Коомдук-саясый гезит
№10, 20.03.08-ж.

Меймансап
Форум

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai/08/0320_8.htm on line 29

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai/08/0320_8.htm on line 29

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai/08/0320_8.htm on line 29




  Кутман курагыныз кут болсун!

Кадырман эне
Элибиздин кеменгер аялзатынын бардык жакшы касиеттерин өнө-боюнча сиңирген энебиз Назыгүл Шадыканова-Акбалаева 80 жаштык кутман куракка келип олтурат. Анын өнөгөлүү басып өткөн өмүр жолу биз-айылдаштары үчүн чоң сыймык туудурат.
Назыгүл эне 1928-жылы Өзгөн районунун Ийрисуу айылдын кеңешине караштуу Кыргызстан айылында туулган. Атасы ошол чөлкөмгө таанымал кат сабаты ачылган имам адам болгондуктан, ал кичинекейинен эле зирек өсүп, адегенде арабча окуп-билгенди үйрөнүп, андан кийин ошол кездеги башталгыч орус-кыргыз мектебин жакшы окуп бүтүргөн.
1941-1945-жылдардагы Улуу Атамекендик согуштун учурунда оорукта жигердүү иштеп, жаш болсо дагы өзүнүн кайратмандыгын көрсөтө алган.
Майдандан кайткан айыл кулуну Муратаалы Шадыкановго баш кошуп, Ийрисуу айылдык кеңешинин мал чарбасында, эл агартуу тармагында үзүрлүү эмгектенүү менен 10 баласына татыктуу тарбия берип өстүрүшкөн. Азыр алардын бардыгы өлкөбүздүн эл чарбасына өзүлөрүнүн тиешелүү салымдарын кошуп келе жатышат.
Жолдошу Шадыканов Мураталы 1941-жылы Улуу Атамекендик согуштан майып болуп кайткандан кийин, 1943-жылдан баштап Ийрисуу айылдык Кеңешинде: айыл-чарбасында, мал чарба багытында, эсеп-кысап жана эл агартуу бөлүмүндө жетекчи болуп үзүрлүү эмгектенген. Пенсияга чыккандан кийин, Улуу Атамекендик согуштун ардагери, айылдын ардактуу аксакалы катары айыл-чарбасын, айыл тургундарынын жашоо-тиричилигин жакшыртуу жана жаштарды тарбиялоо иштеринде Кыргыз Өкмөтү жүргүзгөн саясаттын жигердүү колдоочуларынан болгон.
Назыгүл энебиз Баатыр эне катары жолдошу Муратаалы экөө коомчулукка сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Өкмөтү тарабынан көптөгөн орден-медалдар жана Ардак грамоталары менен сыйланышкан. Айылдаштары энебиздин өмүрлүк жолдошу Муратаалынын элге сиңирген эмгектерин баалоо иретинде Ийрисуу айылдык Кеңешинин депутаттарынын колдоосу менен Кыргызстан айылынын көчөлөрүнүн бирине анын атын ыйгарышкан.
Быйыл Назыгүл энебиз 80 жашка толуп, Кыргызстандын атын дүйнөгө тааныткан алп Чынгыз Айтматов менен курдаш экендигине сыймыктанып турган учуру.
Учурда, урматтуу Энебиздин уул-кыздарынын алды кадырман карылардын катарына кошулуп, арты эл баккан кыргыздын жаштарын толуктап, небере-чеберелери менен Назыгүл энебиздин торколуу тоюн өткөрүүгө белсенип турушкан чагы. Биз айылыбыздагы эмгектин ардагери Назыгүл энебизди 80 жылдык кутман курагы жана жашоого тиричиликти, жанданууну алып келген Жаңы күн-Нооруз майрамы менен чын ыкластан куттуктайбыз. Ага бекем ден соолукту, бакубат карылыкты каалайбыз.

Өзгөн районундагы Ийрисуу
айылдык өкмөтүнүн администрациясы,
Кыргызстан айылынын тургундары.

Редакциядан: "Айыл өкмөтү" гезитинин жамааты дагы Назыгүл Шадыканова-Акбалаеваны кутман курагына арналган жогорудагы куттуктоого кошулат. Кутман курактагы апага жана анын урпактарына келкелдүү оомат каалайт.
Өлкөбүздүн бардык айыл өкмөт башчыларын карыя адамдарын биздин гезит аркылуу ардактоого алган ийрисуулуктардын жолун жолдоого чакырабыз.




  Сиз билесизби?

- Бул ааламда адам үчүн өмүрдөн артык нерсе барбы?
- Албетте бар, алар үчөө: ишеним,сүйүү жана Мекен.
- Биз эч качан ээ боло албаган нерсе барбы?
- Алар төртөө: ден соолук, чындык, бакыт жана кыйышпас дос.
- Кимдерден сактануу керек?
- Кошаматчы менен ач көздөн.
- Кандай кемчилик эң зыяндуу?
- Адамдын түнттүгү
- Кимден чочулабоо керек?
- Сага суктанбаган достон.
- Өмүрдүн кайсы убагын текке кетти деп эсептөөгө болот?
- Колунан келген, жакшылыкты жасабаган учурда.
- Кандай буйрукка көңүл бурбай коюга болбойт?
- Жүрөктүн, акылмандын жана ата-эненин
- Бул дүйнөдө эң таалайсыздар кимдер?
- Жан дүйнөсү жакырлар
- Бул дүйнөдө ким таалайлуу?
- Кылган ишин марттык жана өз сөзүн чындык менен көркүнө чыгарган адам.
- Кайгы кападан эмне арылтат?
- Жан аяшпас досуң жана мезгил.

***
l Эшектин көзү өзүнүн төрт туягын тең бир көрө алгыдай болуп жайгашкан.
l Жер планетасында башка азык-түлүккө болгон аллергиясы бар адамдарга караганда, уй сүтүнө аллергиясы бар адамдар көбүрөөк.
l Археологдор Египеттеги фараондордун табыттарынан табылган балды жегенге жарактуу деп далилдешкен.
l Каныша Елизавета I үч айда бир жолу жуунуп турган.
l Тооктун эң узак учкан убакыты 13 секундду түзгөн.
l Жираф 21-дюймдук тили менен өзүнүн көзүн тазалай алат.
l Жөнөкөй адам бир күндө орточо эсеп менен 10 жолу күлөт экен.
l Страустун көзү мээсинен чоң болот.
l Алясканын желегин 13 жашар бала ойлоп тапкан.
l Антарктиданын эл аралык телефондук коду - 672.
l Монаконун улуттук оркестри аскердик армиясынан чоң имиш.
l Австралиянын 50 центтик тыйыны башында 2$га барабар болгон күмүш менен капталган.
l Сахара чөлүндө 1979-жылдын 18-февралында кар жааган.
l Канада аянты боюнча Кытайдан чоң, ал эми Кытай АКШдан чоң.

Даярдаган:
Кундуз Бейшенбекова




  Поздравляю!

Всех работников СКРП ОсОО "ВТ и СА" поздравляю с праздником Нооруз!
Будьте ярче, смелее, красивей,
Чтоб успехов больших достигать!
Пусть сбываются Ваши надежды,
Каждый день только радость несет!
Будьте в отличном всегда настроении,
И всегда и во всем пусть везет!
Желаю удачи, семейного счастья, здоровья каждому из сотрудников, и самое главное успехов в работе.
Директор
СКРП ОсОО "ВТ и СА" Тороев А.А.




  Куттуктайбыз!

Сиздер менен аман болсун!
"Айыл өкмөтү" гезитинин жооптуу редактору Мирзат Урдавлетовду неберелүү болушу менен куттуктайбыз. Уучуңузду улаар небере-чөбөрөлөрүңүздүн жанында арка-жөлөк болуп, дайым бар болуңуздар!
Кошулуп, актилек асыл ойго,
небереңиз бакыт гүлүн ала
келсин.
Ак тилектүү, асылзаада Даниель кызы,
Ар дайым сиздер менен аман
болсун!

"Айыл өкмөтү"
гезитинин жамааты




  ОсОО "Марчанын" генералдык директору Жетибаев Аттокурдун уулу

Нурбектин
мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
Өзгөчө элең, чынында өзгөчө элең,
Өкүнбөскө айла жок, жаш бала элең.
Өмүр өтсө мейли эле карыганда,
Өмүр деген ушунча таш боор белең.

Жолдошторуң жана
"Айыл өкмөтү" гезитинин жамааты




(Башталышы 7-бетте)
Күтүүсүз келген конок

Арадан жылдар айланып атам менен апамды да Аллага тапшырдык. Апам ыраматылык өлгөнчө бир да жолу Айсулуу жөнүндө сөз кылган жок. Бир сырдуу, бир сүйлөгөн, айтканынан кайтпаган адам эле. Балага өзгөчө мээрбан аял болчу.
Эки кызымды алып аялым төркүнүнө кеткен эле. Үйдө жаңы келген газета-журналдарды карап, белгилүү журналист Абдиламит Матисаковдун "Күзгү" деген очерки чыккан экен ошону окуп жатканмын. Аңгыча эшиктин коңгуроосу чырылдап калды. Тура калып эшикти ачсам татынкай бир сулуу келин турат. Ким экен, кайдан көрдүм экен деп заматта сезимиме бүлүк түштү.
- Келиңиз, кириңиз, - дедим.
- Кечиресиз,-деп үйгө кирди. Төркү бөлмөгө ээрчитип кирдим. Диванга олтурду.
- Мени тааныбай жатасыз да ээ, - деди.
- Чынын айтсам тааныбай жатам, бир жерден көргөндөймүн.
- Мен Айсулуумун, аке, мени тааныбай калышыңыз толук ыктымал, бир эле жолу көрүшкөнбүз. Мен куруюн, мени кечириң аке,-деп буркурап ыйлап кирди.
- Шашкалактап, кой ыйлаба, бир жериң ооруп турабы? - дептирмин.
- Жо-ок аке, менин эч жерим деле ооруган жок, бир гана айыкпас ооруга чалдыккамын. Ага мен күнөөлүмүнбү, же апам менен атам күнөөлүбү билбеймин, а балким мен өзүм күнөөлү чыгармын. Менин дартымды сиз сурабаң, мен айтпайын. Алдыңыздан бир жолу кечирим сурап коёюн деп гана келдим. Жакшы, келинчегиңиз жок экен. Ал киши болсо мени кандай кабыл алмак, ким билет. Мен турмушка чыкпай эле азапка чыкканмын аке. Кайдагы бир түрмөдөн чыгып келген, алыс эмес, жакын эле туугандарыбызга турмушка чыкканмын. Менин угушумда апаңыз - Шербет апам, олуя чалыш, мыкты адам эле, ошол кишинин көңүлүн оорутуп, сөз айтып койгон экенмин. Азыр ойлосом, олдоксон иш жасаганым тынчымды алат. Ал киши тирүү болгондо барып бутуна жыгылып кечирим сурамакмын. Балалык кылгамынбы билбеймин. Эми ойлоп алып өкүнөм. Өткөндө райондук газетадан аңгемеңизди окуп, өксүп-өксүп ыйладым. Сиз да мени кечириң. Бул иш кийин деле менин эрким менен болбоду. Күйөөм жакшы табат, бай жердин жалгыз баласы. Эки-үч машинабыз бар, шаарда да үйүбүз бар. Оокат-ашыбыз жетиштүү. Бирок азапта эле жашап жатам. Алыска чыдабаймын го. Сиз мени кечирген болсоңуз эле болду.
- Мен кечиргидей сиздин эч кандай деле күнөөңуз жок. Ар ким эми көңүл кушу туура келип, жылдызы жанган, тагдыры буюрганга турмушка чыгат да. Эми мактанарлык деле бай эмесмин. Бирок, турмушубуз жакшы эле, эл катары тирилик кылып жатабыз.
- Билем аке, сиздин адамкерчилигиңизди, ишиңизди баарын -баарын жакшы билем. Анткени мен деле сизден алыс жашабаймын. Үйгө газета барган сайын биринчи сиздин жазгандарыңызды окуймун. Эки-үч жолу сыйлык алгаңызды окуп, өксүп-өксүп ыйладым. Бирок, эч кимге сыр алдырбаймын. Капа болбоңуз, күттүрбөй келгениме, жөн гана кечирим сурап коюуга киргенмин. Кетейин, келинчегиңиз келип калса да кыжаалат болбосун.
Айсулуу ордунан тура жөнөдү. Суранып олтуруп нан ооз тийгиздим.
Арадан кыйла убакыт өтө түштү, күз келип эл жыйым-терим менен алек болуп жаткан убак эле. Кеңседе газетанын кезектеги жаңы санынын макетин чийип жатканмын. Саамайлары саксайган сары кыз:
- Уруксатпы? Самак агай барбы?- деп кеңсеге баш бакты. Мен Самак дегенмин, кир кирегой,-деп жылуу кабыл алдым.
- Кимдин кызысың?,- дедим.
- Мен Айсулуунун кызымын, - деди кыз сабыры суз.
- Апаң жүрөбү, апаң жибердиби, - дедим.
- Апам жиберген жок, өлөрүнөн мурда, башыңа иш түшсө Самак акеңе баргын деген, - деп бышактап ыйлап жиберди.
- Ооруду беле дедим, кызды жубатар сөз таппай. Ооруган деле жок, атаман сөгүштөн башка сөз укпай, таяк жеп жүрүп каза болду. Эми атам болсо бизди карабай ичкилик менен дос болуп кетти, шаардан бир катын, айылдан бир катын алган. Окууну бүтүп кайда барарымды билбей, же акча жок, же кийимим жок, - деп бетин басып буркурап ыйлап жатты.Эмне дээримди билбейм, кой, мага кел, кыз кылып алайын десем, атасы бар, ыңгайсыз акыбалда калып олтурдум.
Эмне дээримди билбей нес болуп туруп калыптырмын.
- Кой карындашым, ыйлаба. Качан мындай иш болду? - дедим башынан сылап.
Кыз айталбай шолоктоп ыйлап жатты...

Абдымомун Калбаев




  Урматтуу окурман!

Сизди биз менен пикирдеш, алакалаш болууга чакырабыз. Анткени Сиз менен биздин өзөгүбүз бир, тагдырыбыз тамырлаш. Кайда жашабаңыз, кайсыл кызматта иштебеңиз түпкү насилибиз - кичи Мекенибиз барып келип эле айылга барып такалат. Ошондон улам өз гезитиңизге 2008-жыл үчүн жазылып берет деп Сизге терең ишенебиз. Жазылуу жеке адамдар үчүн республикабыздын бардык байланыш түйүндөрүндө жүргүзүлүүдө жана ар бир саны сатыкка коюлган.
Айыл өкмөтүндөгү, мэриялардагы, шаар башкарууларындагы жамааттык жазылуулар акчаны АСС № 1210120013007725 ОАО ДОС-КРЕДОБАНК БИШКЕК, КЫРГЫЗСТАН БИК 121001 деген алыш-бериш эсебине (орус тилинде толтуруучулар гезиттин 2-бетиндеги биздин реквизиттер боюнча) которуусу керек.

2008-жылга жазылуу баасы:
(почта кызматын кошпогондо)
1 айга - 22 сом,
3 айга - 66 сом,
6 айга - 132 сом,
9 айга - 198 сом,
12 айга - 264 сом.
Биздин индекс: 68480
"Айыл өкмөтү" - Сиздин гезит!
Жазылсаңыз жаземдебейсиз!













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan