Коомдук-саясый гезит
№10, 20.03.08-ж.

Меймансап
Форум

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai/08/0320_2.htm on line 29

Warning: include(../../ggle_v.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai/08/0320_2.htm on line 29

Warning: include(): Failed opening '../../ggle_v.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/ai/08/0320_2.htm on line 29




  Эккен көчөтүң - келечегиң,
Ак жоолугуң - элечегиң

  Жалалабат

Гу­бер­натор неге Чаткал­га кет­ти?
Жа­лалабат облас­тынын губер­натору Кошбай Ма­сиров мыр­за өткөн жумада чал­кып жат­кан Чаткал­га кет­кен. Чалкып жат­кан демек­чи, Чаткал­дын Ар­па-Төктү өрөөнүн кай­радан ишке сал­са, Чаткал­ды эле эмес, рес­пуб­ликаны дан менен кам­сыз кыл­са болорун губер­натор ой кал­чаган сыяк­танат.
Ар­па-Төктүдөн Жаңы-Ба­зар­га чей­инки мөңгү суу­лары жай­пап тур­ган жайык­тар­ды кадам­дап ченеп көрбөсөм да, жүз миңдеген гек­тар аянтты айдап иштет­се Жа­лалабат облас­ты эмес, рес­пуб­лика дан­дын алдын­да каларын Чаткал­дын Чакмак­суу, МЖС айылдарынын тур­гун­дары таа­сын айтышат. Ал эми ал жер­ден Өкмөттү алаксытып, алтын казып алып, жер­ди бул­гап, жер­гиликтүү эл­ге эки тыйын пай­да кел­тир­бей качып кетүүнү көздөгөн "чан-чун­дар­дын, евич, чевич­тер­дин дымагы сай­да кал­сын" деген­ден баш­ка не дей алмак "жөө" кабар­чылар. Кандай бол­со да Чаткал­да кээде жайын­да кар жаап коёт деген шыл­тоо­дон алыс бол­сок бол­гону. Анткени, Ар­па-Төктүдөн баш­тап талаа­га алыш бай­лап, мотор­го ток улап эч ким уба­ра бол­бойт. Жерди эле иштет, кал­ганы өзү эле өнүп калат Чаткал­да дешет Ал­тын өрөөндүктөр.
Ав­тордон: губер­натор К. Ма­сиров Чаткал­дагы иш сапарын Камбарата-2 ГЭСи­нин курулушун көздөй ула­ды. Анын бул кылым­дык ишке да ату­улдук кошоор салымы, кал­чаар ою бар.

Чи­нов­ник­тер үлгү болуш­ту
15-мартта Жа­лалабат­тык­тар жапатыр­мак ишембилик­ке чыгыш­ты. Март ыңкылабынын каарман­дары болуш­кан­дык­тан­бы, айтор ал күнү бир да жагоо бай­лан­ган жана жагал­дан­ган чин­ди көрбөдүм.
Об­ласттык мамад­минис­т­рациянын кыз­мат­кер­лери таң саа­рынан өздөрүнө чек­теш Барпы теа­т­рынын алдын­дагы гүлбактан баш­тап, шаар бор­боруна чей­инки ара­лык­ка бөлүнүп алы­шып, актай тур­ганын актап, сыр­дай тур­ганын сыр­дап, шыпыр­ганын шыпырып, жуу­ганын жууп, саат 16га чей­ин бүтүрүп коюш­ту.
Бизде деле кыш аябай катуу бол­ду, бирок жаз жадырап чукул кел­ди. Ай­рык­ча ыңкылап чор­дону Жа­лалабат­тын тазалыгын кароо абдан оор. Ни­келей доорунда ат, эшек ара­бага ылайыктап чий­илген жол дол­боорлору кысылыш­тык­ты жаратат. Аны деле мээси жет­пеген­дер жер­гиликтүү азыркы бий­лик­тен көрө беришет.
Антсе да шаар ичин ушунчалык ирээт­ке кел­тирип, аброй-ырайын жаңы заман талабына шай­кеш кел­тирип, Ме­кен үчүн мекен­чил­дик дем менен иш улап барат­кан жаран­дар­ды көрүп көөнүң ачы­лат.

Улан­бек Парманов,
"Айыл өкмөтү"




  Мектептеги конференция

Жакында Аксы районундагы Жунай Мавлянов атындагы жатак мектеп лицейде ата энелердин жылына бир жолу өтүүчү конференциясы болуп өттү. Алгач ата- энелер жатак мектептин окуу тарбиялык иштери менен таанышып чыгышты. Балдардын окуу класс кааналарын көрүшүп, жатаканалары, жашоо шарттары менен толук таанышышты.
Жатак мектепте 50 мугалим, 5 тарбиячы эмгектенсе, алардын иштеринин жемиши мектептин жасалгасынан эле ата энелерге даана көрүнүп турду. Мектептеги 570 окуучунун ЗЗ6сы жалаң төрт бешке окуган окуучулар болуп саналышат.

Быйыл аталган мектепке 51 жыл толуп олтурат, бул жерде эмгеги элге сиңген кадырлуу адамдар иштеп кеткен, андан сырткары мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен илимдин кандидаттары, докторлору чыгып Мекенге кызмат кылышууда.
Конференцияда мектептин директору Эркин Сатаев окуучулардын окуудагы жана тарбиялык иштердеги жетишкендиктерине жана түйүндүү маселелерине кеңири токтолуп баяндама жасады.
Мектепте эмгектенип жаткан мугалимдердин 37си жогорку билимдүү мугалимдер болсо, анын 18си эл агартуунун мыктылары, эки мугалим Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалим болуп саналат. Мектепте жакында эле өзгөчө белгилей турган эки жаңылык болуп өттү. Анын бири ушул мектепти өткөн жылы бүтүрүп кеткен, мыкты окуучу Гүлзада Алимбековнанын "Алгачкы кадам" деген ырлар жыйнагынын жарык көрүшү болсо, экинчиси Президентибиз тарабынан жарыяланган заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына карата мектеп окуучуларынын "Айтматовго чейин миң жыл бар" деген Айтматовдун чыгарамачылыгына арналган кече болду. Бул Айтматовго арналган райондогу алгачкы иш чара болду десек да тура болот. Ошол эле күнү Айтматовдун китеп көргөзмөсү ачылды.
Окуучуларга татыктуу билим тарбия берүүдө Салтанат Абдырахманова, Динара Эргешова, Турсунай Алманова, Роза Тагаева, Анаркан Нарбаева Жана Гүлүйпа Сатыбекова сыяктуу эжекелер талыкпай иштеп келишет.
Мектепте 3 класс каананы ата энелер жабдып беришкен Алар заманбап жасалгаланып, жаны салттар жайылтылууда. Атап айтсак ушул мектепте иштеп кеткен Жээнбек Абылкасымов, Абдыкерим Абышов атындагы класс кааналар жасалгаланып окуучуларга тартууланды. Бул жакшы салтты улантуучулар дагы чыгууда. Бул бир жагы окуучулардын терең билим алуусуна шарт түзсө, экинчи жагы мектепке жардам болуп калууда.
Конференцияда ата -энелер комитетинин башчысы Нурия Атамбаева, текшерүү комиссиясынын башчысы Маматисак Жакыпов, фермер Кален Токбаев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Бекболот Исабаев, Кызыл Бейит айылынын тургуну Асилбек Жуманазаров, ишкер Пазилет Мырзалиева чыгып сүйлөшүп өздөрүнүн баалуу ой пикирилерин билдирип, сунуштарын айтышты, алардын деле максаты балдар терең билим тарбия алышса дешет.

Абдымомун Калбаев,
өз кабарчы




  Күнгөйгөй

Биз ээрчиме элбизби?
Экономикабыз төмөндөп, завод-фабрикалар иштебей, жумушсуздук көбөйүп, өз алапайыбызды таппай аткан учурда, өлкөбүзгө сырттан кирген диний агымдардын саны 150дөн ашып, калкыбыздын жашоосуна таасирин тийгизүүдө. Кара жандарын, үй-бүлөлөрүн бага албай кыйналып жатышкан атуулдарыбызга чет мамлекеттен гуманитардык жардамга келген кийимдерин бекер таратышып, өздөрүнүн жылуу мамилелери, жакшы сөздөрү менен катарларына кошуп алып жатышкандыктары кимди болбосун ойлонтпой койбойт. Булардын арасында билимдүүлөр, жаштар билими жок карапайым жумушчу, дыйкандар бар. Кыргызстанда христиандын евангелисттик формасы калкыбызга 1990-1991-жылдары өзгөчө таасирин тийгизе баштаган. Алардын ичинен өзгөчө "Баптизм", "Иеговонун күбөлөрү" сыяктуу диний агымдарын айтса болот. Алардын төмөндөгүдөй тарыхы бар.
Америкада 22-кылымдын башында пайда болгон "баптизм" диний агымынын бүткүл дүйнөлүк кеңеши бар, штаб квартирасы АКШда. Балакатка жеткендерди сууга чөмүлтүп, өздөрүнө мүчө кылып алышат. Алардын дин окуусу боюнча "Ар ким Кудайга өзүнчө сыйынуу менен гана бейишке чыга алат" дешет жана. Кудайдын буйругуна, тагдыр жөнүндөгү окууга, диний моралды үгүттөөгө маани беришет.
Ал эми "Иеговонун күбөлөрү" 19-кылымда АКШда майда буржуазиялардын ичинен чыккан диний багыт. Алардын башкаруу системасы абдан борборлоштурулган. 1884-жылы АКШда расмий түрдө "Кароол мунарасынын, библиянын, трактаттардын коому" делген ат менен катталган. Башка диндерден айырмаланып, алар "Иегово кудайынын берилгендери гана түбөлүккө өлбөй калып, калган адамдар бүт өлүшөт, өлгөндөр тирилишпейт" дешет.
Кээ бир маалыматтарга таянсак, 1995-жылы Бишкекте болгон "Иеговонун күбөлөрүнүн" конгрессине 2437 адам чогулуп, анын 1/10 кыргыздар түзгөн, 1997-жылы борборубузда өткөн конгресске 7 миң адам чогулуп, 1 миңи кыргыздар болгон. Ушул эле жылдары 3 миңге жакын кыргыз атуулу "баптизим" агымынын мүчөсү болушкан. Эң өкүнүчтүүсү 95 %ын жаштар түзүп жаткандагысы. Эки диний агымда тең мүчөлөрү коомдук иштерге катышпайт, эч кандай уюмдарга мүчө болушпайт, армияда кызмат өтөшпөйт. Мунун өзү коомдон алыстоо. Жержерлерде компьютердик борборлорду ачышып, аз камсыз болгон үйбүлөлөрдүн балдарын окутушуп, жаш жеткинчектердин материалистик көз караштарын диний багытка бурушууда.
Азыркы бийлик союз учурунда диний агымдар Коммунистик иделогияга жат иштерди жүргүзүшүп, тынчтык үчүн күрөштү, "шайтандын иши" деп үгүт таратышканын билишеби? Өлкөбүздө диний агымдардын максаттарына кызыккан уюмдар барбы? Бир ууч элибизди бөлүп жарган "кой терисин жамынган" диний агымдар, элибизди ичтен алсыратып жатышканын сезишеби?!

Кайыркүл КалЧаева




  Карынын сөзүн капка сал

Пиллачылыкты өнүктүрүү-мезгил талабы
Мындан 20-30 жылдар илгери жибек пилласы Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын эң негизги чийки заттарынын бири эле го. Бышык, сонун ар түрдүү жибек кездемелери токулуп, союздук республикаларга, Кытайга, Индияга, Германияга, Францияга, Японияга жана Араб мамлекеттерине алардын тапшырыгы боюнча экспорттолуп, акчалары мамлекетибиздин бюджетине келип түшүп турчу.
Улуу Атамекендик согуштан кийинки жылдарда Кыргызстанда жибекчилик иши мурдагысынан да жакшы жолго коюлуп, ар жылы арбын жибек пилласы мамлекетке тапшырылчуу. Бир эле Жалалабат облусунун пиллачылары пиллачылыкты өнүктүрө берип, анын түшүмүн жылдан-жылга арттырууга жетишкен. Атап айтканда бул областтын пиллачылары 1970-жылы-243, 1980-жылы-286, 3, 1987-жылы болсо 376, 1 тонна пилла өндүрүлүп Ошто курулган жибек комбинатына тапшырган болчу.
Ош жибек комбинатына тапшырылган пиллалардан ар жылы 15 түрдүү сонун жибек кездемелери токуп чыгарылып, чет өлкөлөргө чейин сатыкка коюлуучу. Ушу 15 түрдүү жибек кездемелердин 3 түрүнө мамлекеттик сапат белгиси берилген эле. Айта кетчүү нерсе-бир кездерде жибек пилласынын баасы пахтанын баасынан 6-7 эсеге жогору турган.
Жибек куртунун негизги азыгы бул тыт дарагынын жалбырагы болуп саналат. Алар башка дарактардын жалбырагын жебейт. Ошондуктан бардык райондордо, айыл-кыштактарда тыт дарактарынын көчөттөрү көп эгилип мамлекеттик корууга алынган. Кимде-ким бир түп тытты кесип жакса же жалбырагын кыйып малына берсе, аны сот жообуна тартып, күнөсү үчүн чоң жазапул салынуучу.
Тыт дарактарынын пахтачылыкты өнүктүрүүгө да чоң таасири тийчү. Анткени, тыт дарактары абаны, климатты да жакшыртат, пахта аянттарын эррозиядан сактайт, керимсел шамалынан тосуп, коргойт. Ошол себептен пахта аянтарынын айланасы катар-катар тыт дарактары менен курчалган болучу.
Демек, тыт дарактарынын пахтанын түшүмүн арттырууга пайдасы бар экендигин, анан жибек пиласынан жакшы бышык кездемелер жасала тургандыгын ал аркылуу пайдалуу арбын киреше берерин эске алып, келечекте бардык жерлерде да, айрыкча пахта эккен райондордо пиллачылыкты кайрадан колго алуу мезгил талабы.

Почоктуу дан эгиндери пайдалуу
Илгери түштүк региондогу кыргыз дыйкандары почоктуу дан эгиндерин көп эгишүүчү. Почоктуу дан эгиндерине: нокот, лоя, маш, бурчак жана төө бурчак, жер жаңгак кирет. Бул дандуу эгиндерде белок 22-24 пайызга жык. Айрыкча лоянын белогу 45 пайызга түзөт. Калориялуулугу жагынан алып караганда почок дандуу эгиндер картөшкөдөн 3,5 эсеге, карамдан 6 эсеге, кубаты көп болот. Почок дандуу эгиндердин курамы ошондой эле майга, углеводдорго, витаминдерге бай.
Совет мезгилинин окумуштуусу М.Г.Попов 1937-жылы чыккан "СССРдин маданий флорасы" деген китебинде: маштын данынын түсү жашыл-коңур болот. Бир жерден алысыраак башка жерге алып барып эккен сайын маш данынын түсү ар түрдүү болуп, бир жерде сары кызгылтым, конур жашыл болуп өзгөрө берет. Маштын гүлү кызыл болуп ачылат" деп жазган. Маштын данын күрүчкө аралаштырып машкичири деген даам даярдалат. Ошондой эле маштан суюк тамак жасаса да болот.
Беде өсүмдүгү жердин күчүн ашыргандай эле почок дандуу эгиндер эгилген жерге коон, дарбыз эгесиңби, башка эгин эгесиңби түшүмдүүлүгү мол болот.
Бурчак, нокоттордон тамак жасоону да Н.С.Хрущев жакшы эле үйрөтүп кеткендей болду. Жерди кысыр калтырбай почоктуу дан эгиндерин эгип койсоңуздар, бул өсүмдүктөр пахта, же башка эгиндердей көп күч, эмгек жумшоону талап кылбай, кадимки жапайы чөптөр сыяктуу эле эккен жериңерде өсө берет. Анын почокторун (даны ичинде) терип, алып паясын малга жем-чөп сыяктуу берсеңер тоют болот.

Сатымкул САДЫКОВ, ардагер




  Удаалаш дүйнө

Кундуз ИСМАИЛОВА
Бара бербей, пара бер
Президентибиз К.Бакиев паракорлук жоюлат дегенде мен эле эмес бүткүл кыргыз эл "Оозуңа май, эгер чындап паракорлук түп тамырынан кыйраса" деген.
Өлкөбүздө паракорлук баралына эбак эле жеткен. Ал тургай чечилбеген маселелерди чечүүчү курал, зарыл нерсе катары пайдаланылып келгенин кантип жашырабыз. Кичинеси чоңураагына, билимсизи билимдүүрөгүнө пара берип, столго ээлик кылгандар бар экени айтпасак да белгилүү. Аңдап көрсөк жарык дүйнөгө келе элек наристе энесинин ичинен пара берип, жарыкчылыкка келет экен. Дегеним кош бойлуу айым алгачкы күнүнөн баштап, врачтын кареги менен тең айланат десем жаңылышпайм. Жакшы карасын, аман-эсен көз жарып алайын деп айтканынын баарын аткарат. Бала төрөлөт, сүйүнчүсү, киндик кескени, орогону деп дагы акча берет. Балабакчага бериш үчүн да пара бересиң. Ал эми 1-класска алдыңкы партага отургуз, тапшырманы дайыма талап кылыңыз деп да акча бересиң. Алиппе майрам, алтын күз, жаңы жылдык баштыгыңыз өз алыңызга, чама чаркыңызга жараша болот. Эртең экзамен, бүгүн ачык сабак, жакында мугалимдер күнү деп сабакты жакшы өздөштүргөнү да, эптеп атасынын беш коюн санаганына сүйүнүп жүргөндөр да окууну аяктайт.
Окуп билим алсын, өзү теңдүүдөн калбай Мекенине эмгек кылсын деген тилек менен ата-эне баягы баштыкты ала чуркап ЖОЖго өткөзөт. Ал жак эле жыргап калыптырбы? Алкымы чоңдор мына ушул жерде. А түгүл бир зачёту 1 койдун баасы болгондо күйбөгөн жериң күл болот. Кээде аракет кылып, ар бир лекцияны калтырбай жазып, сабактан калбаган айылдык студент эмес, тийди-качты куру чирен бир кызматкердин баласынын сессиясы бир коңгуроо менен бүтөт. Албетте, бул да паракорлук.
Бара бербей, пара бергендер иш менен камсыз болушат. Телмирип таң атканча лекция окуган студент эмес, атасы берген "шапкеге" папке көтөргөндөр көбөйдү.
ЖОЖдорду, атайын орто окуу жайларды бүткөн кай бир атуулдарыбыздын асыл ой максаттары талкаланды. Кээ бири көр турмуштун айынан алтынга алмашкыс Ала Тоосун, кыргыз элин таштап, бөтөн эл, бөлөк жерде күн кечирип жүрөт. Дагы бири берээрге парасы жок, бирөөнү тоноду, уурдады. Ушул кыйынчылыктан оңой олтоң кутулам деп аракеч болуп, турмушу талкалангандар канча.
Мамлекет кадр маселесин кабыргасынан коюп, тууган урук, жезде-балдыз дебей тандаган кесибинин мыкты адисин кызматка алса гана кыргыз эли үчүн, мамлекет үчүн иштейт дээр элем. Андай патриот атуулдар бизде четтен табылат. Пара берген эмес, өз мээси, эмгеги менен кызматка келген адам гана Кыргызстандын өнүгүшү үчүн өз салымын кошо алат.
Паракорлук жоголуп баратат дейбиз. Бирок ... мен 227-каттамунаага Бейшеналиева-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен түштүм. Жетээр жерим Шабдан Баатыр-Горький көчөлөрүнүн кесилиши эле. Ушул аралыкта каттамунаанын айдоочусун 4 жолу МАИ кызматкерлери токтотту. Айдоочу күбөлүгүн эмес, колуна 30 сом алып түшүп мурдагы тааныштардай учурашып, тез эле кайтты. Андан кийинки 3 МАИге 20 сомдон берди. Баардыгы 90 сом болду. "Бүгүнкүңүз ушуну менен бүттүбү", - десем. Бир аз ойлонуп:.. "Билбейм, айтыш кыйын. Дагы канчасы тосуп, кайыр сурайт", - деп өзүн сооротот, - "МАИ кызматкерлери эле эмес, биз да үй-бүлө багышыбыз керек да", - дейт көк түтүндү буркуратып.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan