Коомдук-саясый гезит
№13, 17.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Адамды адам кылчу
бирден бир курал - ЭМГЕК

  Базар мамилелеринин шартында

Эгемендүү өлкөбүздө жаңы мамилелердин келиши менен мамлекеттик кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо системасы мындан тогуз жыл мурда жерге жайгаштыруу агентчилигинин, техникалык инвентарлаштыруу бюросунун жана картография институтунун биригүүсү менен түзүлгөн. Ал эми Баткен дубанынын Кадамжай районунда жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы 2001-жылдын 4-сентябрында расмий түрдө мурдагы музыкалык мектептин имаратында ачылып, мүлктөрдүн жайгашкан ордун, чек араларын тактоо жана документтерин каттоо иштерин жүргүзүп жатат. Өз ишинин мыкты адиси Дүйшө Сыдыков жетектеген бул башкармалыкта 25 кызматкер туруктуу эмгектенип, кыймылсыз мүлккө укукту каттоо жана жерге жайгаштыруу бөлүмдөрүнүн иштерин илгерилетишүүдө.

Мүлкүбүздүн эсеби алынат
Кадамжай районунда 615 миң гектар жер бар. Анын 24117 гектары айдоо. 3108 гектар бак, 2752 гектар чөп чабынды, 8244 гектар короо алдындагы аянт, 38 гектар жамаатык пайдалануу дагы жана 182 миң гектардан ашуун жайыт катталган. Айыл чарбасына жараксыз жер - 2632 га.
Эгерде өткөн жылда аткарылган жумуштарды иликтей турган болсок жерге жайгаштыруу бөлүмү 1,2 млн сомдук, каттоо бөлүмү 905 миң сом көлөмүндөгү иштерди бүткөрүп кескин секирик жасашып, чектелген тапшырманы ашыгы менен орундатышкан. Бул маанилүү мекеменин төлөмдөр боюнча карызы былтыры да, быйыл биринчи кварталда да болгон жок.
Кадамжай районунун айыл өкмөттөрүнө караштуу 8477 гектар жердин 4065 гектары ижарага берилип, 3 млн сомго жакын акы өндүрүлгөн. Район боюнча фондунун 4075 гектар аянты бөлүнбөй калган. Бул көрсөткүч Орозбеков, Бирлик, Майдан, Марказ жана Үч-Коргон айыл өкмөттөрүндө 380ден 810 гектарга чейинкини түзөт. Анын ичинен суунун жетишсиздигинен 255 гектар, каражаттын таңкыстыгынан 271 гектар, суу чыгып кеткендиктен 70 гектар жана алыс, аз камсыз болгондуктан 2424 гектар кайрак жерлер эгилбей кысыр калган. Ал эми жалпы жайыт 182 миң гектардан ашса, анын 7400 гектары гана ижарага бөлүнүп, 60 миң сомго чамалаш каражат өндүрүлгөн.
Чөлкөмдө катталган калктын саны 160 миңден ашып кетти. Жаңы бүлө күтүшкөн жаштарга турак-жай салууга жер участкаларын ажыратуу кызуу улантылууда. Райондун борборунда, Үч-Коргондо жер участкаларынын наркы Ош менен Бишкектикине жакындап калды. Ар кайсы өкмөттөрдүн аймактарынан цемент, темир, гипс, акиташ, мунай жана жаратылыш газын, кирпич жана шагыл өндүрүүгө документтер беленделди. Өзбекстандын бажы жана чек ара тосмолорунан тышкары өтүү үчүн узундугу 50 чакырым келген Пүлгөн-Бүргөндү автоунаа жолунун документтери акысыз даярдалды. Бир топ чөлкөмдөрдө мыйзамсыз турак-жай жана тейлөө түйүндөрүн салып алышкан замандаштарыбыздын объектилери мыйзамдаштырылды.
Бүткүл Дүйнөлүк банк каржылаган "Жерди жана кыймылсыз мүлктү каттоо" долбоорунун алкагында райондогу бардык турак-жайлар, квартиралар, жер аянттары, коомдук жана мамлекеттик имараттар, соода-сатык жана өндүрүштүк багыттагы мүлк бирдиктери системалык каттоодон өткөрүлүп жатат. Кадамжай аймагы боюнча 16 каттоо секторундагы 91 квартал боюнча 48 миңден ашык кыймылсыз мүлк сакталып, компьютердик базага киргизилди. Ал эми калктуу конуштардан тышкары жайгашкан айыл чарба багытындагы жер участоктору боюнча 61642 кыймылсыз мүлк бирдигине кайталангыс идентификациялык коддор ыйгарылды.
Бүгүнкү күндө райондо 432 дыйкан чарба, 1946 жеке кожолук жана 10 айыл чарба кооперативи бар. Үлүшкө 21690 гектар бөлүнгөн. Мунун 12392 гектары сугат, 5532 гектары кайрак, 1424 гектары бак-дарактар.
Кадамжайда жалпысынан 8477 гектар кайра бөлүштүрүү фондундагы жер бар. Он бир айыл өкмөтүнөн Орозбеков, Ак-Турпак, Халмион, Бирлик жана Марказда бул 900-1200 гектарды түзөт. Сугат жерлерден орточо гектарынан 1460 сомдон, кайрактан 207 сомдон ижара акысын өндүрүү каралса, аларды аткаруу абдан кыйынга туруп жатат. Район боюнча сугаттан 132 миң сом, кайрактан 117 миң сом жана көп жылдык бактан 85 миң сом өндүрүлгөн эмес.
Баары биригип райондо 6,4 млн сомдук жер салыгын өндүрүү тапшырмасы белгиленсе, анын 4 млн сомдон бир аз ашыгыраагы казынага келип түштү. Халмион, Кыргыз-Кыштак, Марказ жана Алга айыл өкмөттөрү артта калуучулукка жол беришти. Орозбеков жана Көтөрмө айыл өкмөттөрү гана 90 пайыздан жогорку көрсөткүчтү камсыз кылышты.
Кандайдыр бир себептер менен өз убагында укук документтерин албай калышкан Ак-Турпак, Бирлик жана Майдан айыл өкмөттөрүнүн дыйкан чарбаларындагы мүлк ээлери эксперттик комиссиядан өткөрүлүп, райондук мамлекеттик администрациянын атайын токтомунун негизинде жер үлүштөрү өз ээлерине катталды. Акыркы мезгилде өз мүлкүн мыйзамдын негизинде каттатууга кызыккандардын саны улам арбый баштаганы байкалат. Мындай өтө жооптуу милдетти аркалоодо тажрыйбалуу адистер Салайдин Осмонов, Алымжан Жаркынов, Токтомат Термечиков, Өмүркан Аманова жана Тавакал Тургуновдор өрнөк көрсөтүштү. Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун бир катар райондору менен чектешкен, али мамлекеттик чек арабыз толук бойдон такталып бүтө элек бул чөлкөмдөгү тармактын иши өтө кылдаттыкты жана дипломатияны талап кылууда.
Бүткүл Дүйнөлүк банк болгон 9 млн доллардык кредиттин эсебинен Кыргызстанда акыркы 7 жылда 2,7 млн мүлктүн 70 пайыздан ашыгы системалык каттоодон өткөрүлдү. Жер-жерлерде 50 кеңсе ачылып, техника-жабдуулар менен камсыздалды.
Жакында Пүлгөн айылында болгон системалык каттоонун жыйынтыгы боюнча жыйынга райондогу бардык айыл өкмөттөрүнүн башчылары, адистер, агенттиктин жетекчилиги, райондун акими катышып, өнөктүк ийгиликтүү аяктаганы баса белгиленди. Республикалык агентчиликтин стас-катчысы Дүйшөк Шамкановдун баамында Кадамжайда жалпысынан 110 миңден ашуун кыймылсыз мүлктүн 97 пайызы алдын ала каттоодон өткөрүлдү бул өлкөбүздөгү эң алдыңкы көрсөткүчтөрдүн бири. Ошондуктан өнөктүккө жигердүү катышкан адистерге Ардак Грамоталар жана баалуу белектер салтанаттуу түрдө ыйгарылды.
Жеке менчиктеги там аркалар текшере келгенде 1090 гектар ашыкча жер табылган. Демек айыл өкмөттөрүнө салыктын кошумча булактары кошулду. Өзү дүйнөлүк практикада, долбоордун жетекчиси Жунусбек Калыбердиев белгилегендей, инвентаризациялоо ар он жылда жаңыланып турат. Эми долбоордун экинчи этабы июль айынан башталмай болду. Дүйнөлүк банк бул максатта үч жылга 6 млн доллар жеңилдетилген кредитти бөлүп отурат. Кыргыз өкмөтү да өз үлүшүн кошот. Мында мурда жетишпей калган алыскы жайыттар жана шаарлардын жанындагы жаңы конуштар каттоого алынат. Кыскасы мамлекет биздин башкы менчигибизди коргоого жардамга келүүдө. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калалы.

Адылжан Жажанов,
Баткен дубаны

Сүрөттөрдө: Мамкаттоонун Кадамжайдагы бөлүмүнүн офиси, башкармалыктын жетекчиси Дүйшө Сыдыков, кардарлар менен иштөө учуру, мекеменин эмгек жамааты.




  Нан болсо ыр да болот

Дасторконубуз нанга толобу?
"Өлбөгөн жанга жаз келет" дегендей антип-минтип ары-бери карагыча "түү" деген түкүрүк жерге түшпөй калчылдаткан кыш ызгаары дагы кетип, жергебизге жаз айы кирип келди.
Күн санап нандын баасы кымбаттап, күзүндө түшүм бышканча кандай күн көрөөр экенбиз? - деп сарсанаага баткан элибиз деги быйыл эгин-тегин арбын айдалып, бул убайымдан кутулаар бекенбиз деген үмүттө турган учур. Мындан улам жергиликтүү бийлик өнөктүккө карата кандай даярдыктарды жүргүзүп жаткандыгынан кабар алуу максатында Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын агроөнөржайды өнүктүрүү жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Карыбеков менен маектешип мындай маалымат алдык.
Үстүбүздөгү жылы облус боюнча 48260 гектар жерди айдоо пландаштырылды (бул өткөн жылга караганда 4100 гектарга көп) мындан 34159 гектарга дан эгиндери, калганына картошка, жашылча, май алуучу өсүмдүктөр жана чөп айдалат.
Бүгүнкү күндө 8569 тонна дан эгиндеринин үрөөнү керек болсо мындан 4576 тонна буудайдын, 1636 тонна арпанын үрөнү топтолду.
Республикадан үрөн жаңыртууга элита, супер элита, интенсивный сортторундагы 194 тонна буудайдын, 10 тонна арпанын үрөндөрү алынып келинип, үрөн чарбаларына бөлүнүп берилди. Мамлекеттен 279 тонна жер семирткич бөлүнүп берилди. Бир литри 20 сом 50 тыйындык 600 куб метр дизелдик отун Балыкчы шаарынан тартылып келинип, айыл өкмөттөрүнө бөлүнүп берилет.
Албетте өнөктүктү ийгиликтүү өткөрүүдө айыл чарба техникаларынын ремонтун талаптагыдай жүргүзүү зарыл. Бул өңүттө облус боюнча 426 каз тамандуу, 1754 дөңгөлөктүү тракторду, 1538 тырмоону оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат. Айыл чарба иштери боюнча штабдын мүчөлөрүнөн турган комиссия 25-апрелден тартып жер-жерлерде болуп кабыл алышмакчы.
Жазгы айдап-себүү өнөктүгүнө даярдык көрүүдөгү өксүктөрдүн орчундуусу жалпысынан 1000 тонна буудайдын, 1000 тонна арпанын үрөнү жетпей, министрликке заявкалар берилген.
Арийне укканда көңүл кубанткан мындай маалыматтан улам кудай буюрса чычкан жылында кампабыз данга, дасторконубуз нанга толуп санаабыз жок, курсак ток болоор деген үмүттө калдык.
Бирок "ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" дегендей кээде үмүт-тилектер ордунан чыкпай, айтылгандар кагаз бетинде калган учурлар көп болучу эле. Дегинкиси бийлик башындагылар "жаздын бир күнү жылга тете" экендигин эстен чыгарбай, кымбатчылыктан каржалып турган карапайым элдин тилегин аткарып, күркүрөгөн күздө "ак тоонун карды жарылган" токчулукка кам көрүшсө болгону. Ооба, элдин үмүтү да, күткөнү да ушул.

Бурулсун Дыйканбаева,
Нарын облусу














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan