Коомдук-саясый гезит
№08, 06.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Балдар - келечектин жаркын үмүттөрү болсо,
ошолордун келээр жакшылыгын тилеген- энелер

  Инсандуу элдин өсөөрү бар

Роза Төрөкуловна Айтматова:
"Чындыкты жазуу милдетим эле"
- Роза Төрөкуловна, сиздин"Тарыхтын актай барактары" аттуу автобиографиялык, тарыхый көркөм жана даректүү чыгармаңыздын жарык көрүшү өлкөбүздө "2008-жыл - Чынгыз Айтматовдун жылы"деп аталган улуттук руханий жылга туш келип отурганы кокустукпу же бул чыгарманын жаралыш мөөртү ушул жылга туш келип калдыбы? Дегеле аталган чыгарманын жаралышына түрткү болгон себептер дагы бардыр?
- Мен бул чыгарманы жазаардан мурда ага керектүү материалдарды өзүнчө топтоп, аларды балдарыма, неберелериме таберик кылып калтырсам деген ойдо жүргөм. Андагы даректүү далилдерге таянып, утур жаңы өсүп келе жаткан жаңы муун элибизде ушундай инсандар болгон экен деп жүрсө дегем. Чынгыз Айтматовдун маарекелеринде кээ бир массалык маалымат каражаттары үйбүлөлүк тарыхый даректерибизди айтканда айрым каталарга жол берген учурлар да болуп калчу. Бирок ошол бейдарек маалыматтардын эл арасына таркап кеткени өкүнүчтүү эле. Анан ошолорго эл ишенет эмеспи. Ушундай калпыстыктарга мындан ары жол берилбеш үчүн мен болгон чындыкты жазып калтырайын дегем.
Китебимде алалоо( репресия) учурунда бейкүнөө кыйналган, эч айыпсыз курман болгон инсандарды жазып калтырдым. Аталган чыгармамда Маймак станциясы жөнүндө да баяндалат. Биздин жашоо-турмушубуз станцияга өмүр кечирүүгө келгенге чейин атабыздын жанында, мээриминде өткөн болсо, андан кийин атасыз калганбыз. Апам бизди кыйынчылыкта өстүрдү. Мурда атам менен жакшы мамиледе жүргөн эле адамдар, эл душманынын аялы деп жумуш бербей койгон учурлары болгон. Апам да тектүү жердин тукуму эле, турмуштун оорчулугуна мөгдүрөп калбай өз балдарына татыктуу тарбия берген. Бул чыгарманын жаштарга тарбиялык мааниси абдан чоң. Ошол алалоо жылдарында согуш учурунда оор кыйынчылыктарга карабай кайратман көп энелер балдарына татыкттуу тарбия беришкен. Азыр болсо өз балдарын өзү өлтүргөндөрдүн , таштап кеткендердин саны арбын. Мына ошолор эгер китепти окуса, кандай кыйынчылык болсо да өздөрүнүн энелик жоопкерчилигин жогору коёт эле деп ойлойм.
Ушул күнгө чейин алалоого кабылган кыргыздын белгилүү уулдарынын тагдыры так ачылган эмес. Мүмкүн өкмөт жетекчилери да окуса ошол учурдагы бийлик өкүлдөрү кетирген катачылыктарды кетирбейт, кайталабайт дээр элем. Мен тарыхчы болбогондон кийин ошол катаал кездеги турмушту ачык көрсөтө алган жокмун. Бирок бир үйбүлөнүн трагедиясы менен алоонун азаптуу кесепеттерин ачып бергенге аракет кылдым. 40 000 кишинин бир туугандары, балдары "эл душманы" деген жарлык тагынып азап тартышкан. Нечендеген кайгы-касирет менен күн көрүшкөн, бирок эл-жер үчүн кызмат кылган ошол адамдардын чындыгында ким болгонун элдин баары эле биле бербейт.
- Эр тайын тартат дегенге кандай карайсыз?
- Мүмкүн. Ген аркылуу берилсе керек. Апамдын бир туугандарына караганда атамдын туугандары менен бирге көп жашадык. Москвадан келгенден кийин, Шекерге барып жан сактадык .Ошондуктан китепте ар бир эжелеримин бейнесине кененирээк токтолдум. Алар тууралуу менде маалымат көп эле. Таякелерибизге бара алган эмеспиз. Мен аларды апамдын айтуусу боюнча гана билчүмүн. Кийин архивдик материалдарды чогулта келгенде алардын билимдүү, адамкерчиликтүү адамдардан экенине ынандым. Алар кыргыз бермети болгон Ысыккөл облусунун экономикасынын өнүгүшүнө өз салымдарын кошушкан адамдар болгон.Улуу таякем Сабиржан өз учурунда Германияга барып, Кенигсберг шаарынан коммерциялык окуу жайын бүтүрүптүр. Европа өлкөлөрүн кыдырып, алардагы жашоо шарт, маданият менен кеңири таанышкан экен. Буга 1912-жылы Франциядагы Канны деген шаардан түшкөн сүрөтү күбө.
1913-жылы жут болуп, кыргыздардын малы жуттан кырылып, жаңы көчүп келген орустардын жашоо шарты калыптана албай кыйналышкан экен. Ошондо караламан калк ачарчылыктан жапа чегишиптир. Бул учурда элдин башына оор кесепет түшкөн. "Семиречинские областные ведомости" гезитинин атайын санында белдүү, аброю бийик алты адам колунда барларга кайрылуу жазышкан. Алар мезгилдин кыйынчылыгына токтолушуп калктын кыйналган катмарларына жардам көрсөтүүлөрүн суранышкан. Андагы кол койгон атактуу генерал-майорлордун арасында Хамза таятам да болгон.
Ошондой эле таякелерим багбандыкка да көңүл бурушкан. Бул жөнүндө таякем Сабирдин кызы Асия төмөндөгүдөй эскерет: "Каракол шаарынын чет жагында Жетиөгүздү көздөй кеткен жолду бойлото чоң атам балдары менен алма бак тигишкен экен. Катар-катар отургузулган ар кандай сорттогу алмалардын арасында беде себилип, эки жагында арча, ит мурун тигилгенин азыр да эскерип турат. Өмүр жолунда адал эмгектенишкен, бекерпоз болбогон адамдардын эмгектери унутулбайт. Таякелерим - кыргыздардын, Каракол шаарынын эканомикасын көтөрүүгө өз салымдарын кошкон, билимдүү, ошол эле учурда элге кызмат кылган акназар адамдардан болгон экен.
- Атаңыздын саясий ишмердиги жөнүндө айтсаңыз?
- Атамдын өзү жазып калтырган айрым маалыматтарына караганда 10 жашында эле Маймак станциясындагы Тешкен тоодо иштеген экен. Совет бийлиги келгенде тил билгендиги, идиректүүлүгү үчүн тез эле көтөрүлүп, жогорку кызматтарда иштеген. Апам экөө Караколдон таанышышыптыр. Атамдын эл үчүн кылган майнаптуу иштеринин бири 1927-1928-жылдары республикабызда ишке ашырган жер, суу реформасы болгон. Жер иштетүүнү билген адистер керектигин съездде түйүндүү маселе катары көтөрүп чыгат.Чындыгында эле бул Совет бийлигинин алгачкы жылдарында Кара кыргыз автономиялуу областында агрономиялык иштер өнүкпөгөн, химиялык жер семирткичтер жөнүндө дыйкандардын да, байлардын да түшүнүгү болбогон. Айыл чарба шаймандары төмөнкү деңгээлде болгон.Омоч менен жер айдап, чычырканак менен малалашкан. Кедейлер эле эмес, колунда барлар да жер иштеткенди билишкен эмес, алар да айыл чарба шаймандарына муктаж болушкан.
Шаардан адистер келип сугат жер, кайрак жер деп бөлүп, ар бир ишти пландуу баштаганга аракет жасаган. Атамды Кыргызстанда жер иштетүүгө революция жасаган алгачкы жетекчи десем болот. Элге жер иштетүүнүн маданиятын үйрөткөн. Атам ошол жерди иштетүүгө калкты тарткан, ага өз салымын кошкон деп сыймыктанып айта алам.
- Балалыгыңызда эсте калган көз ирмем...
- Бир жолу жазында Досаалы жездем айран-сүт ичип келесиң деп мени алып кетет. Кызыладырдан Шекерге атка өңөрүлүп бараткам. Карасуудан өтө бергенибизде ат суу ичип атканда, ага кызыгып ары-бери карап атып сууга жыгылып кеткем. Досаалы жездем олбурлуу, көрктүү киши эле. Мени тез эле эңип алган. Эң биринчи эсимде калган элестердин бири ошол. Анан Жийдеде өткөн бактылуу балалыгымды сагынам. Жийделиктер да менин тууганым. Өзү кичинекей эле бир эле көчөлүү айыл. Аны өйдөкү, ылдыйкы, ортоңку деп бөлчүбүз. Мен ортоңку айылдын кызы болчумун. Адам катары Жийдеде калыптандым. Покровкада да жашадык. Апам биздин билимибизге көп көңүл бурчу. Согуш жылдары оор жылдар болду. Бирок элдин ынтымагы баарын жеңди. Балалыгым оор кыйынчылыкта өтсө да, ошол учурдагы жакшы адамдарды сагынам. Ошол учурдагы жакшы күндөргө кайрадан баргым келет.
Бир адам ооруп калса айылдагылардын баары барып акыбалын сурашчу. Эгер бирөө- сурабай калса эмнеге келбейт, ал мага тааранганбы деп, бири бирине аёо менен мамиле кылышчу.
- "Тарыхтын актай барактары " аттуу китебиңиздин чыгышы, өлкөбүздүн окурман журтун, окумуштууларды, тарыхчыларды абдан кызыктырууда. Аларга сиздин жазуу стилиңиз, көркөм сөз каражаттарын ийине жеткире орундуу пайдалана билишиңиз, мурда эч жерде айтылбаган даректүү далилдериңиз жаңылык катары байланууда. Китебиңиздин жүзачаар аземдерине катышканыбызда анын түрк жана орус тилдерине которууну каалап өтүнгөн тараптардын да болуп жаткандыгы кубандырбай койбойт. Сизди "Айыл өкмөтү" гезитинин жамааты 8-март майрамыңыз менен чын ыкластан куттуктайт. Ден соолукта болуп, элибиздин акылгөй, парасаты бийик айымдарынын көч башында жүрө бериңиз деген каалоо тилегибизди айтмакчыбыз.

- Сиздерге да чоң ыракмат. Инсандардын ибарат иштерин данистеген аракеттериңиздер үзүрлүү боло берсин.

Кундуз Исмаилова,
"Айыл өкмөтү"




  Апалар бар үчүн жашоо уланат...

Эч нерсеге алмашкыс бир тууган деген түшүнүк бар. Бул түшүнүк албетте эне деген ыйык түшүнүк менен катар жүрөт. Анткени дүйнөдөгү асылзат апалар төрөгөн балдар гана бир тууган деген түшүнүктү берип турат эмеспи.
Менин да Көлдүн алыскы бир айылында жашаган бир тууган эжем бар. Борборго келсе ар дайым сагынтып келет, сагынтып кетет. Эжекем Касиева Гүлай Аксуу районундагы Акбулак айылынын тургуну, он баланы төрөп, багып өстүргөн Баатыр эне. Өзү айткандай Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон чоң салымы да мына ушул. Пайгамбар жашынан ашса да эжекем сымбаттуу, өз боюна тың. Өзү айткандай этегин үзө баскан адат ага башынан жат. Койкоюп ар дайым төрдүн көркүн ачып отурат.
Жашоонун ачуу-таттуусун бирге татып, өмүр бою билим берүү тармагында эмгектенген өмүрлүк жолдошу Касиев Бекеш жездебиз өз учурунда айылынын гана эмес, районго чейин таанылган мугалим эле. Бири кем дүйнө деген ушул белем, эжем экөө сый көрүп , төрдө отураар учурунда кайтыш болуп кеткен. Эжекемдин бир өксүгү да ушул болсо керек деп ойлоп калам ичимде. Кичүү уулу Болот, кичүү келини Канайым менен бирге турган эжемдин үйүндө ар дайым майрам. Уул-кыздары, небере-чөбөрөлөрү бардыгы чогулган кезде бака-шака түшүп өзүнчө эле шаарга айланат.
Эжекемдин бир адаты бар. Ашка-тойго барып, айылчылагандан башка да кайсы жерде болбосун өлкөнүн аймагында болуп жаткан саясий болобу, маданий болобу жаңылыктарды калтырбай угуп, көрөт. Кандай гана басылма болбосун калтырбай колго тийгенин окуйт. Ошондон улам болсо керек, ар бир окуяга өзүнө тиешелүү баасы бар. Ии деп башкалардын пикирине муюп калбайт. Ар дайым өктөм мүнөзүн кое бербей, ар бир иштин агын ак, карасын кара деп турат. Балдарына, неберелерине да берген биринчи тарбиясы ушул.
Кыз узатып, келин алып, тууган-уруктун жакшылыктарына күбө болуп дегендей, кыргыз элине гана тиешелүү каада-салттарды билүү менен айылынын алдыңкы уздарынан. Эжекем муну деле артыкчылык катары көрбөйт. Айылда жашаган ар бир аял аттуунун баары уул үйлөп, кыз берет, демек муну билбесе болбойт деген пикирде.
Эжекем экөөбүздүн жаш ортобузда бир топ айырма болгону менен менин жашоого болгон көз карашым кандай, жада калса менин кызымдын мүнөзү кандай ар бирине кайдыгер эмес. Айтор ар бир эле адам өзүнүн бир тууганынын жакшы гана жактарын көргөндөй менин эжем мен үчүн үлгү. Деги эле эжемдин башкалардын көңүлүнө туура келе бербеген сапаттары жокко эсе. Мен муну айылдаштарынын сөзүнөн улам да билем, ага сыймактанам.
Эсимде, мен кичинемде эркеликтен улам болсо керек үйгө киши келсе эле мен кайда жатам дей берчүмүн. Ошол киши үйгө конобу, жокпу ишим жок эле. Гүлай эжем ар дайым боору эзиле күлүп "Орун табылбай калса эшиктеги күчүктүн жанына жатасың" деп калаар эле. Мага эжемдин жүзү ошол жаш кезиндеги бойдон эле сакталып калгандай сезиле берет.
Алдыда аялдардын жаз майрамы. Жалпы эле апалардын майрамы. Мына ушул ыйык майрамда мен асыл эжекемди, жалпы эле апаларды куттуктагым келет. Анткени апалар - жашоонун көркү, апалар - жашоонун маңызы. Апалар бар үчүн биз барбыз. Апалар бар үчүн бир туугандар төрөлөт, апалар бар үчүн жашоо уланат.
Канышай Мамыркулова




 "Теңирим, тебелетпе улутумду?"

Автор жөнүндө алгы сөз
Гүлжамила Шакирова окурман журтуна кыргыз поэзиясында өз үнү бар, философиялык ой туюму бай лирик акын катары жакшы белгилүү. Ал поэзия жаатындагы улуттук чыгармачыл айымдарыбыздын көч башында бара жаткан мекенчилдик сезими бийик авторлорубуздан.
Гүлжамила Акталаа районундагы Жаңытилек айылында туулган. КМУнун журналистика бөлүмүн аяктагандан бери карай чыгармачылыктын: журналисттик кесиптин жана акындык шыбаганын кош тизгинин карылуу кармап келе жатат.
1990-жылдан баштап "Эне тил" гезитинде иштесе, 1993-жылдан бери карай УТРКнын радиоуктуруусунун адабий драмалык "Казына" чыгармачылык бирикмесинде баяндамачы болуп үзүрлүү эмгектенүү байсалында.
"УТРКнын мыктысы" төш белгисинин, Кыргыз Респуликасынын Ардак грамотасынын ээси. "Сапардагы каркыра", "Даанышман кеп", "Дил азык", поэтикалык жана сөз берметтери китептеринин автору. Гүлжамила Шакирова ошондой эле кыргыз журтчулугуна "Мен кыргызмын", "Кыраакы кыргыз дүйнөсү", "Сөз ариети", "Чыгыш мурастары" автордук уктуруулары аркылуу мекенчилдик сезими бийик, калеми курч журналист катары жакшы белгилүү. Окурмандардын өтүнүчү боюнча анын калеминен жаралган жаңы ырларынан мындан ары карай дагы дамаамат жарыялап турмакчыбыз.

Мирзат Урдавлетов,
жазуучу жана драматург




Көздөр алдайт
Оо бир кезде көздөр сырдуу көрүнчү,
Каректерден ыйбаа нуру төгүлчү.
Тил калп айтып, тибиреңдеп жатканда,
Көз уялып, кирпиктерге көмүлчү.

Ким айта алат алдабайт - деп көздөрдү,
Көздөр дагы доор менен өзгөрдү.
Карап туруп тикирейип калп айтып,
Коштоттурат коргошундай сөздөрдү.

Жеңилбейт - деп, сүрөгөндөй алптарды,
Коргошун сөз, коргоп коет калптарды.
Көңүлдөрдү жайкап коюп акырын,
Көздөр укмуш сүзүлүшүп, барктанды.

Көздөр көздү уялышпайт өбүштөн,
Уялышпайт алдап жашын төгүштөн.
Керек жерде, кедей болуп, бай болуп,
Көздөр дагы калп айтууга көнүшкөн.

Карап туруп, сөз айтты-деп, эриткен,
Калкаман эл, көзгө ишенип келишкен.
Көңүлдү эзип, кирпиктерден төгүлүп,
Көздөр танбайт, калп убада бериштен.

Ким айта алат, калп айтпайт - деп көздөрдү,
Көздөр дагы мезгил сындуу өзгөрдү.
Карап туруп тикирейип, калп айтып,
Калкалатат, камырабас сөздөрдү.
Ким айта алат, алдабайт - деп көздөрдү?

Биз...
Кыялыма бүткөн бир канат болуп,
Сөздөрүбүз, сүйлөшсөк санат болуп...
Кызык сезим азгырат, жолукканда,
Бараткансыйт бул сезим, адат болуп...


Чарчаганда демиме кубат болуп,
Чабыттаган дүйнөмө сынак болуп.
Жолукканда жомоктой дүйнөмсүң бир,
Жүрөгүмө жүрөгүң ынак болуп...

Жакын туруп, а кезде ыраак болуп,
Жагылабыз бүлбүлдөк чырак болуп.
Өр жолунда өмүрдүн келатабыз,
Өткөөлдөргө карабай ынак болуп...

Алгачкы жаз
Кыш бою бүт кыроо жапкан терезем,
Бүгүн мартта биринчи ирет ачылды.
Маанайымдын мартабасын көтөрүп,
Жаздын күнү жайнап үйгө чачылды.

Керексиздей от жагуу да, отун да,
Кышкы түйшүк унутула калгандай.
Эргип барып чымчыктардын үнүнө,
Селт дей түшөм жаз экени жалгандай.

Ал аңгыча курбу кыздар шарактап,
Күйөөлөрү гүл көтөрүп алышкан...
Жарашыктуу жасанышып ээрчише,
Жаз майрамын жар салышат алыстан.

Жетиналбай от жагууга далбастайм,
Казан асып, а чайнегим шуулдап...
Марттын күнү кандай тийсе жаркырап,
Күйөт отум дал ошондой дуулдап...

Кыштан бери кыроо жапкан терезем,
Жоогазындар бой кергенге нурданат.
Жоодурашып андан бетер досторум,
Бүгүн мартта биздин үйдө ыр жанат..

Мен аялмын
Аялсың деп, алсыз көрбө жан эркек,
Аның туура акыйкатта аялмын.
Кылаар кезде кызматымды аянбай,
Кыйындыкта үй тиккенге даярмын.

Мейли өзүңдү бийик сезгин бир баскыч,
Айтпай деле койгун анттуу сырыңды.
Канткен менен касиетим билип кой,
Кай бир кезде токтото алам чырыңды.

Аялсың деп алсыз сезсең сезе бер,
Алым жетет колдошушка ташыңа.
Аяп турам аял эмес энедей,
Азап мүшкүл иш түшкөндө башыңа.

Жанып-күйүп жан дилиңден сүйө алсаң,
Жароокермин, кучагыңда таттуумун.
Жеңил көрүп уйпаласаң убайга,
Жараланып жандан кечкен ак куумун.


Алыс жүрсөң карааныңды утурлап,
Караңгыда жарык берээр чыракмын.
Кана жутуп, анан кайра булгасаң,
Каргыш берип агып кетээр булакмын.
Өкүнүчсүз рахат берип, сүйө алсаң,
Өмүр бою өзүң менен ынакмын.

Теңирден сурануу
Боо түшүп Атажурттун асманынан,
Боз булут неге айланып кетпей турат?
Кыйналган дараметке акыл кошоор,
Кыргызга кыргыз дээр жетпей турат.

Улуттун уйпалашып жан-дүйнөсүн,
Батышты барктагандар сезбей турат.
Кыраакы кылдат карап баамдагыч,
Кыргызга кыргыз жүрөк жетпей турат.

Чыркырап бакыт күтүп бул жашоодон,
Балдары кембагалдын ыйлап турат.
Батыштын ачкөздүгү баштарга орноп,
Кыргыздын айкөлдүгү кыйрап турат.

Көөдөндө жан-дүйнөнүн ыйык оту,
Көшөөрүп, алоолонуп өчпөй турат.
Ан сайын өчөшкөнсүп кир булуттар,
Ала-Тоо асманынан көчпөй турат.

От болуп эл дүйнөсү кете электе,
Оо шамал айдап кетчи булутуңду.
Тек жайын билбей жүргөн тексиздерге,
Теңирим, тебелетпе улутумду!

Гүлжамила Шакирова













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan