Коомдук-саясый гезит
№14, 25.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Адамдын жашоо тиричилиги анын кимдигин аныктоочу - КҮЗГҮ

  Иштегендин иши асыл

Асыл дыйкан Макамбай
Жалалабат облусунун Ноокен районундагы Масы айылында Саттаров Макамбай деген асыл дыйкан киши жашайт. Ал 1928-жылы туулган. Үстүбүздөгү жылы ал 80 жашка чыкты.
Анын жаштыгы Улуу Ата Мекендик согушка туш келип, атасы Саттарбай Боронбаев мекенди коргоого аттанды. 13 жаштагы Макамбай апасы менен калды. Эркектер согушка кетип орукта аялдар менен жаш балдар гана калды. Ошондо эми 13 жашка толгон Макамбай да ушул Масы айылындагы "Большевик" колхозуна мүчө болуп кирди. Ат баш жетеледи.

Ушинтип жаш Макамбай 18 жашка толгондон кийинчерээк 1951-1954-жылдарда Советтик Армияга чакырылып, кызмат өтөп келди. Аскерден келип колхоздо жан-дили менен астейдил иштеп калды.
Анан Макамбай үй-турмушун, бала-чакасын жакшы багуу, тарбиялоодо колхоздо азаматтарча күнү-түнү дебей, убакыты менен эсептешпей иштеди, мыкты пахтакер, сугатчы болуп иштеди. Ал сугарган пахта аянттарынан ар дайым 30-35 центнерге жеткире түшүм алынды. Себеби пахтачылыкта негизги кесип бул сугатчылык. Анан пахта терими башталаары менен Макамбай ошол иштеген бригадасынын кырманчысы болуп иштеди. Кырманчынын иши баарыныкынан да оор, түйшүгү көп эмеспи. Ал иштеген бригадада 80 гектар пахта аянты болсо, ал ошол аянттардан терилип, кырманга тапшырылган пахталардын бардыгын колунан өткөрөт. Эртеден кечке чейин улам кырманга тапшырылган пахталарды жайып, күн нурунда шамалдатып кургатат.
Макамбай дайыма колунан бешилигин түшүрбөй кырмандагы пахталарды ары-бери аралаштырып, шамалдатып кургатат. Ошондуктан, анын жиберген пахталары сапаттуу деп кабыл алынат, кайтарылбайт.
Саттаров Макамбай пахтачылыкта жакшы иштегендиги үчүн СССР Жогорку Советтин Президиумунун Жарлыгы менен "Эмгек Кызыл Туу" ордени менен, В.И. Лениндин туулган күнүнө 100 жыл толгонуна байланыштуу "Күжүрмөн эмгеги үчүн" медалы, "9-беш жылдыктын ударниги", 2 жолу КПСС БКнин, СССР министрлер Советинин ВЦСПСтин жана ВЛКСМ БКнын "Социалисттик мелдештин жеңүүчүсү" деген төш белгилери, бир нече жолу колхоз, район тарабынан баалуу сыйлыктар, "Москвич" маркалуу автоунаасы, Ардак грамоталары, "Эмгек ветераны" медалы менен сыйланган.
Макамбай адал эмгеги менен жакшы турмушта жашады. Ал азыр да коомдук иштерден кол үзгөн жок, сугат тармактарын тазалоого ж.б. жумуштарга катышып жүрөт, чогулуштарга катышат, сөз сүйлөйт, жаштарга үлгү.

Сатымкул Садыков,
журналист,
Ноокен району




  Белештеги белсенүү

Базаркоргон районундагы Бешикжон айыл өкмөтүндө Көкөнова Сырга эже маданият үйүн жетектейт экен. Айыл өкмөтүнүн имаратына уланып, жаңы курулушка ээ болгон маданият үйүнө ушул айылдагы "Корвет" деп аталган ЖЧК амфитеатрдык 150 орундуктарды жасап, евро тибиндеги жасалгалар менен камсыздап бериптир. Буга кеткен жалпы чыгым айыл өкмөтүнүн салымын кошкондо 400 миң сом каражатты түзүптүр. Сырга эже улуттук оюм-чийимдерге да жөндөмдүү болгондуктан маданият үйүнүн көшөгөсүн өз колу менен жасалгалап, мизансценаны да шартка ылайык ырастаптыр.

Мурда бул жерде "Мурас" деген ансамбль иштеп келген. Ошондо жаш кездеринде искусство дүйнөсүнө аралашып жүрүшкөн өнөрпоздордун бардыгы эле азыр 50 жаштан өтүп калышыптыр. Маданият тармагына буга чейин 27 жыл өмүрүн берип келген Сырга эже эми ошол мурдагы өнөрпоздор ага кайрадан кайрылышып, дагы жаңылап эстрадалык топ куралы, топтун атын "Белестеги белсенүү" деп коёлу деп жатышканын баяндап берди.
Ар дайым жаштарга көңүл бурулат, ал эми 50 жаштан өтүп, акыл-эс бышкан учурда эч ким деле көңүл бурбай калат тура. Эми ушинтип жаңы топ уюштуралы деп келип жаткан улуу муундардын демилгеси ишке ашып жатыптыр.
- Эч кимден деле эч нерсе сурабайм. Өз демилгебиз менен топту жаңылайбыз. Музыкалык жаңы аспаптарды айыл өкмөтү камсыз кылып берген, - дейт маданият үйүнүн башчысы. Айыл өкмөт башчысы да ырга, бийге шыктуу экен. Ар дайым маданият үйүнүн абалын сурап, алардын пикирин угуп турарын айтышты. Буюрса, "Белестеги белсенүүнүн" адам табитине, жаштар кумарына үлгү болчу өнөрлөрүн да эл көрүп, тамшанар учуру алыс эмес экен.

Уланбек Парманов




  Агартуу тармагында

Кадамжайдын билим уясы
Кадамжайдагы райондук лицейдин ачылганына 15 жылдын жүзү болду. Мында бардык айыл өкмөттөрүнүн аймагынан, атүгүл Ош менен Баткенден бери сынактарда тандалып алынган, эң мыкты окушкан 267 улан-кыз билим алышууда. Окуунун алдыңкылары 6-классты аяктап жатып, жыл сайын апрель айында иргелип, лицейге киришет. Мында математика, химия, биология жана англис тили сабактары тереңдетилип окутулат. Бардык сабактар боюнча жакшынакай кеңселер бар. Окуулар түшкө чейин аяктап, андан соң балдар ийримдерге, спорттук оюндарга тартылышат. Жаштарга билим үрөнүн сээп жатышкан педагогдор - 28 мугалим. Аларды Кадамжайдагы тарбиячылардын, усулчалардын каймагы десек болот. Маселен, химия мугалими, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалим Сабыр Козубаев, орус тилчи Абдиламит Мажитов, чет тилчилер Максуда Асанова, Уулкан Сапарова, аскердик даярдыктан Манас Нийматов, адеп сабагынан Пазилет Айдарова баштаган асыл ойлуу агай-эжейлер кыргыз жаштарына терең билим, татыктуу тарбия берүүдө замандын оорчулугуна карабастан өрнөк көрсөтүшүүдө. Лицейде эмгектенип жатышкан 28 мугалимдин бирөө республикага Эмгек сиңирген мугалим, алтоо билим берүүнүн мыктысы, он төртү жогорку категориядагы педагогдор. Алтоо эркектер. Жаштардын өкүлдөрү да арбын.
Азыркы учурдагы көп түйшүктүү мугалимдин маянасына назар таштап көрөлү. Бир ставкага 1960 сом, 15 сабакка 1636 сом төлөнөт. Класс жетекчиликке 400 сом, орус тилчилерге 3 пайыз, дептер текшергенге 15 сом кошулат. Мамлекет башчысынын демилгеси менен 15 жылдан көп иштегендерге 30 пайыз, 10-15 жыл эмгектенгендерге 20 пайыз же 501 сом, 5-10 жылдык стажы барларга 334 сом маянасына кошулду. Ушунун баарын чогултканда деле эң алды 4000 сомдон айлык акы алып жатат. Бул албетте өтө аз, киши намыстанарлык көрсөткүч.
Эки кабаттуу мурдагы балдар бакчасынын имараты оңдолуп, кыштан кыйналбай чыгышты. Фондунда 5380, анын 3120сы окуу китептери бар китепкананын эшиги ачык. Алыстан келгендер 50 орундуу, ыңгайлуулуктары бар жатаканада жатып, тамактанышат, сабактарга даярданышат.
Балдардын билим деңгээлин иликтесек, абал төмөнкүдөй. Былтыр лицейди 49 улан-кыз ийгиликтүү аяктады. Анын ичинен он бири өзгөчөлөнгөн аттестатка же мурдакыча айтканда медалдарга татыктуу болушту. Балдардын бардыгы жогорку окуу жайларына, мунун 12си бюджеттик бөлүмдөргө кабыл алынышты. Америка Кошмо штаттарынын Акселс программасынын сынактарынан ийгиликтүү өткөн Асылкан Калыкова бүгүн Огайо штатында олимпиадаларга катышышып, байгелүү орундарды ээлешти. Кеңселер жакшынакай компьютерлер менен жабдылган. Мыкты окуган 60 окуучуга ай сайын 100 сомдон стипендия берилип турат.
Лицейдин жамааты үчүнчү-чечүүчү чейректи ийгиликтүү аяктап, эми акыркы бүтүрүү экзамендерине даярданып жатат. Тестирлөөгө камылга дурус. Ата-энелер комитетинин жакында болгон жыйынында атайын чыгарылган жетилүү аттестатына 48 сомдон, винеткага 180 сомдон чогултулуп, акыркы коңгуроонун салтанаты талкууланды. Жаштардын тартиби, билим деңгээли боюнча маселе кабыргасынан коюлуп, эгемендүү өлкөбүздүн келечек ээлерин даярдап чыгарууга астейдил көмөктөшүү колдоого алынды. Болочокто хандар, акындар, партиялык жетекчилер чыккан Кадамжайдан дагы көптөгөн белгилүү инсандар, адистер чыгаарына ынанып калдым. Буга райондук мамлекеттик администрация, элге билим берүү бөлүмү, жергиликтүү айыл өкмөтү чын дилинен жардамдашып келет. Ал эми балдарынын келечегин ойлошкон, арканды алыска ыргытышкан ата-энелер 3 лазердик компьютер, 4 класска бардык жабдыктарды алып беришти. Жаңы миң жылдыктын, жаңы замандын жаштары аталардын эстафетасын татыктуу түрдө улантышар деген үмүттөбүз.

Адылжан Жажанов,
Баткен облусу

  Картошка - экинчи нан

Бүткүл дүйнөлүк Улуттар Уюмунун Генералдык ассамблеясы 2008-жылды картошка жылы деп жарыялады. Бул чечимди кабыл алууда дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда картошканын орду бар экендигине дүйнө элинин көңүлүн бурду эле. Ал эми картошка кыргыз элинин негизги тамак аш азык-түлүгүнүн бири болуп калган. Бул багытта Аксы районундагы Кербен шаарынын тургуну, биофермер Мурабдилла Мамашовду сөзгө тарттык.

- Мурабдилла Мамашович, сиз дыйкан катары мына ушул жаңылыкты кандай кабылдадыңыз?
- Мен көп жылдардан бери Аксыдагы "Үлгү" коомдук бирикмеси менен иштешип келем. Менин дыйканчылык ишиме көп жаңылыктарды мына ушул коомдук бирикме киргизди десем жаңылышкандык болбойт. Мен БУУнун бул жаңылыгын сүйүнүп кабыл алдым. Бизде деле картошканы жакшы карап, жакшы өстүрсө мол түшүм берет. Өткөн жылы 20 сотых жерге картошка өстүрүп, 5 тоннадан ашык түшүм алдым. Менин өзү жериме олтурукташкан "Санта" деген үрөнүм бар, үрөндү өзүнүн технологиясы менен алып жыйнаса мол түшүмдүн ачкычы мына ошол үрөндө.
Мен алгач жерди иштетүүгө өзгөчө маани берем, Айдаганда да топурактын майын чыгарып, майдалап айдаймын. Анан ал жерге өзүм даярдаган биоазык берем. Анан картошканы себемин. Жердин табына келиши, нымдуулугу да өзүнчө мааниге ээ болот.
- Сиз жыл сайын компос даярдап бул жагынан бай тажрыйба топтоп калдыңыз, ушул жер семирткичтин түшүмгө кандай таасири бар?
- Алгач которушутуруп айдоону колго алыш керек. Мисалы мен өткөн жылы картошка кылган жерге быйыл беде септим. Анан эми компос менен азыктандырам. Анан бул жерге буудай себемин. Көп адамдар союздун учурунда селитра бере берип, жерди наркоман кылып салганбыз. Азыр деле ошол инерциядан кайта албай химиялык азык заттарды издеп келишет. Мен андан кол үзгөнүмө көп болуп калды. Мен жерге жалаң компос жасап биогумус менен азыктандырамын. Бул биринчиден экологиялык жактан таза, экинчиден сактоого абдан ыңгайлуу, чирибейт, курттабайт. Үчүнчүдөн, ден соолукка жагымдуу. Быйылкы жылда эле 30 тоннадан ашык компос даярдап койгонмун. Өткөн жылы картошкага отуз тонна компос бергенмин.
- Мурабдилла Мамашович алдыдагы максаттарыңызга токтолсоңуз?
- Мен эми базарды да үйрөнүшүм керек болуп жатат. Кайсыл азык түлүк базарда жакшы өтөт. Өткөн жылы патиссон менен бадыраң абдан өтүмдүү болду. Ушул жагында ойлоншутуруп жатам. Баса быйыл бир аз жерге клубника да өстүрүп көрсөмбү деген пландарым бар. Анан негизи жеримдин жарымына жүгөрү, жарымына картошка кыламын. Эң жогорку сапаттагы "Санта" деген үрөнүм бар. Жер семирткичти даярдап койгонмун. Кышта да бизде тыным болбойт. Жерди баксаң, жер сени багат. Ошондуктан бул жагдайда көп иштер жүзөгө ашып жатат.
- Сизди дыйкан катары ойго салган эмне.?
- Биз өстүрөбүз, бирок элдин жалпы биоазык-түлүктү өстүрүүгө өтпөй жаткандыгы, ошого маани бере албай жаткандыгы, экинчиден, сапаттуу түшүм кымбат болот, аны ажырата албай жаткандыгы жана биз өстүргөн түшүмдү кайра иштетүүчү цехтердин, заводдордун жоктугу ойго салат. Биз өстүрүп эле чийки бойдон текейден арзан сатып жатабыз. Биздин чыгымды актабай калат. Ошондуктан мен азырынча базарды үйрөнүп, ошого жараша иш кылсамбы деген ойго келип турам. Ал эми кайра иштетүүчү цехтерди курууга менин мүмкүнчүлүгүм жок.
- Кооперативдик чарбаларга биригүү керек деген идея жаралып жатат. Фермер катары кандай карайсыз?
- Бул да зарыл, көп адамдар жерди алып алып иштете албай же иштеткенге бербейт. Карабай калып, кетип жатат. Ал эми бизди болсо миникооператив деп да койсо болот. Биз баарын өзүбүз жасап, анын акчасынын даамын татып калдык. Жерди багып жатабыз, жер бизди багып жатат. Мүмкүн биз алар менен да кызматташмакпыз. Азырынча мындай чарбалар жок, ал көп машакаттар менен болчу нерсе.
- Дыйкандарды эмнеге чакырасыз?
- Мен картошка жылында БУУнун чечимин колдоого алууга чакырар элем. Анткени картошка Кыргызстанда экинчи нан.
- Кызыктуу маегиңизге чон ырахмат.

Абдымомун Калбаев,
Аксы району













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan