Коомдук-саясый гезит
№08, 06.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Ата-энеге балдары болсун жөлөк,
Аларга не керек сыйдан бөлөк

Өчпөс ысымдар
"Бул аялдын жаагы узун турбайбы,
мындайлар талыбай чуркаган күлүк
аттай болот. Алыска баруусу мүмкүн"
Айыл карыяларынын сөзүнөн

Балалык
Даркүл Күйүкова борборубузга канатташ жайгашкан Төкөлдөш айылында туулуп өскөн. Энеси эл чогулган жерден айылдаштарынын кылык жоруктарын өздөрүндөй кылып көргөзүп, элди күлдүрчү экен. Кызына бул адат энесинен өтүп, айылдагы кыз-келиндердин баскан-тургандарын, сүйлөгөндөрүн туураса, карап тургандар боорлору эзилгенче күлүшчү. Мектептеги ыр-хор ийриминин жигердүү мүчөсү болуп, оюндарды коюуга дилгир болот. Ал мезгилде театрга жаштарды тартуу иштери кызуу жүрүп Даркүл окуган № 5 мектепти Кыргызстан мамлекеттик театры шефке алып, андагы ийримдерди уюштурууга жардам берчү. 1936-жылы Фрунзеде жаш балдар театры уюшулуп, сынак менен балдарды театрга кабыл алуу башталат. Бул сынакта кичинекей Даркүл кыздар менен талаада тезек терип жүргөн мезгилин көргөзөт. Тезек алдындагы чоң жыланды көрүп, бакырып четке чыга качкан көрүнүштү так көргөзгөн кичинекей кыздын жөндөмүн комиссия жактырып, театрга кабыл алышат. Бирок Даркүлдү ата-энеси: "Маскарапос болбойсуң!" - дешип каршы чыгышат. Бир күнү О.Сарбагышевдин айтуусу боюнча келген киши, Даркүлдү ата-энесинен сурап театрга алып барат. Ал жактан кичинекей Даркүлгө театрга кабыл алган күндөн баштап, айлык чыккан эле. Ошол айлык менен ата-энесин кубантып, өзү репитицияга катыша баштайт. Ошентип театрга жолу ачылат.

Сахна
Эң биринчи Д.Күйүкова Н.Гоголдун "Үйлөнүү" аттуу комедиясындагы үй кызматчысы Дуняшанын ролун аткарып өнөр секисине чыгат. Көрүүчүлөр тараптан жылуу кабыл алынган бул комедиядан кийин, О.Сарбагышев Даркүлгө К.Маликовдун "Күлүйпа" пьесасындагы башкы каарман Күлүйпанын ролун берет. Улам ийгилик үстүнө ийгилик жаратып, өз ишине тыкаттык менен мамиле жасап, белгилүү актер М.Рыскулов сыяктуу адамдар менен бирге иштеп далай-далай чыгармалардан ролдорду аткарып, элге жеткире билген чеберчилиги өсөт. Даркүлдүн бала кезиндеги бирөөнү туурап берген адаты да кийин калбайт. 40-жылдарда радиодон М.Махмутова менен С.Кийизбаеваны турап ырдап жиберип тил угат. Өзүнүн аткаруучулук чеберчилигине жоопкерчилик менен мамиле жасаганын мындан көрүңүз "Ак чач кыз" деген спектаклинде дунган кыз Да-Шендин ролун аткарууда, атайын базарга барып образдарга тиешелүү мүнөздөрдү байкап табуу үчүн дунган кемпирлер менен "Мен дунганмын. Кыргызга турмушка чыгып, өз тилимди унутуп баратам" деп акцент менен дунганча сүйлөшкөн. Д.Күйүкова К.Жантөшевдин "Курманбек" спектаклинде Салкындын, К.Маликовдун "Жаңыл Мырза" спектаклине Жаңылдын жана башка ролдордо ойноп, аларды ийине жеткире аткара билген.

Чыгармачыл үйбүлө
Д.Күйүкова бир гана театрда ийгилик жаратып, кадыр-баркка жетпестен, өзүнөн кийинки жаш артисттерге жол көргөзүп, кеңеш берген. Кыргыз драм театрынын актеру жана админстратору Исмаилбек Абдубачаев экөө алты баланы тарбиялашат. Убагында кичүү кызы Райма Абдубачаева Ош кыргыз драм театрында белгилүү актриса болсо, кенже уулу Зулпукорбек Абдубачаев кыргыз радиосунун диктору болуп эмгектенишкен.
Д.Күйүкованын эмгеги бааланып, СССРдин эл артисткасы, Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси, Кыргыз ССРинин ордендери, медалдары менен сыйланат. КПССтин мүчөсү, партия уюмунунун катчысы болуп, депутаттыкка чейин көргөзүлөт.

Жашоо соолбойт экен да
Согуш учурундагы эненин трагедиясын Даркүл Күйүкова элге даана жеткирип, жашоо соолбойт экен да деген сөздүн маанисин Толгонайдын образы аркылуу ачып көргөзгөн. Кандай кыйынчылык болсо да чыдамкайлуулукка, кайраттуулукка чакырган Толгонайдын ролундагы Д. Күйүкованын таланты кол жеткис бийик, ой жеткис терең. Ошол бийиктикти аздектөө, тереңдикти сыйлоо биздин милдет.


Кайыркүл Калчаева




Өмүрү өрнөк инсандар
Эки жолу эмгек Кызыл туу ордендүү, эки жолу СССРдин ВДНХсынын катышуучусу, үч жолку Социалистик эмгектин жеңүүчүсү, 7 медалдын ээси, стахановчу, согуш жылдарында ооруктун ардагери Садыкова Өктамхан Казаковна 1929-жылы Жалалабат облусунун Ноокен районундагы Масы айылында туулган. Анын жаштыгы Улуу Ата Мекендик согушка туш келди. Согуш башталганда ал 12 жаштагы кыз эле. "Бардыгы Фронт үчүн, бардыгы жеңиш үчүн!" деген чакырыктын негизинде ал жаштайынан эле "Большевик" колхозуна мүчө болуп кирген. Эрте жаздан баштап, кеч күзгө чейин жаштык жалыны менен пахтанын катар аралыгында иштеди, гозо чапты, орум мезгилинде буудай орду, коомдук малга тоют даярдоого катышты. Пахта терүү мезгилинде чоң аялдар менен бирге алардан калышпастан пахта терди, бардык кыйынчылыктарга чыдады. Согуш жылдарындагы ачарчылыкта башкалардай эле загара нан, күрмөк нан жеп, атала ичип чыдамкайлык менен иштеди.

Энеден кымбат эмне бар?..
"Эне ... эне, энеке!" Балага да, энеге да кандай гана жагымдуу, баалуу, табылгыс сөз. Эне жөнүндө кайсы гана акын ыр жазган жок, кимдер гана эненин баркын билип, анын ыйыктыгын, кол жеткис бийиктиктеги зат экенин айтып келишпеди. Ошондой болсо да мен Керимбаева Аселдин апасы жөнүндөгү оюн тең бөлүшөйүн.
- Дүйнөдө алтынга алмаштыргыс күмүшкө тең келбеген дүйнөдө жап-жалгыз апам эле. Көкүрөккө толгон сырымдын ачкычын апама гана ачаар элем. Капаланса кубантып күлкү чачаар элем. Ааламдагы жападан жалгыз сырдашым, таянаар тоом, жөлөнөөр таягым эле. Азырчы, апа өзүң жок, кайда барып, кимдин көзүн караарымды билбейм. Кимге сырымды айтып кимден мээримдин нурун күтөөрүмдү билбейм. Билгеним, сезгеним ушул: өмүрүмдө апа өзүңдөн бөлөк адам мээримин чачпайт өз боорундай көкүрөгүн ачпайт. Эми кучагыңа кирип, "Апа,.. апаке,.. апаке!" деп жытыңды жыттай албаймын.
Беш баласынан ысык чай ичпей, жылуу-жылуу кийим кийбей, небере-чөбөрөсүн алдына алып эркелетпей кетпедиби. Адам катары апам деле биздин төрүбүздү ээлеп, жылуу алкыш сөз угуп бизге күч кубат болуп, батасын берсе болбойт беле! Айла жок, аргасыз баш ийип, моюн сунуп беребиз.
Апасы менен кызынын сырдашып баратканын көрсөм жанымды коёрго жер таппай калам. Ойлосом өлбөс - өмүр, сынбас - темир болбойт дегендей эле, жоготуу - бул дүйнө - өмүрдүн мыйзам ченемдүү көрүнүшү тура!

ЭлКар



  Өнөгөлүү өмүр

Согуш башталганда эле анын төрт агасы биринин артынан бири аскерге чакырылып, согушка катышышты. Эки агасынан Аллакул жана Бегижандан Атамекенин коргоодо батырларча курман болду деген кара кат келди. Өктамхандын фашисттерге каршы кыжыры кайнап жаңы күч-кубаты артып, комсомолго өтүп, убакыт менен эсептешпей иштей баштады.
Улуу Атамекендик согуш жеңишибиз менен бүттү. Абдылда менен Жолборс агалары согуштан орден-медалдарды тагынышып, жарадар болуп кайтышты. Өктамхан Садыкова 1946-жылы июнда "1941-1945-Улуу Атамекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн" деген И.В. Сталиндин сүрөтү тартылган медаль менен сыйланды.
Ошентип Өктамхан Садыкова "Большевик" колхозунда (кийинчерээк Хрущев, "Москва" деп аталды) жигердүү эмгектенди. Азыр да "Москва" айыл чарба кооперативинде ардагер эмгекчи болуп катышып келе жатат. Майрамдарга, салтанаттуу чогулуштарга, курултайларга катышып чыгып сүйлөйт.
Ал 1960-1975-жылдардын арлыгында ар бир сезондо 12-15 тоннадан пахтаны эки колдоп терип, башкаларга эмгектин үлгүсүн көрсөткөндүгү үчүн СССРдин орден медалдары, төш белгилери менен сыйланган. 1954-жылы жана 1984-жылдарда Москвадагы ВДНХ көргөзмөсүнө катышкан.
Өктамхан Садыкова менен өмүрлүк жубайы журналист Сатымкул Садыковдун үй-бүлөсүндө беш уул, бир кыз бар. Алар да ата-энесинин үлгүсү менен иштешип, СССРдин орден-медалдары менен сыйланышкан. Атап айтканда, алардын уулу Каарман үчүнчү даражадагы "Эмгек даңкы" ордени, медалдар, ВЛКСМдын "Эң мыкты механизаторго" төш белгиси, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак Грамотасы менен сыйланган. Ал машина менен сезондо 265 тонна пахта терип, республиканын чемпиону болгон.
Бул үйбүлөдөгү 6 баладан 24 небере, 27 чебере тараган.
- Кыргызстандын бардык айымдарын жана өзүм менен курбалдаш эмгек ардагерлерин 8-март - аялдардын Эл аралык Күнү менен чын дилимден куттуктаймын, - дейт эмгек каарманы, ардагер айым Өктамхан Садыкова, - Бардыгыңыздарды Кыргызстандын экономикалык байлыгын жогорулатууга, Кыргыз Республикасынын Президенти К.С. Бакиевдин, айланасында тыгыз баш кошуп иштөөгө чакырам. 2008-жылды Кыргызстандын бурулуш жылына айландыралы. Бардыгыңыздарга бекем ден соолук каалаймын!
Эмгек эрезеге жана үйбүлөлүк бакты-таалайга жеткирет деген ушул.

Абдыганы Майрамбеков,
Ноокен районундагы Масы айылынын Аксакалдар кеңешинин төрагасы.
Тешебай ажы Айдаров,
Масы айылынын тургуну, Улуу Ата мекендик согуштун майдангери




  Номурга дилкабар

Ак дилимден куттуктайм!
Кудай кыздардын табиятына ылайыктап, аларга жаралгандан баштап эле улуу каситеттерди: сергектикти, сезимталдыкты, боорукерликти, кайрымдуулукту, ырайымдыкты, назиктикти, акылмандыкты, асылдыкты дагы, дагы аялзатына таандык адамдагы бардык баалуулуктарды кош колдоп берген турбайбы.

Алардын арасынан өзгөчө бир тобуна талантты да аябаптыр.
Акындар, жазуучулар, журналисттер ырыскысы ташыган ырчылар, нурдуу сөздүү дарыгерлер, журттун жүгүн аркалаган элдик кыздарыбыз кыргыз журтчулугунда аз эмес экен.
Айрымдарыбыздын башыбызга каратүн түшүп, там сүзүп карайлап калганыбызда, кайрымдуулугун биринчи катарга коюп, бөлөк-бөтөн дебестен алардын "оорун колдон алып" гумандуулукта ички сезим менен аны баалап, өз ыктыярлары менен тез жардамга келген кыздар абдан эле арбын. Мага жардам бергендер жөнүндө редакцияга жазган катымда бирден көрсөтөйүн дедим. Алар төмөндөгүлөр: менин өмүрүм үчүн өлүм менен күрөшкөн жубайым Анар. Ал Дастан Сарыгуловдун айтуусу боюнча "Баатыр аял". Социолог, публицист, окумуштуу, жазуучу, республикалык "Агропресс" гезитинин башкы редактору, Борбордук Азиядагы чыгармачыл аялдардын "PEN" борборунун вице-президенти Топчугүл Шайдуллаева; журналист, "Кыргыз Туусу" гезитинин кызматкери Айша Алиева, Кыргызстан аялдар Конгрессинин президенти Замира Акбагышева; "Эркинтоо" гезитинин журналисти Турдалиева Бегим; Талас раймамадминистрациясынын башчысынын орунбасары Жаркыналиева Азият; Талас телерадио компаниясынын тележурналисти Темиралиева Канымжан; "Халык эмшиси" Сейдалы кызы Азиза; Бакайата районунун акиминин орунбасары Кебекбаева Салия; Бакыян орто мектебинин тарых мугалими, музейдин директору Байымбетова Батма; Карабуура райакиминин орунбасары Сапарбаева Бактыгүл, "Айыл өкмөтү" гезитин кызматкерлери Венера Мусаева, Кундуз Исмаилова, Эльза Зарылбекова, Айжан Чекирова. Булардын мага көрсөткөн көмөгүн, жардамын жазбасам сөзүмдүн тузу кем болуп калбайбы. Алар эң негизинен менин руханий байлыгымы сактап калышты. Мага моралдык жана материалдык жардам беришти. Мен тууралу газеталарга макалаларын, ырларын жарыялашты. Жазган китепчелеримди чыгарып беришти. Макалаларымды жарыкка чыгарышты. Ден соолугума карашышты. Дарыканаларды аңтарышып, операцияга керек дары-дармектерди табышты. Туулган күнүмдү белгилешти, белектерди арнашты.
Аты аталган кыздар ушинтишип арка, бел, таянган тоом, ишенген кишим болуп, кызматтарын аябай эле көрсөтүшүп келе жатышат.
Айланайын кыздарым!
Адамдын өмүрү, жашоосу чектелүү, ден соолугу ченемдүү болот турбайбы. Мен азыр 77 жашка кеттим, эс-акылым ордунда. Бирок күнүм күүгүмдөп келе жатат. Көзүм барда, сөзүм барда карылык мээримимди төгүп, бүрсүгүнкү Эларалык 8-март майрамыңыздар менен сүйүктүү гезитим "Айыл өкмөтү" аркылуу ак ниетимден куттуктайм. Сиздерге Кудайдан узун өмүр, узак жашоону, чың ден соолукту, ишиңерге ийгиликти каалайм.

Кененсары Сапарбаев,
Карабуура району,
Кызыладыр айылынын
тургуну, ардагер




  Чүй ОИИБинде

Ким күнөөлүү?
Карабалта шаарындык маданият үйүндө Чүй ОИИБинин, мугалимдердин демилгеси менен атайын жыйналыш болуп өттү. Анда милиция кызматкерлери мектеп окуучуларына кылмыш жасашса кандай жаза алаарын, эрезеге жеткен учурда укук коргоо тармагында иштей албай калышаары сыяктуу жагдайларды түшүндүрүштү. Милиция тармагынын өкүлдөрүнө мектеп окуучулары да кызыккан суроолорун беришти.

Областтык ички иштер башкармасынын начальнигинин орун басары, милициянын майору Нурлан Касымкулович кийинки учурларда кылмыштуулуктун көбөйүшүнүн себептерине кеңири токтолду. Өспүрүмдөр арасында катталган кылмыштардын арты өтө өкүнүчтүү жагдайда аяктап жаткан учурлардын да тилекке каршы бар экенин айтты. Билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен ички иштер органдарынын өкүлдөрү биргеликте чара көрүп жатышканы менен өспүрүмдөр арасындагы кылмыш иштерин болтурбай коюуга дээрлик мүмкүн болбой жаткандыгын да белгиледи. Өз учурунда билим берүү тармагынын өкүлдөрү да өз ойлорун ортого салышты:

Карабалтадагы № 4 мектептин мугалими
Айымбачына Келдибекова:
- Азыр ата-энелер балдарына көп көңүл бурушпайт. Мектепке кеттим деп же сабакта жок,же үйдө жок жүргөн окуучулар көп. Мектептерде жогорку класстын окуучулары утур кийинкисин тоноп атышат. Ата-энелер: "Мугалимдер тарбия бербейби?" дешет. Бирок, биздин класстык саатыбыздын мөөнөтү 45 мүнөт, ошол учурда баарын айтып жетишпейбиз. Ошентсе да болгон тарбияны бергенге аракет кылабыз.
Карабалта шаарындагы № 11 мектептин
директору Чолпон Кожоева:
- Мектепте ата-энелер менен жолугушуп, жыйналыш кылып турабыз. Ар бир окуучу менен өз-өзүнчө иштешебиз. Кээде албетте түшүнбөстүктөр болот, андай учурларда милиция кызматкерлери жардамга келет. Мектепке сөзсүз психолог керек, бирок тилекке каршы андан башка да кадрлар жетишсиз. Мугалимдер болгон иш-аракетин жумшап, тарбия берип жатышат. Бүгүнкү жыйналышта да окуучуларыбыз өздөрүнө пайдалуу кеңештерге ээ болушту.
Жогорудагыдай айтылган ойлордон улам "Жаш өспүрүмдөрдүн кылмыш дүйнөсүнө аралашуусуна негизги себеп кайсы?" деген суроого жооп таба албадым. Айрымдары ата-энеси десе кай бирлери мугалимдер, дагы бири өздөрү күнөөлүү дешет. Кандай болгон күндө да эч нерсеге алмашкыс балалык күндөрүн темир тор артында өткөргөн өспүрүмдөрдү аяйсың.

Кундуз Исмаилова,
"Айыл өкмөтү"














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan