Коомдук-саясый гезит
№08, 06.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Эстүү киши элим дейт,
Эл жактаган жеңилбейт

  Камкордук

Маалымат борбору жаштардын келечегин көздөйт
Кыргызстандын "Сибири" аталып, башка дубандардан климаттык катаал шарты менен айырмаланган Нарын жергесинин жаштары жумушсуздуктун азабын тартып келет. Бөлөк жер, бөтөн элден бакыт издеп кеткендердин баардыгынын эле байпагы манат болбой, "кайда барса Мамайдын көрүнө" кабылып, ал түгүл күлгүндөй өмүрүнөн айрылып жаткандар четтен чыгат.
Мындан улам жети жылдан бери элдин эң көйгөйлүү жагдайларына колдон келген көмөгүн көрсөтүп келе жаткан Бейшенбек Турсунбаев жетектеген "Занятость" коомдук бирикмеси жакында жаштардын жашоосуна камкордук көргөн жакшы иштин демилгечиси болду. Жаштарды убактылуу жана туруктуу иштөөчү жумуш менен камсыз кылууну көздөгөн долбоору Борбордук Азиядагы Евразия фондусу тарабынан жактырылып, "Нарын жаштар маалымат кеңеш берүү борбору" ачылды.
Аталган коомдук бирикменин мындай демилгесинин ишке ашышына түздөн-түз жардамын берген Нарын облустук миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу боюнча комитетинин (жетекчиси Марат Рустемов) эмгеги да айтаарлык экендигин борбордун ачылыш аземинде айтып өтүштү.
Мезгил агымына жараша тийиштүү техникалык каражаттар менен жабдылган борбордун кызыл тасмасын кесүүгө арналган салтанатта Нарын облустук мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары С. Эсенаманова, Борбордук Азиядагы Евразия фондунун программалык координатору Д. Мусабекова, "Занятость" коомдук бирикмесинин башчысы Б. Турсунбаев жана башкалар сүйлөшүп маалымат кеңеш берүү борбору жаштардын келечегине камкордук көрүүгө багытталгандыгы менен баалуу экендигин баса белгилешти.

Бурулсун Дыйканбаева,
өз кабарчы




  Атуулдук сунуш!

Элибиздин колунан келет
Ооба, жергебизде илгери тыттар абдан көп болгон. Миңдеген, миллиондогон чоң тыттар эгемендүүлүк болгон жылдары кыйылып отун катары жок кылынды. Бул болсо калктын аң-сезиминин өтө төмөн экендигин көрсөтөт. Азыр миң аттиң кылган менен аны кайрадан калыбына келтире албай жатабыз. 2007-жылы Президентибиз жакшы демилге көтөргөн. Ошентип "Эл башына элүү түп" демилгесинин негизинде Кыргызстанда көчөт отургузуу башталган.
Ошол кезде "Айыл өкмөтү" гезитинин № 38 санында эл кабарчысы Сатымкул Садыковдун "Эртең эмне болот?" деген макаласы жарыяланып, анда тоо, тоо этектериндеги өсүмдүктөрдү көбөйтүү каралса деген оюн айткан. Эми дыйканчылык зоналарда тыт дарагын кантип көбөйтсө болот? Бул иш жолго коюлса биринчиден отун, экинчиден жемиш, үчүнчүдөн эртеңки дыйканчылык, куртту өрчүтсө айылдагылар иш менен камсыз болот.
Тыт дарагы дыйканчылык кылууга тоскоолдук кылбайт. Жер тыттарды көбөйтсө болот. Тыт сабагын 1 метр жерден бийик кылып кессе, жер тыт болот.
Аймагыбыздагы токойлорду 20 пайызга көбөйтүп алсак, ар бир дыйкан чарба ээлерине арык бойлоруна тыт дарагын отургузуу боюнча буйрук же сунуш кылынса, эртеңки күнүбүз мыкты болооруна ишенүү керек. Себеби карапайым эл өзүнө керектүү тал-теректен башка эч нерсе экпей жашоодо. Тыт терек, ал талга караганда эки, үч эсе көп киреше алып келет.
Анткени тыт дарагы биринчиден отун, экинчиден тыт жибек курту, үчүнчүдөн малга тоют, төртүнчүдөн жемиш катары витаминдик азык берет. Албетте, бул жерде эмгек кылбай көп киреше алуу кыйын. Негизгиси шаар, кыштак калкына эмгек менен камсыз кыла турган иш берет. Бул маселени элибиз жаз алды менен ишке ашыра алат деген ойдомун.

Абдираим Манасов,
Араван районундагы Тепекоргон айылынын
Жаңыжол участкасынын тургуну, ардагер




  Баарлашуу

Кыз ала качуу - салт эмес...
Жалалабат областындагы Аксы районунун аймагында ондогон өкмөттүк эмес уюмдар иштеп, элдин турмуш шартын, экономикасын, туризмди, маданиятын, каада салтын өнүктүрүүгө салымдарын кошуп келишет. Атап айтканда өткөн жылда эле өкмөтүк эмес уюмдар районго 100 миллион сомдон ашык инвестицияларды тартып келүүгө жетишкен. Натыйжада мектептер, көпүрөлөр, ФАПтар жана башка социалдык объектилер курулуп пайдаланууга берилди.
Түрдүү конкурстар, спорттук мелдештер өткөрүлдү. Мектеп окуучуларынын арасында түрдүү жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча көп иштер аткарылды. Мына ушундай жемиштүү иштеп жаткан коомдук бирикменин бири "Бинго" коомдук бирикмеси. Бирикменин директору Адылжан Шамшиев өкмөттүк эмес уюмдарда көп жылдардан бери иштеген тажрыйбалуу жигит. Бул коомдук бирикме учурда терс көрүнүш катары айыпталып келген кыз ала качуунун алдын алуу, бул жапайы, зордукчул адатты кыскартуу боюнча иштеп келет. "Бинго" коомдук бирикмесинин "Бактылуу үй бүлө" долбоорун АКШынын республикабыздагы элчилигинин "Демократиялык комиссиясынын" программасы колдоого алууда.
"Бинго" коомдук бирикмеси райондогу 60 тан ашык орто мектептерде бул терс көрүнүштүн алдын алуу, анын зыяндуу жактарын, бактысыз үй-бүлөлөрдүн мисалында чагылдырып, практикалык мисалдар менен талдап жаштарга жеткирип келет. Жакында "Бинго" коомдук бирикмесинин "Бактылуу үй-бүлө" долбоорунун жетекчиси Адылжан Шамшиевдин демилгеси менен бул жаман адаттын алдын алуу боюнча Жергетал айылындагы Миңбулак орто мектебинде жогорку класстардын окуучулары менен тегерек столдогу баарлашуу семинарын өткөрүштү.
Эгерде бул долбоор бүгүнкү күндө ийгиликтүү иштесе бул терс көрүнүштүн алдын алууга, турмушубуздан четтетүүгө боло тургандыгын турмуш көрсөтө баштады.

Абдымомун Калбаев
өз кабарчы




  Ноокен районунун 80 жылдыгын утурлап

Президентибиздин кабыл алган Программасына, кеңешмелердеги, сессиялардагы, чогулуштардагы чыгып сүйлөгөн маанилүү сөздөрүнө, бир нече жолку элге кайрылууларына шыктанышкан Ноокен районунун эмгекчилери, жумушчу-кызматчылары алдыга койгон милдеттерин аткаруу үчүн эмгектенип жатышат.

Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими Сагындыков Турдумамат Садыкбекович:
"Экономикабызды арттыруу жолундабыз"
Натыйжада өткөн 2007-жылы районубуздун айыл, мал чарба тармактарында да, өнөр жай ишканаларында да кубанычтуу ийгиликтер жаратылды. Жылдын жыйынтыгы боюнча дүң продукция өндүрүү 3 млрд 714 млн. 722 миң сомду түздү.

Ал эми план болжолдогонго салыштырмалуу 117 пайызга аткарылды. Райондогу ички дүң продукциянын 17,5 пайызын өнөр жай тармагы, 43,3 пайызын айыл чарба тармагы, 23 пайызын чекене соода жүгүртүү, калкка акылуу кызмат көрсөтүү тармагы 4,9 пайызын жана 10,5 пайызын капиталдык салымдар түздү.
Айыл чарбачылыгында 1 млрд 604 млн. 31 миң сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 107,9 пайызга, ал эми белгиленген план божомолу 104,3 пайызга аткарылды. Талаачылыктан 1 млрд 190 млн. 568 миң сомдук продукция өндүрүлдү.

Районубуздун айыл чарбачылыгынын эң негизги кирешелүү тармагы пахтачылык болуп саналат. Пахта техникалык өсүмдүк, анын түйшүгү өтө көп. Сугат суулары илгери абдан кенен эле, азыр сайдын, арыктардын түбүндө гана жылтырап агат. Учурда сугат суусун Базаркоргон районунун Караүңкүр жана Сузак районунун Карадарыя каналдарынан бөлүп буруп келип, районубуздун Шайдан, Масы, Ноокен, Сакалды жана Арал айыл өкмөттөрүнө бөлүштүрүп беребиз. Сугат суусунун жетишсиздигинен улам райондо шалы аянты 304 гектарга, пахта аянты 4 миң гектарга кыскартылды. Ал жерлерге буудай эгип атабыз. Ал эми жай айларында суу азайган маалда болсо, анын бир тамчысын да текке кетирбей пахтаны сугарууга, түшүмүн сактап калууга жумшайбыз. Июль-август айларында менде да, орун басарым А.Борбиевде да уйку жок. Сугат суусу боюнча штаб түзүп, райондук жетекчилер, милициянын начальниги, милиционерлер, суу чарба кызматкерлери күнү-түнү суунун туура бөлүштүрүлүшү менен алекпиз. Ошентип, астейдил иштегенибиздин жыйынтыгы да натыйжалуу болуп келе жатат. Алсак, өткөн жылы районубуз боюнча эгилген 102000 гектар аянттагы пахтанын ар бир гектарынан 30,9 центнерден түшүм алып, мамлекетке 31 миң 518 тонна пахта саттык. Бул 2006-жылдагыдан 1178 тоннага көптүк кылат. Ушуну да белгилеп кетким келет. Илгери Совет доорунда, XX кылымдын 60-80-жылдарында районубуз боюнча ар жылы пахтадан гектарынан 25-27 центнерден гана түшүм алчубуз. Азыр болсо техникалардын жетишпегендигине, суунун тартыштыгына карабай гектарынан орточо 30,9 центнерден түшүм алдык.
Масы айыл өкмөтүнөн Ахмаджанова Зиядахан башкарган "Ак алтын" айыл чарба кооперативинин пахтачылары 100 гектар пахта аянтынын ар гектарынан 40,2 центнерден түшүм алды. Ноокен айыл өкмөтүнөн жеке дыйкан Раимжан Исмаилов үйбүлөсү менен 1 гектар жерге Кытайдан алынып келинген пахтанын чигитин эгип, жакшы карап, багып, сугарып 45 центнер пахта терип тапшырды.

Биз өткөн жылдан дан өндүрүүнү көбөйтүүгө көңүлдүн борборун буруп, пахта аянтын 4 миң гектарга кыскартып, районубуз боюнча 5172 гектар аянтка күздүк будай эккен элек. Ар гектарынан 32 центнерден түшүм оруп-жыйнап 16 544,2 тонна кызыл дан жыйнап алдык.

Өткөн жылы биринчи жолу 72 гектар жерге төө буурчак эгип, ар гектарынан 23,3 центнерден түшүм алып, кампага 146 тонна бурчак данын төктүк. 1 679 гектар аянтка дан үчүн жүгөрү эгип, гектарынан 69,2 центнерден түшүм жыйнап 11 622,4 тонна жүгөрү данын алдык.
304 гектарга эгилген шалыдан болсо гектарынан 38,9 центнерден түшүм алып 1 184 тонна күрүч, 309 гектарга май өсүмдүктөрүн эгип, алардан гектарынан 16 центнерден түшүм алып 495,5 тонна түшүм камдадык. 270 гектар жердеги картөшкөнүн гектарынан 156 центнерден түшүм алууга жетиштик. Ушинтип, дан жана башка азык-түлүктөр менен элибизди камсыз кылдык.
Соңку 15 жылдан бери жерлерди которуштуруп айдоо иши үзгүлтүккө учурап келген. Ушул түйүндүү маселени четтетүү үчүн жана жерлердин асылдуулугун арттыруу максатында 2007-жылы 97 гектар жерге беде өсүмдүгүн эктик. Беде үрөнүн алдык, чөбүн малга тоют кылабыз. Бедечилик колго алынды.

Мал чарбачылыгында да жылыштар бар. Эт өндүрүү (тирүүлөй салмакта) 2006-жылы 3 775 тонна өндүрүлгөн болсо, 2007-жылы 3 912 тонна өндүрүлдү, же бир жылдык өсүш 157 тоннага өстү. 2006-жылы 21 874 тонна сүт өндүрүлгөн болсо, 2007-жылы ал 24 292 тоннаны түздү, же болбосо 2 418 тонна сүт ашыкча өндүрүлдү.

Райондун Масы айыл өкмөтү (төрагасы А.У. Мамытов) 2007-жылы айыл чарба азык-түлүктөрүн өндүрүүдө райондо биринчи орунга чыкты. Мындай айыл өкмөттөрү районубузда арбын.
2007-жылы райондун өнөр жай ишканаларынын ичинен "Кыргызмунайгаз" ачык акционердик коому да 558 млн. 135 миң сомдук продукцияны өндүрүп, былтыркы жылга салыштырмалуу планды 109,2 пайызга аткарды.
Бирок, райондун "Керамика" ЖЧКсынын заводу, пахтаны кайра иштетүүчү ишканалары, томат иштеп чыгаруучу завод ар түрдүү негиздүү себептер менен жылдык пландарын аткарыша алган жок.
Райондун жалпы кирешелер тармагы боюнча 99 млн. 639 миң сомдук план берилген болсо, иш жүзүндө 112 млн. 821 миң сомдук салык төлөмдөрү чогултулуп, план 113,2 пайызга аткарылды, же 113 млн. 181 миң сомго ашыра аткарылды.
Райондун калкын социалдык жактан коргоо, калкты жумуш менен камсыздоо, райондук почта кызматы, билим берүү, саламаттыкты сактоо сыяктуу бөлүмдөрдүн иштери да мактоого арзыйт.
Президентибиз алдыбызга бир топ негизги милдеттерди койду. Алардын бири инвестиция тартуу болуп саналат. Бул максатта 2007-жылдын 9 айында 227 объектилерге 391 млн. 143 миң сомдук ички жана тышкы (сырткы) инвестиция тартылды.
Азия өнүктүрүү банкынын долбоору тарабынан таза суу программасы боюнча жалпы суммасы 11 млн. 773 миң сомдук иш аткарылган. "Коминтерн-Сарсия", "Аримжан-Кагазды", "Рахманжан курулуш", "Сакалды" жана "Момбеков-Бостон-Жазгак" долбоорлоруна да тийиштүү акча каражаттарын сарптадык.
Жогорудагы айтылгандардан Момбеков таза суу, Рахманжан таза суу, Сакалды жана Аримжан таза суу долбоору мамлекеттик комиссиядан өтүп, пайдаланууга берилди.
Мурдагы Анар заводунун ордуна "Кездеме цехти" ишке киргиздик. Ал жерде кездеме чыгаруучу 160 станок бар. 150 киши иш ордулары менен камсыз болду. Жыл ичинде 6 млн. кез метр кездеме чыгарылды.
"Сере" жайлоосундагы эң сонун жерге туристтер эс алуучу жайлар курулду. Учурда курулушу башталган, бүтпөгөн объектилерде иш кызуу жүргүзүлүп жатат. Район боюнча бир кыйла адам жаңы иш орундары менен камсыз боло алды.
Ооба, бардык жакшылыктардын жаратманы - улуу эл. Биздин Ноокен районунун эли эзелтен бери эле маңдай тери, адал эмгеги менен улуу эрдиктерди жараткан эмгекчил, касиеттүү эл. Союздун мезгилинде районубуздан 14 Социалисттик Эмгектин Баатырлары чыккан, мамлекеттик план-тапшырмаларды ашыгы менен аткарып, атагы Алатоодон ашып Москвага жеткен, даңкы таш жарган эл. Райондун эмгекчилерине мен биздин райондун эмгекчилерижазылып окуп жатышкан "Айыл өкмөтү гезити" аркылуу "Келгиле быйыл районубуздун 80 жылдык мааракесин эмгектеги зор ийгиликтерибиз, ак жүзүбүз менен тосуп алалы", ушул 2008-жылды бурулуш жылына айландыралы! Экономикалык байлыгыбызды арттырып, республикабыздын экономикалык абалын жогорулатууга чоң салымыбызды кошолу!" демекчимин.
Бардыгыңыздар бар болуңуздар, бай болуңуздар!
Сиздерге узак өмүр, бекем ден соолук, иштериңизде ийгиликтердин дайыма боло беришине тилектешмин.




  Күн темасы

Босогодо жаз жарышы...
Сууктун мизи кайтып, күн жылый баштады. Демек жакында жазгы талаа жумуштары башталганы турат. Жооптуу бул өнөктүкк- карата областта даярдык кандай? Ушул маселеге кайрылып, областтын губернаторунун орунбасары Сүйүнтбек Айдаралиев райакимдердин биринчи орунбасарлары, айыл чарба департаментинин башчылары, суу чарба башкармалыгынын жана мамлекеттик үрөөн инспекциясынын, ошондой эле кредит берүүчү мекемелердин, айыл банкынын жана айыл чарбасына байланыштуу болгон башка мекеме-уюмдардын жетекчилери жана жетектөөчү адистери менен алгачкы жыйын өткөрүп, Өкмөт тарабынан берилген минералдык жер семирткичтер, күйүүчү майлар, айыл банкы тарабынан бериле турган кредиттер элге кандай жетип жаткандыгы тууралу тийиштүү жетекчилердин отчетторун угуп, ой бөлүштү.

Жыйында айтылгандарга караганда 2008-жылга карата Өкмөттөн бөлүштүрүлгөн 357 тн. селитра жана 1000 тн. солярка ушу кезде Карабалтада сакталып, таластык дыйкандарга алигиче жетпей жаткандыгы жөнүндө кабатыр сөздөр айтылды. Мунун жөнү бар, анткени аларды ат арытып, алыскы жерден ташып келүү ар бир эле дыйкандын, фермердин колунан келе бербейт, чыгымдар да арзан эмес. Бул биринчиден, ал эми экинчи жагын алсак областка бөлүштүрүлгөн жер семирткич өтө эле аз, ал канча жерге жетерин алдын ала акыйкат менен иликтенип, дыйкандардын талабы эске алынбаган.
Айыл банкы тарабынан бериле турган кредиттерди керектөөчүлөргө өз убагында берүү, сугат тармактарын жаз жарышы башталганга чейин толук даярдыкка келтирүү, колдо болгон техникалардын ремонтун тездетүүдө жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер азырынча талапка жооп бербейт. Айрыкча чарбалык ички өстөндөрдү оңдоо иши солгун. Ал эми бул багытта СПАлар начар иштеп жатышат. Сууга болгон төлөм акыларын өз убагында өндүрүү жагы көңүлдөн сыртта калып ушу кезде жер ээлеринин сууга болгон жалпы карызы 1 млн. 664 мин сомго чейин жетип калган.
Жыйында кетирилген кемчиликтерди тез арада оңдоо жана жазгы талаа жумуштарын өз убагында өткөрүү максатында курамы 13 адамдан турган областтык штаб түзүлүп, анын мүчөлөрү ар бир он күндүн ичинде жер жерлерге баруу менен элге жакындан жардам бере тургандыгын аталган штабдын жетекчиси - облустун губернаторунун орунбасары Сүйүнтбек Айдаралиев билдирди.

Батыркул Боромбаев,
өз кабарчы




  Өкмөткө кулак кагыш!

Боспиектиктер таза сууга муктаж
Кыргыз жери таза суунун Мекени болгону менен республикабыздын айрым калктуу пункттары таза суу менен камсыз боло албай, ал түйүндүү маселе бойдон калып келет. Атайын түтүктөр аркылуу тартылып келген куурлар болбогон соң, эл сайдын агын суусунан пайдаланууга аргасыз болушканы баарыга жакшы белгилүү.
Мына ушундай жагдайга Аксы районундагы Боспиек айылы дагы эгедер. Боспиектиктер тоодон түшкөн бир арык суудан пайдаланышат. Айрыкча алар кышында суудан азап чегишет. Суу муз болуп тоңуп калат. Унаасы барлар алыстан барып суу ташып келип ичишет. Унаасы жоктор кар эриткенге аргасыз болушат. Ал эми ала шалбырт жаздан баштап арыктан киргилт суу акса, жайкы сугат маалында суу тартыш болуп туруп алат. "Таза суу" долбоору Боспиекке өтө керек. Элдин үнүн уккан өкмөт мүчөлөрү же депутаттардан болсо, мындагылардын алкышына гана ээ болоор эле.

Наралы Асанбаев,
Аксы району












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan