Коомдук-саясый гезит
№08, 06.03.08-ж.

Меймансап
Форум




  Бизде өлкө алкагында ар качан улуттук уркубузду даңктаган Манастын руху дем берип турушу керек

  Айылдык курултайлардан

Өнүгүүнүн өбөлгөлөрү белгиленди
Ар жылдын башында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары болуп саналган айыл өкмөттөрүндө айылдык Кеңештердин сессияларында бекитилген социалдык-экономикалык өнүгүүлөрдүн белгиленген пландарынын жыл ичинде кандайча жүзөгө ашырылгандыгы жөнүндө орой көз чарай талкууга алуу жана жаңырган жаңы жыл үчүн аткарылуучу иштерди белгилеп алуу Ысыката районунда салтка айланып бара жатат. Жакында аталган райондун Новопокровка жана Логвиненко айыл өкмөттөрүндө өткөрүлгөн курултайларда жогорудагыдай маселелер каралды. Аларга айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери, айылдык Кеңештердин депутаттары жана айыл тургундары, раймамадминистрациясынын өкүлдөрү катышышты.
Курултайда "Айылдык Кеңештин 2007-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2008-жыл үчүн өнүгүү планы жөнүндө" Новопокровка айыл өкмөтүнүн башчысы, аймактык инвестициялык бирикменин төрагасы Нурмахаммат Баяхунов жана Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы Самыйбек Эсенбеков Новопокровка айылдык милиция бөлүмчөсүнүн участкалык инспектору Азис Ибрагимов доклад менен чыгып сүйлөштү. Бул эки айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын катышуусунда өз-өзүнчө өткөрүлгөн курултайлардын жүрүшүндө айылдардын аксакалдар сотунун аткарып жаткан иштери, дене тарбиялык кыймылын жандандыруу, социалдык-маданий мекемелеринин калк менен иштешүүдөгү түйүндүү маселелери, аракечтикке каршы күрөшүү, кылмыштуулуктун алдын алуу, долбоорлор, коомдук уюмдар менен иштөөнүн өтөлгөлөрү, турмуш-тиричиликке ж.б. байланыштуу маселелер жөнүндө кеңири сөз болду. Тиешелүү мекемелерге сын-пикирлер айтылып, аларды аткаруунун мөөнөттөрү белгиленди.
Курултайдын өткөрүлүшү - айылдардын калкынын жашоо-шартын жакшыртуу багытында көптөгөн маселелердин чечилишине жана олуттуу чечимдердин кабыл алынышына өбөлгө түздү.

Наргиза Абдыраева,
"Айыл өкмөтү"




  Талас жаңылыктарынан

Чатбазарда жаштар клубу ачылды
Арис программасынын жардамы менен Талас районуна караштуу Чатбазар айылында эл эңсеген жаштар клубу ачылып, Жаңы жылдан тартып ишке киришти. Клубдун ичинде жаштарга арналган компьютердик, бильярд ойной турган, ошондой эле тренажердук атайын бөлмөлөр бар.
Жаңы ачылган клубдун ремонтуна АРИС тарабынан 250 млн. сом каралган болсо, айылдын эли 9500 сом акча чогултушуп, 33600 сомдук курулуш иштерин ашар жолу менен бүткөрүүгө көмөк көрсөтүшкөн.
АРИС ошондой эле быйылкы жылдын эсебинен 6 долбоордун иштеши үчүн 1 млн. 4400 сом бөлүштүрүп, Чатбазар жана Аксай айылдарындагы "Кайырма" өстөнүн тазалоого, "Жумагазы" жана "Аккөпүрөнү" оңдоп, калыбына келтирүүгө жардам көрсөтөөрүн билдирди. "Көз коркок, кол баатыр" экен. Элеттик эл үчүн кызмат кыла турган жогорудагы курулуштар бүгүнкү күндө бир четинен ырааттуулук менен бүткөрүлүп жатат.

  Киреше көбөйүүдө

Өткөн жылы таластыктар жемиштүү иштешти. Жыл ичинде 8 млрд.537 млн. сомго тете продукция өндүрүлдү. Бул 2006-жылга салыштырганда 701 млн. сомго, же болбосо продукция 9%га көп өндүрүлгөндүгүнөн кабар берет.
Айрыкча айыл чарбасында эмгектенген баба дыйкандардын, фермерлердин жараткан эмгек ийгиликтери мактоого арзыйт. Анткени, областтын айыл чарбасындагы негизги тармагы болуп эсептелинген төөбуурчак менен картошкадан алынган киреше ар бир жанга эсептегенде картошка - 7500, ал эми төөбуурчактан түшкөн киреше 9200 сомду түзүп, жер ээлерине алгылыктуу кайтарым берди.
Областтын жер иштетип, мал баккан дыйкан фермерлери быйылкы жылда да жигердүү иштөө менен айыл чарбасынан өндүрүлгөн дүң продукциянын көлөмүн 8636,4 млн. сомго чейин жеткирүү милдетин алдыга коюп жатышат.

Батыркул Боромбаев
өз кабарчы




  Из жизни московских кыргызов

Победители конкурса на лучшее сочинение среди студентов из Кыргызстана, учащихся в Москве
Стали известны победители конкурса на лучшее сочинение среди студентов из Кыргызстана, учащихся в Москве. Об этом ИА "24.kg" сообщил руководитель межрегиональной общественной организации "Кыргыз биримдиги" ("Кыргызское единение") Абдыганы Шакиров.

По его данным, 1 марта 2008 года среди молодых кыргызстанцев проведен конкурс на тему "Как я могу представить свою страну миру?". Победителем и обладателем главного приза в $200 стал студент Московского физико-технического института Мирлан Турдуев, второе место заняла будущий журналист, учащаяся Московского государственного университета Чолпон Аркабаева. Она получила $100. Обладательницей третьего места и $50 стала студентка Государственного университета управления Назик Абдыкадырова.
"Кроме того, вручены ежемесячные стипендии в одну тысячу рублей 30 лучшим студентам. Такое поощрение стало в "Кыргыз биримдиги" уже традицией", - дополняет Абдыганы Шакиров.

Исторический клуб "Жаш Толкуна"
В Москве уже не первый год действует Региональная молодежная общественная организация "Союз Кыргызстанской молодежи "ЖАШ ТОЛКУН" ("Новая волна"). Союз работает в различных направлениях: помогает соотечественникам, организует и проводит культурные, научные, образовательные, спортивные и другие мероприятия, знакомит российскую общественность с жизнью, историей, культурой и обычаями кыргызов и других народов Кыргызстана. Существует в его рамках и Исторический клуб, на заседаниях которого обсуждаются вопросы истории и будущего Кыргызстана.
Недавно в Московском доме националъностей состоялось очередное заседание Исторического клуба, посвященное памяти известного историка профессора Анварбека Хасановича Хасанова, внесшего большой вклад в развитие исторической науки Кыргызстана, становление высшей школы республики, подготовку национальной научно-педагогической интеллигенции. Открыл мероприятие представитель Московского дома национальностей Анатолий Коцонис. Вел заседание координатор Исторического клуба Данияр Мамыров.
Сегодняшнюю кыргызскую историческую науку невозможно представить без трудов профессора Анварбека Хасанова. Его исследования, созданные на основе изучения архивных, литературных, полевых источников, как отмечали специалисты, отличались глубиной содержания, критическим анализом, широтой выводов и обобщений. В своих научных изысканиях он отдавал предпочтение проблемам присоединения Кыргызстана к России и вопросам национально-освободительного движения народов Центральной Азии во второй половине XIX - начале XX веков.
Процесс присоединения Кыргызстана к России А.Хасанов считал сложным, противоречивым. Он не спешил, как иные исследователи, писать о "добровольном вхождении". Указывал, что присоединение народов Центральной Азии к России шло двумя путями: мирным и военным. Но при этом считал необходимым сохранение и умножение дружбы кыргызского и русского народов. Он не раз писал, что в поступательном развитии Кыргызстана опорой может стать великая Россия.
Вниманию участников заседания была представлена книга избранных трудов профессора А.Х. Хасанова "Очерки по истории Киргизии", в которой на основе обширного документального и полевого материала прослежены актуальные проблемы истории Кыргызстана, уделено большое внимание исследованию общественно-политических и социально-экономических связей кыргызов с соседними народами.
А.Х. Хасанов принадлежал к поколению ученых, создавших современную кыргызскую научную школу. К сожалению, талантливая плеяда этих людей постепенно, один за другим, уходит. Вместе с ними уходит живая история.
Но очень важно, чтобы все это осталось, ибо будущее всегда вырастает из дня настоящего и вчерашнего. И нам нужно делать все, чтобы мысль и память народа никогда не прерывались. В настоящее время готовится книга работ Анварбека Хасанова на кыргызском языке.
В обсуждении, которое вылилось в интереснейшую беседу, приняли участие студенты и выпускники московских вузов, представители кыргызстанской общины Москвы. На следующем заседании клуба будут обсуждены другие актуальные вопросы истории Кыргызстана.

Эркинай Тагаева,
Айнур Касенова,
студентки Московского Государственного университета управления




  Күнкөйгөй

Жолболду Осмоналиев
Өзүңдү күзгүдөн карасаң боло...
Күндөрдүн биринде көпчүлүктүн арасынан мордон чыга калгандай болгон бирөө менин атымды атап, колун сунду. Мен аны биржада жүргөн бирөө го деп басып кетээримде, андан бир тааныш белги байкала түшүп, токтоп колумду бердим. "Мени тааныбай турасыңбы. Ишен эмесминби" - дегенде мындан 45-50 жыл мурда иштешкен кесиптешим экенин билдим. Маңдайы жарык, чачы тармал, адамгерчилиги жогору, иш десе иштин, жолдош десе жолдоштун көңүлүн калтырбаган, жакшынакай кесипкер адамдын, болгондо да жакшы көргөн жолдошумдун абалын көрүп, жаным кейип турду. Сөздү кандай баштаарымды билбей, тумчуга түштүм.
- Сен жок Жоке, ушундай абалда калдым.
- Деги эмнеге окшоп калгансың? Өзүңдү күзгүдөн карасаң боло, - десем:
- Оо курбум, мен өзүмдү жоготконума көп жыл болду. Сенин тааныбай кала турганың да чындык. Күзгүдөн карасам мен өзүмдү өзүм таанырымды кудай билет. Зина менен ажырашканы жолум болбоду, турмуштан, үй бүлөдөн адаштым. Азыр өзүмдү артык баш адам катары сезип, өлөйүн десем өлө албай, жашайын десем анын жайын таппай, күн кечирип келатам, көргөн күнүм, жакын жолдошум "самаке". Андан ажырасам эле өлүп калчудаймын. Эми сенин башыңды орутпай өз "жолума" түшөйүн. Анча-мынча тыйының болсо бер, - деди. Менден сураганын алгандан кийин кош деп же ыракмат деп айтууга да шайы келбей, мончок жашын тоголотуп, шарт бурулуп, көпчүлүктүн арасына сиңип кетти. Андан кийин жолугушканыбыз жок. Эч кабар да ала албадым. "Атаганат, чыныгы турмушту түзүктөп баалабасаң, ушундай экен да", - деген уйгу-туйгу ойлорго кабылдым. Ата-энесинин, боз улан чагында баш кошкон жубайы Зинанын жарык дүйнө менен кош айтышканын мурун уккам. Балким ушулар ага катуу таасир бердиби? Күйүттөн өзүн-өзү кармай албай калдыбы, же баш оту менен ичкиликке алдырдыбы? Аларды суроого мүмкүнчүлүк болгон жок, сураганда деле айтмак эмес.
Менимче бул оор тагдырды учкай болсо да ортого салып жатканым, азыркы жаш муундарга сабак болсун, турмуштан адашпасын деп жатканым. Эгерде турмуштан бир адашып алса кайра түз жолго түшүү кыйын. Эч жерде иштебей, иштесе да анча-мынча тапканын ичкиликке салып, үй жайы, бала-бакырасынын эмне болуп жатканы менен иши жок, кийген кийимдеринин тамтыгы кетип, өңдөрү мордон чыга калгансып капкара, көздөрү шоролонуп кыпкызыл, самаштан жанын аябай ичип алышып, бирин-бири жетелеп, бирин-бири оозго алгыс сөздөр менен орусча, кыргызча сөгүшүп, көчөлөрдө жүргөндөрдү же жол боюнда, дарак түбүндө уктап жаткандарды көргөндө көңүл сыздайт. Тилекке каршы мындайлардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Эң өкүнүчтүүсү булардын арасында аялзаттарынын аралашып жүрүшү жүрөктү оорутат.
Өткөндө бир кыргыз жигит өзү курдуулардын арасында туруп алып, "Ушул Кыргызстанда ким жашасын, чет өлкөлөргө кетпейсиңерби. Мен эчак эле Англия жараны болуп алганмын, агамды да эжемди да көчүрүп кеткем. Кыргызстанды көрөйүн деген көзүм жок, ата-энем ал жакка барбай коюшуп, айласыздан алар менен учурашууга келгем. Аларга дагы айтып көрөм "Англияга кетеличи деп" - адыраңдап сүйлөп жатканын угуп, зээним кейиди. "Сенин кыргыз болуп төрөлгөнүң, мекенчилдигиң ушубу?" - деп айткым келди, бирок уга турган эмес.
Чындыгында чет өлкөнүн жараны болууну кыргыз качан ойлоду эле? Селсаяктык, сойкулук, баңгилик, уюшкан, алдын ала пландалып жасалган кылмыш качан бар эле? Пир тутканыбыз ыймандуулук, адамгерчилик эмес беле? Эми ушундай сапаттардан ажырап калбасак болду. Ошон үчүн жеке эле бирөөлөрүбүз эмес баардыгыбыз эле өзүбүздү күзгүдөн тереңирээк каранып көрбөйлүбү...













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan