Коомдук-саясый гезит
№19, 14.06.08-ж.





  ПОЭЗИЯ

Жетигенди карап алып сени эстейм,
Жетер-жетпес ой учугун келептейм.
Баялыдан Жанаалыга кат
Кыргыз айылдарынын биринде мугалим болуп иштеген Баялы дүйнөдөн өтүптүр. Эли-журту ызу-чуу түшүп узатат. Кайран Баялы оо дүйнөгө барары менен тозокко түшөт.
Эртеси Адил соту келип Баялыны актап өкүмүн угузат. Жолдош мугалим сизди туура эмес кабыл алышыптыр, сиздин ордуңуз бейиште! Мугалимдер улуу, акылман, кеменгер калк болосуңар. Мугалимден кимдер окубаган президент да, депутат да, деги койчу баары, баары окушкан. А түгүл мугалимден билим алган, кийин өзү да мугалим болгон сиздердин президент качып кетпеди беле. Сиздин ордуңуз бейиште.
Баялы үңкүйүп эле отурат дейт. Ачуусу келген Адил соту кандай түшүнбөйсүз, бейишке деп жатпаймынбы десе, Баялы тозокто эле калайынчы, тозогуң деле биздин мектептен жакшы экен дептир.
Ошол Баялы тиги дүйнөдөн бул дүйнөдө калган жандай досу Жанаалыга бир нече жылдан кийин кат жазыптыр...

Чачыла
Эх тозок жакшы жай экен,
Эңкейбей өөдө турайын.
Жашиктеп арак алды эле,
Жашып ыйлап калды эле.
Жанаалыдан абал сурайын.

Оңолбой жылда тонолгон,
Мектебиң эсен жатабы?
Текшерилбей жок болгон,
Дептериң эсен жатабы?

Обонун созгон беш убак,
Мечитиң эсен жатабы?
Окулбай жатып тытылган,
Гезитиң эсен жатабы?

Ой тоону кошуп суйлөгөн,
Чалдарың эсен жүрөбү?
Тамекиге ышталган,
Такай арак жыттанган,
Балдарың эсен жүрөбү?

Урушка турган камданып,
Апалар кандай айылда?
Моссоветке кетишкен,
Мозгисин элдин эзишкен,
Кыздардын көбү дайын маа?


Дайыма арак ичишкен,
Жигиттер ичпей калдыбы?
Желпинип турган келиндер,
Жеңдик деп бийлик алдыбы?

Он чакты киши иштеген,
Конторуң барбы баягы?
Ардагым деп калчу,
Акматтын барбы аялы?
Ичкенде эле жулунган
Илгери бирге туулган
Жанаалы барбы? Жанаалы?

Биз жакта тозок, бейиш бар,
Керемет экен бейиш жай,
Бейишке дешти көнбөдүм,
Тозокто сыйлуу төрдөдүм .
Суу болбойт экен бул жакта,
Караңгы күңүрт жайдамын,
Шашылбай эле келишсин,
Арт жактан катын балдарым.

Жанаалы ичип келип катуу уйкуда түш көрөт. Түшүндө жан алгыч Баялынын катын окуп берет. Түшүнөн чочуп ойгонгон Жанаалы жакасын кармап, чакасын камдап бирди жутуп жиберип жооп берип турган кези.

Жанаалың болсо Жанаалы,
Жашоосу дале баягы.
Арактан ичип өлдү эле,
Артыңдан издеп бардыбы,
Акматтын байкуш аялы?
Аябай байкуш мас эле,
Адашып балким калдыбы?
Мектебиң болсо мектебиң,
Оңдоп деле койгон жок.
Оңбогурлар 34 жерин,
Директор жыйнап кетет дейт
Жараксыз деп дептерин.

Намазын окуп жатабы?
Чын эле дили тазабы?
Эл кирип чыгат мечиттен,
Дабдыраган мас балдар,

Дамамат үгүт жүргүзүп,
Даватчы болуп кетишкен.
Азыр мектебинен мечит көп,
Мээге таасир бербеген,
Ойдо-тоодо чачылган,
Окулбаган гезит көп.

Ой тоону кошуп сүйлөгөн,
Чалдарың карып калышты.
Ойлоно журсөң, Баялы,
Аларды тозуп алышты.
Ар киминде арман бар,
Урушаарга ал калбай.
Апалар тынчып калышкан,
Үндөбө деп келиндер,
Үй түрмө кылып салышкан.
Желпинген ошол келиндер,
Жеңишип бийлик алышкан.
Күн бүтсө өлүп калышат,
Бейишке деле барбастыр.
Толтура ушак айтышаар,
Топ-тобу менен жайгаштыр.

Көктөгү булут удургуп,
Көлөкө түшкөн айылга.
Кабелтең кайран жигиттер,
Казандын калган жанында.
Катындары Кытайда,
Катындары Сибирде,
Кай бирлери айылда.

Күн бүтсө өлүп калаармын,
Тозоктон мени тосуп ал.
Томсортпой досум ал жактан,
Тобуңа эле кошуп ал.

Асанкул БудайЧиев

Акча белең
Мени жакшы көрбөйсүң бардыгың деп,
Мээни чагып бүгүн бир наалыдың көп.
Ичиңден бук чыгарга илмек издеп,
Илебиңе нан бышар жалының өрт.

Баары жакшы көргүдөй акча белең,
Боо, боо болуп алдыңда жатса деген.
Сага окшогон бекерчи эмес ишкен,
Самап жетпейт ошончо тапса кенен.

Бирөө сүйсө адамды бирөө сүйбөйт,
Бирөө билсе сырыңды бирөө билбейт.
Жалгыз гана акчаны баары сүйүп,
Көрөр замат жадырап күлүп сүйлөйт.

Жашоо ошол, чыкса да асыл көсөм,
Көралбастык ызалап салат нечен.
Буйтап өтүп түз ойдун буттарынан,
Буруп турат тетири эмне десең.

Жалгыз гана акчаны жамандашка,
Эч ким даап көрелек адамзатта.
Айтса айтаттыр сыртынан, ичтен антпейт,
Ак сөз үчүн сызылат санаам аста.

Кимге болсун туурабы жакса деген,
Уксам мейли дейт элем башка жемең.
Бала болуп кетесиң башты оорутуп,
Баары жакшы көргүдөй акча белең.

Адамдар арзыбайт неге

Чачымдан сылаган жел сени эстетип,
Чакырган бир сезимди келем сезип.
Артына кайрый албай арзуумду мен,
Ал турсун алдым окшойт тереңдетип.

Бактымды кайдан билдим көрөөрүмдү,
Баладай сени өзүмкү дебедимби.
Эсиңе түштүм бекен ушул азыр,
Ээрчитип күндү мага жөнөдүңбү?!

Ойлордун чубап өтүп бүткүл түрү,
Оролуп элөсиңе күттүм түнү.
Абайлап кулак түрө жол каратат,
Алыстан абалаган иттин үнү.

Узаткан күнү сени узактарга,
Жылтылдап көзүм күйгөн кучактаарда.
Кармалап көргүм келди карегиңдей,
Тагылган жылдыздарды бутактарда.
Кызык го алды жакты билбестигиң,
Жашоонун жарыгы өчпөс бар бир күнүң.
Кайыл деп түштүгүнө жорго минип,
Адамдар арзыйт неге бири-бирин.

Кылымды курагандай күн-түн менен,
Кылчайбай агат өзөн күрпүлдөгөн.
Ал ошол өзөн болуп агам сага,
Артына кайрый албай арзуумду мен.

Таш

Гүлзар кылып бирге эс алган жерди биз,
Келдик эле чарчоолорду жеңгибиз.
Тагдыр жасап колуңуздан өзүңүз,
Ташты неге белек үчүн бердиңиз?

Тамырымда жылжып согуп тургандай,
Таштан муздак илеп келет, бул кандай?
Кайчы өткөрүп каткырыктуу тамаша,
Карегимден карасам да нур жанбай...

Көздөрүңүз эркелетип турганын,
Көрсөм дагы көңүлүм гүл кылбадым.
Мени эңсеген сизди сезет жүрөгүм,
Мейли таңда, мейли кечте, түн жарым.


Ойго батып, билбейм чыны, жалганын,
Эмнегедир эч жумшара албадым.
Татынакай күндөр күлүп турса да,
Таштай болгон катуулуктан
жанбадым.

Билем, мага бир аз капа жүрдүңүз,
Бирок эми, күнөөлөйбүз кимди биз?
Так өзүңүз таарынткандай сүйүүнү,
Ташты неге белек берип ийдиңиз?!

Жетиген

Жетигенди карап алып сени эстейм,
Жетер-жетпес ой учугун келептейм.
Аялуу бир кез келүүлөр буйруган,
Ар, ар кимдин өз тагдыры керек бейм.

Жаралбайт дейт бир тал чөптү
себепсиз,
Биз кокустан жолугушкан эмеспиз.
Сени менен менин жолум эбактан,
Сезим тарткан эч нерсеге теңешкис.

Мен өмүрдө баскан изим карасам,
Таттуусунан ачуусу көп санасам.
Эч ким сендей эркелеткен эместир,
Жан жыргатат жалбарыңкы
тамашаң.

Жети өлчөп, бир кеспеген кененсиң,
Жетигенди алып берем дегенсиң.
Алып бере албасыңа калса эгер,
Айып жагы арзууң менен төлөнсүн.

Жетиналбай көккө сүрөр көөнүмдү,
Жетигенди көрсө экен дейм төрүмдү.
Асманымдан ыр жылдыздар жаадырып,
Сен жетинин бири экениң төгүнбү?!

Бир тиктешиң бир өмүрдүк жөлөк дейм,
Сен бар кезде жарк этмейин жөн өтпөйм.
Алыс жүрсөм амандыгын түгөлдөп,
Жетигенди карап алып сени эстейм.

Бактыгүл Чотурова

Апакем

Азап болуп аппак таңдын атмагы,
Алтын апам уктай албай
жаткандыр.
Көбөйүп барган сайын бырыштары,
Мени ойлоп сарсанаага баткандыр.

Дүйнөдө ыйык зат бар эне деген,
Жан барбы мээримине эрибеген.
Түйшүктү үйсө дагы опол тоодой,
Моюн сунуп бардыгын жеңе билген.

Мен сизге алкыш мактоо таппай
келем,
Кайгырба, ооруба деп тегеренем.
Ойлогон ой-максатым орундалып,
Өстүргөн түйшүгүңдү актар бекем.

Өмүр

Билбеймин кайда калды менин бактым,
Бир кезде жетеленген кыялдарым.
Түшүнүксүз дүйнөдө калкып барам,
Окшошуп баткан күнүм, аткан таңым.

Бар эле ой-максатым уч кыйырсыз,
Жашоодо жолум жокпу эч чыйырсыз.
Жан дүйнөм караңгынын кучагында,
Өтөбү өмүр текке шам чыраксыз.

Оо өмүр!.. Мынча өктөм
жаралгансың,
Мен менен түбөлүккө калалбайсың.
Шум ажал сенден күчтүү, сенден өткүр,
Колунан жулуп мени алалбайсың.

А балким бул убактылуу кыйынчылык,
Таалайыма кылбайынчы кыянаттык.
Ким билет мага канча өмүр берген,
Келер дейм бактым өзү кайра кайтып.

Досума

Жолугушчуу күндөрдү биз эңседик,
Айлуу-айсыз күндөр өтүп
кездештик.
Ошондо да убакыт тар аттиң ай!
Калды сөздөр азын гана эстештик.

Сырга бекем өзүң гана сырдашсың,
Жандай көргөн сен өзүмө
курдашсың.
Эч ким билбес сырларымды
уктуң го,
Кокус бир күн достугубуз сынбасын.

Достуктун бийиктиги
катылган "Сөз",
Доско дос, душманга кас бул
эки "Көз".
Ичиңде бугуп жаткан сырларыңды,
Сактасын ошол гана өзүңө "Өз".

Миргүл Кадыракунова

Аттиң ай...

Көлдөгү чайкалган толкун сымал,
Аттиң ай турмуштун татаалдыгы.
Эртеңкиси кеч кирген күүгүм сымал,
Аттиң ай жашоонун катаалдыгы.

Жаш болуп ойлонбой жаңылышкан,
Ал жашоонун татаалына кагылышкан.
Жараат албай, карманып канчалары,
Кеч болсо да бактыларын таап
алышкан.

Келээр балким кубанаар күнүм дагы,
Кезигээр күтүп жүргөн сүйүүм дагы.
Артка таштап кыйналган күндөрүмдү,
Ачылаар он гүлүмдүн бири дагы.

Сүйөм деп сүйгөнүнө жеткени бар,
Жашай албай ажырашып кеткени бар.
Жаш болуп жаңылышкан далай адам,
Чанда болгон жаштыкты женгендери.

Ак барак жардам берер дарың барбы,
Жалгыз сенсиң арызданаар арманымды.
Сен түшүн, сен күбө бол бардыгына,
Жооп берчи, сүйлөчү үнүң барбы.

Тынчы кетип кыйналып жүрөгүмдүн,
Кандай кордук кордогону түнөгүмдүн.
Ага мен жеткизе албай дале келем,
Ан үчүн ак экенин жүрөгүмдүн.

Ардагым

Атакем ардагым алтын тагым,
Тамырымда жүрүп жаткан, жылуу каным.
Балпайып үй-бүлөбүздүн көркү болуп,
Арабызда жадырап жүргүн дайым.

Алтыным сүйүктүүм Апакемсиң,
Мен сизге дүйнө жүзүн теңебесмин.
Ыйыгым берекем мактоо чексиз,
Табылгыс баа жеткис сен экенсиң.

Атам апам сиздер аман болуңуздар,
Бир бириңе тирек болуп чоңойттуңар.
Бактылуу болуп, аман болсо экен деп,
Биз үчүн канча мээнет короттуңар.

Түн уйкусун кечип бизди баккан апам,
Жүрүңүз оорубай эсен аман.
Алдыңарда жакшылыктар көп-көп болуп,
Өмүрүңөр узун болсун суудай аккан.

***
Жүрөгүмө төлгөн кайгы сурабагын,
Унута албай ансыз деле убарамын.
Байкасам мен көп кайгырып жүрөт окшойм,
Айтчы курбум кайсыл күнү кубанамын.

***
Көз жарып төрөсөм ал уул болду,
Меники эмес кудайымдын уулу болду.
Баш ийип биз Алланын жазмышына,
Бекейим учуп кетти ал чымчык болду.

***
Эстесем кетемин мен өңдөн азып,
Кайсыл жерден кетирдим кандай жазык.
Жаш болсомда билинбеген менен,
Койуптурмун жолдорду узак басып.

***
Жакшы жашоо баары тең артта калып,
Жардам берчи жүгүмдү сен жонуман алып.
Жакшылыктан үмүтүмдү үзбөй келем.

Нургүл жумагулова

Айылыма болгон сүйүүм

Ойноп жүрсөм айылымдын тоолорунда,
Олтурсам шар аккан суунун боюнда.
Элестетем айылымдын сулуулугун,
Ырдап жатсам шаркыратма жанында.

Колума калем, кагаз кармасам,
Түркүн түрлүү ойлор келет башыма.
Айылымдын сулуулугун жаза албасам,
Туруп калам суу боюнда таарына.

Тоолорунун атыр жыттуу арчалары,
Сергитет адамзаттын жан дүйнөсүн.
Шаркырап агып жаткан булактары,
Кубандырат жаныбарлар үй-бүлөсүн.

Ааламда кайсыл жерде жашасам да,
Эстен кетпейт айылымдын карааны.
Колума калем кагаз кармалып,
Жазылат кайра, айылымдын баяны...

Азамат АЙИП











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan