К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин Агроинженерия институтунун директору, профессор, айыл чарба илимдеринин доктору
Карабаев Нурдин Абылаевич:
"Агрардык тармакты тез өнүктүрүү - мезгилдин талабы"
- Бизде жүргүзүлгөн агрардык реформа жөнүндө эмне айта аласыз?
- XX кылымдын токсонунчу жылдарында жүргүзүлгөн агрардык реформадан кийинки айыл чарбасы азык-түлүк маселесин чечип бере албастыгын турмуш тастыктады. Бул реформа убагында элге жер берилди, дыйкан кожоюн болуп, өзүнчө иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алды. Бирок ар бир дыйканга бөлө келгенде аз эле айдоо жерлер тийди жана техника жетишсиз же жок абалда болду. Мурда ири агрофирмалар үчүн ылайыкташтырылып түзүлгөн чоң айдоо талаалары, өтө майдаланып дыйкандардын үлүшүнө бөлүндү. Бул кичине аянттардан турган дыйкандардын майда талааларында жолдор, арыктар, чектер көбөйүп, мурдагы чоң талаанын пайдалуу аянтын 25-30 % кыскартты.
Мамлекет мойнундагы агрардык чоң түйшүктү дыйкандарга жүктөдү, же башкача айтканда айыл чарбасын мамлекеттик колдоо агрардык реформанын жүрүшүндө алынып ташталды. Жерди жөн эле бөлүштүрүп коюу, аны жеке менчикке берүү, айыл чарба жумуштарын механизациялап жүргүзүүнүн калыптанган системасын кыйратып жок кылды. Дыйкан эркиндик менен кошо оор жумушту, түйшүктү, кедейчиликти кошо алды. Жардылык, техниканын жетишсиздиги агротехникалык иш чараларды өз мезгилинде, толук кандуу жана талапка ылайык жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербеди. Жердин асылдуулугун сактоочу жана түшүмдүүлүктү көтөрүүчү негизги агрономиялык ыкма - которуштуруп айдоо системасы талкаланды, жер семирткичтерди талаада пайдалануу кескин төмөндөдү, дыйкан чарбаларынын жерлери өтө арыктап кетти жана жогорку класстагы үрөндөрдү себүү өксүккө учурады. Дыйканчылык кол күчү менен жүргүзүлгөндүктөн эмгек өндүрүмдүүлүгү төмөндөп кеткен. Эң негизгиси, сугат системалары начар эксплутацияланды жана айрым жерлерде керектен чыкты, сугат суунун өтө тартыштыгы бардык жерде байкалды. Ушулардын негизинде өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгү мурдагыга салыштырганда төмөндөдү, Ошондуктан айыл чарбасына мамлекет тараптан олуттуу көңүл бурууга, колдоп, жардам берүүгө убакыт жетти.

(Уландысы 3-бетте)











Меймансап




Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan