Коомдук-саясый гезит
№07, 28.02.08-ж.

Меймансап
Форум




  Эр жигит эрте ойлон

Калыктанган
Кыздардын
Кыялдары
Эч бир даанышман, акылман бирөөнүн бактысын түзүп бере албайт. Музыка жаратуу, ыр чыгаруу, сүрөт тартуу сыяктуу өнөрлөрдү атайын орто жана жогорку окуу жайлардан окутат. Ал эми түбөлүктүү түгөйүңдү тандап алууну эч бир окуу жай окутпайт, аны ар кимибиз өзүбүздүн деңгээлибизге жараша турмуштан окуп үйрөнөбүз. Үйбүлө адамдык ымаланын, баарлашуунун ар тараптуу тажырыйбасын бере алат. "Аял жакшы эр жакшы, вазир жакшы хан жакшы " дегендей жакшы тарбиялуу айымга жоолуксаңыз жакаңыз агарат. Сүйүүнүн көз айнеги жезди алтын кылып көрсөткөндөй эле, сүйгөн селкиңиз алгач сизге жаман жагын көрсөтпөйт. Бирок бармак тиштеп калбас үчүн эрте ойлонуп,балдарга татыктуу тарбия берген айымды тандап алуу сиздин милдет. Сиз жактырган айымдын айрым катачылыктарын оңдоп-түзөп алат деп ишенебиз. Себеби ал сиздин жарыңыз жана балдарыңыздын энеси эмеспи.
Энесинин эркеси Мындай кыздар өмүр бою ата-энеси менен жашачудай болуп, эч кимге баш ийбейт. Ал үчүн апасынын гана айтканы туура. Албетте ата- эне баласын жаман болсун дебейт, бирок айрым учурларда айланаңдагы адамдардын кебин угуп коюу ашыктык кылбайт. Мындай айымга жоолуксаңыз алдап гана жашаш керек, болбосо айтканынан кайтпайт. Энесиндей эркелетип турууңуз зарыл.
Жалгыз кыз - жалама туз
"Ар адамда ар кыял, ал кыялды ким тыяр"дегендей жалгыз кыздардын тилин табыш кыйын. Аларды баары көзүн карап атып, жалама туз кылып алышкан. Тагдырыңызга жалгыз кызды буюрган болсо, айла жок ата-энесиндей эркелеткенге туура келет. Болбосо башкасын табууңуз керек.
Ойсокелер
Булардын эрмеги да кылаар кызматы да күзгү. А түгүл башкасы жок болсо да тулку боюм көрүнгөндөй күзгү таап бер деп кыйнашы толук мүмкүн. Анан да аны боёктор менен камсыз кылып турушуңуз зарыл. Булар сиз менен колтукташып баратып, кайчы өткөн мырзага көз кысып коё алат. Карыса да кыска юпкасы менен, кызыл ооз боёгун таштабайт. Мода ал үчүн аба менен суудай керек. Эң жаманы мактаган кишинин кулу. Ким сулуусуң десе аны ээрчип кетиши мүмкүн. Мындай айымга туш болсоңуз тизгинди бекем кармап, аны жакшы нерселерге көндүрүңүз. Сизди сүйөм десе, жок дегенде кыска юбкасын бир карышка узартуусун талап кылыңыз.
Романтиктер
Мындайлар негизинен чыгармачыл айымдар болот. Кыялы менен кыр ашып жашашат. Эгер мындай айымга тагдыр буйруп кезиккен болсоңуз анын көңүлүн оорутпай, алдап жашашыңыз керек. Жок десеңиз эле чыр чыгат. Жүрөгү назик, сүйүүгө туруксуз болушуп, өздөрүндөй романтикти издешет.
Кызганчаактар
Ар дайым сиздин кайда, ким менен жүргөнүңүздүн эсебин алганды жактырат. Себеби ал сизди өзүнөн да жакшы көрөт. Эң негизгиси башка айым менен болгон мамилеңизди байкатпаңыз. Шекшип калса классташым, группалашым деп кутулуңуз. Таанышым десеңиз, кандайча, канчадан бери деп нөшөрлөгөн жамгырдай суроолорун берип баштайт.
Фанаттар
Мындай кыздар спорттун чеберлери менен эстрада жылдыздарынын, белгилүү саясатчылардын таламын талашканга ар дайым даяр. Спортчулардын чымыр денесин, эстрада жылдыздарынын ырдаганын, бийлегенин жактырып, ошолор менен чогуу жүргөндөй аларга эч сөз тийгизбейт. Ашканада тамагы күйүп атса дагы футболдон көзүн албай, кол телефонундагы ырды угуп отура берет. Булар үчүн өмүрлүк жолдошунан дагы спорт чеберлери, эстрада ырчылары, саясатчылар биринчи орунда. Кайын журтуна барбаса дагы концерттен калбашы керек.
Өзүмчүлдөр
Ар дайым анын айтканы аткарылышы керек. Кээде ошол көк беттиги менен жеңишке жетишсе, көп учурда өзүмчүлдүгүнүн азабын тартат. Мындайлар жаңы жамаат, кайын журту менен камыр-жумур болуп тил табышып, иштешип кетиши кыйын. Мындай айымдар кайын журтуна да, төркүнүнө да эч нерсе жылдырбайт. Өзүм-өзүм деп атып, элдин барынан чыгып бүтөт. Мындай айымга туш болсоңуз алганды да, бергенди да, талап кылган менен табияга көнгөндү үйрөтүүңүз зарыл.
Сулуу

бирок мерез
Келишкен келбетине тамшанганыңыз менен, жүрөк жылытаарлык эч нерсе укпайсыз. Сулуулугу менен мырзалардын жүрөгүн куйкаласа, мерездиги менен көңүлдөрүн калтырат. Эч болбогондо бир карап койсо деген мырзалар четтен табылат. Албетте, ал анын мерездигин кайдан билсин. Эгер түбөлүктү жарыңыз сулуу болсо, башкалардан кызганбай эле коюңуз. Себеби ал мерез да.
Жөнөкөйлөр
"Сулуу сулуу эмес, сүйгөн сулуу" дегендей, мындай айымга жоолуккан мырзанын багы башынан чоң. Өзүнүн ою менен эле чектелип калбайт. Башканын сөзүнө да кулак төшөй билет.Эң негизгиси жакшы кожейке, күйүмдүү жар, мээримдүү эне боло атат.
Жакшынакай аял - суктанганга - жакшы, ал эми акыл үчүн - азап, чөнтөк үчүн - тазалагыч.

Даярдаган:
Кундуз Исмаилова




  Жарыя! Жарыя! Жарыя! Жарыя!

2008-жылдын "Акмөөрлөрү" ким болот?
2007-жылдын жаз айларынан бери карай республикабыздын айыл өкмөттөрүнүн, райондорунун арасында республикалык жыл сайын өткөрүлүүчү сулуулардын "Акмөөр" сынагы уюштурулганы жалпыга маалым. Тилекке каршы, бул маданий иш чарага республикабыздын он төрт гана району катышып, аларда жеңип чыгышкан конкурсанттар жумурияттык сынакка катышууга жолдомо алышкан. Төмөндөгү он төрт сулуу кызыбыз кезегинде "Айыл өкмөтү" гезитинин беттеринде сүрөттөрү менен кошо жарыяланып, данистелген. Алардын бардыгы тең 2008-жылдын сулуулары катары 17-майда өткөрүлүүчү сулуулардын республикалык "Акмөөр" сынагынын финалдык 3-туруна түздөн түз катыша алышат.
Айта кетчү маселе, сынакка республикабыздын бардык айыл өкмөттөрү менен райондору толук катыша албагандыктан, анын финалдык турунун мөөнөтү улам узартылып келүүдө. Ошол үчүн сулуулар сынагын 2007-жылы өз айыл өкмөттөрүндө жана райондордо өткөрө алышпагандар, аны 2008-жылдын май айына чейин уюштурушуп, өзүлөрүнүн райондорундагы сынактарда жеңип чыгышкан сулуулары жөнүндөгү маалыматтарды республикалык "Акмөөр" сынагынын уюштуруу Комитетине сунуш кылуулары керек. Алардын сүрөттөрү сөзсүз "Айыл өкмөтү" гезитинде жарыяланууга тийиш.
Сынакка тиешелүү бардык суроолор боюнча редакциянын 53-00-68 номурундагы телефонго байланышууңуздарды өтүнөбүз. Сынакка өзүлөрүнүн райондук сулууларын сунуш кылышкан он төрт райкеңештерден тышкары республикабыздын бардык райондорунда өткөрүлүүсү зарыл.

Уюштуруу комитети




  Жарыя!

"Айыл өкмөтү" гезитинде туруктуу иштөө үчүн журналисттик кесипке ээ, мезгилдүү басма сөздө иштеп келген, тажрыйбалуу, ишкерлер, мекеме-уюмдар менен алака түзүүгө ийкемдүү адистерди Ош жана Чүй областтары боюнча өз кабарчы болуп иштөөгө, ошондой эле редакциянын коммерциялык директорлугунун бош орундарына кызматка чакырабыз. Каалоочулар редакциянын 53-00-68 номери боюнча гезиттин башкы редакторуна, же 53-32-98 номери боюнча гезиттин жооптуу редакторуна телефон чалсаңыздар болот.

Редакциядан




  Урматтуу окурман!

Сизди биз менен пикирдеш, алакалаш болууга чакырабыз. Анткени Сиз менен биздин өзөгүбүз бир, тагдырыбыз тамырлаш. Кайда жашабаңыз, кайсыл кызматта иштебеңиз түпкү насилибиз - кичи Мекенибиз барып келип эле айылга барып такалат. Ошондон улам өз гезитиңизге 2008-жыл үчүн жазылып берет деп Сизге терең ишенебиз. Жазылуу жеке адамдар үчүн республикабыздын бардык байланыш түйүндөрүндө жүргүзүлүүдө жана ар бир саны сатыкка коюлган.
Айыл өкмөтүндөгү, мэриялардагы, шаар башкарууларындагы жамааттык жазылуулар акчаны АСС № 1210120013007725 ОАО ДОС-КРЕДОБАНК БИШКЕК, КЫРГЫЗСТАН БИК 121001 деген алыш-бериш эсебине (орус тилинде толтуруучулар гезиттин 2-бетиндеги биздин реквизиттер боюнча) которуусу керек.

2008-жылга жазылуу баасы:
(почта кызматын кошпогондо)
1 айга - 22 сом,
3 айга - 66 сом,
6 айга - 132 сом,
9 айга - 198 сом,
12 айга - 264 сом.
Биздин индекс: 68480
"Айыл өкмөтү" -
Сиздин гезит!
Жазылсаңыз
жаземдебейсиз!




  Чыгаандар

"Кереметтер талаасынан автору"
"Поле Чудес" дегенде ар кимибиздин көз алдыбызга шаптай муруту бар, куйкум сөздөрдүн устасы, дайыма моюнуна көпөлөкчө байланып жүргөн, ак көңүл, толмоч адам тартылат. Бул адам баарыбыз жакшы тааныган - Якубович Леонид Аркадьевич.

Адатта, ар бир мекеменин бийик кадыр-барктуу адамдары болот эмеспи. Орус 1-каналындагы ошондой адам Леонид Аркадьевич 1945-жылы 31-июлда Москвада төрөлгөн. Бул кишинин турмушу башынан эле кызык окуяларга бай. Эгерде Леониддин ата-энеси кол кап аркылуу таанышпаганда орустардын көгүлтүр экранынан ушундай талантты көрөт белек же жокпу бир кудай билет. Согуштун каардуу күндөрүндө Леониддин болочоктогу апасы, ал кездеги жаш селки Римма Семеновна согуш майданына колуна жакшыраак эмне кирсе ошонусун жөнөтүп турган. Ошондой күндөрдүн биринде ал жөнөткөн жылуу кийимдердин катарындагы кол кап капитан Аркадий Якубовичтин колуна тиет. Кызыгы, ал кол каптар экөө тең бир колдуку болуп чыгат. Буга таң калган капитан жөнөтүүчүгө кат жазууга убакыт табат. Андан кийин алар жолугушушат да романтикага оронгон күндөрдө бирге болушуп баш кошушат. Бактылуу үй-бүлөнүн данакери мектепте да мыкты окуган. Орто окуу жайын аяктагандан кийин көкүрөктөгү зардеси толуп-ташыган жаш жигит катары менен үч театр институтуна тапшырат. Бирок, атасынын суранычынан баш тарта албай, аларды таштайт да Электрондук машина куруу институтуна кабыл алынат. Ал жактан кийинчерээк инженер-куруучуларга которулуп кетет. Анткени, инженер-куруучуларда мыкты КВН командасы бар эле. Ошондон кийин КВНчи катарында ар кандай окуялардын күбөсү болуу менен бирге, студенттик кызыктуу күндөрүн оюндагыдай өткөрөт. КВНдин аркасы менен көптөгөн өлкөлөрдү кыдырып, натыйжада турмуштук түгөйүнө жолуккан. Ал бийкеч да жөн эмес, "Горожанки" ансамблинин солисти болуп чыгат. Башынан шайыр, шар жүргөн Леонид ал кызга үйлөнөт да, 1973-жылы тун уулу Артем жарыкка келет.
1971-жылы Куйбышев атындагы инженер-куруучулардын институтун аяктап, Лихачев атындагы автомобиль заводуна жумушка орношот. Ал жакта инженерлик кызматты 1980-жылга чейин аркалайт. Ошол жылдарда заводдо иштөө менен бирге эле студенттик кезинен бери алектенип жүргөн чыгармачылыкка да сүңгүп кирип, юмор жанрында бир топ эмгектерин жаратат. Алсак, "Сидоров", "Бизге жеңиш абадай зарыл", "Старшинанын монологу", "Диета", "Пародисттер парады" ж.б. көптөгөн аңгеме, монологдордун, драма жана театралдык сценарийлердин ээси. 1980-жылы Москвадагы драматургдар комитетине мүчөлүккө кабыл алынат. Ал эле эмес пьеса жаза коймою бар.
Чыгармачылыктан сырткары Якубович мыкты аукциончу жана шоумен катары да кеңири таанымал. 1984-жылдан бери 400дөн ашуун аукциондорду өткөрүп, ондогон конкурс, фестивалдарды ж.б. алып барган. Кийинчерээк өлкөсүндө биринчи болуп Аукцион үйүн негиздеген. Бирок, ошентсе бизге "Поле Чудестин" бул оюнду Якубовичсиз элестетүүгө мүмкүндүк бербеген алып баруучусу катары белгилүү. Аны эң алгач телевидениеге чакырышканда ал алып баруучулуктан баш тарткан. Себеби канчалык таланттуу болбосун ал теледе иштеп кетүүсүнөн күмөн санаган. Бирок, анын ой-боюна койбой экран алдына алып келишкен. Якубович ошол учур тууралуу эскерип келип: "…Мени элдер өмүрүмдө болуп көрбөгөндөй жакшы маанайда шатыра-шатман тосуп алышты. Анан айла жок макул болууга аргасыз болдум…" - деп айтканы бар. Андан кийин телеге биротоло байланган талант: "…Сахна рампасына карай кадам таштадыңбы, болду сени сыйкыры менен өзүнө тартып алат" - деп тан бергенин жашырбайт.
Якубовичтин ою боюнча элдер аны таланты үчүн баалашпайт. Ал өзүнүн жумшак мүнөзү, сөзмөрлүгү менен калктын калың катмарына сиңе алдым деп эсептейт. Анан да теле капитал шоуга келип түшкөн белектерди эч качан үйүнө алып кетпейт. Ал эми тамак-аштарды болсо тартуучу топ бөлүп алышат экен.
"Ар бир телеберүүнүн сапаты анын алып баруучусунан көз каранды. Мисалы, актер режиссердун айтканын ойносо, алып баруучу ошол мезгилде бардык жүктү өз мойнуна алат. Эгерде экран алдына түнөрүп чыгып көңүл ачуучу программаны алып барсаң жасалмалуулукту баары билип коёт. Ошондуктан дайыма жарык маанайда экранга чыгууга далалат кылам. Сахна деген керемет жер. Ага арбалган бийчи сынган буту менен да бийлеп жиберет. Менде да мындай учур болгон. Тишимдин оорусунан студияга өзүмдү жогото жаздап араң келдим да көрүүчүлөрдү көргөндө баарын унуттум аларга аралашып кеттим. Кийин албетте үч сутка туралбай жаттым...".
Көп кырдуу талант ээси Леонид Аркадьевич "Однажды двадцать лет спустя" , "Московские каникулы" , аттуу кинолордо роль аткарган. 1994-1999-жылдар аралыгында "Алтын Остап" , "Жылдын мыкты шоумени" , телевизиондук Академиянын "ТЭФИ", "Көңүл ачуучу программалардын мыкты алып баруучусу" , жана журналисттер Союзунун "Жылдын мыкты алып баруучусу" деген премиялардын номинанты болгон.
1998-жылы "Россия Федерациясынын эмгек сиңирген артисттигин" алган.
Бош убактысында бильярд ойнойт. Бул эле эмес тоо лыжасы, преферанс, нумизматика, кулинария, китеп чогултуу сыяктуу жакшы көргөн эрмектери бар. Бир нече жолу парашют менен секирген. Суу алдындагы кемеге түшүп ал жакты да көргөн. Акыркы убактарда спорттук самолет менен асманга учуп, учкучтук менен алпурушуп жүрөт. Алпурушуп эле тим болбой 1997-жылы Турцияда өткөн Бүткүл Дүйнөлүк биринчи авиакосмостук олимпиадада орустардын курама командасында ойногон. Пайгамбар жашындагы ушундай киши кантип ушунча нерсени жасай алат деген ой да туулушу мүмкүн. Бул шектенүүнү Якубович өзүнүн аракетчилдиги жана кызыгуусунун күчтүүлүгүн көрсөтүү менен жокко чыгара алат.

Мухаммед-Али
Токтакунтегин




  Болгон окуя

Асмандан азан үнүн уккан
Бул окуя 1969-жылдын
20-июлунда болгон.
Ааламда айга алгачкы кадам таштаган АКШынын космонавты "Аполлон-4" корабли менен асманга барып конгон Нил Армстронг кандайдыр бир ырга окшогон жагымдуу үндү угат. Адегенде бул үндүн кайдан чыгып жатканына айран таңгалып, эки жагын көз талдыра караган менен эч нерсе көрө албайт. А балким тек гана кулагыма бир нерсе угулуп жаткандыр деген ойдо калып, ошол бойдон бул тууралу унутуп калган.
Арадан он төрт жыл өткөндөн кийин 1983-жылы Египетте өткөрүлгөн Бүткүл дүйнөлүк конференцияда катышып олтурган Нил Армстронг конференция өтүп жатканда баягы асмандан уккан тааныш үндү угуп чочуп кетет. Жанында олтурган адамдан: "Кечиресиз, бул ырды эмнеге ырдап жатышат?" - деп сурайт таңгалып.
Ал бул ыр эместигин, ислам динин туткан мусулмандар Кудайга жалынып, беш маал намаз окушаарын, бул үн азыр окулуучу аср-намазына чакырган азан экендигин айтат.
Мындай керемет үндү адам пендеси жашабаган айдан дагы өзүнүн кудуреттүү чакырыгын билдирип турганына аябай таңданган америкалык космонавт бул окуядан соң Алла Таалага чын ыкласы менен ишенип, ислам динин кабыл алган.
Мындай кабар дүйнө жүзүн дүңгүрөтүп, журналисттер сенсация катары жазып чыгышкан.

Бурулсун Дыйканбаева















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan