Коомдук-саясый гезит
№10, 20.03.08-ж.

Меймансап
Форум

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai/08/0320_4.htm on line 29

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai/08/0320_4.htm on line 29

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai/08/0320_4.htm on line 29




  Көтөрүлүп көңүлдөр көккө умтулуп,
Нооруз майрам элдики тилеги өскөн

  Куттуктоо!

Кадырлуу Алатоолук
агайын-тууган, эл-журт!
Урматту мекендештер!
Мамасадык Бакиров,
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери
боюнча Улуттук агенттиктин директору
Сиздерди жаратылыштын жаңылануусун жана жазгы талаа жумуштарынын жандануусун жар салган Чыгыш элинин жаңы жылы болгон, Нооруз майрамы менен ак дилимден куттуктайм!
Жыл сайын жазында бүткүл эл майрамдоочу Нооруз берекенин, сабырдуулуктун, өз ара түшүнүшүүнүн, кубанычтын, тазалануунун, мээримдүүлүктүн, терең ишенимдин, үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам болуп калды.
Нооруз майрамында элибизди тынчтыкка, ынтымакка, биримдикке, ак эмгекке чакырган аруу каалоо тилектериңиздер ишке ашышына тилектешмин. Ушул кубанычтуу майрам күнү жергебизде бейкутчулук, токчулук болуп, улуу Нооруз күнү жаралган ыйык жана таза сезимдериңиздер эч качан өчпөсүн.
Жаздын илеби менен келген Нооруз биздин жүрөктөрүбүздү кубанычка, жылуулукка, сүйүүгө, ишенимге жана турмуштук күч кубатка толтура берсин!
Улустун улуу күнү үйүңүздөргө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымак-ырашкерлик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин!
Кыдыр даарыган Нооруз майрамыңыздар маарек болсун!




Нооруз батасы
Алас, алас, алас,
Ар балаадан калас!
Нооруздун ушул күнүндө,
Арча түтөп ар үйдө,
Шаттык күлкү жаңырып,
Шаң жаңырсын көктөмдө.
Урматына Нооруздун,
Семизинен кой сойдук,
Дасторконго нан койдук,
Каймак менен май койдук,
Кызыл салган чай койдук,
Ар түрдүү гүлдөн чогулткан,
Аары жыйган бал койдук,
Мал-башыбыз көбөйүп,
Тоо, талаага шаң толсун,
Ак тилектер айтылып,
Арзанчылык мол болсун,
Тынчтыкта жашап элибиз,
Байлыкка толсун жерибиз,
Ынтымак орноп ар үйгө,
Ак таңдай болсун пейлибиз,
Теңирге тобоо дейли биз,
Аман болсун дилибиз,
Бактылуу баш берсин,
Узун өмүр жаш берсин,
Улустун улуу күнүндө,
Уулуң консун уяга,
Кызың консун кыяга,
Дөөлөтүңдү ашырсын,
Душманың сынып басынсын,
Жөөлөгөн бели басылсын.
Менин берген бул батам,
Улуу күнгө узартып,
Сактап жүргөн сүр батам,
Оомийин!
Чынгыз Эдигеев




  Номурга дилкабар

Коом жанданды
Совет бийлиги кулаганы менен 70 жылдагы тапкан, үйгөн байлыктарыбыз, курган завод-фабрикаларыбыз, ири, майда ишканаларыбыз, малдарыбыз жана башкаларыбыздын бардыгы өзүбүздө калды. Бирөө келип зордоп колубуздан тартып алган жок. Ошол байлыктарыбыздын бардыгы "прихватташтырылып" кумга куйган суудай жок болуп жерге сиңип кетти. Көздөн кайым болду. Келечекте пайдасы тийе турган курулуштардын бардыгын бузуп талап кетишти, талкалап жок кылышты. Анан эмне калды?

Кудайга шүгүр 2005-жылдагы март революциясынан кийин Кыргызстандын элинин турмуш деңгээли жакшырып бара жатат. Элдин жашоо турмушун ондоо үчүн Президентибиз К.С. Бакиев күнү-түнү ойлонуп, эл үчүн, жер үчүн жакшы иштерди аткарууда. Чет мамлекеттер менен достук байланышыбыз да жакшырууда. Мына өткөн жылы Президентибиз Кытайга барып 1200 тракторлорду, соколору менен келтирип облустарга таркатып берди. Россиядан, Белоруссиядан да тракторлорду, комбайндарды келтирип тийиштүү райондорго бөлүп берүүдө. А. Акаевдин 15 жылдагы ишинен көп иштерди өткөн 2 жылдын ичинде эле аткарганын көрүп турабыз. Республикабызда бир нечелеген жаңы цемент, курулуш материалдарын, кыш ж.б. чыгаруучу заводдор курулуп жатат.
Курулуп өндүрүмдүү иштеп жаткандары да бар. Президентибиздин демилгеси менен курулушу так токтотулуп коюлган Нарын дариясынын нугундагы Камбарата-2 ири ГЭСи да, жаңы күч, шыктануу менен курула баштады. 15-16 жылдан бери куру сөз болуп келе жаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун жакынкы жылдарда куруп бүткөрүү иштери да жанданды. Соңку 2 жылдын ичинде эле бир канча магистралдык каттоо жолдору кеңейтилип, шагыл төгүлүп асфальттады. Азыр автотранспорттор, жеңил машиналар тоолорубуздун арасындагы жолдордо күнү-түнү каттап турат. Аз айлык алган врачтардын, милициянын, мугалимдердин ж.б. айлык акылары жогорулатылды. Айрыкча улуу Атамекендик согуштун катышуучуларынын, карыялардын пенсиялары жогорулатылууда. Айылдыктардын көбүндө айыл чарба, техникалары да, иномарка машиналары да, кеминде 100-200 андан да көп мал, индюк, тооктору да бар.
Келечекте жакшы жашоо үчүн ар бир айылда ири айыл чарба кооперативдердин уюштуралы. Илгеркидей кылып СТФ, КТФ, МТФ жана тоок фермаларын түзөлү. Тоют базасын чындайлы, бул үчүн жүгөрү жана беде аянттарын көбөйтөлү. Тоют көп болгондо гана эт, сүт, жумуртка ж.б. азык-түлүктөр арзандайт. Беде болсо жерибизди семиртет, түшүмдү жогорулатат. Анан которуштуруп айдоону да колго алсак болот, эки жыл беде өсүп турган начар арык жерге буудай эксек 80-100 центнерден дан өндүрүп алабыз.
Эмне үчүн биз адырларга, кайрак жерлерге дан эгиндерин экпейбиз? Кайрак жерлерге буудай эккенди билбеген дыйкандарды тоолук Тибет элине дыйканчылыгын үйрөнүүгө жиберүү ылаазым. Тибеттиктерди да биздей эле "Манас" атанын тукумунан десек жаңылышпайбыз. Алардын тили да ушул биздин кыргыз тилибиздей. Алар деңиз деңгээлинен 4143 метр бийик тоолордун үстүнө буудай эгишип мол түшүм алышат. Адыр, тоо боорлорун да өздөштүрүп, турак жайларды курушуп, бак-дарак тигишкенин элибиз көрүшсүн, үйрөнүшсүн.

Сатымкул Садыков,
Улуу Атамекендик согуштун,
Москва Кызыл аянтындагы Жеңиш парадынын
катышуучусу, ардагер журналист,
Ноокен району Масы айылы




Нооруз күндүн нурунан жол түшүрүп
Жартылыш жаңырып үйлөп отту,
Көктөм тосту табият, көктөм тосту!
Дарыядай агылып мезгил өмүр,
Дагы бир жыл жашыма өткөн жокпу?!

Нооруз келип көк чыкты жарылып жер,
Желин айрып сүт толуп, камынып эл.
Жазды тосуп жаркылдап, өлбөгөн кул,
Баба дыйкан чекеден агызып тер.

Даркан талаа чакырып сүрөп өктөм,
Ооз тийип аттанып сүмөлөктөн.
Көтөрүлүп көңүлдөр көккө умтулуп,
Нооруз майрам элдики тилеги өскөн.

Көп ичинде өзүмчө өрөпкүдүм,
Көлдөй толкуп жээкте сени эстедим.
Нооруз күндүн нурунан жол түшүрүп,
Толкун кечип күлүңдөп келет дедим.

Бактыгүл Чотурова,
Алыкул Осмонов сыйлыгынын лауреаты

Нооруз көктөмү
Бул көктөмдө түркүнү бар түркүндүн,
Бул көктөмдө күнү тууйт күлкүңдүн.
Таалай-бакыт арча менен аластайт,
Даңазалап теңелгенин күн-түндүн.

Балдар, кыздар байчечекей тагынат,
Бак-дарактын бүчүрлөрү жарылат.
Жердин, суунун кабактары ачылып,
Жетиналбай жашыл кымкап жамынат.

Жадырашат жаңылардын жаңысы,
Жазды мактайт жүрөктөрдүн кагышы.
Сыймык менен дүйнө жүзүн терметет,
Теңдеши жок жаңы жылдын дабышы.

Улуусуң дейм, сулуусуң дейм көктөмдү,
Ушул күнү толтурамын бөксөмдү.
Жаш-карынын жарпын жазып дем берет,
Жаратылыш ууртунан өпкөнбү?!

Аман Көчөрбай уулу




 "Жылдын мыкты адамы"
номинациясынын лауреаты куттуктайт

Дүйшөнали Мамасалиев:
"Улуу көч менен бирге улансын"
Алдыда март ыңкылабынын үч жылдыгы. Жалалабат шаарынын мэри Дүйшөнали Мамасалиев да март ыңкылабынын 3 жылдыгын, анан шаардын 130 жылдыгын өткөргөн соң, 3-апрелде: калакайлап, таттуусуна тамшанып, ийрисин түздөтүп, түзүнө багыт көрсөтүп, куйтусун колтукка сайып, эки жүздүүсүн этектен басып, кырдуусунгандын кылоосун жонуп, кыйтырсынганды чокуга коюп, саткындарын сазга басып, жүзү каралардын бетине ак чачып, албуут катындардан, аларга жатындаш жакындардан аруулануунун мезгили жеткенин, Курманбек Салиевич Бакиев баштаган Кыргызстан аруулуктун Мекени экенин калаалаштарынын эсине дагы бир жолу салууга комдонуп туру.

Анткени, 3-апрелде Дүйшөнали Мамасалиевичтин Жалалабат шаарынын түмөн-түйшүктүү мэрлик кызматка кадам таштаганына эки жыл болот.
15-мартта шаар ичинде жан бүткөндүн бардыгы жаздай улук, жаздай таза, жаздай келечектүү, жаздай келишимдүү ишембиликке чыгышкан болучу. Ишембиликтин чок ордонунда жүргөн шаардын мэри Дүйшөнали Мамасалиевге Нооруз майрамына карата шаар, эл, өлкө, келечегине каалоолоруңузду айтсаңыз? - деп собол таштадым.
- Биз өлкө Президентинин жоокерлерибиз. Президент күчтүү аймактар болмоюнча күчтүү мамлекет болбойт деп таасын айтпадыбы. Бир эмес, бир нече жолу айтты. Жергиликтүү бийлик башчылары муну жетекчиликке алышы керек, - деди Дүйшөнали Мамасалиевич, - Бардыгыбыздын пейлибиз быйылкы кычыроон кыштан кийин келген жагымдуу жаздай оңолсун. Шаардын кандай өсүп баратканын эл көрүп турат. Мунун баарын биримдик, ынтымактуулук жаратты. Кыргыз журтуна боз үйүбүздүн түндүгүн тиреп турган ууктардай ынтымактык, биримдик, түбөлүктүүлүк туруктуулук каалайм. Нооруз, айрыкча баарыбызды жарык дүйнөгө алып келген апаларыбыздын майрамы. Ошондуктан мындан ары да өлкөбүздөгү энелердин маанайы дайым жарык болушун тилейм. Үйдө апанын маанайы жарык болсо, балдардын, үйбүлөнүн маанайы жарык болот эмеспи. Ноорузубуз дагы миңдеген кылымдарды элибиздин улуу көчү менен бирге улай берсин!

Уланбек Парманов,
"Айыл өкмөтү"




  Ноорузду элибиз кандай үмүт, тилектер менен тосуп жатат

Байгерчилик алып келсин
Ар бир айыл өзүнүн аксакал, күмүш ээк карыялары, менен сыймыктанат. Алардын батасын алууга ашыгышат. Ошондой жаштарга өзүнүн эң жакшы адамдык сапаттары менен үлгү болгон карыялар көп экендиги кубандырбай койбойт. Жакында алардын бири Акталаа районундагы Баетов айлынын тургуну Бекболот Мырзабековго кезигип, маектешип кайткан элек.

- Бекболот ата, "Өлбөгөн жанга жаз келет" дегендей жаз да келди , сизде ага карата даярдык кандай?
- Ооба жаз табиятка жаңылануу, адамга күч-кубат алып келет. Ар бир жазды чыдамсыздык менен күтөм. Негизи балалыгым согуш жылдарына туш келип эмгекчил болуп өстүм. Жазбы, күзбү, же аптабы ысык жайбы, айтор мага ар бир мезгилдин өзүнчө бир кооздугу менен түйшүгү бар. Ал эми жазда эмгек кылган адам күздө мол түшүм алат, кышта курсагы ток болот дээр элем. Быйыл жакшылап эмгек кылган адам, мол түшүм алаары шексиз. Себеби кар калың түштү, жердин түшүмдүүлүгү да жогорку деңгээлде болот деп айта алабыз.
- Айылда жашаган адам катары элеттиктердин турмушун айтсаңыз?
- Буюрса элеттиктердин турмушу күндөн күнгө жакшырып келатат.Эң башкысы кантип жашаш керек экендигин айылдыктар өздөштүрүп алышты. Кудайдын кулагы сүйүнсүн азыр ар бир үйдө мал бар."Эр эмгегин жер жебейт"дегендей, эмгек кылса, анын акыбети кайтаарын айылдыктар жакшы түшүнүшөт.
- "Жаздын бир күнү жылга тете" дегенге кандай карайсыз?
- Илгертен эле кыргыз эли сөзгө маани берип келишкен. Ал эми жогоруда айтылган "Жаздын бир күнү жылга тете" деген сөздүн мааниси чоң. Дегеним, жазда эмгек кылсаң, жыл бою анын үзүрүн көрөсүң дегендик. Мына минтип кымбатчылык жондон басып турганда , кол куушуруп жокко шылтоолоп жатып алуунун эч пайдасы жок.
- Ноорузда элге каалооңуз?
- Нооруз жаңы күндүн, эмгектин улуу майрамы.Кыргыз элимди жаздын алгачкы күндөрүндө эмгекке, ынтымакка шыктандырып кирип келген жаңы күн, жаз майрамдары менен куттуктайм.Элибиздин пейли, көңүлдөрү тазарып, курсактары ток болсун.Аткан таң менен баткан күн токчулук, бакубат байгерчилик алып келсин.

Өмүрбек Мамбетсадыков ,
Арчабешик жаңы конушунун тургуну:
- Нооруз кыргыздын жаңы жылы экенин талашсыз. Ар бир майрамдын өзүнчө өзгөчөлүгү болот. Биздеги майрамдардан мен Ноорузду жакшы көрөм. Илгээритен эле кыргыз эли Ноорузду сүмөлөк, көжө, деги эле улуттук тамак-аштын түрүн жасап тосуп алышчу. Мына кыргыз элимдин өзгөчөлүгү ушунда.

Анара Чүкүйева Бишкек шаарынын тургуну:
- Ноорузда кыздарым менен туугандарымдыкына барам. Дасторконго улуттук тамак-аштарды коюп, балалыгыбызды, андагы Нооруз күндөрүн эстейбиз. Биздин балалыгыбызда кыргыздын жаңы жылы деп жакшы майрамдачубуз. Азыр көпчүлүк, 31-январды күтүп, Ноорузга маани деле беришпей калбадыбы.

Акубай Мамыралиева, эмгектин ардагери, 80 жашта, Ыссыккөл областы:
- Мурун Нооруздама деп ар бир үйдө көжө кайнатып, үйлөрдү аластап, кошуналар бири-бирине жакшы тилектерди айтыша турган.
Кийинчерээк унутулуп барып, кайра жаңырган элдик майрам элдин барынын эле эсинде болсо керек. Эски майрам, жаңы майрам дебей элдин тарыхын эстеткен мындай Улуу күндү унутта калтырбаш керек. Кылымды карыткан, кыргызга таандык болгон бул Улуу күнү улуу-кичүүгө ынтымак, ырашкерчилик каалайм. Нооруз ынтымактын майрамы. Токчулуктун майрамы. Жер жарылып көк чыгып, желин айрылып сүт чыкккан бул Улуу күндүн тилеги да ошондой.

Расул Усеналиев, журналист, Бишкек шаары:
- Нооруз мен үчүн жаштыктын, жаңылануунун майрамы. Жазды чакырган Нооруз менен кошо жер жаңырып, көк чыгып, айлана жашыл түскө бөлөнөт эмеспи. Жазында сезимдер жаңырат. Ошондуктан мага Нооруз жаштыктын жарчысындай сезилет.
Нооруз майрамы менен ар бир Кыргызстандык мекендештеримди куттуктайм. Нооруз ар бир үйбүлөгө жакшылык алып келсин деп тилейм.

Кундуз Исмаилова












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan