Коомдук-саясый гезит
№17, 30.05.08-ж.





  ЭКОНОМИКА ЖАНА ИШКЕРДИК УНИВЕРСИТЕТИ

2008-2009 - окуу жылына 1-курска кабыл алууну жарыялайт
Жогорку жана атайын орто кесиптик билим берүү укугун тастыктаган Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин №438 лицензиясы, ЖОЖ сериясындагы №000089 сертификат, ООЖ сериясындагы №000042 сертификатынын негизинде.

Дистанттык окутуу жана кадрларды кайра даярдоо факультети
жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча сырттан окуу
Төмөнкү адистиктер боюнча жогорку билимдүү адистерди сырттан окутуп,
даярдайт (окуу мөөнөтү - 5,5 жыл):

- Ишкана экономикасы жана башкаруу;
- Бухгалтердик эсеп, талдоо жана көзөмөл;
- Финансы жана кредит;
- Экономикадагы маалыматтык системалар
(окуу мөөнөтү - 5 жыл);
- Бажы иши;
- Менчикти баалоо жана башкаруу;

- Уюм менеджменти
- Эл аралык мамилелер;
- Социалдык - маданий тейлөө жана туризм;
- Экономикадагы математикалык усулдар;

- Колдонмо математика жана информатика;
- Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу.

Окууга тапшыруу үчүн керектүү документтер:
- ректордун наамына арыз;
- негизги орто жана жалпы орто, орто кесиптик билими тууралуу документ;
- паспорт;
- 086-у талабындагы медициналык аныктама;
- 3х4 см өлчөмүндөгү фото сүрөт;
- аскердик катталуу жөнүндө күбөлүк же аскердик билет.
- жеңилдик алуу үчүн документтер (тоголок жетимдерди, I,II топтогу майыптарды окуу акысынан бошотуу үчүн).

Документтерди кабыл алуу:
- күндүзгү окууга - июль - август;
- сырттан окууга - май - август.

Кирүү сынактары:

Жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча:

Математика, кыргыз / орус тили жана адабияты, экономика негиздери боюнча бланкалык тестирлөө.
"Эл аралык мамилелер" адистигине тапшыргандар үчүн экономика негиздеринин ордуна чет тили (англис, немис, француз тилдери - өз ыктыярында) боюнча бланкалык тестирлөө.
"Тарых", "Түрк филологиясы" адистигине тапшыргандар үчүн тил (кыргыз / орус / өзбек тилдери - өз ыктыярында) жана адабият, тарых, география боюнча бланкалык тестирлөө.

ЭИУнун бүтүрүүчүлөрүнө жогорку билими тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик үлгүдөгү диплому берилет. Кыргыз - Түрк факультетинин бүтүрүүчүлөрүнө кошумча Түркия Республикасынын үлгүсүндөгү диплом берилет. Колледждин бүтүрүүчүлөрүнө орто кесиптик билими тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик үлгүдөгү диплому берилет. Окуу жайдын профессор - окутуучулар курамы жогорку квалификациядагы, тийиштүү илимий наам - даражалары бар, жогорку окуу жайларда жана экономиканын ар кыл тармактарында жетиштүү тажрыйбага ээ адистерден турат. ЭИУнун материалдык - техникалык базасы жетиштүү. Китепкана фондунда заман талаптарына ылайык окуу китептери жана колдонмолор. Компьютердик кабинеттер жаңы компьютерлер жана ага удаалаш, шайкеш жабдыктар менен камсыздалган. Алыс жактан келгендер үчүн жатаканада орундар кеңири. Студенттер кызматында студенттик ашкана, медпункт, тиш дарылоочу кабинет, маданий - эстетикалык борбор, спорт клубу. Окуу жайдын студенттери аскердик кафедрада билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бүтүрүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн офицери деген наам берилет. ЭИУда окутуу акы төлөө негизинде жүргүзүлөт. Күндүзгү бөлүмдө окуган студенттерге окуу акысын төлөөдө төмөнкүдөй жеңилдиктер берилет: окуунун алдыңкыларына - 25%, тоголок жетимдерге - 100%, I жана II топтогу майыптарга 100%.

Орто кесиптик билим берүү программалары боюнча:

Математика, кыргыз / орус тили жана адабияты боюнча бланкалык тестирлөө.

"Тигилүүчү буюмдарды моделдөө жана конструкциялоо" адистигине тапшыргандар үчүн чийүү, кыргыз / орус тили жана адабияты боюнча бланкалык тестирлөө.

"Мейманканаларда тейлөө" адистигине тапшыргандар үчүн география, кыргыз / орус тили жана адабияты боюнча бланкалык тестирлөө.

"Коомдук тамактанууда тейлөөнү уюштуруу" адистигине тапшыргандар үчүн химия, кыргыз / орус тили жана адабияты боюнча бланкалык тестирлөө.

" Облустук жана республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү кирүү сынактарынан бошотулат.

Окуу жайдын дареги: 715613, Жалалабат ш., "Спутник" кичи району, Жеңижок көчөсү - 30,
Экономика жана ишкердик университети. Телефондор: (03722) 51570, 51811, 51687, 51215, Тел. / факс: (03722) 50705.
Web - сайт: www.uepk.org.kg, www.tdcif.org. E - mail: university_coop@hotmail.com













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan