Мен бул текстти атайын жаздым биерге, Мен бул текстти атайын жаздым биерге, Мен бул текстти атайын жаздым биерге, себеби жогорку шапкеси улам эле солкапталга єтџп кетип жатпайбы..
  Кыргыз деген
эл жашайт!

Адыр түзү айырмасыз килемден,
Алатоосу асманына тирелген.
Азияда эң байыркы элденбиз,
Ар-намысы акылына ширелген.

Жан дүйнөсү бийиктикти көздөгөн,
Эркиндигин тутуп акыл-эс менен.
Уккан жанды уңгусуна уютуп,
Улуулукту улап турган сөз менен.

Көздөгөнгө жетмейинче койбогон,
Көктүгү бар көп нерсени ойлогон.
Намыска бек, нарктуу өлкө болсок, - деп,
Өмүрүңдү тилеп элим ойлоном…

Жигиттери мөрөй уткан,
Кыздары кыраан чыккан.
Насили улуу элибиз,
Намысын бийик туткан.

***
Эркелетип кыздарын Нур Кыз деген,
Уулдарын көктөгү Жылдыз деген.
Бар дүйнөсүн жайылтып мейманына,
Баспаганды бутуна тургуз, - деген
Кыргыз деген элим бар, Кыргыз! - деген.

Аркар-кулжа аскадан түгөлдөгөн,
Асман сырын четинен билем! - деген.
Ак боз үйүн жайлоого тигип алып.
Жер жайнаган малдары түмөндөгөн,
Эл жашаган, байлыгын үнөмдөгөн.

Ошол элди Кыргыз! - деп сүрөттөйбүз,
Тулпарларды өзгөгө сүрөтпөйбүз!
Каны бөлөк кайгырбайт өлсөң эгер,
Кыргыз гана кыргызга тирек - дейбиз!
Кыргыз сырын кыргыздар билет дейбиз!

Билбегенди дээринде жоктор - дейбиз,
Элден чыккан эсирген топтор! - дейбиз.
Жок кылууга кыргызды даяр турган,
Жоо катары атылган октор! - дейбиз.
Жан дүйнөңдү өрттөгөн оттор! - дейбиз.

Жан-жанынан душманы чыгып турган,
Жакасына көө болуп жугуп турган,
Кыргыз деген эл жашайт, Кыргыз! - деген,
Ишээнчектик шорунан куруп турган.
Куруса да, душманга аш сунуп турган,
Кыргыз деген Эл жашайт, Кыргыз! - деген.

Гүлжамила Шакирова









Меймансап




Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan