Коомдук-саясый гезит
№10, 20.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Эгер өзүнүн тилин өлүк тилге айлантып жаткан эл болсо,
анда ал элдин жамандыгынан болууда

  Берчи мага, жарым кашык музыка...

"Жүрөктөн чыккан обон түбөлүк жашайт"
Азыр жаштардын табити башкача. Жеңил-желпи ырларга качырышат. Андай ырлардын, обондордун өмүрү аз экендигин баарыбыз эле көрүп-билип келатабыз. Бу туурасында белгилүү композитор Муратбек Бегалиевдин күйгөнүнчө бар:
- Бүгүнкү күн ушунчалык өзгөрдү. Каякты көздөй баратканыбыз белгисиз. Мерестикти, кайдыгерликти көрүп зээниң кейийт. Жаштардын азыркыдай руханий көрөңгөсүнүн жакырдыгы буга чейин мынчалыкка жеткен эмес. Бу да болсо дүйнөлөшүүнүн жемиши. Анын кесепети өзгөчө маданиятты, искусствону жалмап, ширесин соруп бүткөнү калды. Азыркы учурда түбөлүк жашай турган, элдик фольклорду, нукуралыкты айкалыштырып музыка жазгандар бирин-экиндеп саналат да, көпчүлүгү же кыйраткан сөзү жок же уккулуктуу обону жок жүрөккө жетпеген жылымчы чыгармаларды жаратышууда. Ошону бирөө да кой дей албайт. Биз айтсак жаман көрүшөт. Жаштарга колдоо көрсөтүүнүн ордуна жамандайсыңар дешет. Айтат деп жаман көрбөгүлө, айланайындар, ал- биздин милдет, парз. Мугалим катары айтарым, компьютерден, синтезатордон клавиша-кнопкаларды басып коюп чыгарма жазганга кынык албагыла. Китеп окугула, залкар күүлөрдү, элдик ырларды уккула. Мына ошондо гана жүрөгүңөр менен ыр жазаласыңар, обон жаратасыңар. А жүрөктөн чыккан чыгарма түбөлүк жашайт. Маданият саясатчылардын куралына айланбаш керек.

- Маданият кызматкерлеринин бүгүнкү абалы кандай?
- Кудайга шүгүр, өзүнчө министрлик болгону, эл катарына кошулуп калдык.
- Муратбек Акимович, искусство адамы үчүн саясат коркунучтуубу?
- Өзүңдүн жана Кудайдын алдында таза болсоң, бөөдө кырсыктан тышкары кылса, сени эч нерсе коркута албайт. Дүйнөдө, жер жүзүндө, анын ичинде өзүбүздүн кенедей өлкөбүздө эмне деген окуялар болуп жатат. Ошондой кыйын кезең, оор учурлардан саясат, экономика, бийлик да эмес маданият, искусство сактап калат. Андыктан, маданият тармагы саясатчылардын куралына айланбаш керек.
- Эгерде, бийлик композиторлордун башын кошуп, мамлекеттик деңгээлде тапшырык берсе аткарат белеңиз?
- Оо, тоону томкормокпуз анда. Чыгармачыл адамдар ошондой көңүл бурууга, жакшы сөз менен аяр мамилеге муктаж болот тура. Эгерде баарыбызды, мейли композитор, мейли хоровик, балетмейстерди чакырып: "Кана, кыргыздын номур биринчи патриоттору, баарың чогулуп, укмуштай чыгарма жараткылачы, дүйнө таңгалып уккудай"- десе кантип бир шедевр жаралбай койбосун. Албетте, жаралмак. Союз мезгилиндеги мыкты опера-балеттер, мыкты хор менен симфониялар дал ошондой тапшырыктан чыккан. Мына былтыр 1916- жылдагы Улуттук боштондук кыймылдын 90 жылдыгы болду. Бизде бул темага арналган көзгө көрүнөрлүк бир да музыкалык чыгарма жок. Ушул маселеге мамлекеттик деңгээлде кам көрүлсө, Үркүн тууралуу жакшы партитура жаралбай коймок беле? Жаралмак. Кичине колдоо көрсөтүп, концерттик чыгымдарды жаба турган каражат бөлүп берсинчи, Кыргызстан буга чейин көрө элек укмуштай концерт коймокпуз. Азыр биздин бардык жактан бышып-жетилип, көп нерсеге көзүбүз каныгып, иштеп берели деген убагыбыз.

Композитор, ректор, устат
Муратбек Бегалиевдин симфонияларын, профессионал ырчылардын репертуарынан түшпөгөн обондорун термелеп отурбайлы, таманы тешилгенче чуркап жүрүп консерваторияны ачканы эле эмне деген эрдик болгон. Мындан 13-14 жыл мурда "бизге консерваториянын эмне кереги бар" дегендер четтен чыккан. Жайнаган ЖОЖдордун бири болот деп ойлошсо керек. Мындай окуу жай ар бир мамлекеттин жүзү, таланттуу, билимдүү кадрлардын ордосу. Биздин консерваторияны дагы фундаменти бекем түптөлүп калган өлкөбүздүн өзгөчө окуу жайы десек жаңылышпайбыз. Анда эң күчтүү, музыканын корифейлери эмгектенип, чет өлкөлөрдө билимин тереңдетип да, иштеп да, кыргыздын атын таанытып да жүргөн таланттарды тарбиялап чыгарышууда. Алардын ар бир ийгилигинен кабардар болуп турчу мугалими бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанат. "Бардык эле өнөрпоздордун устат болуу колунан келе бербейт. Анын жүрөгү кенен, жандүйнөсү таза анан март болуш керек. Ичи тарыбаган киши гана төгүлүп- чачылып, өзүндө болгон өнөрүн бүт бойдон шакиртине бергиси келет"- дейт маэстро.
Анан композитордун чыгармачылыгындагы дагы бир жаңылык, "не для печати" дегенине карабай айтып жибердик, таарынбастыр. Акыркы кезде поэзияга арбалып, ыр жаза баштаптыр. "Музыкада бералбаган дүйнөмдү поэзияда айтып, буюрса китеп чыгарсамбы деп турам" - дейт. Баса, жакында эле Кыргыз Республикасынын Эл артисти, көптөгөн эларалык сыйлыктардын ээси, профессор М. Бегалиев РФ тарабынан дагы бир М. В. Ломоносов атындагы эл аралык орден менен сыйланды.

...Ростропович,
Лучано Паворотти...
Тумшугу суук өлүм өнөргө, талантка карабайт экен. Дүйнөгө эч ким түркүк болбойт экен. Бирок, алар искусствонун түркүктөрү эле, маданияттын дөө-шаалары эле. Композитор менен ушинтип сүйлөшүп отурдук. Анан Б. Миңжылкыев, Б. Бейшеналиев, Т. Турсунбаева, М. Рыскулов, Б. Кыдыкеева, С. Бекмуратова, Э. Турсуналиев, Т. Океев, К. Молдобасанов, С. Чокморов, кечээ жакында эле дүйнө салган Сабира Күмүшалиева өңдүү жана башка, жана башка кыргыздын кайран кыраандары, улам катарлары суюлуп баратканы, алардын суктанарлык мүнөз-пейили, аянычтуу тагдыры, табышмактуу өлүмү, жарыбаган жашоосу, унутта калган эмгеги, бааланбаган таланты, дагы-дагылар жөнүндө айтып келип, азыркы жиниккен мезгилдеги жинди жаңылыктардын ичинен эң ачуусу, эң оору, азаптуусу ошондой инсандардын көзү өтүшү дедик. Бүгүн көргөнүң эртең жок. Карайлай түшөсүң дедик.

Нурзада Ташбаева




  Идеология мектептен башталат

Каракол шаарындагы №11 гимназия мектебинин мугалими
Канчайым Букамбаева:
"Көйгөйлүү маселе көп"
Коомдун өзгөрүшү менен анын мүчөлөрүнүн ага болгон мамилеси да өзгөрөт. Коомдун кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыктарын жогору коюп иштеген, эл ишеним артып келген интелегенциябыз бизнес менен коммерциянын артынан түшүп, келечекке да кеңири абай салбай баратат. Ушундай шартта жаш өспүрүмдөрүбүздүн абалы аралчада калгандай болуп турат. Алардын тунук балалык, руханий дүйнөсү өзгөрүп, байлык менен бийликтен артык эч нерсе жок экен деген таризде өсүп жатышат. Мектепте окуучулардын бай, кедей балдарына бөлүнүп турганы сырттан эле көрүнүп турат. Айрым ата-энелер балдар бакчасына алып келгенсип, мектепке балдарын машина менен алып келип, алып кетишет, чөнтөктөрүндө мобилдик телефондор, кийингени мугалимдердикинен жакшы. Бирок окуудан эч айырмаланышпайт. Ошол "күйүмдүү" ата-энелер деле балдарынын сабак өздөштүрүүсүнө кызыгышпайт. Алар ошентип жаткан соң колунда жоктор алардан бешбетер, колдорунун бошобогондугун шылтоо кылышып, мектепке башбагып коюдан качышат. Далай жаш ата-энелер көроокаттын айынан балдарын эч кароосуз үйлөрүнө, же туугандарына калтырышып коюп чет өлкөлөрдө жүрүшөт. Ушулардын бардыгы менен мугалимдер алек. Анткени алар балдарды окутууну моюндарына алышкан. Бирок аларга артылган жүктү салмактап көрсөк, оор болгону менен идиши жыртык. Көйгөйлөр, түйүндүү маселелер ого эле көп. Ушуну далилдөө үчүн Каракол шаарындагы №11 гимназия мектебинин башталгыч класстарда окутууда чейрек кылым тажрыйбасы бар мугалим Букамбаеа Канчайымга сөз берип көрөлүчү.

- Канчайым Шүкүровна, сиз мугалимдик кесипти кандайча тандап алдыңыз?
- Мен азыркы окутуп жаткан балдарымдай кезимде бизди окуткан эжейиме абдан суктангам. Анын турпатын, баскан-турганын, сүйлөгөн сөздөрүн туурагым келип, ушул эжейдей болоор бекем дечүмүн. Кудай буюруп ошол тилегиме жеттим. Бирок билбейм, ошол эжейдей боло алдымбы, жокпу? Ал кезде мугалимдин кадыр-баркы кандай бийик эле. Азыркыдай мектептен качкан бир дагы бала болучу эмес. Жыртык, ач курсак болсо да келип окуучу. Азыр ошону ойлосом бир чети таң калам. Ошондогу балдардын билим алууга умтулганы, балдарынын окуусуна ата-энелеринин кызыкканын эстен чыгарууга болбойт.
- Мугалим болуп калганыңызга өкүнүчүңүз бар го?
- Жок. Андай эмес. Турмуш кандай гана болсо да жаш муундарды билимге ээ кылып, туура тарбия беришибиз керек. Анткени өз келечегибизди өзүбүз даярдабасак, аны бизге ким даярдап бермек эле. 1994-жылдан бери башталгыч класстарга сабак берип келатам. Биринчи класстан кабыл алып төртүнчү классты бүткөргөндөн кийин өткөрүп берем. Кудайга шүгүр, окутуп чыгарган балдарым боюнча жакшыдан башка сөз уга элекмин. Азыр да классымда 29 бала окуйт. Негизинен жаман окуганы жок. Мурдагы жылы көр оокаттын айынан ата-энеси Россияга кеткен үч балам бар эле. Өткөн жылдын аягында балдарым чүнчүп, сабактарынан жетишпей бара атышкан, кат жазып жатып, экөөнүкүн чакыртып алдым, бирөөсүнүкү күздө келмей болду. Азыр ал балдар сабактарынан жетишип, алдыңкы жолдошторуна теңелип калышты. Ата-эне деми, жыты деген кандай.
- Канчайым Шүкүровна, окуу тарбия иштеринде кандай түйүндүү маселелер бар?
- Түйүндүү маселелер көп эле. Биринчиден, ата-энелердин көпчүлүгү балдарынын окуу, тарбиясына кызыгышат. Колдорунун бош эместигин шылтоо кылышат, экинчиден, мугалимдердин социалдык жактан камсыздалышы жакшы эмес. Кээ бир мугалимдерден балдар жакшы кийинип жүрүшөт. Бул болсо мугалимди басынтпай койбойт. Үчүнчүдөн балдар өз алдынча, башкача айтканда, эркин болууну каалайт. Бирок кандай болгондо эркин, кандай учурда жоопкерчиликтүү болоорун билишпейт. Бул да окуу, тарбия иштерине тескери таасир этүүдө.
Мектепте кыргыз тилинде адабий, усулдук китеп, журналдар жокко эсе. Ал эми булар орус тилинде жетишээрлик. Ошондуктан орус, кыргыз окуучуларынын жалпы деңгээлдеринин бирдей эместиги намысты ойготпой койбойт. Биздин мектептин окуучуларынын 60%ына жакын кыргыз балдар орус класстарында окушат. Бирок булар кыргыз тилине кызыгышпайт. Анткени кыргыз тилинде кызыктуу адабияттар жокко эсе. Анан кантип кыргыз тилин өнүктүрүүчү жол салабыз деген ой келет. Мугалимдерге артылган милдеттер көп болгону менен айлыктары аз. Ошондуктан кээ бир мугалимдер ошого жараша иш кылышат, же көбүрөөк акча табылуучу жакка кетип калып жатышпайбы. Ушунун бардыгы эле жаш муундарга билим берүүдөгү, тарбиялоодогу өксүктөр жана келечектин эң көйгөлүү маселеси. "Жазында там аркаңа эмнени эксең, күзүндө ошону аласың" дейт тура, элде.

Жолболду Осмоналиев,
өз кабарчы




Жакшылык келсин жарыша
Жайнаган жашыл көктөмдө,
Жагалмай учуп жол алсын.
Алатоо шаңга бөлөнүп,
Элиме таалай - жар салсын.
Көйкөлгөн ушул жаз майрам,
Калкыма берсин береке.
Калдайган Кыргыз элимдин,
Жайлоосу толсун желеге.
Ала-Тоо башы ак мөңгү,
Күн нуруна чагылат.
Эзелтен бери келаткан,
Элимде болсун салтанат.
Бүгүнкү Нооруз майрамда,
Жыл тогошуп жаңырат.
Берекесин мол чачып,
Доорубуз бизди жаңылайт.
Нооруз майрам кут болсун.
Эл журтка ырас кут консун.
Пейлибиз кенен көл болуп,
Жолубуз даңгыр, түз болсун.
Кыргыз калкым бар болсун,
Манастын руху жар болсун.
Элимдин күлүп маанайы,
Көңүлү чөкпөй шат болсун.
Алас, алас, алас бол,
Ар балээден алыс бол.
Кара кылды как жарган,
Аксакал кары калыс бол.
Жерибиз көрктүү, саймалуу,
Кыздарыбыз болсун ыймандуу.
Мекенин сактап душмандан,
Жигиттер болсун намыстуу.
Ак элечек башында,
Айымдар болсун акылман.
Апалар айткан накыл сөз,
Тарбия берсин жаштарга.
Кут болуп Нооруз майрамы,
Жамандык болсун алыста.
Калкыбыз өсүп өнүгүп,
Жакшылык келсин жарыша.
Ааламга элим таанылып,
Мөрөйлүү болсун жарышта.
Жамандык көрбөй Атажурт,
Жакшылык жакка арышта.

Базаркүл Тапышова




Абдымомун КАЛБАЕВ
Күтүүсүз келген конок
(новелла)
Апам ыраматылык шаардан келсем, "Балам мен деле карыдым, казан, табак кармаганга да бара-бара кубатым келбей барат, келин алсак колум узарып, төркүн- төсүмө кыдырып, бир эс алат элем" деп ичиндеги келиндүү болсом дегенде ак эткенден так этип жүргөн ак тилегин билдирди. Уксам да укмансанга салып унчукпадым. Кечинде кетменин такымга басып, торкашка атты улам-улам теминип коюп, иштен атам келди. "Ии,уулум, качан келдиң?" деп кучагына кысып , бетимден өөп, чор болуп туурулган колдору менен колумду бекем кысып учурашты. Байкашымда атам деле карып калыптыр, сакалы менен чачын ак бубак басып, калганын чынын айтсам эми байкадым. Атты байлап, белин бошотуп келсем, сөөрүгө жамбаштап жата кеткен экен. Атамдын жанына барып олтурдум.
- Окуу кандай уулум, - деди атам.
- Жакшы, эми, быйыл буйруса эки айдан кийин окууну бүтөм, - дедим.
- Жакшы болгон экен, бүтүп келсең эле үйлөймүн,- деди.
"Али эртерээк го", - дедим ниетимде. Бирок чын эле атам менен апамдын карып баратканын көрүп,бир жагы буларды аяп да кеттим.
Аңгыча апам чай, нанын алып келип дасторконун жайнатып жиберди. Апам жапкан нанды сагынганымданбы, билбеймин, атамдан да мурда озунуп нан алып жибериптирмин. Деги атадан мурда дасторконго кол узатчу эмеспиз,
- Коё тур балам, атаң нан алсын, - деди апам.
- Ала бер уулум, үйдүн нанын сагынган да, - деди менин оюмду билгендей.
- Кечириңиз ата, - деп нанды дасторкондун четине коё салсам атам алган нандан ооз тийип, айранды алып жутуп калды. Демейде "Өзүңдөн чоңдон мурда дасторконго колуңду узатпай жүр" деп урушчу атам бул саам негедир унчукпай чайын иче берди.
- Ии, шаардан сүйлө, - деди.
"Эмнени айтсам", - деп кыйлага буулугуп олтурдум.
- Окуу жакшы эле, шаарда тынччылык, - деп койдум. - Билимдүү, окуган, шаардык кыздардан эми бирин алып кел, - деди атам сынагандай алдыртан тиктеп. Ага апам чыдай албады.
- Койчу ошол окуган, шаар көргөн кыздарыңды, мага тирилик кылып бермек беле, иштеймин, окуганмын деп, сумкесин көтөрүп кетип калат. Андан көрө тигил Үчкоргондогу эле Эшматтын кызы Айсулууну келин кылып алам, быйыл окууну жаңы бүтөт экен, керилген сулуу кыз болуптур, кичи пейилдигин айтпа, - деп апам бир кызды мактай кетти..
Кайсыл Айсулуу болду экен деп олтурган жеримде ойго батып кетиптирмин, тааныштарыбыздын кыздарынын баарысын эле таанычу элем, негедир Айсулууну укпаган экенмин, Эшмат деген адамды да такыр элестете албай койдум. Эси-дартым окууда болуп кыздарга деле анчалык маани бербей, үйлөнүүнү али ойлонгон да эмес элем. Болбосо шаарда өзүм менен бирге окуган, көңүлдөрүбүз жакын керилген кыздар деле бар эле. Ушул мезгилге чейин деги эле бир кызга сүйөм-күйөм деп айтпаптырмын. Киного, театрга алып барып, оюн-шооктордо бирге боло калсам эле курсташтарым мени ошол кыздарга таңуулап калышчу. Чын-чынында менин башкы максатым - окууну ийгиликтүү бүтсөм аспирантурага окуп, илимдин артынан түшүү болчу. Бирок, атам менен апамдын бүгүнкү келин жөнүндө айтышып, карыгандыктарын наалый башташкандыктары мени кыйла ойго салып койду. Анын үстүнө мени окутам деп карыса да иштеп жүргөндөрүн эми байкадым. Мурда турмушун өтөп жүрүшөт да деп жүрө бериптирмин.
Эртеси эле апам мага Айсулууну көрсөтүп келем деп калды. Карыган апамды аяп, көңүлүн оорутуп албайын деп Үчкоргонго жөнөдүк .Эшмат акелердин үйү кудай жалгап авамдардын үйүнүн жанында экен.
- Балам келген экен, авасы менен учурашып келем дегенинен келдим,- деп, апам да сыртынан сыр билдирген жок. Согончогуна тийген жер чийген чачын артына майдалап өрүп таштап койгон, бутуна маасы-галош кийген, кичинекей тыкан кыз чай, нан ташып бизге кызмат кылып жатты. Чындыгына Айсулуу ушул болсо керек деп ичимден боолголодум. Апам барганда эле айланып, кагылып бетинен өөп, кучактап жаткан. Сыр алдырбай чай ичип олтурдум. Кыз мага жаккандай эле болду. Ал эми Айсулуу мага макул болобу же жокпу ал бөлөк иш эле. Апасынын айтып олтурганына караганда эң кенже кызы экен, калгандарын окутпай эле туугандарына берип салыптыр. Баары үйлүү жайлуу, очор-бачар экендигин, бир күйөө баласы машина алгандыгын, бир күйөө баласы жылкычы экендигин айтып олтурду. Өзү да эки келин алып уулдарын үйлөптүр. Өзбек чалыш келиндери бар экен, "Ассалоому алейкум" деп учурашышкан бойдон көрүнбөй жок болушту.
Үйгө келер-келгенче, Айсулууну мактап келди апам. Кыялында келин жумшап, керилип басып, жыргап калганын да элестетип алды өңдөнөт. Ал күнү апам курсант болуп жүрдү. Мен эки күн туруп эле кайра шаарга окууга жөнөдүм. Баратканымда да "Балам шаардык кыздарыңды кой, айылдан эле үйлөн, мен да келин жумшап колум узарып калсын" деп апам кайра-кайра дайындап жатты. Менин деле үйлөнүп жиберейин деген оюм жок. Бардык максатым аспирантурага окуу болчу.
Окууну да бүттүм, карыган апам менен атамдын кыйналып мен үчүн иштеп жүрүшкөнүн эстеп алып, алдыдагы максаттарымды кийинкиге калтырууга туура келди. Эми карыган немелер мени окутам деп иштеп жатышса мен аларды түйшүккө салып коюп кантип окумак элем. Райондук газетага кызматкер болуп ишке келдим. Апам менен атамын сүйүнгөнүн айтпа. Балабыз окуусун бүттү деп коңшу-колоңдорду чакырып той кылып, дипломумду жууп да беришти.
Негедир апам Айсулуу жөнүндө кеп кылбай калыптыр. Унчукпайт. Шаардан келе жатып апам Айсулууну айтат го дагы деп келгенмин. Көрсө мен кетерим менен эле бир койду союп алышып, куда түшөбүз деп апам менен атам барган экен, ата-энеси макул болсо да Айсулуу "Келип-келип мен ошол майып адамга турмушка чыкмак белем" деп болбой коюптур. Ошол сөздү укканда апам да ордунан туруп жөнөй берген го. Деги эле мага чаң жугузбай, апам мени менен сыймыктанар эле. Мен тууралуу жаман сөз айткан менен апам өмүр бою сүйлөшчү эмес. Апамды аядым, жыл айланбай үйлөндүм. Колуктум жаман чыккан жок, апамдын ыгынан чыкпай эле жүрдү.


Арадан жылдар айланып атам менен апамды да Аллага тапшырдык. Апам ыраматылык өлгөнчө бир да жолу Айсулуу жөнүндө сөз кылган жок. Бир сырдуу, бир сүйлөгөн, айтканынан кайтпаган адам эле. Балага өзгөчө мээрбан аял болчу.
Эки кызымды алып аялым төркүнүнө кеткен эле. Үйдө жаңы келген газета-журналдарды карап, белгилүү журналист Абдиламит Матисаковдун "Күзгү" деген очерки чыккан экен ошону окуп жатканмын. Аңгыча эшиктин коңгуроосу чырылдап калды. Тура калып эшикти ачсам татынкай бир сулуу келин турат. Ким экен, кайдан көрдүм экен деп заматта сезимиме бүлүк түштү.
- Келиңиз, кириңиз, - дедим.
- Кечиресиз,-деп үйгө кирди. Төркү бөлмөгө ээрчитип кирдим. Диванга олтурду.
- Мени тааныбай жатасыз да ээ, - деди.
- Чынын айтсам тааныбай жатам, бир жерден көргөндөймүн.
- Мен Айсулуумун, аке, мени тааныбай калышыңыз толук ыктымал, бир эле жолу көрүшкөнбүз. Мен куруюн, мени кечириң аке,-деп буркурап ыйлап кирди.
- Шашкалактап, кой ыйлаба, бир жериң ооруп турабы? - дептирмин.
- Жо-ок аке, менин эч жерим деле ооруган жок, бир гана айыкпас ооруга чалдыккамын. Ага мен күнөөлүмүнбү, же апам менен атам күнөөлүбү билбеймин, а балким мен өзүм күнөөлү чыгармын. Менин дартымды сиз сурабаң, мен айтпайын. Алдыңыздан бир жолу кечирим сурап коёюн деп гана келдим. Жакшы, келинчегиңиз жок экен. Ал киши болсо мени кандай кабыл алмак, ким билет. Мен турмушка чыкпай эле азапка чыкканмын аке. Кайдагы бир түрмөдөн чыгып келген, алыс эмес, жакын эле туугандарыбызга турмушка чыкканмын. Менин угушумда апаңыз - Шербет апам, олуя чалыш, мыкты адам эле, ошол кишинин көңүлүн оорутуп, сөз айтып койгон экенмин. Азыр ойлосом, олдоксон иш жасаганым тынчымды алат. Ал киши тирүү болгондо барып бутуна жыгылып кечирим сурамакмын. Балалык кылгамынбы билбеймин. Эми ойлоп алып өкүнөм. Өткөндө райондук газетадан ангемеңизди окуп, өксүп-өксүп ыйладым. Сиз да мени кечириң. Бул иш кийин деле менин эрким менен болбоду. Күйөөм жакшы табат, бай жердин жалгыз баласы. Эки-үч машинабыз бар, шаарда да үйүбүз бар. Оокат-ашыбыз жетиштүү. Бирок азапта эле жашап жатам. Алыска чыдабаймын го. Сиз мени кечирген болсоңуз эле болду.
- Мен кечиргидей сиздин эч кандай деле күнөөңуз жок. Ар ким эми көңүл кушу туура келип, жылдызы жанган, тагдыры буюрганга турмушка чыгат да. Эми мактанарлык деле бай эмесмин. Бирок, турмушубуз жакшы эле, эл катары тирилик кылып жатабыз.
- Билем аке, сиздин адамкерчилигиңизди, ишиңизди баарын -баарын жакшы билем. Анткени мен деле сизден алыс жашабаймын. Үйгө газета барган сайын биринчи сиздин жазгандарыңызды окуймун. Эки-үч жолу сыйлык алгаңызды окуп, өксүп-өксүп ыйладым. Бирок, эч кимге сыр алдырбаймын. Капа болбоңуз, күттүрбөй келгениме, жөн гана кечирим сурап коюуга киргенмин. Кетейин, келинчегиңиз келип калса да кыжаалат болбосун.
Айсулуу ордунан тура жөнөдү. Суранып олтуруп нан ооз тийгиздим.
Арадан кыйла убакыт өтө түштү, күз келип эл жыйым-терим менен алек болуп жаткан убак эле. Кеңседе газетанын кезектеги жаңы санынын макетин чийип жатканмын. Саамайлары саксайган сары кыз:
- Уруксатпы? Самак агай барбы?- деп кеңсеге баш бакты. Мен Самак дегенмин, кир кирегой,-деп жылуу кабыл алдым.
- Кимдин кызысың?,- дедим.
- Мен Айсулуунун кызымын, - деди кыз сабыры суз.
- Апаң жүрөбү, апаң жибердиби, - дедим.
- Апам жиберген жок, өлөрүнөн мурда, башыңа иш түшсө Самак акеңе баргын деген, - деп бышактап ыйлап жиберди.
- Ооруду беле дедим, кызды жубатар сөз таппай. Ооруган деле жок, атаман сөгүштөн башка сөз укпай, таяк жеп жүрүп каза болду. Эми атам болсо бизди карабай ичкилик менен дос болуп кетти, шаардан бир катын, айылдан бир катын алган. Окууну бүтүп кайда барарымды билбей, же акча жок, же кийимим жок, - деп бетин басып буркурап ыйлап жатты.Эмне дээримди билбейм, кой, мага кел, кыз кылып алайын десем, атасы бар, ыңгайсыз акыбалда калып олтурдум.
Эмне дээримди билбей нес болуп туруп калыптырмын.
- Кой карындашым, ыйлаба. Качан мындай иш болду? - дедим башынан сылап.
Кыз айталбай шолоктоп ыйлап жатты...

(Уландысы 8-бетте)

Абдымомун Калбаев,













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan