Коомдук-саясый гезит
№19, 14.06.08-ж.





  Туулган күнүңөр кут болсун

"Айыл өкмөтү" гезитинин ай чырайлуу сулуу кыздары жооптуу редактор Кундуз Бейшенбековнаны жана менеджер Айжанды удаа келген туулган күндөрү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Силерге арча жашындай узун өмүр, таза булактай ден соолук, чексиз бакыт каалоо менен бирге, дайыма асманыңар ачык, маанайыңар жарык болуп, ушул күлкүңөрдөн жазбай, ишиңерде жана жеке жашооңордогу ар бир кадамыңар ийгилик менен коштолуп, үй бүлөңөр менен бирге бактылуу күндөрдүн кучагында жүрө беришиңерге тилектешпиз.


Кундузга
Эл үчүн кызмат кылам деп,
Журналист жолун тандадың.
Эмгегим элдик болсун деп,
Ата-энеңден бата алдың.

Гезитке болгон сүйүүңдү,
Жаш кезиңден баштадың.
Талыкпай иштеп эки жыл,
Көп ийгилик жараттың...

Айжанга
Атына заты жарашкан,
Арыбас мээнет жанашкан.
Айдын кызы Айжанга,
Көп жигиттер карашкан.

Мээнетти сүйгөн кызыбыз,
Так аткарат жумушун.
Мекенди сүйгөн кызыбыз,
Таттуу болсун турмушуң...
Коллектив




Кеп чынынан бузулбайт
Канатың жетилгенче учпа
Жакшы мүнөз, жакшы сөз - адамдагы эки көз.
Атаңды көргөндөн акыл сура.
Чоң иш бүтүрөм десең, майдадан башта.
Эрте турган адамды нур жабат, кеч турган адам - куржалак.
Эрте турганды ырыс-кут күтөт, элден осо бир иши бүтөт.
Кайра кирер эшигиңди катуу жаппа.
Жардамдын жакшысы - жардамдашуу.
Канча жашасаң ошончо оку.
Жакшы сүйлөгөн - жакшы, жакшылап уккан эң жакшы.
Ата-энеге кылганды - балдарыңдан көрөсүң.
Даражаңдан тааныган он кишиден, жүрөгүңдөн тааныган
бир киши артык.
Өзүңдү өзүң жеңгенде гана - жеңиш.
Өзү түздүн - сөзү түз, сөзү түздүн - өзү түз.
Жаш карыга бирдей болсоң, жаңы ачылган гүлдөй болгонуң.
Жетилдим десең жети атаңды бил.
Эне сыйласаң элге жагасың, ата сыйласаң, абийир табасың.
Сый-ургалга жашыңда жет.
Атаңдын атагын чыгарыш - кубаныч, элиңдин атагын
чыгарыш - бакыт.
Үйлөнгөндөн кийин гана бүтүн адамсың.
Тез бузулуп, кеч оңолуудан сактан.
Жашыңда мылжың болсоң, карыганда шылдың болосуң.
Өзүң жаш болсоң да, акылың картаң болсун.
Эси жок эрке, мерт болот эрте.
Төбөңө көтөрүп бак, балам, ата-энең болсо да жаман,
антсе албасаң, анда сен - ашынган наадан.
Акылсыз бала - айыкпаган жара.
Падыша болсоң да үйгө келген меймандан жогору отурба.
Кемчиликсиз дос издеген - жалгыз калат.
Чын айтып, зыян тартсаң, жетесиң муратка, калп айтьш,
пайда тапсаң каласың уятка.
Жакшы болом десең, жакыныңа жан тартпа, бактылуу болом
десең, башкаларга көз артпа.
Билбегенден түшүнбөгөн жаман.
Жыгылбасаң сөзгө эгер, өз башыңа сөз келер.
Адамдыгын пас кылып, айтып жүрөр өзгөлөр.
?Жалгандын балын жалаганча, чындыктын уусун жут.
?Балдай ширин бол, андай жабышчаак болбо.
?Жакшы уул - элине баш, жаман уул - элине кас.
?Кабагын түйгөндөн чочуба, калп күлгөндөн чочу.
?Адамдын өзүн билгиң келсе, сөзүн тыңша.
?Калктын сыны - катасыз.
?Үйдүн ысык суугун, кыш түшкөндө билесиң, кимдин алыс-
жакынын, иш түшкөндө билесиң.
Аман Көчөрбай уулу,
Талас облусу




КЫЗЫКТАР?ДҮЙНӨСҮНДӨ
Айбанаттардын эң уйкучусу - аюу. Ал уктаганда опур-топурду, ызы-чууну такыр укпайт. Ышкырган катуу шамал да аны такыр ойгото албайт. Ошондуктан аюну аңчылар көбүнчө уктап жаткан мезгилде кармашат.

Тыйын чычкандар мышык сыяктаныл тумшугун бооруна катып укташат. Бир гана өзгөчөлүгү - куйругу менен үстүн жаап алышат.

Австралиянын жана Американын тропикалык "бөлүктөрүндө узундугу 2 метрге, жоондугу 1,5 сантиметрге жеткен сөөлжандарды кездештирүүгө болот.
Пил менен жылкы тик турган капыбында "чырм" этип укташат. Алар 10-20 секундга гана үргүлөп, анан кайра ойгонуп тура беришет.

Учуп жүрүүчү түлкүлөр бар экен. Алардын алдыңкы буттарынын ордуна канат бүтүптүр. Бул түлкүлөр арткы эки буту менен бутактарга асылып, салаңдап турган калыбында укташат.

Кээ бир балыктар суу түбүнө чөптөн уя салышат экен.
Даярдаган:
Жылдыз ОСМОНОВА





Суроолор
"Казанчынын өз эрки..." деп, элдик мүлккө өзүнүн үйүнүн кулпусун салгандарды ким көргөн?
Көзүн май баскандарга көз айнек чыгарууга болбойбу?
Бир ит көрүп, бир ит көрбөй үрсө, айылдын калган иттери эмнеге чуулдайт?
Чоңунун өмүрүн тилегендин, өзүнүн өмүрү канча болот?
Жонуна "доолдай" тиктирем деген ит бутуна батинка кийүү жөнүндө эмнеге ойлонбоду экен?
Узун кулак уктабаса, ушакчы ага телефон чалып турабы?
Жыйырма сомдон саткандар тутулбайт, жыйырма граммдан ичкендер кутулбайт деген чынбы? Эмгектин көгөртөөрү жер болсо, арактын көгөртөөр жерин ким билет?
Жакшы аял жарым ырыс болсо, жаман аялы барлар ырыскыдан таза кол жууганбы?
Калпычынын казанына башка бирөө от жакса да кайнабайбы?
Биттин ичегисине кан куйгандар, кишинин тамырын таппаган врачтарга эмнеге жардам бербейт?
Өзүбек Абдыкалыков,
Кочкор району