Коомдук-саясый гезит
№11, 27.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Кыргыз тилин сактасак, ал да бизди сактайт.
Биз аны улуу тилге айлантсак,
ал да бизди улуу элге айлантат

  Жер - баккандыкы

1,5 $ болоорун ким билиптир?
Талас районуна караштуу Козучак айылынын тургуну Атабеков Аскараалыга жолугууну мен көптөн бери самап жүрчү элем, бул жолу оюм оңунан чыгып, өзү өстүргөн төөбуурчактын түшүмүн Турциялык фирмалардын бирине сатып-өткөрүп жаткан жеринен капысынан кезигип калдым. Көңүлү көтөрүңкү, маанайы жарык жаш жигит демейдегиден башкача кол берип, жылуу жумшак саламдашты.

- Аскараалы иним быйыл баанын көтөрүлгөнү жер иштетип, өзгөчө төөбуурчакты өстүргөндөр үчүн эң эле жакшы болбодубу, неге дегенде дыйкандардын мээнети жанып, эмгекке болгон кызыгуусун пайда кылды?
- Аныңыз чындык сөз. Талас жергесинде төөбуурчак өсүмдүгү айдала баштаган алгачкы жылдарда аталган өсүмдүктүн баасы эң жогору дегенде 7-8 сомдон ашкан эмес, бирок айла канча элеттиктер ошого да макул болушуп, көп жылдардан бери аны алынын-күчүнүн келишинче айдап-сээп келишкен. Рыноктун мыйзамына жараша баа өзгөрүлө берет турбайбы. Башында башкача эле ушу тапта бир кило төөбуурчактын баасы бир доллардан ашып түштү. Ким билиптир ушундай болоорун…
- Андай болсо жакшы болгон турбайбы, ушул баа менен Сиз канча төөбуурчак саттыңыз?
- Бир тоннадан ашыгын буга чейин эле бир доллардан өткөзүп, кем-карчыма жараткам. Дагы көрөйүнчү деп бүгүн 150кг. төөбуурчак апкелсем кабыл алуу пунктунда баа көтөрүлүп калыптыр, алар менден бир жарым доллардан токтотпой сатып алышты. Үйүмдө сата турган дагы бир тоннага жакын буурчагым бар, аны керек дегендерге урук үчүн сатайын деп турам.
- Өткөн жылы төөбуурчакты канча гектар жерге айдадыңыз?
- Чынын айтайын аталган өсүмдүк менен алек болгонума эки гана жыл болду, анткени ага анчалык деле кызыккан эмесмин. 2007-жылы Лопатка сортундагы төөбуурчакты мурда айдалбай жаткан дың жер бар эле, ошону бузуп сыноо ирээтинде эки гектар жерге айдагам. Багуу жараштыбы, айтор ошол жерден 7 тн. 300 кг түшүм алып, ошондон тапкан кирешеме үй турмушумду оңоп алдым. Малдуу, машиналуу болдук. Көрсө эмгек эрезеге жеткирет деген туура экен.
- Быйылкы иш планыңыз кандай?
- Төөбуурчакты бир гана гектар жерге айдаганы жатам, калган жерге колуңда мал болгондон кийин аларга жем-чөп керек экен, көп жылдык чөп айдаганы турам. Жүздөн ашык кой-козум, бешке жакын бодо мал жана жылкым бар, ошолорго тоют топтоп албасаң элде мал көбөйүп базарда чөптүн, жемдин баасы да барган сайын өлчөөсүз жогорулап баратат. Бирөөгө көз каранды эмесмин, колумда жер иштете турган техника жетиштүү. Баардыгы оң абалда турат. Быйыл төөбуурчакты сеялка менен эмес кол менен сепсем деп турам, себеби өткөн жылы көбүрөөк убара болгом, сепкен уругум кыртыштын сыртында калып, кошумча күч жумшаганбыз. Иштин сапаты канчалык жогору болсо, ошончолук түшүм арбын алынат, чыгым да аз болот.
- Айылдарда жакыр, кедей жашагандардын саны азайдыбы?
- Жакырлар жок, бирок жалкоолор бар деп айтсак жарашчудай. Иш менен алектенгендердин кедей жашагандарын азырынча мен көрө элекмин. Тобо кылганыбыз оң го, жеңил машинага ээ болуп, курулуш материалдары кымбат болсо да зыңгыраган жаңы там салгандар, уул-кыздарын үйлөнтүп той бергендер көбөйдү. Ушунун өзү эле айыл жеринде жашоо-турмуш жакшыра баштаганынан кабар берип жатпайбы. Андан көрө эл-журттун амандыгын тилейли…
Батыркул Боромбаев,
өз кабарчы




  Малдын малдай азабы бар

Дарт күч албасын
Кыргызстан негизинен мал киндиктүү. Асыл тукум, асыл жүндүү малдар жокко эсе болгону менен карапайым калк мал туягын азайтпай мал менен жан багып турган убак. Мал багууда канча түйшүктүү эмгек кетээри баарыбызга белгилүү. Түн уйкуну бөлүп аздектеп багып, пайдасын көрөөрдө илдетке чалдыгышып чекесинен өлө беришсе жумшаган эмгектин кайтарымынын жоктугу мал ээсин түйшүккө салбай койбойт. Өзгөчө азыркы мезгилде шарп оорусунун күч алышы түмөн түйшүк жаратууда.

Шарп оорусу 1546-жылдары катталган. Эң биринчи пайда болгон жери Италия. Оорунун бир канча түрү бар. Жугуу мезгили 2-7 күнгө созулуп, 21 күнгө чейин болот. Адистердин айтуусунда дарттуу малдын денесинин температурасы 40 градуска жетип, шайы ооп, чөп,жем жебей калат. Уйдун былжыр челинде, желининде, муун, салааларында ыйлакчалар пайда болуп, оозунан шилекей агып, сүтү азаят.
Кыргызстанда 4-5 жылдан бери баш көтөргөн бул дарт далай малдын жанын алып келет. Кеңири таралышына чек аралардын ачыктыгынан коңшу Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан мамлекеттеринин малдарынын биздин малдар менен бирге жайылышы себеп дешүүдө. Себептин алдын алууга дале жетишүү чара көрүлбөй келет.
Негизинен Кыргызстанда бул ылаңдын "О", "А" типтери мурунтан белгилүү болуп, тиешелүү тармактар боюнча иш жүргүзүп келишкен. 2003-жылы илдеттин "Азия -1" деген жаңы вирустуу тиби кокусунан пайда болуп, адистердин шаштысын кетирген. Вирусту аныктап, ага каршы чара көрүүгө адистер жоктугунан убакыт өтүп, 2004-жылы гана такталган. Илдетке каршы күрөшүүгө адис жана финансы жоктугунан оору күч алган.
Карапайым эл уккан жол менен малдарын дарылашууда, бирок натыйжа жок.
Кыргызстанда бир эле шарп оорусу эмес, төрт түлүктүү мал чарбасында Сибирь жарасы, кутурма, бруцелёз сыяктуу илдеттер жайылууда. Бул илдеттердин адамдарга жуккан фактылары катталууда.
Өлкөбүздөгү эң чоң деп эсептелген Токмоктогу мал базарына алынып келинген малдардын бары ветеринардык көзөмөлдөн өтүшөөрү күмөн.
Элибиз мал менен жан багып аткандан кийин мамлекет башындагылар ветеринардык кызмакерлерге жетиштүү көңүл бөлүшүп, мыкты адистерди даярдоону көзөмөлдөп, маяналарын көтөрүп, ветеринардык кызмат жөнүндө мыйзамдардын кабыл алынышы керек. Малдын илдетке кантип чалдыгып аткандыгын жакшы түшүнбөгөн эл күнүүмдүк түйшүк менен убара болушууда. Малсыз элибиз жашоосунун тыңгылыктуу өтүшү кыйын экендигин түшүнөөр бекен, тиешелүү ведомстволор.
Кайыркүл КалЧаева



Мал доктурда эмне кеп?
Кочкор районундагы Сарыбулак айыл өкмөтүнүн мал доктуру Азыкбай Сасыков менен маек:
Ар бир айылдагы мал кармаган элет элинин мал доктуру бар. Ошол өз жоопкерчилигин жогору койгон Азыкбай байкени айыл эли Бапы деп атап алышкан. Кай жактан көрбө адистерден кеңеш сурап, ошол учурда өз билгендерин аларга айтып үлгүрөт. Күндүн суугунда, аптаптуу ысыкта да чакырган ар бир фермерге, чабанга, жаңыдан мал курап аткан адамга өз жардамын бергенден качпайт.

- Бапы байке, учурда айыл кыштактарда шарп ылаңын ар кандай ыкма менен даарылап жатышат. Дегеним бири кара тузду колдонсо, бири креолин, дагы бири марганцовка пайдаланып келүүдө. Буга сиз адис катары эмне демекчисиз?
- Ооба чындыгында кээ бирөөлөр акчасы жок болуп колдо болгон каражатын дары катары пайдаланып келишүүдө. "Ооруну дарыласа айыгат, жашырсаң жайылат" - дегендей ар бир илдетти өз убагында дарыласа жакшы натыйжа берээринде шек жок. Мен өзүмдүн практикамда 3%уу көк таш, 2% уу күкүрт менен шарпты дарыласа болот дээр элем. Бул ыкманы колдонгон учурда ылаңдаган малдын оозун капшыра кармаган болбойт. Ылаңдаган малдын оозу ооруну күчөтөт, ошондуктан этияттык менен дарылоо зарыл. Бардык эле ылаңды алгачкы күндөрдөн баштап дарыласа, оору жеңил болот. Аталган ылаң менен жабыркаган малды короодон чыгарбай, башка малга кошпой дарылаш керек. Аталган оору аба аркылуу жана ооруган мал жеген акырдан башка ача туяктуу тоюттанган учурда да жугат. Колдо болгон каражат оорунун күнүмдүк жакшырышына гана шарт түзбөсө, толук сакайып кетпейт. Ар бир адам малдын илдеттерине көңүл буруп, учурунда эмдетип турса мал ооруга тушуккан учурда жеңил дарыланат.
- Айыл жеринде, сиздердин шартта малдын кайсы тукумун бакса болот?
- Негизинен биздин айыл тоо жакалай жайгашкандыктан тоого, суукка чыдамдуу малды багуу ылайык. Анан да биздин өрөөндөгү мал киндиктүү адамдар "жибек жүндүү" деген койдун тукумун өздөштүрүүдө. Ал өз жакшы натыйжасын берип, Асанбек Кыдырмаев, Сейдакмат Мукашов, Бекболот Касмалиев өңдүү чарбачыл адамдар байыганга жетишишти десем болот. "Малдын малдай азабы бар " - дегендей, мал кармайм деген адам бардык кыйынчылыктарга чыдаса, ал өз жакшы натыйжасын берээри талашсыз.
- Малды да кыргызча ырымдаган учурлар кездешпей койбойт, ошолордон айтып берсеңиз?
- Кыргызча ырымдаган учурлар оголе көп. Атап айта турган болсом, ача туяктуу мал эгиз төлдөйт дегенибиз менен уй баласы эгиз төлдөгөндө, ырымдап шар агып аткан сууну кечирет. Андан аман өтүп кетсе, чоңоёт дегендик. Ошондой эле бээни дагы ушундай ырымдайт. Көк мээ болгон малдын башын жылуулап, талканды ысытып муздаганча басат. Бул ыкма көпчүлүк учурда жакшы натыйжасын берет. Көзүнөн жаш агып, ак чел басып бараткан малдын көзүнө күндө кумшекерди сүртүп турса оору күчөбөйт.

Кундуз Исмаилова




  Атуулдук айгай!

Байлыгыбыздан айрылуудабыз
Жалалабаттын аймагындагы Арсланбап, Сузактагы Орток жана Аксыдагы Аркыт жаңгак токойлорундай жаңгак токойлору дүйнөнүн башка мамлекеттеринде жок. Дүйнөдөгү чогултулган бир жылдык жаңгактын 60 пайызын Кыргызстан, ушул Жалалабат облусу берет. 1988-жылы Арсланбап токой чарбасынын токойчулары мамлекетке 300 тонна жаңгак терип тапшырган. Совет доору кулап Кыргызстан өзүнчө эгемендүү мамлекет болгондон кийин "Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса" болуп, токойчуларыбыз жаңгак байлыктарын туура пайдалана албай калышты.

Биз жаңгак токойлорунун - түмөн байлыгыбыздын эң негизгисинин жоголуп баратканына капабыз. Биздин максатыбыз жаңгак мөмөлөрүн жеп, сатып баюу эмес, жаңгак дарактарын сактоо, аларды жыл сайын толуктоо, бир түбүн да кыйбай бардыгын көз карегиндей сактоо, көбөйтүү болуп калууга тийиш. Эгерде биз жаңгак токойлорун ач көздүк кылып, анын уюлдарын "Капп" кылып долларга, валюталарга сата берсек, жаңгак токойлорунан ажырап калсак, анын келечеги кандай болот?
Арсланбаптыктар 1991-1992-жылдарда АКШга жүздөгөн куб жаңгак дарактарын кесип саткандан кийин сайда суу куруп калды. Ошондо Ноокендиктер пахтага суу жеткире албай Карадарыядан өстөн казышып, Базаркоргон сайына суу беришти, сайдын үстү жагынан Ноокендин өстөнүнө сууну бурушту. Жылдан-жылга жаңгактар тонолгон сайын суу азая берип, Ноокен районунда пахта аянттары кыскарды, жүгөрү, мына быйылкы 2007-жылдан баштап шалы эгилбей калды. Жашылча аянттары кыскарды. Мисал үчүн райондун борборундагы бир Масы айыл өкмөтүндө эле 63 гектар сугат жер пайдаланылбай эч нерсе эгилбей калды.
Райондун борбору Масы айылында жашаган көп үйбүлөөлөрдүн там алды, аркаларындагы мөмө-жемиш дарактары жаз, жай өтүп али сугартылбаганы, мөмө бербей калганы канча, анык эсеп жок. Ичимдик суу да жетишпейт. Жалалабаттан Аксы районуна кетип бара жатып, Базаркоргонго жеткенде түндүк жактагы Арсланбап тоо адырларын, Ноокендин, Базаркоргондун тоо жактарын, андан ары Ташкөмүр, Аксыга жеткиче да адыр, тоо жактарды бир назар салып карагыла. Бардык жерде тоолор тонолуп, томсоруп, токойлору жок жылаңач чал-кемпирлердей дырдайып абдан эле көрксүз болуп, томсоруп көрксүз болуп турганына күбө болосуздар.
Ана чет элде Японияда баардык территориясынын 70 пайызында калың токойлор бар. А биздечи? Аймагыбыздын 4 пайызга жетпеген жеринде гана токойлор болсо, ал да өтө сейрек ошонун кесепетинен сугат суулары да азайган.
Суу көп болсо пахтадан, дан эгиндеринен, жүгөрүдөн, кант кызылчасынан, бедеден жана башка эгиндерден жылына 2-3 жолу түшүм ала тургандыгыбызды токойчулар билишсе.

С.Садык уулу,
Ноокен району













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan