Коомдук-саясый гезит
№18, 06.06.08-ж.





  Сыйлаш БАЙТОКОВ

Өрттөнгөн өрүк комуз
(Башталышы 7-бетте)
Дагы чыр башталды дедим. Мындай отуруштун аягы, бирин-бири кубалашуу менен бүтчү эле деп сезип жатам.
Жаш жүрөгүм мындай уруштан далай мыжылган. Апамды аяр элем. Карышкырдан корккон коёндой бүжүрөп, Азатты кучактаган боюнча бурчка туруп калдым.
- Тамак жасап жатпайымбы, ойноп жатамбы? Апам сабырдуу, токтоо жооп берди.
- Ай, сени тигилер киши экен, ырдап комуз чертип берсин деп чакырып жатышат!!!
Каалгасы ачылып калган төркү үйдөн мастардын бири-бирине сөз бербей, кыжы-кужусу угулуп жатты…
- Ырдабайм. Жаш бала менен, суук бул болсо, же отун жарып бербейсиң. Апамдын нурлуу жүзү өчүп, көзүнө жаш алып, эски алжапкычы менен аачынып, оттун оозуна отуруп калды.
- Ооп, энеңди… Эми мен отун жарайынбы. Баарын таап келип жатсам да ырысыңды көтөрө албай, бышактайсың ээ. Белен оокатты бышыра албай өлдүңбү?! "Ырдайт, комузчу" - деп койсо баадыланат.
Атамдын кыялы чукул, бат эле чарт-чурт дей түшөөр эле. Төркү үйгө кирип барып, комузду көтөрүп келди. Урушту сезип калыштыбы артынан мас достору кошо чыгышты.
- Энеңди урайын, баадыланат, сени экинчи комуз черткис кылайын… Ортодон бирөөсү: "Ой-ой, Каке, Каке, комузда эмне күнөө" дегиче болбой, тизесине салып, комузду эки бөлүп, кылдарын салбыраткан боюнча отко ыргытты. Кайран гана өрүк комуз, отко чартылдап күйүп, заматта жок болду.
Ошондогу отто күйүп, бүрүшүп бара жаткан комуз, азыр дагы көз алдыма тартылат. Ичим эмдигиче ачышат. Комузга ичим күйүп, апам менен кошо эки күн ыйлаганым эсимде.
Апам андан кийин такыр ырдабай калды. Мурун комуздун коштоосу менен өзү чертип, өзү ырдаганда карагаттай көздөрү жайнап, мукам үнү далайдын сезимин козгоп, жүрөгүн жаралачу го сыягы.
Апам атамды сүйүүчү эмес го. Ала качып алыптыр. "Ошол кезде оозго алынган ырчы, комузду кубулжута черткен, чачы согончогуна жеткен, мойну узун кыз болчу, атаң Жамыйланын бактысын байлады", - дешчү көргөн-билгендер.
Ошол каргашалуу күндөн кийин бат эле, жыл айланбай атамдын иштеген мекемесинен көп суммадагы акча жетпей калып, атам көп жылга кесилип кетип, түрмөдөн өлүп калды. Апам бизди, алты баланы багам деп күл-ала болуп жүрүп кийин айыккыс ооруга чалдыкты. Кийин ооруп жатканда мен үйлөнүп-жайланып, иштеп калгамын. Ооруканага өзүнүкүнө окшобосо дагы, дүкөндөн тандап туруп бир жараган комуз сатып барып бердим. Апам комузду кечке кармалап, күүгө келтирип, мага ыраазычылыгын билдирип, кечке комузду карап отурду. Бирок эч нерсе деп айта алган жок.
Ошондогу отко күйүп кеткен комуз менен кошо жаштыгы, таланты, жашоосу, ички дүйнөсү кошо күйүп кеткенин эстеп, артта калган кайгылуу, азаптуу тагдырын ойлоп жашыды.
Мен да апамдын жанында күйүп кеткен комузду эстеп жашыдым. Үн дешпестен оорукананын чакан палатасында көпкө отурдук. Акырында, "Балам, үйгө алып барып, баягы комуздун ордуна илип койчу. Айыгып чыгып барсам чертээрмин", - деди.
- Апа, сиз сөзсүз чертесиз. Биз эми чоңойдук, Сизди кайра ырдатып, комузуңузду күүгө келтиребиз! Көрөсүз!
- Аа, балам, эми кайдан, көкүрөктөгү доошум ошондогу сен көргөн "күйгөн комуз" менен кошо кеткен. Эми силер аман болгула. Силердин жүрөгүңөр жараланып, силердин добушуңар өчпөсүн. Атаң экөөбүздү кечиргиле, - деп көзүнүн жашын көрсөтпөй ары карап кетти.
Комузду мурунку кооз өрүк комуздун ордуна илдим, бирок мурунку күйгөн комузга эч окшошподу.
Апам үйгө келген жок. Катуу оорудан ооруканада каза болду.

Сыйлаш Байтоков




  Ырчы, тамада Замир САБИТАХУНОВ:

Төлгөчүгө ишенбейм...
- Ар бир адамдын кичине кезинде кыялданган ой-максаты болот. Сенин ошол ой-максатын аткарылдыбы?
- Албетте мен кичине кезимден эле ырчы болсом деп кыялданчумун. Ошол кыялым аткарылды десем болот. Мурда телевизордон гана көрүп жүргөн адамдар менен азыр жакындан таанышканымдын өзү сыймык. Менин устатым Илияз Агыбай уулу, ошондой эле тамадалык өнөр боюнча Т.Сманбековдон сабак алгам.
- Келинчегиң да искусство адамы экен "Артистти аялым дебе" дегенге кандай көз караштасың.?
- Кыргыздардын ар бир айткан сөзүндө кандайдыр бир деңгээлде чындык бар. Бирок гастролдо да, тамада болгон учурда да келинчегим экөөбүз чогуу бир кемеде жүрөбүз.
- Үйлөнөөрдө түндүк-түштүк дегенге каршы чыккандар болсо керек?
- Ооба. Эллада экөөбүз төрт жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Биринчи эки жак тең каршы болгону менен биздин сүйүүбүз жеңди. Буюрса бактылуубуз десем жаңылышпайм. Сүйүүбүздүн данеги болгон Медина менен Кундузга тарбия берип атабыз. Келинчегим намаз окуйт, мен да өз учуру келгенде парзымды аткарам деп ойлойм.
- Өнөр адамынын бири талантын сыйласа, бири өзүн сыйлайт. Айрымдар гүл берет ага кошуп ыр, кат берет буга көз карашың?
- Менин талантымды сыйлаган адамдар менен сыймыктанам. Кээде келинчегимдин дарегине, айрым учурда менин дарегиме каттар келет. Алардын баарын, гезиттерге берген интервьюларымды үй-бүлөлүк архивге сактап койгом.
- Кымбатчылыкта кайын журт менен катташыш кыйын болсо керек?
- Жок,эгер өзүңдүн каалооң болсо эч качан кымбатчылык кедергисин тийгизбейт. Тескерисинче түштүк жергесине барганда менин санаам жок, себеби кайын журтум колдойт деген ишеним бар.
- Азыркы куудулдардан кимди баалайсын?
- Куйкум сөздүү куудулдардын баарын сыйлайм. Алардын ичинен К.Абыловдун талантын өзгөчө баалайм. Ошондой эле маркум М.Бердибеков тирүү болгондо нечендеген таланттарды тарбияламак деп ойлойм.
- Репертуарыңда канча ыр бар?
- Келинчегим экөөбүздүн репертуарыбызда 20дай ыр бар. Жаңы ырларды да жаздыралы деген оюбуз бар. Жакында эле тушоо кесүү концертимди Атбашы районунун айылдарын кыдырып берип келдим. Аталган концертте мен өзүмдү элге таанытып жана элдин батасын алып келдим.
- Келечекте бирөөгө продюссер болоюн деген оюң барбы?
- Ар бир инсан жакшылыкка гана үмүт -тилек кылат. Биз да келечекте "Таңчолпон" деген топ ачсакпы деп ойлоп атабыз. Келечекте аткарчу иштер арбын.
- Демөөрчүлөрүң кимдер?
- Ушул кезге чейин чыгармачылыгыма колдоо көрсөтүп,демөөрчү болуп келе жаткан таякелериме ырахмат. Ар дайым Жыпар тайэжем менин чыгармачылыгымды колдойт, түшүнөт.
- Төлгөчүгө ишенесиңби?
- Жок ишенбейм.Ушул кезге чейин бир да төлгөчүгө барган эмесмин.

Кундуз Исмаилова




















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan