерт эттирип, оор жүктү ийрелеңдеп көтөрүп жан багышууда. Базар демекчи базарлардын тегерегинде, аялдамаларда чымын-чиркейге таланып эс учун билбей жашоодон капары жок жаткан боордошторубузду көрүп алып зээниң кейибей койбойт. Азыр карапайым элдин жашоо шарты барган сайын оордоодо. Буга кымбатчылыктын кесепети да өз таасирин тийгизбей койгон жок. Базарда ичкен ашыңдан тартып, кийген киймиңе чейин көктүн башы. Буга карабай ар ким өз жөндөмүнө жараша жумуш жасап, эптеп септеп күн көрүп келүүдө. Кээ бири каражанын карч уруп курулушта, соодага шыктуулар базарда андан тышкары чөт өлкөлөргө жакшы жашоонун айласын табуу үчүн кетишүүдө. Бул эмгек миграциясы да көйгөйлүү маселелердин бири. Канчалаган эмгекке жарактуу акылдуу инсандарыбыз чет жактарда жүрүшөт. Айрымдары жакшы маяналуу туруктуу жумуш таап, өз жемин жедирбей кете алса айрымдары таман акы маңдай тер менен тапкандарын алдырып алданышып, өз мекендерине кайтып келүүгө эки көзү төрт болуп кул сыяктуу эмгек кылган жарандарыбыздын саны да күндөн күнгө өсүүдө.
Эгерде элдин баары жумуш менен камсыз болсо жогорудагыдай көрүнүштөр мынчалык болбойт эле го. Бийлик башындагы чиновниктерибиз саясат менен алп урушпай мамлекет башчысы тарабынан коюлган чараларды колдонушса мындай маселелер күн сайын өспөй, түп орду менен жоголбосо да кандайдыр бир деңгээлде азаят беле деген ойго келесиң.

Гульзана Бейшеналиева