Коомдук-саясый гезит
№18, 06.06.08-ж.





  Адамдын жакшы-жаманын
билгиң келсе, анын максатын бил

Кант шаарындагы № 25 кесиптик-техникалык лицейдин
директору Кадыркулова Бегайым Андашбековна:
"Бирдиктүү иш жүргүзсөк өнүп-өсөбүз"
Кайра куруу мезгилинин ичинде өлкөдөгү тармактар, алардын өнүп-өсүшүнө салым кошчу адистер жогору жактагыларды ойлонткон жок. Анын үстүнө кол каптай алмашылгандыктанбы, айтор өкмөт башчылары да тереңирээк ойлонушуп, жетиштүү чара көрүүгө үлгүрүшпөдү. Убакыт өтүп, азык-түлүк кымбаттап, эл турмушу оорлогондон улам талаа иштери, техникага көңүл бурула баштаган мезгил.Оор мезгилди баштарынан өткөрүшсө да кээ бир кесиптик-техникалык окуу жайлар сакталып калды. Алардын бири Кант шаарындагы № 25 кесиптик-техникалык лицей. Сыртынан жүдөө көрүнгөнү менен астанасын аттап кирген кишинин көңүлү толот. Жокко шылтоолобой лицейдин окуучулары колдорунан келишинче залдарды жасалгалашкан экен.

- Окуу жай жөнүндө азыркы көйгөйлөр боюнча кеп кылсаңыз?
- Бул техникалык-кесиптик лицей 1974-жылы курулуп, цемент заводдун карамагында болуп, завод окуу жайды бардык жактан колдоп турчу. Аларга керектүү адистер ушул жерден даярданылаар эле. Союз ыдырап завод жеке менчикке өткөндөн кийин кароосуз калды. Мага чейин иштеген директорлор окуу жайды сактап калууга жакшы эле эмгектерин жумшашкан экен.
Азыр окуу жайдагы станоктор 1960-жылкы, эч жаңыртылбады. Жамаатта жалаң пенсия курагындагылар иштейт. Жаштарды тартуу өзүнчө көйгөй, айлык аз деп келишпейт дагы. Быйыл кыш катуу болгонуна байланыштуу жарык өчүрүлүп, көп азап чектик. Окуу жайга реабилитация борборлордон мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар келишет, жатаканада жатышат, алардын тамак ичишин, жумушун ойлоп көрсөм электр жарыгы менен байланыштуу. Карызсыңар деп светти кыркып кетишет,кээде жарыксыз да калабыз.

- Стипендия алышабы?
- Ооба, 78 сомдон 107 сомго чейин каралган. Кээ бир аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары ушул стипендия үчүн келип окушат. Райондун алыс айылдарынан келип кетип окугандар бар, жолго да акча кетет. Бул боюнча жеңилдик каралса, мыкты адистер чыкпай койбойт. Окуйм деп колунан келип, талантка бай балдар жок эмес.. Ошолорду мамлекет колдосо. Бирдиктүү бири-бирибизге түшүнүп иштесек өсөбүз, өнүгөбүз. Жанакы электр энергиясы боюнча өкмөттөн энергияга каралган акча бөлүнгөнү менен 120 миң сом кошумча табылбай атат, кайдан табууну издегенибиз менен эч жол жоктой.

- Окуу жайга алуу тартиби кандай?
- Жылда биздин мугалимдер атайын мектептерге бөлүнүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, балдарды окууга тартышат. Окуу болсо план боюнча жүрөт. Ар кандай иш-аракеттер өткөрүлөт. Майрамдарда салтанаттуу кечелерди өткөрүү үчүн "Алый парус" маданият үйүнө барчубуз. Быйыл өзүбүздүн ашканабызды балдардын күчү менен кече өткөрүүчү жай кылып кооздоп, ылайыкташтыруудабыз.
Апрель айында "Ачык эшик күнү" деген темада кече өткөрдүк. Жеке ишкерлер, облрайадминистрациядан өкүлдөр келишти. Ага таланттуу балдардын колунан жасалган ар кандай техникалык буюм-теримдер коюлду. Кызыктуу болду, кече коноктору балдар-кыздары кошулуп жасалган кулинардык тамак-аштар менен тамактанышты. Бизде да татыктуу балдар окуп, мыкты адистер даярдалып жатканына күбө болушту.
Кайыргүл КалЧаева




  Азил-чыны аралаш

Кимибиздин көк чычканыбыз бар?
2008-жыл Чычкан жылы. Бул кичинекей жаныбардын көп ишти бүтүрөрүн, анын мээнеткечтигин, амалдуулугун, сарамжалдыгын калемгерлер кызыгуу менен бир сыйра жазып чыгышты.

Карасаңыз, барынан бийик төөнүн чокусуна чыгып алып, келе жаткан жаңы күндү биринчи көрүп жыл намесинин биринчилигин ээлеген.
Сарамжалдуулугун айтпаңыз. Казак радиосунун балдар үчүн берүүсүндөгү жомокто эң күчтүү аталган аюу үзүкчүлүк убакта чычкандан оокат сураптыр.
"Алитет тоо таянды" деген китепте тундрада жашагандар жаз келгенде чычкандын ийининдеги жыйылган оокатына кол салгандыгы жазылган.
Чычкандын жакындары да бар. Алар: сокур чычкан, момолой чычкан, келемиш жана кош аяк деп аталат. Булардын бардыгынын өңдөрү боз. Окумуштуулар ак чычканды да чыгарышты. Эми биз сөз кыла турган көк чычкан барбы? Же көк чычканы бар адам барбы деген суроо туулат. Сурамжыласам көк чычкан тууралуу айта алышпады. Ал эми көк чычканы бар адам болорун айтышты. Анда ал ким?
Биздин байыркы ата-бабаларыбыз абдан эле акылдуу болушкан экен. Адамдын көңүлүн кирдетпеш үчүн айтар сөзүн жан-жаныбарлардын салыштырма мүнөзү менен эле айтышып, сөздүн төркүнүн билдирип коюшчу экен. Мисалы: семиргенди бир гана кой көтөрөт; жаманды мактаса каманга кабылат; жакшы деген Жылтырдын кызы желенин башына барып олтуруптур; чычкан аке суу бер де… деп айтышкан. Мындай салыштырмалуу мүнөздөгү сүйлөмдөрдү табууда чиркин-ай, чоңко эли эч кимди алдына өткөзө элек! Чоңколор бул жаатта далай эле муундан муунга өтө турган классикалык мисалдарды бербедиби. Анын бири - райондун чоңу арык киши экен. Кош өгүз чегип, кош айдап жаткан койчунун жанына келгенде ал: "Тиги тоонун да, бу тоонун да чөбүн жейсиң, кандай семирбеген немесиң" - деп өгүздөрдү дембе-дем камчыга алганы менен анын арык киши экенин билдирген.
Бул мисалды билбеген киши аз эле болуш керек. Мындан ары деле айтыла берет.
Турмушта көп эле адамдардын ойлогон ою аткарыла бербейт. Кылган ишинен майнап чыкпайт. Соодасы жүрбөйт. Аңчылыкка чыкса кур кол кайтат. Малы жутка кабылат. Жарманкеден керектүү буюмун таппайт. Дагы, дагы ушундай жетишпегендикке дуушар болот. Адамдын жолу болбогондо бир сөз менен түшүндүрүш үчүн салыштырма мүнөздөгү ушул - кимибиздин көк чычканыбыз бар деген сөз колдонулса, айтылса керек деген жыйынтыкка келдим. Балким башка вариантын билгендер бардыр, анда айтышсын.
Жолум болбогон иштер менде да болгон. Өрнөктүү, үлгүлүү адамдардын жылдыздуу сааттары жана сүрөттөгүдөй бир көз ирмемдеги көрүнүштөрү тууралуу жазып келемин. Адабий-көркөм тилди колдонуп, окурмандарды кошулта албай жазгандарым да арбын. Ошондо менин да көк чычканым бар экенин сезем.
Бир аттуу-баштуу, атына заты жарашкан өрнөктүү адамдын иши тууралуу райондук, облустук, республикалык гезиттерге жаздым, баары бир жарык көрбөдү. Ошондо каарманыма: "Капаланба, сенин көк чычканың бар - өзүңдөн көр" дедим.
Чынында карап көрсөк көбүбүздө көк чычканыбыз бар окшойт. Мен саясаттан алыс адаммын. Улгайып, карылыктын ышкысын тарткан кез бир нерселерди жазган болом.
Кудайдан тилегеним: "Сепкен эгинибиз мол түшүм берсин, малыбыз көбөйсүн, элибиз алга жылып тынчтык, ынтымак орносун, анан жанагы "көк чычкандар" көбөйбөсүн демекчимин.

Кененсары Сапарбаев,
ардагер




  Ар бир кесип ардактуу

"Кыргызпочтасы" республикабыздын элге эң керектүү ишканаларынын бири десем жаңылышпаймын. Анткенимдин башкы себеби биздин Ноокен районубуздун эле 8 айыл өкмөттөрү менен бир Кочкората шаарында 12 улуттун элдери: орустар, украин, белорус, казак, өзбек, кытай, уйгур, татар сыяктуу элдердин өкүлдөрү жашап, иштеп жатышат. Алардын бири Ырааккы чыгыштан болсо, бири батыштан, бири Сибирь жактан болсо, бири ушул эле Борбордук Азия элдеринен келишкен. Алардын тууган-тааныштарынан, досторунан АКШдан, Түркиядан, Германиядан жана башка мамлекеттерден да кат-кабарлар, посылка, акча ж.б. ушул почта аркылуу жиберилип, ээлерине таркатылып турат.

Ырас, почта кызматкерлеринин айлык акылары аз, иш түйшүгү болсо чачыңдан көп, аны элибиз жакшы билет.
Мундузбаева Сабириниса Абаровна Базаркоргон районунун Колот айылында төрөлгөн, келин болуп Масыга келген. 1976-жылдан баштап ушул бүгүнкү күнгө чейин "Кыргызпочтанын" Ноокен райондук филиалында 31 жылдан бери кабагым-кашым дебей белсемдүү, жемиштүү иштеп келе жатат. Ал почточу болуп Масы айылынын көчөлөрүн аралап, элге кат-кабарларды, келген акча, посылкалардын кагаздарын (извещение), гезит-журналдарды ээлерине өз убагында таркатып жүрүүчү. Райондун 8 айылдык, бир шаардык почта түйүндөрүнөн келген кат-кабарларды, документтерди, даректери боюнча бөлүп, таңып, печаттап, тийиштүү жактарына өз убагында жиберет. Ошол эле бир мезгилдин өзүндө Жалалабаттан, Бишкектен, райондун почта бөлүмдөрүнөн келген гезит-журналдарды почта бөлүмдөрүнө жиберет. Анан райондук, борбордук Масы почта бөлүмүнө тийиштүү гезит-журналдарды, кат-кабарларын ж.б. Масы айылынын участкаларынын көчөлөрүн, мекемелерин тейлөөчү кызматкерлерге бөлүштүрүп берет.
Кыскасы сортировщица Сабириниса Мундузбаеванын колу-колуна тийбейт, таркатылуучу почта кагаздарын жай-жайына коюу, бөлүмдөргө, почтачыларга бөлүштүрүүнүн өзү кандай жооптуу, тыкандыкты талап кылуучу иш экендигин көз алдыга элестетип көрөлүчү. Ал эми районубуз боюнча 120 миңдин айланасында калк жашайт.
Дагы бир белгилеп кетүүчү нерсе бул. Элибиз эчен жылдардан бери карай аптасына 5 күн иштеп, эки күн дем алуу системасына өтүшкөн. Ал эми почтада ушул сортировкалоочунун иши дайыма 6 күн иштеп, бир күн дем алат. Анткени республикалык гезиттер, облустук гезиттер ишемби күнү да келет. Аны кабыл алып, жер-жерлердеги почта бөлүмдөрүнө өз убагында жеткирүү үчүн алдын ала бөлүштүрүп, даярдап коюу зарыл жумуш да.
Ошентип "Кыргызпочтасынын" жумушчулары республикабызда иштин илгерилөөсү үчүн күжүрмөн эмгеги кандайдыр бир керектүү түрткүсүн берүүдө, өз салымын кошууда.
Ноокен районунун жумушчу жана дыйкандары райондук почта кызматкерлеринин ишине абдан ыраазы.

Сатымкул Садыков,
журналист




Арак жана анын зыяндары
Алкоголдук ичимдиктер адамдын ден соолугуна, бүтүндөй организмине олуттуу зыян келтирерин баарыбыз эле билебиз.Тилекке каршы, анын организм үчүн терс таасирдүү экени, өмүрдү узартууга болгон зыяндуулугуна карабастан айрым эрки бош адамдар ага дос болуп акыры андан ажырай албай бармакты кырча тиштеп калгандар аз эмес. Аты жаман алкоголдук ичимдиктерди байма-бай ичкен адам кайрылгыс кайгыга гана кабылбастан, айыкпас ооруга дуушар болот. Ичкилик ичип мас болуу-бул дени соо адам өзүнө- өзү душман болуу дегендик менен барабар. Аны менен достошкон адамдын мээсинин нормалдуу иштеши начарлайт, өзүнүн кандай абалда экенин баамдашы төмөндөйт, айланасындагы болуп жаткан көрүнүштөрдү начар кабылдайт.

Алкоголдук ичимдиктер дан эгиндеринен, мөмө-жемиштерден даярдалат деп көкүрөк кагып сүйлөйбүз. Бирок анда адамды мас кылган башкача айтканда ага зыян келтирген негизги зат демейде биз этил спирти деп жүргөн химиялык зат болуп саналат. Ал адамдын денесинде, боорунда окситтешет, башкача айтканда күйөт. Мастар адатта одоно, орунсуз, орой, тажатма сүйлөшөт. Мас кишиде ойлонбогон, акылын пайдаланбаган, дүйнөдөн бейкапар адамга мүнөздүү касиет болгон уялуу сезими азайып, болгону дем алуу, басуу жана тамак сиңирүү өңдүү автоматтык мүнөздөгү кыймыл- аракеттерге ээ болгон гана макулукка айланат. Мына тилеги жакшы деп тамшанып ичкен ичкиликтин кесепети. Ичкиликти үй-бүлөсүнө, балдарына, жакын досторуна, ата-энесине алмаштырган айрым жарандарыбыз, мейли материалдык, мейли руханий жактан болсун коомдун башына бүткөн балээ жана проблема жараткан адамдарга айланат. Албетте ичкилик ичкендер ичкич болобуз деп ичишпейт, бирок ичкен адам кандай болоорун чөйрөсүндөгү айрым ичкен адамдардан улам билсе керек. Көпчүлүк кырсык- кылмыштар да алкоголдук ичимдиктерди ичкенден кийин, мастык менен жасалганын да көрүп жүрөбүз. Ичкичтер өзү үчүн эле эмес тукуму үчүн да чоң зыян алып келет. Айталы ичкилик ичкен аялдан кем акыл баланын төрөлүшү толук мүмкүн. Бирок тилекке каршы аты жаман аракты мактап ага көрүнгөн белек-бечкектерди кошуп, азгыргандарга жол болсун дээр элем. Бирөө кечүүгө кечүү тапппай жүрсө, дагы бирөө ичүүгө суу таппагандай, кымбатчылык жондон басып турган базар экономикасынын шартында да атынан айтпай "мүрөктун суусу" "алиги" деген аракка акча арбын табылып, аш тойлор ансыз өтпөй калды. Бирок анын кесепетинен нечендеген кырсыктар болуп, адам алтын өмүрүнөн ажыраган учурлар да кездешет. Мен ичкиликтин айрым гана терс көрүнүштөрүн айттым. Өзүңүз бүтүм чыгарып аларсыз урматтуу окурман.

Кундуз Исмаилова
















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan