Коомдук-саясый гезит
№10, 20.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Улуттук дөөлөткө бут тоскон адам - ал кыргыз эмес

 2008-жыл-Чынгыз Айтматовдун жылы

Чапан
1995-жылдын күзү болучу. Кенже кызым өтүп, капамдын чеги жок күйүт менен жүргөн кезим эле. Ошол учурда "Чынгыз ава келет экен" деген сөз болуп калды. Мен карапайым элдин Чынгыз авага болгон мээримин ошондо билдим. Мага партком жигит келиптир.
- Эже, - деди ал, - бизге Чынгыз ава келет экен. Эгер сизге оор келбесе, колго бир чапан тиктириңиз. Сөзүңүздү байбичелер угат. Ушул маселелер менен мени сизге райондун акими атайын жиберди.
- Ошондой улуу адамга чапанды тикпегенде, анан кимге тигебиз. Мейли сүйлөшүп көрөйүн. Бирок арада бир эле күн бар турбайбы? - дедим.
- Ооба, убакыт тар. Сизге ишенип келдим, - деди партком сабыла. Мен макул болдум.
Түшкө жакын Айсапар, Улугай, Гүлай байбичелер менен кеңештим. Алар "Төртөөбүз тигебиз, - деп макул болушту. - Дагы эмгегибизге акысын төлөйбүз дешпесин. Өзүбүз тигип, авага чапанды өзүбүз жабабыз" дешти. Ошентип колдо бар пахтаны чигиттедик. Жакшылап тытып сабадык. Мындай ишти бизге ишенип тапшырганына өтө сыймыктанып, Чынгыз авага болгон улуу урматыбызды билдирип, аракеттендик. Биз, карапайым байбичелер Өзбекстанда жашаган биз өңдү улутташтарын унутпай аларга жолугууга убакыт таап жаткан Чынгыз авабызды адамкерчилик уркунун бийиктигине, элине болгон сүйүүсүнө, мээримине абдан ыраазы болдук.
"Чынгыз ава бизди эске алар бекен. Ал кишинин чапаны көптүр. Биздин карапайым чапанды кийээр бекен?" деген ой ар кимибиздин көкүрөгүбүздө турду. Чапан өз убагында тигилип бүттү. Совхоздун дирекциясы бизге автобусун бөлүп берди. Мөөртү келип, төрт уз аял автобуска отуруп Жызак шаарын көздөй улуу инсаныбыз жана аны менен кошо келишкен Кыргызстандык кандаш туугандарыбыз менен жолугушууну дегдеп бара жаттык. Унаабыз жолдо бузулуп, акыры шаарга да жеттик.
Улуу жазуучуга болгон сыйды биз Жызактан даана баамдап, Өзбекстандык кыргыздардын төбөсү көккө жете түштү. Күткөн эл көп. Асфальт жолдун бир нече километри таптаза шыпырылып, суу себилип коюлган экен. Биз келгенде улуу жазуучу менен жолугушуу башталып калыптыр. Маданият сарайына кирүү биз үчүн кыйынга турду. Бардык жерде сакчылар коюлуптур. Мен айлам кетип бир капитан чининдеги милиционерден сурандым:
- Үка, биз авабызга чапаныбызды жаап кетпесек болбойт. Бул турган байбичелер капа болот. - Менин сөзүмө ал жибигенсиди.
- Кириң хала, шуерда туруңг, - деди. Кубанычымдын чеги жок эле. Киребериш залда бизден башка дагы Кызылкумдан бир Икарус толтура келген казак туугандар турушуптур. Жолугушуу да аяктады. Биринчи болуп биз турган залга академик Бүбүйна Орузбаева чыкты. Мен эже менен амандаштым.
- "Манас -1000" ге эмнеге келбедиң, же сарттар жибербедиби? - Суроо салды эже.
- Жок эже, кызым өтүп, бара албадым. Бул жакка атайын жол артып Чынгыз авага жолугалы, даярдаган чапаныбызды жабалы деп келдик. Аны ишке ашыра албасак байбичелер капа болушат, эже, - дедим.
- Сен аны тиги ырчы кызга эле жап. Ал кыз үшүп жүрөт. Жеңил кийинип келиптир, бечара, - деди ал кайра бизге.
- Эже, ал чапан эркек кишиге ылайыкталып атайын тигилген. Аял кишиге болбойт.
Бүбүйна эже күлүп, жыйындар залына кайра кирип кетти. Бир аздан соң узун бойлуу жигит жаныма келип:
- Апа, сизге Чынгыз агай келе жатат, - десе болобу. Мен кайрылып карасам, Чынгыз ава күлүмсүрөп мени көздөй басып келатыптыр. Мен далбастап калдым. Мына маңдайыбызда дөөдөй болгон келишимдү агабыз турат. Учурашып даярдаган чапаныбызды ага жаптык. Чынгыз авамдын оң ыйыгынан колунун учуна чейин ак пейилден сыйпап, сүйкүм кылдым.
- Ава чапаныңыз эки күнгө жетпей жыртылсын, өзүңүз элиңиз менен жүздөн ашып, ден соолукта жүрө бериңиз. Алтын башыңыз аман болсун! - дедим дагы колунан кармадым. Анын колу баланын колундай жупжумшак экен. Калем кармаган кол менен кетмен чапкан кол бирдей болбойт тура. "Же Чынгыз авам кыдырбы?" деген да ниетке кеттим. Ангыча биз менен келген Айсапар байбиче ырдап жиберди. Авабыз аябай кубанып кетти.
- Силер кай жердин кыргызы болосуңар? - Ал бизге жадырай тиктеп суроо салды.
- Заанын, Бакмалдын кыргыздарыбыз, - дедик жарыша.
- Бул чапанды үйдө дайыма сөзсүз кийип жүрмөй болдум. Аны тиккен уз байбичелер - сиздерге ырахмат, - деди ал Айсапардын, Улугайдын, Гүлайдын колдорунан кармап.
Менин өмүрүмдө бул унутулгус күн болуп калды. Небереме арнап китебине кол тамга алдым. Ошол неберем Жылдыз быйыл 11-классты бүтөт. Өзбек өкмөтү жапкан Букар чапандан биздин жөнөкөй чапан өттү чамада. Ал Чынгыз авабыздын жайдары чырайынан жакшы билинип турду.
Андан бери бир катар жыл өттү. Азыр Өзбекстандагы жашоо тиричилигибизди жыйыштырып, өзүбүздүн ата-бабабыздын түбөлүк конушу болгон - Мекенибизге келип өмүр кечирип жатабыз. Ошондогу жолугушуу учурунда Чынгыз авамдын, Бүбүйна эжемдин шыпаалары тийдиби, айтоор эл-журтумдун басып өткөн жолуна арналган үч китебим жарык көрдү. Менин ал кишилердей болуума кайдан, ошентсе да кыдыр даарыган Чынгыз авам менен сукбат курганыма сыймыктанып жашап келем.

Майрам Жоош кызы МУСУРМАНОВА,
Москва районундагы
Сретенко айылынын тургуну




  Нооруз-оруздама качан чыккан?

Кыргыздын көп кылымдарды басып келген байыркы салттарынын бири-Нооруз-оруздама жаңы жылды тосуу майрамы. Жаңы жылды тосуу кыргыздардын турмушунда качан болгондугу, кандайча кадимки салтка айлангандыгы азырынча белгисиз. Улуу Атамекендик согушка чейинки мезгилдерде Ноорузду айылдарда сейрек да болсо белгиленчү.
Чыгыш элдеринин көпчүлүгүндө кезиккен бул жаңы жылды тосуу майрамы -Нооруз-оруздаманы дин кызматкерлери ислам дининин майрамы катары эсептөөгө аракеттенаенин тажик академиги, көрүнүктүү жазуучу С.Айни өзүнүн "Эскерүүсүндө" (175-бет, IV т, 1967) кыжына белгилеген. Уятсыз динчилдер ушул майрам жөнүндө Мухаммед пайгамбардын атынан уламыш да ойлоп чыгарышканын да көрсөткөн. С.Айни чыгарманы тажик, өзбек тилдеринде жазган - эки элдин коомдук ишмери, окумуштуусу, жазуучусу катары таанылган белгилүү адамдын бири. Демек, өзбектин, тажиктин дин кызматкерлери чыгыштын көп элине белгилүү, ары барктуу белгисиз мезгилден колдонулуп келаткан өтө байыркы салтты Мухаммедге байланыштырып айтуу атайын жасалгандыгын билдирет. Анын үстүнө мусулман дүйнөсүндө жыл эсеби да ошол Мухаммед пайгамбардын Мединага качкан - 632-жыпдан хиджрадан башталат эмеспи. Христиандар да жыл эсебин Христостун туулган жылынан башташат.
Мындай түрдөгү ишеним-түшүнүктү "Манас" эпосунан да кезиктиребиз. Сагымбайдан жазылган эпостун "Манас" бөлүгүндө "Азирети Мухамбет Мустафадан кийин, 475-жылдан кийин түрк элинен, Түркстан жеринен Манас чыгат. Эсеп кылсак, санаасы тогуз жүз жыл арасы" (инв. 571,1 -бет, инв. № 574, 573-574-беттер) өңдүү ыр саптары баса айтылат.
Эмне үчүн Манастын чыгышы Мухаммед пайгамбардан кийинки мезгилге тушташтырылып жатат? Анын түпкү максаты эмне болду экен? Ушул суроолорго кыска жооп берсек эле бардыгы бир четинен белгилүү боло баштайт. Биринчиден, бул дале кыргыз эли ислам дини менен эч кандай кабары жок кезде эле "Манас өзүнчө иштелип бүткөн чыгарма - классикалык эпос катары түзүлгөндүгүнө бекем байланышкандыгында. Экинчиден, "Манас" эпосунун кыргыз элинин турмушунда алган ордуна, маанисине жараша атайы эстүү түрдө мына ошондой жасалгандыгында. Анда сөздүн кезегин Нооруздаманын - оруздаманын жаңыжыл майрамы катары белгилениши тарыхта качан болгондугуна берелик.
Кыргыздардын көп кылымдарды басып келген байыркы салттарынын бири -Нооруз-оруздама жаңы жылды тосуу майрамы. Жаңы жылды тосуу кыргыздардын турмушунда качан болгондугу, кандайча кадимки салтка айлангандыгы азырынча белгисиз. Ушул Ата Мекендик согушка чейинки мезгилдерде Ноорузду айылдарда сейрек да болсо белгилешчү.

Биздин заманга чейинки биринчи миң жылдыктын алгачкы кылымдарында Месопотамияда жаңы жыл майрамы жаздын башталышына дал келиши катары өзгөчө салтанаттуу белгиленчү экен. Мезгили март айынын биринчи он эки күнүнө туш келип, христиандар менен еврейлердин пасха - чоң майрамына аралашып, бир учурда өткөрүлүптүр, Майрамдын экинчи күнүнөн бешинчи күнүнө чейинки өткөрүлгөн салтанаттарда пасха түрүндөгү ырым-жырымдар жасалган, калган күндөрдө месопотамдыктардын ар түрдүү капуардагы, ар кыл диндеги көп адамдары агылып Вавилонго келип, Кудайдын өлүшүнө жана тирилишине байланыштуу ырым-жырымдарды берилгендик менен жасашкан.
Байыркы ирандыктар Ноорузду жерди иштетүүгө байланыштуу чыккан жаз майрамы катары да белгилеген. Месопотамдыктардын жаңы жыл тосуу жаз айынын алгачкы күндөрүндө өткөрүлүшү, курмандыктын тазалыкты көздөп чалынышы Нооруз атайы жаз майрамы катары белгиленген мезгилдерди да басып өткөндүгүнөн кабар берет. Ошондуктан месопотамдыктар эки иштен бир иш деп эки майрамды ар кыл диний ырым-жырымдар менен коштоп, атайы бирге чоң салтанат катары өткөрүшкөн сыяктанат.
Өзбектердин Ноорузду жаз майрамы катары белгилеп жүрүшү да байыркы мезгилдердеги ошондой ишеним-түшүнүктөрдөн тиги-бу деңгээлде кабардар болушунан жаралган кебетеленет.
Ирандыктарда Нооруздун чыгышына карата ошол байыркы мезгилдерде эле ар кыл уламыштарда кеңири айтылып калган. Алар Нооруздун чыгышын укмуштуу шах Коюмерсанын ысмына да байланыштырып көрүшкөн. Мифтик укмуштуу шах Жамшиданын аты менен байланыштырган уламышты да ирандыктар жаратышкан. Көрсө, өйдөдө С.Айнинин Нооруздун чыгышын Мухаммед пайгамбарга байланыштырып айтылган уламышка чечкиндүү каршы чыгышы байыркы мезгилдерде эле ирандыктардагы мына ушундай ар кыл уламыштардын айтылып жүргөндүгүн да көңүлүндө кармагандыктан жаралгандыгын айгинелейт.
"Навруз" иран сөзү. "Нав"-жаңы, "руз"-күн, бирге айтканда жаңы күн деген маанини туюндурат. Тактап айтканда, жаратылыш жазда кайрадан жаралат, жаңырат деген маанини түшүндүрөт. Себеби, ал адамдар жылдын жаз мезгилинде жаратылыштын бардык заттары, жан-жаныбарлары, кубулуштары да жаңырып, кайрадан жаралат деген ишеним-түшүнүктөн жаралгандыгында. Алсак, башкасын айтпаганда, кышында жок болгон-өспөгөн ар кыл өсүмдүктөрдүн кайрадан жабыла чыгышы, жаныбарлардын тукумдашы адамдарга жылдын жаз мезгилине өзгөчө маани берүүгө, аны бериле аздектөөгө түрткөн. Барып-келип Нооруз урукчулдук коомдогу адамдардын жазда жаратылыш кайрадан жаралат, жаңырат деген анимисттик ишениминен жаралганын аныктайт.
Жаңы жылды тосууга келгенде кыргыздар атайы үйүн оңдоп-тигип, короо жайын тазалап, арчанын бүчүрүн түтөтүп, алас-алас ырым-жырымын да жасашкан. Арчанын бүчүрүн түтөтүшүнө да кыргыздар илгертен өзгөчө маани беришкен өңдөнөт. Анткени, башка өсүмдүктөргө, жыгачка караганда арчанын жытынын жагымдуулугунда, өзгөчөлүгүндө да жаңыртуучу, тазартуучу касиет бар деген ишенимди да байыркы адамдар бекем кармаган мезгилдерди да басып өткөндөй элестейт. Адамдардын андай ишениминин жаралышына башка жыгачтарга салыштырганда арчанын бат чирибей, жайдыр-кыштыр көпкөк болуп турушу да түрткү бергендиги да көңүлгө атайы кармалышы мүмкүн. Ар ким алына жараша узун сарыга сактаган сүрсүгөн эт менен буудай же актаган арпадан жасалган тамакты чоң көжө деп аташып, жадырап-жайнап салтанат курушкан. Алас-алас ырымы кызуу жасалып жатканда адамдар ачык жерге жагылган оттон секиришкен. Анткөни бир учурда байыркы кыргыздар отко сыйынып, анда жаңыртуучу өзгөртүүчү касиет бар деген ишенимди да бекем кармашкан.

Муңдук Мамыров




  Тил-улуттун жаны

Байас Турал
ЭЛ КАЧАН ТИЛДЕН КАЛАТ?
(Башталышы өткөн санда)
Кошоматчыл идеологиянын үзүрү
К. Акматов жогорку сөзүн айткан жылдарда белгилүү журналист Кенжалы Сарымсаковдун да "Эне тилин билбеген…" деген чакан макаласы "Аалам" гезитинде жарык көргөн болчу. Анда автор: "Кыргыз сөзүн - улутубуздун улуу касиетин өксүтпөйлү " деген рубрика ачылса, деген сунушун айтуу менен катар азыркы кыргыз тилинин абалына байланышкан эки фактыны далил келтирген экен. Анын бири "Кыргызстан маданияты" гезитине жарыяланган "Кыргыз филологусуңбу, байкуш?…" деген макаладан алыныптыр. Анда мындай деп айтылган: "Улуттук университеттин кыргыз филология факультетине бюжеттен 100 орун берилсе, өз каалоосу менен болгону 9 гана абитуриент тапшырган. Калган 91 орунду факультеттин жамааты чуркап жүрүп, биринчи семестрдин жарымында араң толтурушуптур. Көпчүлүк студенттер өздөрүн кыргыз филологиясы факультетинде окуйм деп айткандан намыстанып, журналистмин деп айткандарын байма - бай учуратууга болот. Биздин менталитет, аң - сезим мына ушундай абалга келип жетти".
Экинчи факты Бишкек шаарындагы кыргыз китеп дүкөнүнөн алынган. Чынында, шаарда кыргыз китептерин саткан бир гана "Нуска" деп аталган дүкөн бар. Автор, "кыргыз тилиндеги чыгармалар эл тарабынан канчалык деңгээлде сатып алынып жатат болду экен" деп караштырып көрсө, Мидиндин китептеринен кийинки үч жылда айына араң экиден, Байдылданыкы айына төрт китептен сатылып жатыптыр" . Мына, өлкөдөгү Мамлекеттик тилдин абалы!..
Ушул эки факты, Мамлекеттик тилге болгон Мамлекеттин камкордугун жана кыргыздардагы улуттук аң-сезимдин түшкөн деңгээлин көрсөтүп отурат. Бул жарым кылымдан ашык убакыттан бери: "Биз аз элбиз", "биз кичине мамлекетпиз", "биз орус тилисиз жашай албайбыз" деп, дайым элибизди, тилибизди басынткан сөздөрдү айтып, туура эмес саясат жүргүзүп келаткан кошоматчыл идеологиянын үзүрү. Дүйнөдө бир да эл биздикиндей "нигилистик мүнөз" күткөн иш жүргүзүп жаткан жери жок. Улуттук аң-сезим калыптанбай туруп, мындай саясат жүргүзүү - бул улуттун өмүрүн кыйуу деген эле сөз. Ал эми улуттук аң - сезим улуттук тилсиз калыптанбайт. Ошол үчүн Дүйнөлүк уюмдар тарабынан биздин тил боюнча саясатыбыз туура бааланып, "тили жок болуп бараткан" улуттардын катарына кирип отурабыз.

Тили жок эл - кулга айланат
"Элди бузам десең тилин буз", "Улуттук дөөлөткө бут тоскон адам - ал кыргыз эмес", "Кыргыздар күнкор идеологиянын курмандыктары" деп жазат Д.Сарыгулов.
Чынында буга чейин деле дүйнөлүк тажрыйбада: "Элди жок кылам десең, адегенде тилин жок кыл" деген сөз айтылып келген. Анан, тилин жок кылыш үчүн адегенде ал элдин элитасын жок кылышкан. Анткени, улуттун тилинин, маданиятынын, каада-салтынын мыкты үлгүлөрүн ошол ак сөөк катмар алып жүрөт. Аларга карап карапайым эл өздөрүн түздөшкөн.
Тилден айрылган эл - эл болуудан калат. Ал кулга айланат. Ал эми кулдун тил менен иши болбойт. Өз тилине кул маани бербейт. Анын тили - ал кожоюндун тили. Кожоюну кытай болсо - кытай тилинде, малай болсо - малай тилинде, орус болсо - орус тилинде, доңуз болсо - доңуз тилинде да сүйлөй берет. Кайсы тилде сүйлөсө - ага баары бир. Иши кылып эле кожоюну ыраазы, өзүнүн курсагы ток жүрсө болду. Кул - курсактын деңгээлинде ой жүгүрткөн адам. Ал улут үчүн күйүп - жанбайт. Анткени, ал каерде жүрсө да кул. Ал үчүн ага кожоюндун тирүү жүргөнүнөн кымбат эч нерсе жок.
Элдин башында турган адам, байлык менен бийликти кармап турган адамдарды көзөмөлгө алып, элдин атын түбөлүккө калтыра турган илимий -чыгармачыл интеллигенцияга камкордук көрүш керек, алардын иштешине шарт түзүшү зарыл.
Мисалы, ушул өңүттөн алганда, казак элиндеги жазуучуларга көрүлгөн камкордук, же кече эле согуштан бошонгон Тажик элиндеги жазуучуларга совет мезгилинде түзүлгөн шарттын ошол бойдон сакталып турушу - бул ошол элдердеги жогорку улуттук аң - сезимди, келечекке салынып жаткан жолду айтып турат.
Байлыгы жок элди - "кедей эл" дейбиз, бийлиги жок элди - "күнкор эл" дейбиз, ал эми өз тилинде сүйлөбөгөн элди - эмне дейбиз? Анын тирүү өлүктөн айырмасы канча? Андай элди - эл деп ким айтат? Эмнесине карап андай элди "эл" деп айтабыз? Анткени, улуттук маданият дегенибиз - ал адегенде улуттук тил, анан ата-бабасынын басып өткөн жолу - тарыхы, анан дини, же абалтан өзөгүн түзүп, мезгилине жараша өң-түс күтүп, өзгөрүп келаткан каада-салттары.

"Этият" болуп эч нерсе кылган жокпуз
Эмне үчүн мамлекет башкаруу иштеринде кыргызча сүйлөй албаган жана жаза албаган киргиздер отурушат? Эмне үчүн Кыргыз элин кыргыздар эмес, киргиздер башкарыш керек? Ооба, киргиздер орус, же кытай эмес, бирок алар кыргыз дагы эмес. Эмнесине карап, биз аларды кыргыздар дешибиз керек? Анткени, кыргыз тилин, динин, каада-салттарын бузгандар бүт ошол киргиздер.
Эмне үчүн Мамлекеттик тил тууралу маселе көтөрүлгөндө эле кээ бир депутаттар "этият бололу" дешет? Мамлекеттик тилди коргоо - ал эмне этият боло турган ишпи? Же, биз эле Мамлекеттик тилди коргоп, дүйнөнүн калган элдери дүйнөлүк тилге өтүп жатышабы? Эгер өзүнүн тилин өлүк тилге айлантып жаткан эл болсо, анда ал элдин жамандыгынан болууда. Ким орус тилин коргогусу келсе, анда ал адам Россияга барсын. Кыргызстан кыргыз тилин жана маданиятын коргой турган жалгыз өлкө. Биз ушул күнгө жетиш үчүн канча эр - азаматтын каны төгүлдү.
Башкасын айтпаганда да, армян, грузин, же Балтика элдери өз тилин коргоп, тил маселелерин көтөрүп жатканда да, биз 74 жыл бою "этият" болуп эч нерсе кылган жокпуз. Борбор шаарыбызда бир кыргыз мектеп(№5) калганга чейин "этият" болдук. Аны да туш-туштан кысып калганда, кысылган элдердин арыз-муңу кудайга угулуп, СССР кыйрап, чачырап кетти.
Эми эгемен мамлекеттердин баары өз тилин өнүктүрүп жатканда, саясий интеллигенциянын сунушу боюнча, дагы этият болушубуз керек экен. Дагы канча жылга "этият болобуз". Эмне үчүн этият болобуз? Ошончолук этият болгудай, биз башка элдерге жаман эмне жасап жатабыз? Башкача айтканда, өзөк элдин өкүлдөрүнө түшүнүксүз "этият болуу" саясаты дагы канча жылга созулат?
Биздин мамлекетте жашап жаткандан кийин биздин тилди билсеңер жакшы болор деген сөз башка улуттарды кемсинткен сөзбү? Эмне үчүн биз патриоттуулукту күнөөлөп, эки жүздүүлүктү күнөөлөбөйбүз? Эмне үчүн кийинки мезгилдерде патриоттуулук тууралу кеп кылбайбыз, аны даңазалабайбыз?
Эмне үчүн Кыргызстандан орустар кетип атканын кеп кылабыз да, ал эми кыргыздардын кетип атканын айтпайбыз?
Эмне үчүн орус тилинин бай экенин айтып, кыргыз тилинин байыркылыгын, улуулугун айпайбыз? Кыргыз тилинин көйгөйүн эгер кыргыздар - биз айтпасак, анда ким айтат?

Кыргыз тилин үйрөнбөө менен:
l орустар Кыргыз элин теңсинбей жаткан шовинист эл экенин;
l киргиздер кулдук аң-сезимден кутула электигин көрсөтүүдө.
l ...............................
Тилден калган адамдын эки түрдүү абалы болот: Бири - чала өлүк, экинчиси - жан чыккандан кийинки учуру. Борбордо жашап жаткан кыргыз интеллигенциясынын көрүнүшү - эки учурдун биринчисине окшош. Эми эмне кылабыз? Эми Элди эсине келтириш керек. Элди эсине анын Тили келтирет. Анткени, "Тил - улуттун жаны".













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan