Коомдук-саясый гезит
№08, 06.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Куттуктайбыз!

Илимий наамыңыз кут болсун!
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин директорунун орун басары Дюшенбиев Акылбек Осмоновичти экономика илимдери боюнча кандидаттык даражасын жакташы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Акылбек Осмоновичке чың ден соолук, узун өмүр жана ишине ийгиликтерди каалап, иш менен айкалышкан илимий эмгектериңиздин үзүрүн көрүңүз демекчибиз.

"Айыл өкмөтү" газетасынын жамааты




  Туулган күнүңүз менен!

Кубанып турсун калкыңыз
"Айыл өкмөтү" гезитинин Чүй областы боюнча өз кабарчысы Сыйлаш Байтоковдун бүгүнкү туулган күнү менен куттуктайбыз. Жаңы тизгиндеген кызматыңыз кут болсун, өзүңүзгө жана үйбүлөңүзгө бекем ден соолук, келкелдүү оомат каалайбыз. Сизге:
Кут болсун туулган мартыңыз,
Зобололой берсин баркыңыз.
Гезиттен окуп жазганың
Кубанып турсун калкыңыз, - деген каалоо-тилекти да чын ниеттен ыроолойбуз.

Кесиптештериңиз




  Туулган күнүңүз менен, Апаке!

Апакем - менин байлыгым!
Тоолору бийик, Өрүкзарлуу чөлкөмдүн арча токойлуу, абасы таза, булагы тунук Бөжөй айылында жашап жаткан апакем ЖАҢЫЛАЙды удаа келген кош майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Туулган күнүңүз жана жаз майрамыңыз кут болсун. Сизге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды жана бакубат карылыкты каалайм. Авам экөөңүздөр биздин бактыбызга дайыма бар болуңуздар!

Апа - деген асыл сөз, кулагыма жаңырса,
Сагынамын кусаланып, мен жүрөмүн алыста.
Сиздин жашоо, ар бир күнүм, байлыгым,
Сиздин майрам көп болсун дейм дайыма.

Уулуңуз Азамат





Бар бол, Азамат!
Кочкор районундагы Сарыбулак айылынын тургуну инибиз Азаматты 5-март туулган күнү менен куттуктайбыз. Сага кааларыбыз чың ден соолук, узун өмүр, ошондой эле "Күлкү бар жерде - өмүр бар" дегендей ар дайым жүзүңдөн жаштыктын күлкүсүнүн нуру кетпесин. Ата-эне, бир туугандарыңдын жанында сыйга да, сыймыкка да татыктуу болуп, бар бол деген каалоолорун Бишкектен бир туугандарың билдирет.




Жаз майрамыңыздар менен!
Акталаа районундагы Куртка айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы болуп эмгектенген апам Айнагүл Абдыкалыкованы, Акталаа райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысынын орун басары Эльмира Ашырбаеваны, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Марипа Муканованы жана Иманалиева Эленора эжелерди жаз майрамдары менен куттуктайм. Аларга чың ден соолук, узун өмүр, иштерине ийгилик каалайм!
Абдыраева Наргиза,
Бишкек шаарынан




  Баба дыйкан, эмки сөз сенде

Ардагер журналист Сатымкул Садыков:
"Жүгөрү - токчулук өсүмдүгү"
(Башталышы 3-бетте)
Алсак, ушул биздин Ноокен районундагы азыркы Масы айыл өкмөтү боюнча 1972-жылы силос үчүн 198 гектар аянтка жүгөрү эгилип, ар гектарынан 380-400 центнерден силостук жашыл масса, дан үчүн эгилген 53 гектар аянттан гектарынан 40 центнерден дан өндүрүлүп алынганын, элибиз билет. Айрым жүгөрүчүлөр гектарынан 650 центнерден жашыл масса, дан үчүн эгилген жерден 60 центнерге жеткире дан өндүрүшчү.
Азыр жүгөрү унутта калып кеткен сыяктанат. Эгилет бирок, илгеркидей эмес аз эгилет. Силос камдалбайт. Жүгөрү чарба малдары үчүн гана эмес, адамдар өзүлөрүнүн азык-түлүктөрү үчүн пайдаланса да болот. Эмне, жүгөрүнүн унунан жабылган загара наны таттуу эмеспи? Аны жесе болбойбу? Илгери биз жаштайыбызда ушул азыркы жүгөрүдөн да, анан соргодон /Кокон жүгөрүдөн/ да кеңири пайдаланчубуз. Жүгөрүнүн данынан ун тартып нан кылса, кууруп тегирменге, жаргылчакка тартып талкан кылып жесе, же жүгөрү талканын айрангабы, каймаккабы булап жесе, ал эми кокон жүгөрүдөн суюк аш кылса кандай сонун эле. Союз мезгилинде устат ашпоздор жүгөрүдөн 20 түрдүү салаттарды, 30 түрдүү таттуу, көп түрдүү оокаттарды даярдашуучу. Жүгөрүнүн курамында 9-12 пайыз оксил, 4-6 пайыз май, 65-70 пайыз углевод, ж.б. бар. Ден соолук үчүн дагы бир топ витаминдери бар.
Өнөр жай ишканаларында жүгөрү данынан ун, жарма, крахмал, спирт, сирке кислотасы жана май алынат. Жүгөрүнүн паясынан жана жалбырагынан кагаз, жасалма жибек, электр изоляция материалдары, кино жана фотопленкалар иштелип чыгарылат. Даны алынган сотодон-мардегинен шише тыгындары, линолиум, желим, аялдар туфлисинин таманы даярдалат. Кыскасы жүгөрүдөн көп нерселерди даярдаса болот.
Оокатка пайдалануу жагына келсек, бадырак, думбул, талкан, кайнатма шорпо, сүт дүмбүл, жүгөрү шавла /ботко/, загара нан бышырылат. Эгерде загара нан камырына ашкабактан кырып аралаштырып жиберсе, сүткө кошуп жуурулса абдан таттуу нан болот. Анакей, "талаа канышасы" кандай сонун жемиш экен!
Элибиздин ашпозчулары илгери жүгөрүдөн төмөндөгүдөй көптөгөн жегиликтүү даамдарды даярдашкан.
Дүмбүл кайнатмасы
Жүгөрүнүн сотосу дүмбүл болгондо сотону тазалап, бөлбөй, же узун болсо экиге, үчкө бөлүп, муздак сууга салып, 30 минут кайнатып дүмбүлдүн бетине аз-аздан майда туздан сээп, сары майдан сүйкөп жесеңиз, тамшанып каласыз. Суусунан ичсеңиз чаңкоонуз басылат, кан басымы төмөндөйт, аш казанга пайдасы бар, чачыңыз да түшпөйт.

Дүмбүл кебеп да болот
Жүгөрүнүн сүт дүмбүлүн тазалап, аны 2-3 бөлүп, кадимки эле этти шыкка сайып тизгендей тизип, күйүп турган оттун чогуна таптап кебеп бышыргандай кылып бышырып жесеңиз да маза кыласыз.

Дүмбүл шорпо
Эгерде 4-6 киши болсоңуздар анда: 6 даана сото дүмбүлдү, 100 грамм койдун майын, 300 грамм этти, 2 баш пыязды, 3-4 даана помидорду, 2 дана чоң картошканы туурап, ага дагы калемпир, же мурчтан даярдап туруп: майды жакшы дак кылып, пиязды салып куурган соң этти салып, бир саат кайнатылат. Тузду болсо дүмбүл бышканда салат.
Дастарконго шорпо куюлуп келгенден кийин кашнич, райкан, же көк пиязды шорпонун бетине сэбип туруп жесеңиздерби, даамы оозуңарда калат.

Урматтуу окурман калк! Келгиле силер дагы өзүңөр пландаштырып жүгөрү эгип, аны малыңарга гана эмес, өзүңөр да кезинде анча-мынча жогорудагыдай даамдарды жеп турсаңыздар, анда буудай унун, нанын да үнөмдөйсүздөр.
Жүгөрү дан өндүрүүдө чон ролду ойногонун терең түшүнүү менен быйыл жүгөрүнү да көп эгели, анын пайда зыянын келечекте билесиңер деп ойлоймун.




  Эсен болуп, эстей жүр!

Хан тиештен тараган…
(Башталышы өткөн санда)

Николай заманынын акыркы болушу Совет өкмөтүнүн келиши менен 1930-жылы кулакка айдалган 18 болушту бир жерде кармашкан. Сөз билгичтиги, уюштуруучулугу, иш билгендиги, акыл жүгүртүп ойлоно алгандыгы аркалуу бирге камалган болуштардан мурда бошотулган. Чыныбек болуштун жардамы менен дагы эки үч болушту куткарып калат. Түрмөдөн бошонуп келгендин эртеси эле кайрадан камалат. Анткени Чыныбек болуштун үстүнөн жалган жалаа менен арыз жазылат. Камалып Сибирге айдалууга өкүм болот. Бирок, күнөөсү жок экендиги аныкталып, андан да бошотулат. Буга биринчиден түрмөнүн начальнигинин кызы бир айыккыс жара менен ооруган болот, аны Чыныбек болуш Аюп-Булакка алып келип дарылатып, айыктырат, да ошол учурдан пайдаланып коюлган күнөөсүнүн жоктугун далилдеген маалыматтарды топтоп, кайрадан арыз жазып, ошонун негизинде бошойт. Түрмөдөн келгенден кийин 53 жашында уулдуу болот. 1935-жылы уулдуу болуп, андан бир жыл өткөндөн кийин ооруп кайтыш болот. Болуштун сөөгү Беш Тал айылындагы мазарга коюлат. Азыр Чыныбек болуштан таркаган 4 аялынан 9 уул, 39 небере, 49 чебереси, 100дөн ашык кибиреси бар. Булардын баары Кош-Дөбө айылынын чыгыш тарабындагы Чие участкасында жашап турушат. Балдарынын ичинде өз кадыр баркы менен элге журтка ат көтөргүс эмгек өтөп, отуз жыл ашык ал кездеги Ош областынын Жаңы-Жол районундагы Ульянов атындагы колхоздун коюн багып, чабан болуп иштеген Рыскулбеги ата наркын сактап, эл алкышына ээ болуп келет. Элдин малын багып, бир да башын чыгашага учуратпай кызмат өтөгөн Рыскулбек бир нече орден-медалдардын ээси. Азыр ардактуу эс алууда. Бактылуу уул кыздардын атасы.
Мындан эки жыл мурда Кошдөбө айылдык кеңешинин депутаттары бир добуштан болуштун элге кылган кызматын эске алышып, арбагын сыйлап, Болуштун ысмын айылдын борбордук чоң көчөсүнө ыйгарышкан.
Салтанатка ал кездеги райондун акими Абдималик Эгембердиев өзү барып катышып, тасмасын кыркып, ал кишинин элге кылган кызматын жогору баалаган. Элибизде элге кылган кызматы улук өткөн адамдарыбызды урматтап келе жатышкандыгы бул ошол элдин улуу эл экендигинен кабар берет. Ошондон жети атаңды бил деген, билбесе кул деген сөз калгандыр. Аталардын баскан өмүр жолдору жаштарга үлгү болушу, мыкты иштерге шыктандыруучусу болуп, элдин чыныгы уулу болууга чакырып турган.

Абдымомун Калбаев,
Аксы району, Кербен шаары,
журналист.

Чыныбек болуштун уулу Рыскулбек атасынан калган 100дөн ашык жыл мурда тигилген чапан менен.



  Билчү белеңиз...

l ?Адамдарга калем сунуштаса, анын 97% алгач өзүнүн ысымын жазат.

l ?Бугулар бананды жегенди абдан жакшы керөт.

l ?Эгерде атчан кишинин эстелигинде аттын эки алдыңкы буту көтөрүлгөн абалда турса, бул адамдын согушта каза болгону тууралуу маанини билдирет. Ал эми, аттын бир эле буту көтөрүлгөн абалда жасалса, адамдын согушта алгач жарадар болгону тууралуу түшүнүктү камтыйт.

l ?Баарына белгилүү болгондой, англис тили сөз байлыгы жактан эң кедей тилдерге кирет. Айрыкча, акындар ыр жазганда кыйналышат. Көрсө, month (ай), orange
(кызгылт сары) сыяктуу сөздөргө бир да сөз уйкашпайт экен.

l ?Эркектер аялдарга караганда өзүн-өзү өлтүрүүгө үч эсе көп барат. Эң кызыгы, айымдар өзун-өзү өлтүрүүгө эркектерге караганда үч эсе көп аракет кылышат, бирок, соңунда суициде барууга эрки жетпей аман калат экен.

l ?Дүйнө жүзүндөгү эң көп тараган ысым - Мухаммед.

l ?Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Берлинге ташталган биринчи бомба зоопаркта турган пилди гана өлтүргөн.

Венера Мусаева














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan