Коомдук-саясый гезит
№11, 27.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Сиз билесизби?

Көз эмнени билдирет?
Көз адамдын ички дүйнөсүнүн күзгүсү дешет.Жылдыздуу, сүйкүмдүү, сулуу көрүнүүнүн бир себеби көзгө байланыштуу болсо керек. А түгүл көзүңдү көрүп сенин ким экендигиңди, калп же чын сүйлөп атканыңды баамдаса болот. Көз жаштыктын символу болуп саналат.Арадан канча жылдар өтсө да, адамдын көзү өзгөрбөйт экен.
Күнүмдүк турмушта биз дайыма ар кандай адамдар менен пикир алышабыз. Демек алар менен болгон мамилеге жараша сый жаралат. Ал үчүн сөзсүз эле психолог болуунун зарылчылыгы деле жок. Бир гана мамиле түзгөн адамдын көзү көп маалымат бергендиктен, кандай түстө экендигине көңүл буруу керек.
Бирок ага чейин бир жагдайды эске алуу зарыл. Көздүн түсү каректин тегерегине карап аныкталат. Ушул абал адамдын психикасы жана мүнөзү менен байланыштуу.

Көк көздөр бийик эмоционалдуулукту, кээде ачууланууну билдирет. Демейде көзү көктөр сулуу деп эсептелгени менен, аларга суктанбай эле койгон оң. Табият кимге ушундай көк түстүү көз берип койсо, алар көбүнчө кызганчаак келип, эмоциага тез берилип кетет. Ошондой эле депрессияга бат кабылат. Андыктан булар дайыма оптимисттик маанайда жүрүп, турмуштагы майда-барат маселелерге көңүл бурбаш керек.
Кой көздүү адамдар адатта ар кандай жагдайларга бат ыңгайлашып, турмуштун жаңы шартына бат көнүп кетет. Бирок кээде жалгыздыктан көңүлү чөгө түшүшү мүмкүн. Себеби алар шаан-шөкөтсүз жашай албайт жана спорттун коркунучтуу түрлөрүн жакшы көрөт. Эң негизгиси кой көздүүлөргө чыдамкай болууга кеңеш берүү зарыл. Мындан тышкаруу турмушта дайыма эртеңки күндөн үмүт үзбөй жашап, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоону эстей жүрүш керек.
Ойноок көздөр демейде куулуктун белгиси катары саналат. Ошондуктан мындай көздүүлөрдү өз акылы өзүнө жетиштүү деп айтышат. Чындыгында алардын ою курч жана кандай гана маселе болбосун чече билет. Ошондой эле ойноок көздүүлөрдүн интеллектуалдык деңгээли да жогору. Бирок күнүмдүк пикир алышууда кичи пейилдүүлүк жана чынчылдык жетишпейт. Эгерде ойноктогон көздүүлөрдүн чачы сары болуп калса, анда аялдар урушчаак, эркектер авантюрист келишет.
Кара көздүүлөр
сөзмөрдүүлүктүн жана өзүмчүлдүктүн белгиси. Анткени менен булар көбүнчө лидерликке умтулушат. Мүнөзү туруктуу, жетекчилик сапаты да бар. Бирок бул кээде турмуштан ыракат алууга жана максатка жетүүгө аздык кылат. Ошондуктан кара көздүүлөр башкаларды басмырлабай туура түшүнүш керек. Өз ара симпатия дайым эле көктүк кыла берүүгө караганда көбүрөөк пайда алып келет. Эгер кандайдыр бир мезгилде адамдын көзү тунара түшсө, бул кайгы капанын белгиси. Мындай учурда ал күнүмдүк түйшүктөн арылып, эс алууну ойлонуш керек. Анпесе эмоционалдык жарылуу болуп кетиши мүмкүн.
Даярдаган,
КУНДУЗ Исмаилова




  Элет акынынан кат келди!

Үйдүн маңдайындагы дөңдө эл эрмеги болуп, улам небереси Бапайга кыйкырып, куудулданып, ар кимди табитине жараша тамашалаган жан дүйнөсү таза Чогуу ата да ажал улук экен тиги дүйнөгө сапар алды. Төмөнкү ыр Чогуу атага эстелик болсун.
Автордон
Дөңдө
Чоң адамдар Чогуунун дөңүндөгү,
Чогуу өтчүдөй чогулуп өмүрлөрү.
Чоо жайынан турмуштун кеп салышса,
Чоктой ысып чыгат дейт көңүлдөрү.

Кош көз менен туш-тушту карап улам,
Жок өңдөнүп дегеле дурус кеби.
Үйдөн чыгып кошулуп калат экен,
Үмөтаалы атамдын Турусбеги.

Чогуу атам кай бирде куудулданып,
Чолуп сүйлөп коёт да аны-муну.
Ушак сөзгө өзү эле кошулат дейт,
Уруу Осмондун упузун Зарылыгы.

Уй кезүүнүн башчысы Сагынбеги,
Уй жөнүндө айтылат анын кеби.
Калдалаңдап Куу баатыр келе жатса,
Карды эритип турат ко анын деми.

Чогуу атамдын жанында Бапайы бар,
Чокчо, кыска, кичине сакалы бар.
Угам десең ушагын Миңбулактын,
Убакыт таап ал дөңгө атайы бар.

Каршы-терши теректен коюуп алган,
Кай бирлери ыктытып тойуп алган.
Келиндерден кем калбай ушак айткан,
Кереметтүү силердин оюнуңардан.

Чогуу атам, оо дүйнө сапар алды,
Чоочун болуп көзгө ошо дөңү калды.
Чогулушун өткөрчү чогулушун,
Чогуу атамдын дөңүндө адам барбы?

Жай чарба да Дөкү жай басып келет,
Жеңиш балбан жеңдим деп шашып келет.
Алясбектин камогун айланчыктап,
Көк көз Талант табылса атып келет.

Сөөгү жоктун сулп эттүү Жолдошбеги,
Жобураса жомоктой анын кеби.
Малик болсо мазгини чагып эле,
Мааниси жок басат ко ары-бери.

Шылкыйат ко Исанын Акылбеги,
Шайы келбей карызга чыккан жели.
Ыкшоо тартып ыктытып келе жатат,
Ырыскелди агайдын Асылбеги

Таза иштеген Жеңиштин Субаны бар,
Турдаалынын кичүүсү Кумары бар.
Марат иним Москва, Парижди айтып,
Маңдайында кыйшайган тумагы бар.

Асанкул БудайЧиев,
Нарын району,
Миңбулак айылы




Дасторкон ажары
Аялдын тамак жасоого устаттыгы жалаң гана майрам күндөгү дасторкон үстүнөн эмес, өз үй-бүлөсүндө, күндөлүк эле турмуштан жакшы байкалат. Сарамжалдуу, эпчил аял бирин-экиге улап, жоктон бар кылып, бардыгын кол учунан бүтүрүп, дасторконун жайнатып коёт. Анткени андай аялдар көптү билүүгө далалаттанат. Ынтаасын коюп тез үйрөнүшөт. Дасторкон ажарынын ачылышында түрдүү элдин түркүн тамак-аштарын жасай билүү чоң мааниге ээ. Ар бир улуттун өз эли көнгөн, колдонуп келаткан даамдары бар дечи. Бирок ошондой болсо да, түрдүүлөп жасоодо ошол элдердин өзүбүзгө ылайыктуу, көпчүлүккө жага турган тамактарын турмушубузга киргизгенбиз, биздин маданиятыбызды жашап көтөрүүгө гана өбөлгө болгондон башка тескери таасири жок.

Бал-боорсок (чак-чак)
Катуу ийленген камырды 2мм калыңдыкта жайып, бир - 1,5см ден узата тилип, аларды туурасынан чийдей жоондукта кесип чыгат. Казандагы кызыган майга бышырат. Бал менен кум шекерди кайнатат. Бышкан боорсокту кенен идишке салып, кайнаган балды куюп, тынымсыз аралаштырат. Муздак сууга чайкалган подноско даяр болгон боорсокту салып түрдүү формага (тегерек, сүйрү, пирамида) келтирет, аны мейиз менен кооздойт. Бал боорсок тарелкага салынып чай менен берилет.
Бал боорсокко: 500гр. ун, 6 жумуртка, 60 гр. шекер, 10гр. сүт же айран, 10гр. маргарин, 250гр. бал, 10гр. мейиз, 3гр. туз керектелет.

Ашлямфу (дунган элинин муздак коюу тамагы)
Крахмалды сууга чалып, бир кайнатып, жайпак идишке куюп уюганча коюп коёт. Муздаганда чарчылап кесет. Камыры лагмандыкындай даярдалат. Акталган майга пияз, сарымсак, жүсай, кызыл калемпир, туз салып куурат. Эки-үч стакан суу куюп, бир кайнатып оттон чыгарып муздатат. Өзүнчө идишке жумуртканы чегип чалат, туз сээп кашык менен аябай аралаштырып, кайнап жаткан сууга кошуп бышырып, суудан сүзүп алат. Тарелкага адегенде камырды, анан чарчыланган крахмалды, үстүнө жумуртка менен чыкты ачык суу куюп ашкөк менен кооздоп дасторконго коёт.
Буга: 5 үлүшкө 300гр. ун, 50гр. крахмал, 3-4 жумуртка, 100гр. суу май, 3 баш пияз, 1 баш сарымсак, 2 аш кашык ачык суу, 2-3 помидор, жүсай, 2-3 туздалган калемпир, мурч, ашкөк, туз даамга жараша.

Бегайым Шакеева,
студент, Бишкек шаары




  Куттуктайбыз!

Бакубат карылыктын дооранын сүрө бериңиз
Энебиз Назыгүл Шадыканова - Акбалаеванын 80 жылдык кутман курагы менен куттуктайбыз!
Энеке, Сизге бекем денсоолукту, дүйнө өмүрдөгү бардык жакшы каалоолорду арнайбыз. Арабызда бакубат карылыктын дооранын сүрүп жашай бериңиз.
Сизди урматтоо менен уул-келиндериңиз, кыз-күйөөлөрүңүз, небере-чөбөрөлөрүңүз




  Урматтуу окурман!

Сизди биз менен пикирдеш, алакалаш болууга чакырабыз. Анткени Сиз менен биздин өзөгүбүз бир, тагдырыбыз тамырлаш. Кайда жашабаңыз, кайсыл кызматта иштебеңиз түпкү насилибиз - кичи Мекенибиз барып келип эле айылга барып такалат. Ошондон улам өз гезитиңизге 2008-жыл үчүн жазылып берет деп Сизге терең ишенебиз. Жазылуу жеке адамдар үчүн республикабыздын бардык байланыш түйүндөрүндө жүргүзүлүүдө жана ар бир саны сатыкка коюлган.
Айыл өкмөтүндөгү, мэриялардагы, шаар башкарууларындагы жамааттык жазылуулар акчаны АСС № 1210120013007725 ОАО ДОС-КРЕДОБАНК БИШКЕК, КЫРГЫЗСТАН БИК 121001 деген алыш-бериш эсебине (орус тилинде толтуруучулар гезиттин 2-бетиндеги биздин реквизиттер боюнча) которуусу керек.

2008-жылга жазылуу баасы:
(почта кызматын кошпогондо)
1 айга - 22 сом, 3 айга - 66 сом,
6 айга - 132 сом, 9 айга - 198 сом, 12 айга - 264 сом.
Биздин индекс: 68480
"Айыл өкмөтү" - Сиздин гезит!
Жазылсаңыз жаземдебейсиз!




(Башталышы 7-бетте)
А эрте менен асманды коюу кара булуттар каптап калыптыр. Кечке чейин жадатма жамгыр төгө берди. Биз апам экөөбүз койлорду бастырманын астынан чыгарган жокпуз. Ошол жерден эле сулуу бердик.
Мен улам эле ферма тарапты карап жаттым. "Кызык, Эржени эмне кылып жатты экен?".
Нөшөр болсо төгө берди, төгө берди. Акырындап ферма тараптан бир башкача күңүрт дабыш угула баштады. "Кызык, ал жакта эмне болуп жатты экен" ойго баттым мен. Чуркап барып көрүп келүү керек. Ошону менен Эржениден да кабар аламын.
Мен жаанга карабай фермага чуркап бардым. Фермада бардыгы жайында эле. Бирок, саанчылар карарып ташкындап жаткан дарыяны карашып, чочулашып, жумушту батыраак бүтүрүү үчүн чакаларын калдыратып жатышты. Толкунданышкан адамдардын үндөрү үзүл-кесил угулуп турду.
Балдар жээкти бойлой чуркашууда. Алар буркан-шаркан түшүп карарып, көбүктөнүп жаткан дарыяга таштар менен таяктарды ыргытып жатышты. Эржени бир аз нарыда туруп, улам өзгөрүп аккан дарыяга чочулай көз салып жатты. Дарыя ансайын албууттана берди. Анда тамыры менен суурулган дарактар агып турду. Жээктердеги чополуу кыртыш күңүрт дабыш менен сууга үзүлүп түшүп жатты.
- Бул жерден кетеличи, - бүшүркөй түшкөн Эржени шыбырады.
Янжима жеңе сүт кабылдагычтын жанында арабага пастек бойлуу жалдуу атты кошту.
- Азыр дайраны кантип кечип өтөрүбүзгө башым жетпей айран таңмын, - деди ал.
- Тайэже тим эле коюңуз! Көрдүңүзбү суу улам көбөйүп жатат. - Эржени жалбара баштады.
- Кантип андай болсун. Сүттү тапшыруу зарыл да! Каалайсыңбы, каалабайсыңбы, барууга туура келет.
Сөзүнөн кайтпаган Янжима жеңе, арабага толтура бидондорду жүктөп, атты кечмеликке айдап барды.
- Янжима тайэже, токтоңуз! - Эржени кыйкырды.
Бирок Янжима жеңенин эч нерсени уккусу келген жок.
- Аны токтотчу Булад, сенден суранам! - Эржени мага кайрылды. - Мени ал таптакыр укпайт! Ал чөгүп кетиши мүмкүн. Кудай ай, кандай гана өжөр аял, түшүндүрө албайсың! Янжима жеңе токтоңуз!
Мен арабаны кууп жеткени артынан чуркадым.
- Кана ыргып түшүңүз! Сүттү мен өзүм алып өтөм.
- Дагы эмне дейсиң! Мындай экинчи баланы сенин апаңа мен кайдан таап берейин! Сен дарыядагы сууну карасаңчы. Шыр эле агызып кетет. Янжима жеңе камчы менен аттын соорусуна басып алды, бирок мен бара жаткан арабага секирип чыгып Янжима жеңенин колунан чылбырды алдым.
Жылкы жаныбар дарыяга жакындап, камчынын уусу астында титиреп албууттанган сууга кирүүгө аргасыз болду. Сайды ортолоп калганда суу арабадан аша баштады. Мен төмөн жакты карай албадым, башым айланып кетти. Арабанын астындагы суу зор ылдамдыкта агып турду.
Бирок, тиги жээкке акырындап жакындай берди. Төрт метрдей аралык калды. Бир убакта ат токтоп калды. Жылкынын жанындагы жыгачты байкап араба ташка такалып калганын сездим. Дөңгөлөк айланбай жатты.
Ойлонууга чама жок. Мен бар күчүм менен чылбырды четке тартып, бечара атка камчыны басып-басып алдым. Жылкы жаныбар күчөнгөндөн онтоп, акыркы күчүн жыйып алга жыла баштады. Биз ордубуздан козголдук.
Тиги жээкке чыкканда гана мен кылчактап бурулуп карадым. Эржени ташкындаган дарыянын наркы жээгинен мага кол булгалап, бирдемелерди кыйкырып жатты. Анын коюу кара чачтары шамалга коркунучтуу жайылып турду.
Мен арабаны калтырып коюп атка минип кайра жөнөдүм. Суу буркан-шаркан түшүп агып жатты. Дарыяны ортолоп калганда атка сүзүүгө туура келди. Мына биз кайрадан фермадабыз.
Янжима жеңе мени үйүнө жетелеп, каймак жана чай, таттуу куймак менен сыйлай баштады. Эржени бурчта отурду. Үйдө күңүрт болчу. Мага ал мени карап жаткандай туюлду.
Мен жөнөгөндө ал узатып кошо чыкты. Короодо менин колуман кармап акырын айтты.
- Көзүңдү жум.
- Эмнеге?
- Жума берсеңчи.
Мен таң кала көзүмдү жумдум. Менин оң жаагыма куду бир байчечекейдин желекчеси үзүлүп эркелеп түшкөндөй жылуу, майин жана жумшак илеп тийгендей болду. Жаагыма жеңил дем алуунун чачырандысы ага баштады.
Мен көзүмдү ачканымда Эржени үйүнө чуркап кирип кеткен экен. Мен өз ордумда каккан казыктай жыла албай турдум. Муздак колдорумду жалын болуп күйүп жаткан оң бетиме тийгиздим.
Ошондон бери мен Эржениге жакындай албадым.
Бир жолу дарыянын жээгинде балдардан Эржени кетип жатканын уктум. Мен дароо кийине коюп шалбада оттоп жүргөн Торуну кармап ферманы көздөй чаап жөнөдүм.
Мен убагында барган элем. Эржени Янжима тайэжеси менен жолго чыгыптыр. Анын колунда чоң сумка бар эле. Эржени менин Торума жакындап баркыт өңдүү жумшак тумшугунан сылады.
- Көрүшкөнчө Тору ат, - ал муңайынкы айтып, мен тарапка көз жүгүрттү. - Сен да аман бол Булад. Кийинки жайда да келсем керек. Мени күтөсүңбү, а?
Бирок кийинки жай келди да кетти. Анан дагы бир жай өттү. Кийин дагы бири.
Таң азандан мен дарыянын жээгине келдим. Мен мурда Эрженини көргөн жерде мага ийинин салып, кара чачтуу бир кыз отуруптур.
Менин жүрөгүм титиреп кетти. Эржениби!
Анын бутунун астынан бир камыш үзүлүп түшүп сууга ага баштады. Кыз бери бурулду. Бул ал эмес болчу.
Ооба, бул ал эмес эле. Эржени эмес болчу.
Мен артыма кайрылып кетип калдым.

Орус тилинен которгон
Адылжан Жажанов













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan