Коомдук-саясый гезит
№10, 20.03.08-ж.

Меймансап
Форум

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai/08/0320_3.htm on line 29

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai/08/0320_3.htm on line 29

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai/08/0320_3.htm on line 29




  Жөнөкөйлүк - бул адамдын улуулугу,
орошон ойлору - анын кеменгерлиги

  Аттанаар алдындагы маек

"Ак тулпарлар акжолтой болсун!"
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин статс катчысы Бахтияржан Фаттахов :
- Биздин Улуттук агенттик айыл өкмөттөргө жакшы көңүл буруп атканы жалпыга маалым. Айыл элинин экономикасын, маданиятын көтөрбөй туруп эч качан Кыргызстандын үнөмиятын жолго койо албайбыз. Аймактардагы бардык айыл өкмөтөргө жардам берип, көңүл бурууга жараша, аларга талап да жогорку деңгээлде болоору шексиз. Бул сапар өлкөбүздүн 49 айыл өкмөтүнүн башчысы "ак тулпарлуу" болушту. Эми калган автоунаалуу боло элек саналуу айыл өкмөт башчыларына апрель айында "ак тулпарлар" бөлүнүп берилмекчи. Жаңы күн майрамынын алдында айыл өкмөт башчыларына берилген "ак тулпарлар" ак жолтой болсун деп айтмакчымын. Эми айыл өкмөттөрүнүн башчылары элдин, өкмөттүн ишеничин актап, темир тулпарлары дайыма элге кызмат кылат деген ишеничибиз чоң.

Ат башы районундагы, Талдысуу айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыкадыр Чукулуков:
- Албетте бардык кесиптештеримди темир тулпарлуу болушу менен куттуктайм. Өкмөт мүчөлөрүнө, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиктин жетекчилигине ийгилик каалайм. Эл үчүн ар дайым ак кызматымды өтөйм демекчимин.

Аксуу районундагы Акчий айыл өкмөтүнүн башчысы Асан Конушбаев:
- Мурда материалдык-техникалык базага көңүл буруп, айлык акыларыбызды жогорулаткан болсо, эми минтип кызматтык унаа менен камсыз болуп отурганыбызга кубанычтамын. Ар бир айыл өкмөт башчылары шыктанып, акназар иштечү кез келди.

Жумгал районундагы Кызылжылдыз айыл өкмөтүнүн башчысы Жумабек Тултуков:
- Президентибиз Курманбек Салиевич Бакиевге ыраазычылык билдирем. Эл, жер үчүн аракет кылып иштейбиз. Буюрса элдин, өкмөт мүчөлөрүнүн ишенимин актайбыз.

Карабуура районундагы, Карабуура айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Таташев :
- Жаздын алгачкы күндөрү эмгекке шыктандырып, кызматтык унаа берип аткан өкмөт мүчөлөрүнө ырахмат айтуу менен бирге иштерине ийгилик каалайм. Кесиптештеримдин тулпарлары элдин гана кызыкчылыгына чуркап турсун.

Сокулук районундагы Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Таалайбек Кадыркулов:
- Президентибиз К. Бакиевге жана губернаторубуз К.Сыйдановго ыракмат. Ушул кезге чейин биздин айыл өкмөтү көптөгөн жетишкендиктерге , ийгиликтерге жетишти. Мындан ары да элим үчүн өз аракетимди кылам. Эң негизгиси эмгектен качпашыбыз керек.

Жайыл районундагы Полтавский айыл өкмөтүнүн башчысы Тимур Бекбоев:
- Өкмөт мүчөлөрү айыл өкмөттөргө жакшы көңүл буруп атканы жалпыга маалым. Эми биз да ишеничти актап, ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылабыз. Ар бир айыл өкмөт башчысы жана анын жамааты элдин кызыкчылыгы үчүн эмгек кылгандан чарчабашы керек.

Жетиөгүз районундагы Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысы Маратбек Жумалиев:
- Чындыгында кубанып турам. Кесиптештеримдин иштерине ийгилик каалайм.

Кочкор районундагы Сарыбулак айыл өкмөтүнүн башчысы Курманбек Элтуйбасов:
- Президентибиз айыл өкмөттөргө жакшы көңүл буруп атат. Айлык акыларыбыз жогорулоодо. Биздин айыл өкмөт тоо этектеп жайгашкандыктан айрым учурларда райондун борборуна бараарда кыйналчубуз. Буюрса кызматтык унаа, элет эли үчүн кызмат кылат.

Кундуз Исмаилова,
"Айыл өкмөтү"




  Абалың кандай, айыл өкмөтү?

Таң ата, күн кылайып уясынан жаңыдан чыгып келе жатканда айылдын орто жериндеги ачык аянтчага уюн бадага кошкону чыккан адамдар чогула башташат. Уйлары чет-четтен чөп аймап, бадага уй кошчулар толук келип бүткүчө алар эки-үчтөн топтошуп алышып кобурашканга өтүшөт:
- Өгүнү сүт фирмасынан келип текшеришти эле. Уюм ылаңдуу болуп чыгыптыр. Сатайын деп жатам.
- Баягы Эгембердинин баласы Россияга кетип, орус аял алып келиптир.
- Аны кой, Тейит "Кумтөргө" орношуптур.
- Атаң көрү, эми солярка дагы кымбаттайт дейт!
- Өгүнү, Исабеков телевизордон сүйлөдү...
Эл оозунда элек жок демекчи, ар бир саамалык, турмуштук жагдай, түйүндүү маселелер, элибиздин тамыры болгон айыл калкынын көз алдында эмеспи. Айылдаштардын ушундай аңгемелешүүлөрүндө чыныгы маселелер көтөрүлүп, айыл, турмуш жаңылыктары электен өткөрүлүп тураары чын.
Ошол карапайым калктын көйгөйлүү маселесиби же аруу максаты болобу адеп кайрылып бараар жери-ишенич менен койгон айыл өкмөт башчылары эмеспи. Бул сапар биз Ысыккөл областынын Жетиөгүз районуна караштуу Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Даутов Турганбек Кудайбергеновичти маекке тарттык:

"Оргочолуктар ооматтуу тарыхка ээ"
дейт Жетиөгүз районундагы Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Турганбек Даутов
- Эл деген эл экен. Гезиттин бетин ачып: "Мынабу жерде мындай иштер болуп жатыптыр, биздин айыл өкмөттөгү ошондой түйүндүү маселени кантип чечсе болот", - дешип акыл калчап турушат. Анын сыңары биздин айыл өкмөттө биртоп маселелер ишке ашып, ага жараша чечилбеген көйгөйлөр дагы жок эмес.
Оргочор айыл өкмөтүнүн аймагында Оргочор жана Бозбешик айылдары жайгашкан. Райондун борборунан 6 км алыстыкта турабыз. Элибиздин жеке аракети жакшы. Көпчүлүгү дыйкан чарбаларын да өнүктүрүшүүдө. Айыл өкмөтүбүздө ФПСке 788 гектар жер калтырганбыз. Анын 25%ы мал чарбачылыгына колдонулат. 300 гектар жерге суу жетпей, түшүм бербегендиктен, айыл чарбасы үчүн колдонулбай келет. 300 гектарын ижарага пайдаланууга беребиз.
Бүгүнкү күндө биз дагы бир артыкчылык берүүчү тармакка - малдын асыл тукумдуулук сапатын арттырууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Асыл тукум мал багуу - экономикалык жактан пайдалуу. Ошондуктан бул багытка каражатты аянбай максаттуу жумшоо абзел. Биздин "Оргочор" асыл тукум кой чарба тажрыйба станциясы бир кезде республикага эле эмес Союзга чейин белгилүү эле. Эмгектин баатырлары, мамлекеттик сыйлыктын, орден-медалдардын ээлери, новатор мал чарба устаттары өсүп чыкканын тарых айгинелеп турат. Айыл өкмөтү элдин социалдык-маданий таламдарын канагаттандырууга да болгон аракеттерин арноодо. Алсак, жакынкы күндөрү эле маданият үйүн ремонттон өткөрдүк. АРИС программасынын жардамы менен аппаратуралар алынды. Мындан тышкары эле айыл өкмөтүбүздүн социалдык муктаждыктарын чечүүгө облмамадминистрациясы тарабынан бизге өнүктүрүү фондубузга 1 млн. сом бөлүнүп берилди. Учурда муниципалдык менчиктеги имараттардын жакшырышына да көңүл бурабыз. Кыргыз эл депутаты Кубанычбек Исабековдун кийлигишүүсү менен "Кумтөр" алтын кен комбинатынан районубуздун ар бир айыл өкмөтүнө 800 миң сомдон бөлүнүп берилгендиги элибизди абдан ыраазы кылбай койгон жок. Ушул каражатыбызды медициналык имаратыбызды капиталдык ремонттон өткөрүүгө жумшай алдык. Андан сырткары АРИС программасынын "Таза суу" долбоорун утуп алып, элдин күчү менен 15 км суу түтүктөрү орнотулуп, куурлар иштей баштады. Азыркы учурда оргочолуктар таза суу менен толук камсыз болушту.
Бозбешик айылына ФАП курулду. Кары адамдардын ден соолугуна камкордук көрүү үчүн "Мисс" пансионатынан эки үйдү сүйлөшүп алганбыз. Көл жээгинен 5 гектар жерди да ушул максатка болочокто пайдалануу үчүн бөлдүрүп койдук.
Айыл өкмөтүбүздөгү коомдук тартиптин сакчылык кызматын чыңдоодо, участкалык инспекторлор менен иш алып барууда түйүндүү маселе бар. Атап айтканда, эки айылда бир гана участкалык инспектор иштейт. Жалгыз жанына ал бул иште жетише албай жатат.
Ал эми билим жаатында кеп кыла турган болсок, Бозбешик орто мектебине областтык фонддон 100 миң сом бөлүнүп берилди. Оргочор орто мектебинин имараты эскилиги жетип калган эле. Биздин өтүнүчүбүз менен атайын комиссия келип анын ордуна жаңы мектеп имаратын курууга кетүүчү чыгымды эсептеп, республикалык бюджетке сунуштап кетти. Айылыбызда билим берүүнү өркүндөтүү боюнча "Усулдук борбор" долбоору иштеп жатат. Ал эми Оргочор айылдык китепканасы болсо областтагы үлгүлүү китепкана деп аталды. Кыскасы "Аракетке - берекет" дейт эмеспи. Өлкөбүздүн Президенти К. С. Бакиев тарабынан белгиленгендей үстүбүздөгү 2008-жылды экономиканы көтөрүүнүн жылына айландыруу максатында белсемдүү аракетене берүү биздин-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын негизги күн тартибиндеги милдеттеринен экендигин биз жакшы түшүнөбүз, - деп бүтүрдү сөзүн айыл өкмөтүнүн башчысы Турганбек Кудайбергенович.

Маектешкен:
Айнура Токтосунова,
Жетиөгүз району,
гезиттин эл кабарчысы




Мындан төрт жыл илгери областтык "Талас турмушу" газетасынын эмгек жамааты областтын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон баалуу салымы үчүн Карабуура районундагы Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы Чыналиев Рапилди "Мыкты айыл өкмөтүнүн башчысы" деп окурмандарга жарыя кылган эле. Ошол ардактуу наамды Рапил мырза колдон чыгарбай иши менен актай алдыбы, же жокпу биз жакында аны менен иш үстүндө жолугуп, ат жалында маек курдук.

- Жакында облустун губернатору Бейшенбек Болотбеков сиз башкарган айыл өкмөтүнүн эли менен таанышып жатып, Сизге "Муниципалдык кызматтын кеңешчиси" деген чинди өз колу менен тапшырган экен, менимче мунун өзү бекеринен болбосо керек?
- Өндүрүш өйдөлөбөй, иштеген ишиң алга карай жылбай турган болсо, эмгек эч убакта бааланбайт да. Демек бул жолку сый-урмат да айыл өкмөтүндө болуп жаткан жакшы жөрөлгөлөр үчүн берилсе керек...
- Айыл өкмөтү канча айылдан турат?
- Акбашат жана Карасай деген эки чоң айыл бар. Аларда беш миңден ашык калкты камтыган тогуз жүзгө жакын үй-бүлөлөр жашашат. Элибиз негизинен жер иштетип, мал багуу менен күн өткөрүп келишет. Жер жагынан кедей деле эмеспиз, 3272 гектар жерибиз бар, бирок ошонун 1930 гектары гана сугатка жарактуу жер катары пайдаланылат. Учурунда талашып-тартышып жатып, ФПСке 800 гектарга жакын жер калтырганбыз. Тилекке каршы ошол жерлердин жарымына жакыны суу келбегиндиктен жыл сайын бош калууда.
- Бул маселени бүгүнкү күндө чечсе болобу?
- Колдон келбей турган иш жок, чечсе болот, бирок ачык айтып коеюн, бош жаткан ошол талааларга суу жеткирүү маселеси чөнтөк жука, каржы маселеси чечилбегендиктен айыл өкмөтүнүн колунан келбейт. Демек муну жогору жакта турушкан "бийликтегилер" чечиши керек. Элдин сууга болгон муктаждыгын канааттандыруу үчүн илгертеден бери пайдаланылып келе жаткан Сарымсак деген өстөндү оңдоп-түзөп калыбына келтирсе болот. Эгер бул көйгөйлүү маселе чечилип калса, эл арасында кедейчиликти азайтууга реалдуу мүмкүнчүлүк түзүлгөнү турат. Баса, биз жогоруда айтып жаткан чоң өстөндү иштетүүгө быйыл Бүткүл Дүйнөлүк Банк тарабынан 60 млн. сом акча бөлүнөт деген жакшы кабарды угуп жатабыз, ушунусу чын болсо анда жалаң эле Акбашат айылынан 2 000 гектарга жакын асылдуу жерлер өздөштүрүлүп, элге кызмат кылганы турат...
- Өкмөтүбүз өзгөчө акыркы учурда элди эгин менен камсыз кылуу максатында буудай аянтын кеңейтүүгө үндөп жаткандыгынан кабарыңар болсо керек?
- Ун тартыштыгын эске алып, биз быйылкы жылга карата 2007-жылга салыштырганда күздүк буудайды 320 гектарга көп, айдап, же жалпысынан алганда аны 650 гектарга жеткирдик. Муну менен чектелип калбайбыз, жазында жаздык эгин айдоого да көңүл бурабыз.
- Учурдагы эң чоң жана маанилүү маселелердин бири-бул айылдын социалдык-маданий абалын жакшыртуу экенин жакшы билесиз, Рапил иним. Маегибиз соңуна чыгып баратат, эми сиз ушул жагынан аз да болсо кеп куруп берсеңиз?
- Бул чындыгында чоң маселе. Ошон үчүн мен майда-чүйдөсүнө токтолуп олтурбай эле ток этер жерин айтайын. Карасай айылындагы клубдун ремонтун АРИС тарабынан колдоо көрсөтүлүп 42 300 сом бөлүштүрүлдү эле ага кошумча элден 17 000 сом чогултулду. 21 000 сомдук курулуш иштери айылдыктардын жардамы аркылуу ашар жолу менен бүткүрүлүп, ушу кезде клубда ар кандай маданий иш чаралар өткөрүлүп жатат. Союз учурунда Акбашат айылында орто мектеп курулуп, бүтпөй токтоп калган. Ошону бүткөрүү үчүн 5 млн. 900 миң сомго долбоор жазылган эле, анын 40%ын айылдын эли өздөрү көтөрүүгө макулдугун беришкен болчу. Учурда аталган курулуш соңуна чыгып баратат. Мындан башка да аткарыла турган иштер алдыда. Айыл өкмөтүнүн алдындагы китепкананын имаратын жаңылантуу, Карасай айылындагы орто мектептин үстүн шифер менен жабуу, айылдын көрктүүлүгү, тазалыгы үчүн тынымсыз күрөш жүргүзүү бизди көпкө милдеттендирет. Бирок биз өзүбүз белгилеген бул иш чараларды сөзсүз аткарууга аракет кылабыз, анткени баардык жоопкерчилик биздин мойнубузда турат...

Маектешкен:
Батыркул Боромбаев,
өз кабарчы













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan