Коомдук-саясый гезит
№16, 22.05.08-ж.

Меймансап
Форум




  Аттанаар алдындагы маек

Тулпарлар эл үчүн чуркап турсун
Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын башчысынын орун басары Замир Бекбоев:
- Президентибиз Курманбек Салиевич Бакиевдин демилгеси менен айыл өкмөттөргө камкордуктар көрүлүп атат. Материалдык-техникалык базасы, айлык акылары жогорулоодо. Негизинен бардык айыл өкмөттөрү кызматтык унаа менен камсыз болуп калышты. Эми айыл өкмөттөрү элдин ишенимин актап, өз жоопкерчилигин аткарат деген ишенимдебиз. Ар дайым ишенимди актап эл үчүн кызмат кыла бергиле демекчимин.

Баткен облусундагы Актатыр айыл өкмөтүнүн башчысы Бүшарипа Кадыралиева:
- Бардык кесиптештеримди ак тулпарлары менен куттуктайм. Президентке, Өкмөт мүчөлөрүнө ырахмат айтуу менен бирге, иштерине ийгилик каалайм. Бул бизге эмес элге берилди, эл үчүн кызмат кылган акжолтой унаа болсун.

Карабуура районундагы Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысы Абазбек Атагелдиев:
- Чындыгында баарыбыз кубанып турабыз. Албетте бардык кесиптештериме ийгилик каалайм. Эң башкысы эл үчүн эмгек кылсын. Менимче эми ушул көрүлгөн камкордуктарга жараша талап да болот.

Сузак районундагы Карадарыя айыл өкмөтүнүн башчысы Абдывахаб Хамидов:
- Президентке, Өкмөт мүчөлөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиктин жетекчилигине ийгилик каалайм. Айыл өкмөттөргө жакшы көңүл буруп атышат. Эл үчүн эмгек кылганга дайым даярбыз жана андан качпашыбыз керек.

Акталаа районундагы Көкжар айыл өкмөтүнүн башчысы Жолдошбек Калмуратов:
- Элдин өкмөт мүчөлөрүнүн ишенимин актайбыз. Президентибиз айыл жергесине көңүл буруп, айыл өкмөттөрдүн ишинин алга жылышына жардам берип атканы бизди кубандырат. Мурда материалдык-техникалык базабыз чыңалып, маянабыз жогорулаган болсо, эми минтип кызматтык унаага ээ болуп отурабыз. Кесиптештериме ийгилик, эл үчүн ак кызматын аткара беришсин.

Каракулжа районундагы Ылайталаа айыл өкмөтүнүн башчысы Каныбек Баатыров:
- Өкмөт мүчөлөрү айылга көңүл буруп атканы жалпыга маалым. Ошол камкордукту эске алып ишке жоокерчилик менен мамиле кылганга бардык кесиптештеримди чакырам. Иштерине ийгилик, айылдын маданиятын, экономикасын көтөргөнгө өз салымыңарды кошо бергиле демекчимин.

Ноокат районундагы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Тойчубай Абдулхакимов:
- Ушул бизге берилип аткан ак тулпарлар, элет элинин кызыкчылыгы үчүн дайым чуркап турсун. Биздин айыл өкмөт көптөгөн ийгиликтерге, жетишкендиктерге жетишип атат. Буюрса эл жер үчүн ар дайым кызмат кылуууга даярмын.

Акталаа районундагы Жергетал айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Шермамбетов:
- Ар бир айыл өкмөт башчылары жана анын мүчөлөрү акназар иштеп, өз вазыйпасын аткарчу кез келди. Тулпарлар ар кимдин өз кызыкчылыгы үчүн эмес, элдин кызматына дайым чуркап турсун. Президентибиз Курманбек Салиевич Бакиевке, Өкмөт мүчөлөрүнө ырахмат айтуу менен кесиптештериме ийгилик каалайм.

Кундуз Исмаилова, Азамат Айип




  Ата журт аймактарында

Келишимдик - укуктук база кеңеет

Премьер-министр Игорь Чудинов Польшага жасаган жумуш сапарынын алкагында Польшанын Сейминин төрагасы Бронислав Комаровски менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Кызматташууларды өнүктүрүү жана эки өлкөнүн потенциалын толук пайдалануу үчүн келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү зарылдыгын Игорь Чудинов жолугушууда белгилеген.Кыргыз өкмөттүк делегациясынын сапары учурунда кыргыз -поляк өкмөт аралык комиссиянын алгачкы жыйыны да өткөрүлмөкчү. 2007-жылы Кыргызстан менен Польшанын соодасынын көлөмү 18.6 миллион доллар болуп, анын 16.9 миллиону импортту түзгөн.

Коомдук парламенттин кезектеги отуруму
"Акыйкат үчүн" кыймылдын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкуловдун билдирүүсүнө караганда, алгач Мирослав Ниязов "Кыргызстандын жаңы улуттук концепциясы" тууралуу доклад жасайт. Анда өлкөнүн саясий, социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча ойлор айтылат.
Андан сырткары Түп окуясы, азык-түлүк коопсуздугу, маалымат эркиндиги жана түштүк региондогу кырдаал боюнча атайын докладдар болот. Коомдук парламент бүгүн эле ишин жыйынтыктайт. Айрым маалыматтарга караганда, Коомдук парламентин айрым мүчөлөрү анын катарынан четтетилет.

Мамлекеттер аралык суучарба объектерин реконструкциялоого Кыргызстан 26 миллиондон ашык сом алат
Быйылкы жылы Казакстан Кыргызстанда мамлекеттер аралык суучарба объектерин 26 млн сомго кошумча каржылайт. Бул жөнүндө Кыргызстандын өнөржай, энергетика жана суу ресурстар министрлигине караштуу суучарба департаментинен кабарлашты.
"Казакстан суу берүүлөргө төлөбөйт, бирок Чүй жана Талас сууларындагы Ортокой, Киров суу сактагычсы, Чүйдөгү Чыгыш чоң каналы, Чүйдөгү Батыш чоң каналы жана Айланма Чүй каналы сыяктуу мамлекеттер аралык суучарба объектерин кошумча каржылоого үлүштүк негизде катышат"- деп билдирди суучарба департаментинин деректири Бараталы Кошматов.
Анын сөзү боюнча Кыргызстан менен Өзбек Республикасынын ортосунда сууну пайдалангандыгы үчүн акы төлөө туурасында жогоркудай келишимге азырынча кол коюлган эмес.

Суу тартыштыгы 4-5 жылга созулушу мүмкүн
Казакстандын "Бизнес s Власть" басылмасынын эксперттердин божомолуна таянып билдирүүсүнө ылайык Борбор Азия аймагындагы суу тартыштыгы 4-5 жылга созулушу мүмкүн.
Бул жагдай Казакстандын түштүк облустары менен Өзбекстандын Фергана өрөөнүндөгү дыйканчылыкка терс таасирин тийгизип, кошуна мамлекеттер ортосундагы мамилени саясий өңүткө бурат. Ал эми 2008-жыл суу саясатындагы чечүүчү мезгил болот. Кыргызстан Токтогул суу сактагычындагы сууну электр энергиясын өндүрүү үчүн пайдаланып, кышында көп, жайында аз агызышы Казакстан менен Өзбекстанга экономикалык жактан да зыян келтирүүдө. Мисалы, өткөн кышта Шардара дарыясынын боюнда жайгашкан Кызылордо облусунун үч районундагы үйлөр, мектептер жана башка калк жашаган туракжайлар жабыркап, жалпы чыгым 12 миллиард тенгени түзгөн.Ошондуктан казак бийлиги кышында Кыргызстан агызган сууну топтоо үчүн Көксарай суу сактагычын курууну пландаштырууда. Бирок Кыргызстан Камбарата-2 ГЭСин кура башташы жана 2009-жылдан баштап Афганистан жана Пакистанга жылына бир миллиард киловат саат электр энергиясын экспортто тууралуу меморандумга кол коюшу кошуналарды кооптондурууда.

Бишкекте экинчи "Демократиянын жайкы мектеби" ачылат
Июндун аягында Бишкеке Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстан жаштары чогулат. Борбор Азиянын жаштары аймактардагы саясий, социалдык жана экономикалык жагдайды талкуулашат. Мындан тышкары демократиянын мектебинде сөз эркиндигинин, адамдын укугун жана ар бир өлкөнүн маданий өзгөчөлүктөрүнүн маселелерин карашат. Комитетте билдиришкендей жайкы мектепте ар бир өлкөдөн 5тен адам, ошондой эле эларалык эксперттер болушат.
Биринчи "Демократиянын жайкы мектеби" өткөн жылы Ысык-Көлдө өткөн Анда "Борбор Азиялык жаштар клубу" түзүлүп, жаштардын эларалык мамилелерин өнүктүрүүгө көмөктөшкөн.

Түштүк Кореядан делегация Бишкекке
Бул тууралуу 21-майда каржы министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, Түштүк Кореянын стратегия жана каржы министри Нак-Ное Ким баштаган делегация Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда "Кош салыкка жол бербөө жана киреше, капитал салыгын төлөөдөн качуунун алдын алуу" боюнча келишимге жетишүү максатында келди.
Сүйлөшүүнүн башында тараптар өз өлкөлөрүндөгү салык системасы тууралуу маалымат берип, анда кийин келишимдин долбоорун талкуулоого өтүштү.

Кыш заводу пайдаланууга берилди
Кытайдын "Шимжан" университтетинде билим алып жаткан Ноокаттык Тынчтык Карымшаковдун демилгеси менен Ноокат районунда кыш заводу курулуп иштей баштады.
Тагыраак айтканда, аталган завод күнүнө 15 миң кыш чыгарат. Жергиликтүү калктан 150 киши жумуш менен камсыз болгон. Кыш чыгарылуучу заводдогу техникалар негизинен Кытайдан алып келинип, ишкерлердин орточо айлык акысы 5 миң сомдон жогору берилүүдө.

"АӨ" МБ














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan