Коомдук-саясый гезит
№12, 04.04.08-ж.

Меймансап
Форум




  Мамлекеттин чек ара маселеси - ыйыктардын ыйыгы

  Коңшуларды тандабайт, бирок...

"Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт..."
Жарым ай сыркоолоп жаны менен алпурушкан президенттин айланасындагы ушак-айың кептер жөө тумандай жылжып, "жаман көргөндүн бөркү казанбактай" дегендей ушактын чыгышын айрымдар оппозициядан көргөн окуялар деле күндүн бүктөмүндө калып кетти. Сыркоологону аз келгенсип, кеп илээшкенине капа болгон президент келээри менен эле өкмөттүн жыйынын өткөрүп чарба иштерине көз салды. Ара-чолодо мамлекет башчысынын ушак-айыңга илээшип калышында президенттик администрациянын, өкмөттүн да пресс-кызматынын өп-чап жүргүзгөн иш -аракетинин салымы бар экенин чолуп өттү. Мунун деле азыр мааниси жок. Кудайга шүгүр, өйдө-ылдый кептерден чочулаган карапайым калк өлкө башчысын алты-саны аман эле экенине көзү жетип жазгы чарба иштерине киришти.

Баса, жазгы талаа иштери демекчи, ун кымбаттайт, нан кымбаттайт дегенден бери президент айтмакчы "нанды көп жеген" карапайым калктын деле тынчы кетип турган учур. Анткени жармач жашоодон улам элибиздин беш пайызын түзгөн байлардай күндө казы-карта жебегенден кийин нандан күчүн чыгарбаганда кантишет. Муну кереметинде сезген өлкө башчысы да дарылануудан кайтаары менен тынч алып жатат албай жыйын өткөрбөдүбү.
Жаз демекчи, алыскы Баткенде жер-суу чатактары кайрадан жанданып, бул жолу чатакты коңшулаш тажиктер чыгарган өңдөнөт. Жаңжал Кыргызстан тараптан агып барган суунун токтотулушунан чыгып, Аксай айыл өкмөтүнүн аймагында бөлүп өттү. Областтын жетекчилиги муну суу чарба башкармалыгынын күнөөсү дей салды. Туура да, күнөөлүнү тез арада таба коюу жеңилирээк эмеспи. Чек арачылар болсо жергиликтүү калктын мыйзам сабатсыздыгы деп түшүндүргөнгө аракет жасады. Жазгы талаа жумуштары кыргызстандыктардан эрте башталган тажикстандыктар суунун токтотулганына нааразы болуп, Ворух жана Хачаило айылдарынын 200дөй тургундары Аксай айылынын каналды оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан аймакка келишкен деп билдирет "Азаттыктын" Баткен областы боюнча өз кабарчысы Сабыр Абдымомунов. Көрсө, канал тазалана тургандыгы боюнча кабары жок тажик туугандар муштумун түйүп коңшуларына келишкен тура. Мындай карасаң жөн-жай эле чарба маселеси сыяктуудай эле сезилет. Бирок мына ушул сыяктуу эле чарба иштери тажик туугандар менен коңшу жашаган Баткен аймагынын тургундарынын көкөйүнө көк таштай тийген. Ошентип коңшулардын карышкан кабагынан чочулаган тараптар каналды оңдоп-түзөө иштерин токтото туруп коңшуларга суу берилди. Болбосо канал тазалагандар менен тажиктердин ортосунда кызыл-кыргын, кара-сүргүн чыгып кетмек окшойт. Чек ара кызматынын өкүлү Саитжан Эратов кыргыз аймагына ээн-эркин эле кирип өз талаптарын коюу мыйзамсыз деп билдиргени менен тажик туугандардын мындай ээн-эркин "сейилдөөсү" коңшулар үчүн "кесме ичкендей" эле кеп болуп калганы качан. Делимитация, деморкация сыяктуу маселелери өп-чап болгон мамлекетибизде коңшулар чек араны жөөлөп, жылып отуруп биз тарапка деле кирип келе жатат. Бул өңдүү маселелерди президенттин чекесине чыккан чыйкандай болгон мурунку чакырылыштын депутаттары деле козгоп калчу маал-маалы менен. Бирок маселе көтөрүп чыккан менен, жыйынтыгы жок көп маселенин чаңында калып кала берди. Жердей көтөрүмдүү болгон жергиликтүү тургундар тажик туугандар менен жер-суу маселесин жеринде чечип эле, жарылган чеке-башын таңып алып оокатын кылып келе жатат. Коңшулар менен мамиле бузулбай келе жатканына эле ыраазы болгон бийлик (жогоркусу деле, жергиликтүүсү деле) унчукпай келе жатат.
Кууш аймакта күн кечирген Баткен аймагынын тургундарында дегеле маселе көп. Тажик туугандар менен суунун айынан жакшы-жаман көрүнгөн баткендиктер Өзбекстан менен чектеш болгон чек ара тилкелеринде орун алган, жарылуучу ок дарылар бар, кооптуу делген аймактардан да жапа чегип келишет. Өткөн айдын акырында Кадамжай районундагы Миңчынар айылында авиабомба табылган. Чоңгара айылынын тургуну Улукбек Төлөбаев деген адам 2003- жылы мына ушундай кырсыктын курмандыгы болуп, минага жарылып көз жумган экен.Баткен аймагында Таян, Кыштут, Чоңгара айылдарына жакын жердеги мина талаалары 1999-жылы болуп өткөн Баткен окуялары болуп өткөндөн кийин сактык ирээтинде Өзбекстан тарап койгон экен. Эми анын "үзүрүн" кыргызстандыктар көрүп жаткан өңдүү. Же болбосо миналардын жарылуусунан бир адам жаракат алса, мал-жандыктар жарылып эле калат экен. Кадамжайдагы Масалиев айыл өкмөтүнүн аймагында 1975-89-жылдары Афганистанга интернационалист жоокерлердин машыгуу жайы орун алган экен, ошол кезде жарылбай калган авиациялык бомбалар азыр табылат дейт "Азаттыктын" кабарчысы. Анын кесепетинен эки өспүрүм бала каза тапкан эле. Жергиликтүү жашоочулар менен кошо "Кызыл жарым ай" коому да колдон келген аракетти кылып тиешелүү щиттерди коюп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келе жаткандай. Жергиликтүү эл айрым учурда "артык дөөлөт баш жарбайт" деп тирчилигине колдонуу үчүн фугастык-авиациялык бомбаны короосуна кийирип алган учурлар да кездешпей койбойт тура. Мындай куралдын экөө аскер кызматкерлери тарабынан кайтарылып алынып, зыянсыздандырылган дейт жергиликтүү кабарчы.
Айтор саясаты саксаңдап, экономикасы эрбеңдеген кичинекей мамлекетибиздеги Баткен аймагынын эли тарткан азап бир топ эле. Муну жергиликтүү бийлик да, башкасы да дурус эле билет. Эми билген менен арга канча. Кошуналар менен мамиле үзүшпөйлү деп эле далайдан бери эле демибизди ичибизге алып келе жатпайбызбы. Антпесе да болбойт. Антели десек айрым учурда жергиликтүү элдин укугун ким коргойт?
Мындай маселелерди көз жуумп коё берсек акыры эмне болот? Бул суроону деле козгогонго чама-чарк азырынча чагыраак. Бирок жармач жашоонун айынан боо-боо болуп башка мамлекетке иш издеп кетип жаткан мекендештерибиздин бир топ бөлүгүн да ушул аймактын тургундары түзөт. Коңшулар менен чектешкен аймактын кээ бир айылдарында келин-кесек, кемпир чалдар, бала-бакыралар деле калып кетип жатат. Албетте, мигранттардын көпчүлүгү эле баткендиктер деген кептен алыспыз. Бирок "шибегени да капка ката албайт" эмессиңби.
ИИМдин "соттолгон эмес" деген мааниде тиешелүү тараптар талап кылган билдирүүсүн бере турган бөлүмүнө күнүнө эки жүздөн ашуун адамдар катоого турушат экен. Сураштырсаң эле ар бир экинчиси куураган турмуштун айынан чет жерге кетип жаткандар. Минтип отурса алакандай элибиз жакынкы алты жылда тарап кетеби деп да чочуйт экенсиң.
Эми чаргытпай козгогон кепти улантсак, мамлекеттин бүтүндүгүн сактоо үчүн мамлекеттик коопсуздук саясаты деген болуш керек эле негизи. Аны жок деген эч ким жок. Болгону кандай деңгээлде? Кеп ушунда. Мамлекеттин коопсуздук саясаты деген колго алынса эң ириде мына ушул Баткен аймагы көңүлдүн борборунда болуп, ага кошуп коңшу мамлекеттер менен чектеш жашаган аймактар каралыш керек эле. Чек ара аймагында жашаган жергиликтүү калктын ошол жерден көчө качпай, туруктуу жашашы үчүн шарттар түзүлүш керек эле. А түгүл аларга ушундай кооптуу аймакта жашап жаткандыгы үчүн компенсация төлөсө да аздык кылмак. Бекеринен биз эмес калкы жагынан саны көп Россияда казачествону бары-жогу кабыл алып, мамлекеттик деңгээлде көңүл бөлүнүп жаткан жери жок. Албетте буга окшогон маселелер президенттин, өкмөттүн, жергиликтүү бийликтин көңүл борборунда эле болуш керек. "Бир уйдун мүйүзү сынса миң уйдун мүйүзү зыркырайт" эмеспи. Кыргызстандын баткендиктерден башка да жашоочулары деле курсагы тойгонуна кубанбай боордошторуна боор ооруп турат. Анан кантип эле карапайым калк ойлонгонду алар ойлонбой калсын. Болгону мындай тез арада чечүүнү талап кылган маселени оң жолго салуу үчүн адамга эки нерсе жетишпей калат эмеспи. Биринчиси кааалабагандык, же мүмкүнчүлүктүн жоктугу. Албетте биз президентте, же башкасында экинчи жетишпестик болууда деп эле божомол кылабыз. Ага да убакыт келип, чек ара маселеси жөнгө салынып, делимитация, деморкация сыяктуу маселелер биротоло чечилип, чек ара аймагында жашаган тургундардын жашоо турмушунун мындан ары жакшырып, коңшулар жабылып мыйзамсыз кирип келсе, каналын тазалабай суу коё берген күндөрү артта калаар. Болоор-болбос маселе үчүн бутубуздун башын тиктеп, башыбызды жара чапкыча тура бербей теңата сүйлөшкөн күндөр келээр деп үмүт кыла туралы.

Канышай Мамыркулова




  ДеМСУнун демдүү иштери

Жергиликтүү салык жергиликтүү бийликтин ишин жеңилдетет
Өткөн жумада Урбан институтунун алдындагы "Бийликти борбордон алыстатуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу" (ДеМСУ) долбоору тарабынан "Жаңы салык кодекси: жергиликтүү бийликке эмне берет?" деген темадагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен пресс-сессия болуп өттү. Аталган программанын муниципалдык каражат боюнча адиси Эмил Абдыкалыков "Жергиликтүү салык: башка мамлекеттердин иш тажрыйбасы" деген темада кеңири түшүнүк берди. Анын ичинде "финансылык децентрализация" маселесине байланыштуу жергиликтүү салыкка байланыштуу функциялар жана ыйгарым укуктар, жеке кирешелердин булактарын бекемдөө, жергиликтүү салык чогултуу боюнча тиешелүү тараптардын кызыгуусун пайда кылуу деген сыяктуу маселелерге кеңири токтолду. Деги эле жергиликтүү салык боюнча Жогорку Кеңешке сунуштала турган мыйзам долбоордо жергиликтүү салыкты ким жүргүзө тургандыгы, салыктын базасынын аныкталышы жана чени деген сыяктуу жагдайлар да каралып жаткандай. Бул мыйзам кабыл алынса буга чейин мамлекет менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда салыктын өз ара бөлүнүшү деген сыяктуу маселенин да башы ачылмак. Анткени көпчүлүккө маалым болгон айрым тараптардан түшкөн салык республикалык бюджеттин эсебине кетет. Ал эми региондун аймагында курулган мекеме ошол жергиликтүү элдин энчиси болуп жаткан электр, суу, жол деген өңдүүлөрдү пайдаланып жаткандыгы эч кимдин капарына кире бербейт. Буга "Кыргызтелеком", "Кыргызпочтасы" өңдүү мекеме-ишканаларды айтууга болот. Албетте аталган уюмдар салык төлөбөй жатат деген сөз жок. Болгону жергиликтүү салык деген сөздүн орду жок болууда. Жергиликтүү салык чогултуу менен жергиликтүү бийлик органдарынын кызыгуусу пайда болоору да турган иш. Аталган иш чарада жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча улуттук агенттиктин статс-катчысы Б. Фаттахов деги эле акыркы учурда аталган тармактын жаңыланып, же тактап айтканда Жогорку Кеңешке сунушталып жаткан мыйзам долбоорлоруна да кеңири токтолду. Анын ичинде мына ушул жергиликтүү салык боюнча даярдалып жаткан мыйзам долбоорунун маанисин да кеңири айтып берип, иш чаранын катышуучулары тарабынан берилген суроолорго да кеңири жооп берди.

Эльза Зарылбекова













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan