Коомдук-саясый гезит
№06, 21.02.08-ж.

Меймансап
Форум




  Калыс сөз - кыска,
Накыл сөз - нуска

"Айыл өкмөтү" гезитинин Нарын облусу боюнча өз кабарчысы
Бурулсун Дыйканбаева:
"Убада беришти эле, аткарылышын күтүп жатабыз",
- дейт Нарын троллейбус ДЕПОсунун начальниги Жумабек Осмоналиев
Таанышып коюңуздар!
Үстүбүздөгү жылдын 18-февралынан тартып, "Айыл өкмөтү" гезитинин Нарын облусу боюнча өз кабарчылыгына теңиртоолуктарга аттын кашкасындай таанымал белгилүү журналист Бурулсун Дыйканбаева дайындалды.
Өз кабарчыбыздын өмүр жолунан учкай маалымат.
Бурулсун Дыйканбаева 1955-жылдын 25-декабрында Атбашы районундагы Ачакайыңды айылында туулган. "Ойтерскен" орто мектебин бүтүргөн соң алгачкы эмгек жолун облустук "Нарын правдасы" гезитинде корректор болуп эмгектенүүдөн баштаган.
1982-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн сырттан окуп бүтүргөн.
"Дарак бир жерден көгөрөт" дегендей ал өзүнүн отуз үч жылдык өтөлгөлүү өмүр жолунда облустук гезитте үзүрлүү эмгектенип, ар кыл жанрдагы, айрыкча адам тагдыры тууралу баяндалган таамай таасын макалалары менен окурмандардын көңүлүнөн түнөк таап келет.
Бурулсун Дыйканбаева басма сөз майданындагы чыгармачылык жемиштүү эмгеги үчүн Кыргызстан журналисттер Союзунун Ардак грамотасы, Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Белгилүү котормочу жана публицист Сулайман Мамбеталиев атындагы сыйлыктын лауреаты. "Калыйбүбүнүн касиети" аттуу китептин автору.

Ооба, али эсибизде. Ойдо жоктон оодарылган заман зардабынын аки-чүкүсүн аңдап биле албай, кулакка бейтааныш угулган базар мамилесинин оош-кыйышын баштан кечирип турган тээ кайра куруунун алгачкы жылдары эле. Кендирди кескен күйүүчү майдын азабынан автобустун караанына зар болуп, ал түгүл ал кездеги облус жетекчиси Кемел Ашыралиевдин акылы менен көчөнүн аяк-башына жүрө баштаган ат арабага да батпай "Кудай эки бутка кубат берсин" деп жөө жалаңдап жүргөн учур эле.
Кайсы бир жыйында облус губернатору Бейшенбек Болотбековдун: "Буюрса троллейбус жүргүзүүгө аракет көрүп жатабыз" дегенине ишене бербей "Кой үстүнө торгой жумурткалаган" Совет доорунда жүрбөгөн троллейбус эми "Этиң тургай табагыңды таап ал" болгон башаламан маалда жүрмөк беле, кайдагы болбогон нерсени айтып баш оорутат", - деп баш чайкаганбыз.
Арадан көп убакыт өтпөй баягы биз ишенип-ишенбеген үмүт-тилегибиз акталып, Ленин көчөсүнө троллейбус жүрө баштагандагы кубанычыбыз айтып түгөткүс эле. Не дегенде далай жылдап кичинекей автобустун ичинде жөөлөшүп, түртүшүп, кер-мур айтышып, көкөйгө көк таштай тийген жол азабынан арып-азган элге көктөн издеген жерден табылгандай эле кеп болгон. Анан андан бери арадан он төрт жыл өтүп, Бишкектен алынып келинген троллейбустарды айдоочулар кудум баладай бапестеп, оңдоп-түзөп, жыйырма төрт жылдан бери айдашып, акыры жедеп эскилиги жетип ачык асман алдында токтоп турат.
- Мен жетекчиликке келгенден бери көкөй кескен көйгөйүбүз ишкананын 697 миң сом карызынан кантип кутулаардын аргасын таппай барбаган жерим, тартпаган эшигим калбай "Айткандын оозу, ыйлагандын көзү жаман" болуп турганыбыз, - дейт Нарын троллейбус ДЕПОсунун начальниги Жумабек Осмоналиев каңырыгы түтөй үн катып. - Далай акча каражатын коротуп, пайдаланууга берилип, он төрт жыл элге кызмат кылган троллейбусту акыры ара жолго таштабай талаптагыдай иштетип кетсек дегенде эки көзүбүз төрт болуп эл бийлеп, журт башкаргандарга, мурдагы депутаттарыбыз Аскар Салымбеков менен Карганбек Самаковго өздөрүнө эки жолу жолугуп, бир нече жолу кат аркылуу кайрылдым. Тилекке каршы убагында жооп ала албай, шаабайым сууду...
Колунда турган ишке жардам берээр бекен деген үмүттө мурдагы Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевге атайы барып жолугуп, Өкмөт 2007-жылдын 22-октябрындагы № 11-1690 иш планына 553,8 миң сомду таап, 2008-жылга троллейбус линиясынын эки этабын куруу каралган. "Багы жокко дагы жок" дегендей Өкмөт башчылар алмашып, эми бул маселебиз кандай чечилээр экен деп кулак түрүп турабыз. Айтмакчы, Президентибиз Курманбек Салиевич өткөн жылдын 17-октябрында Нарын шаарына иш сапары менен келгенде да үзүлбөгөн үмүт менен кат тапшырган элем, азырынча жооп жок. Дегинкиси баары эле убада беришти эле, эми качан аткарылаар экен деген үмүттө күдөр үзбөй чыдамсыздык менен күтүп жатабыз, - деп сөзүн бүтүрдү троллейбус ДЕПОсунун ишин алдыга жылдырып кетсем деген тилек менен аракеттенип, жаны тынбай ары-бери чапкылап жүргөн Жумабек Осмоналиев. "Аракет кылсаң - берекет" деген накыл кеп бар эмеспи, эртедир-кечтир ой-тилектери ордунан чыгып калгысы бардыр. Ылайым ошондой болсун дейли.




  Көйгөй

Жеке менчик укугун ким коргойт?
же Салижан ажы издеген акыйкат кимдин колунда?
Акыйкат издеген жол Мирзакадыров Салижан ажыны кайда гана алпарбаган жок. Чыркыраган чындык үчүн кимдин гана эшигин какпады. Акыйкат, чындык үчүн деп жүрүп жүрөк оорулуу да болуп бүттү. Тактап кетчү нерсе, Салижан ажы таптакыр эле акыйкат тапкан жок деп айтканыбыз туура эмес болуп калар, тапканын го тапты. Бирок, жергиликтүү бийлик, жергиликтүү соттор анын акыйкаты жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен эсептешип койбогондуктан, ал үзүлбөгөн үмүт, ишеним менен акыркы инстанция катары Президенттик Администрацияга жана Жогорку Сотко кайрылууга аргасыз кылып олтурат. Бүгүн Мирзакадыров Салижан ажыда андан башка жол да, алардан башка үмүт да жок.
Салижан ажы 1993-жылы мыйзамдуу негизде жер алганда, мына ушу жер маселесинен улам жүрөк оорулуу болом, картайган чакта соттон сотко сүйрөлүп, акыйкат издейм деп ойлогон эмес. 1993-жылдын 15-мартындагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин чечими, 1993-жылдын 18-мартындагы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн токтому жана ушул эле жылдын 9-августундагы Карасуу райондук мамлекеттик администрациясынын № 325-токтому, ошондой эле ошол токтомдордун баарын күбөлөндүргөн мамлекеттик акт аркылуу болгону 0,85га жер участогун пайдалануу укугу "Фаррух" кичи ишканасына бөлүнүп берилип жатканда, анын үй-бүлөсү ушул алакандай жерден агарып-көгөрөбүз деп ойлошкон. Анан Мирзакадыровдордун үй-бүлөсү илгери тилек менен болгон тапкан-ташыганын ушул какыраган жерди гүлбакчага айландыруу үчүн жумшап, бел чечпей эмгектеништи.
Жашырганда эмне, ушул алакандай жерди иштетиш үчүн үй-бүлөгө анча-мынча пенделик кызыкчылыктардан да баш тартууга туура келди. Айылдаштарынын эсинде болсо керек, мындан он беш жыл мурда бул 0,85га жер эч кимди кызыктырбаган куурай баскан, таштанды төгүлгөн, таштак жер болучу.
Мына ошентип карандай мээнет менен болсо да, сыдыргыга салгандай кетип аткан ишке тоскоолдуктар кийинчирээк башталды. 1999-жылы Кыргыз Республикасынын жаңы Жер кодексинин ишке киргенине байланыштуу Салижан ажы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт берүү тууралуу кайрылат. 1999-жылдын 2-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин ишке киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6-статьясынын 4- жана 7-пунктарына ылайык, "Фаррух" жоопкерчилиги чектелген коомуна пайдаланууга берилген 0,85га жер участогуна болгон жеке менчик укугу документтерди кайрадан каттоосуз, акысыз жана кошумча акы төлөмдөрүсүз эле берилүүгө тийиш болучу. Бирок да, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн ошол кездеги башчысы Мавлюда Жумабаева өзүн мыйзамдан жогору коюу менен баш тартып койгон. Дагынкысы дагы бар дегендей, 2001-жылы М. Жумабаева "Фаррух" кичи ишканасынан ажыратылып алынды делинген жер участогунун эсебинен А.Жакыповго жер участогу бөлүнүп берилсин деген токтом токуган. Бул убакта Мирзакадыровдун колунда 0,85га аянттагы жер участогуна укугу бар экенин тастыктаган документтер бар эле. Баарынан таңгалычтуусу, "Фаррух" кичи ишканасынан жер тартылып алынганы тууралуу соттун эч кандай чечими жок туруп, Жакыповго жер участогуна мамлекеттик акт берилип калган. Өзү мыйзам боюнча, жерге болгон ээликти сот гана жокко чыгарып, жеке менчик укугун сот гана аныктай алат. Мына ушу мыйзамсыздыкка жаны ачыган Салижан ажы мыйзамды сыйлаган адам катары Бейтарап сотко кайрылууга аргасыз болгон. Ишти тыкыр карап чыккан Бейтарап сот өз чечими менен 2003-жылдын 7-июлунда "Фаррух" жоопкерчилиги чектелген коомуна 0,35га жер үлүшүн курулуш обьектилери үчүн, 0,5га жер участогун айыл чарба өндүрүшү үчүн биротоло пайдаланууга бекитип берген. Ошол эле Бейтарап соттун 2003-жылдын 3-сентябрындагы кошумча чечими менен, 0,5га жер участогу "Фаррух" ЖЧКнын жеке менчиги деп табылып, бөтөн, мыйзамсыз ээлеп алган адамдан кайтаруусу милдеттендирилген. Дегинкиси, Бейтарап соттун 2003-жылдын 7-июлундагы чечими мыйзамдуу, күчүнө кирген жана эч ким тарабынан жокко чыгарылган эмес.
Бирок, эмнегедир ушул эле маселени караган Ош областынын райондор аралык соту 2007-жылдын 17-январында А. Жакыповдун доо арызын канааттандырып, Мирзакадыров Салижандын наамына 2006-жылдын 7-июнунда берилген "Ч"сериясындагы № 063084-жер участогуна болгон жеке менчик жөнүндөгү мамлекетик акты анык эмес деп табылган. Буга нааразы болгон Салижан ажы Ош областтык сотуна кайрылат. Арийне, Ош областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы райондор аралык соттун чечимин өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө аныктама чыгарып, Мирзакадыровдун апелляцилык арызы канааттандыруусуз калтырылат. Бир сөз менен айтканда, соттор Бейтарап соттун чечимин көз жаздымда калтырып, билсе да билгиси, көрсө да көргүсү келбей койгон.
Анча болду айта кетели, Мирзакадыровго касын тигип калганбы, М. Жумабаева 2004-жылдын январында МРУга(Карасуу райондук укук коргоо органдарынын ордуна эмне бул жакка кайрылганы да таңгалычтуу) кайрылат. Колунан эмне келет, жер талашкан немени биротоло жоготоюн деген го сыягы. Ошентип, Мирзакадыровдун үстүнөн иш козголуу менен, алар эки жарым жыл ары-бери сүйрөшүп, акыр аягы Салижан ажыдан эч кандай күнөө таппаган соң, кылмыш ишин токтотушкан. Ал арада канча нерв кеткенин элестете бериңиз. Акыры акыйкат табылып, Ош областтык прокуратурасынын катынын негизинде мыйзамсыз тергөө жүргүзгөн тергөөчү Ороз Садировдун үстүнөн дисциплинардык иш козголуп, ИИМге жөнөтүлгөн.
Мына ушул Бермуд үч бурчтугундай болгон чатактын баары Мирзакадыров Салижанга, же тагыраагы "Фаррух" ЖЧКсына жеке менчикке берилген 0,85га жер участогунун тегерегинде болуп олтурат. Ушул алакандай жер Салижан ажынын үй-бүлөсү гүлбакчага айландырып койгондон кийин, башкалардын көзүн кызартып, бардык болгон аракеттери менен менчиктештирүүнүн далбасасын жасап жатышат. Баса, бул маселеге Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын агроөнөржай комплекси боюнча комитети да кайрылып, 2004-жылдын 30-январында Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн ошол кездеги башчысы М, Жумабаевага анын чечимдери туура эмес экендигин тастыктаган кат жөнөткөн. Анда "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин ишке киргизүү жөнүндө" мыйзамга ылайык, "Фаррух" ЖЧКсы 0,85га жер участогуна жеке менчик укугу бар экени, аны башкалардын менчигине өз алдынча берүү мыйзамдын башын аттагандык экени, өзүн мыйзамдан да жогору коюучулук экени айтылган.
Турмушта акыйкат, чындык жок деп айтканда болбойт. Акыйкатсыздык адамдардын өзүндө. Өзүңүздөр деле калыс болгулачы, М. Жумабаеванын мыйзамсыз токуган токтому мыйзамдан да күчтүү табылып, 0,85га жер участогунун талашы, чыры бир адамды оорулуу кылуу менен, мамкаттоого да мыйзамсыз чечим кабыл алууга негиз болуп олтурбайбы. Анан ага укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери кошул-ташыл болуп, жыйынтыгында карапайым адам жабыр тартып олтурат. Бизде эмне, мыйзамды бузганын мамчиновниктер бузуп, акыр аягында Кыргызстандын мыйзам сыйлаган жөнөкөй жараны күнөөлүү болобу? Ошентсе да, Салижан ажы баштагыдай эле акыйкат бар экенине, Президенттик Администрация бул маселени көз жаздымында калтырбастыгына жана Жогорку Сот кайрадан 0,85га чатагына кайрылып, туура чечим кабыл алат деген ишенимде. Анткени, Кыргыз Республикасынын Конституциясында жеке менчик укугу колтийгис деп жазылган. Салижан ажынын акыркы үмүтү Конституция кепилдигинде.

Болотбек Таштаналиев




  Министр А.Ногоевдин назарына!

Санына да, сапатына да өзгөчө көңүл бурулса
Кийинки убакта жергебизде малдын саны аз да болсо көбөйүп келе жатканы кубандырбай койбойт. Албетте, ылайым эле төрт туягы көбөйүп, кыргызча айтканда "мал аягы тескери жайылып" турганы жакшы деңизчи. Бирок, "медалдын эки бети бар" дегендей ошол эле убакта мал арасында жугуштуу оорулардын күч ала башташы, ансыз да мал менен тиричилик кылган мекендештерибизди кыйла кыйынчылыктарга дуушар кылып келүүдө. Айрыкча климаты катаал, шарты оор, бийик тоолуу Нарын областында бул түйүндүү маселе көпчүлүктүн көкөйүндө экендиги талашсыз. Айыл элинин эң орчундуу маселелеринин бири - мал чарбачылыгы, элет элинин көйгөйлөрү, дегеле мал багуудагы күңгөй-тескейлер туурасында белдүү фермер менен пикир алыштык. Биз сөз кылуучу каарман Кочкор районунун Дөңалыш айылынын кутман карыларынын бири Керимкулов Кубатбек аксакал.

Кубатбек ата тээ союз учурунда 1958-жылдан тарта 1993-жылга чейин Кочкордун "Комсомол" совхозунун алдыңкы чабандарынан болгон. Анын эң жогорку көрсөткүчтөрү өкмөт тарабынан көз жаздымда калган эмес. Так айтканда "Эмгек Кызыл Туу" жана "Ардак белгиси" ордендерине, ошондой эле бир нече грамоталарга ишиндеги ийгиликтери үчүн жетишкен. Бүгүнкү күндө айылдагы алдыңкы фермер катары таанымал. Мал багуудагы зор тажрыйбага ээ, дасыккан фермер, белдүү чабан катары Кубатбек ата мал чарбачылыгы боюнча төмөнкүлөргө токтолду.
- Мени түйшөлткөн маселе малдын санынын өсүшүндө эмес, сапатынын начарлыгында болуп жатат. Бул маселе малды өз убагында ветеринардык кароодон өткөрбөгөндүктөн, малды асыл тукумдаштыруунун начарлыгынан улам пайда болууда. Эмнеге дегенде бизде асыл тукум чарбалар жана ветеринардык сервистер жок. Бул маселени чечүү үчүн бир нече сунуштарды белгилеп кетели:
1. Ар бир райондук деңгээлде малдын баардык түрлөрү боюнча асыл тукум чарбаларын түзүү керек. Бул мамлекеттин көзөмөлүндө жана каржылоосунда болууга тийиш. Мындай чарбалар жок деп айта албайм, факты түрүндө бар, бирок, анын сапаты эч кандай канааттандырбайт. Ошондой эле айыл жергесинде колунда бар дыйкан фермерлер менен бирдикте асыл тукум фермаларын түзүү керек. Мындай фермерлер дагы жок эмес. Ошондой эле фермерлерге окутуу, түшүндүрүү иштери кеңири жүргүзүлсө дейм.
2. Ветеринардык тейлөө кызматы боюнча. Акыркы жылдары малдагы жугуштуу ылаңдардын көп чыгып жатканы баарыбызга белгилүү. Бул ветеринардык тейлөөнүн алсыздыгынан улам чыгып жатат. Ошондуктан ар бир айылда мамлекеттин көзөмөлүндөгү ветеринардык сервистерди түзүү жана жетиштүү дары-дармектер, каражаттар менен камсыз кылуу зарыл. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги бул сунуштарды туура жолго коюп, ишти тез арада чечсе деген үмүттөмүн.
Кубатбек атанын сөзүндө чындыгында жүйөө бар. Ал эми ушул эки маселени чече алышпаган жетекчилер эмне менен алек болушууда? Министрлик элдин сунушун тезинен чечиш керек. Эл деген сел. Куру убадага курсак тойгузбайлы.

Калыгул Бейшекеев,
гезиттин эл кабарчысы




  Түйүндүү маселе

Эл байлыгы - электр тармагы...
Кыргызстан суу запасы боюнча Орто Азияда экинчи орунда турат. Бул мезгилге чейинки окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянсак Кыргызстанда жер үстүндө 47,3 млрд куб, жер астында 13,5 млрд куб суу бар болсо, мөңгүлөрдө 659 млрд куб суунун запасы сакталуу болгон.
Дүйнө жүзү боюнча температуранын көтөрүлүшү жер жүзүндөгү суу запасынын азайышына алып келүүдө. Бул көрүнүштөн Кыргызстан да четте калган жок. Жылдан жылга күндүн ысышынан жерлерибиз чөлгө айланып суу запастарыбыз азайып, мөнгүлөр ээрип, аянттар кыскарууда.
Союз учурунда суу энергия тармагын-түзгөн ресурсту өздөштүрүүдө пландар иштелип чыгарылып, суу сактагычтар курулуп, бары көзөмөлдө болгон.
Эгемендүүлүккө жеткенден кийин республикабызда көп тармактар талап тонолуп 6-7 жыл суу энергетика тармагы толук сакталган.
Бирок өз чөнтөгүн ойлогон далай чиновниктер сатуу, сатып алуу сунуштарын далай козгоп келишкен. 1998-жылдары "Кыргызэнерго" компаниясынын реформалоо программасы иштелип чыккан. Бирок көптөгөн депутаттардын каршылыгынан улам бул программа кабыл алынган эмес. 2001-жылдары бул маселе кайра каралып, депутаттар аргасыз кабыл алууга барышкан. Ошентип, "Кыргызэнерго" өз ич ара акционердик коомдорго жана компанияларга бөлүнгөн. Бирдиктүү иш жүрбөгөндүктөн, бири бирине баш ийишпегендиктен баш аламандык башталып, бул тармакта абал оорлогон. Өзүн өзү каржылай албай каржылык жактан көз карандылык жаралып, жабдыктары иштен чыгып отурат.
Быйылкы кыштын суугунан айтоор электр энергиясын пайдалануучулардын саны өсүп, көмөкчордондордун далайы иштен чыкты. Негизи эле союз учурундагыдай көзөмөл жок болгондуктан жабдыктар эскирип, жаңылантууга эч мүмкүнчүлүк болгон эмес.
Суу сактагычтарда да абал жакшы эмес. Кээ бир маалыматтарга ишенсек 40-50 жылдан бери приборлор жаңыртылбаптыр. Азыркы тапта Нарын гидроэлектро станцияларында электр энергияны иштетип чыгаруу үчүн каскаддар толук ишке кирген. Аларга күч келтирбеш үчүн сууну коё берүү көбөйгөн. Ошондуктан, Орто токой суу сактагычында суу күнүгө 25-30 смге төмөндөөдө.
Эгер ушул абал менен электр станцияларыбыз иштөөлөрүн уланта беришсе, келээрки жылда элибизди энергия менен камсыз кылуу кыйынга турмакчы. Элибиздин "мен" деген азаматтарынын арасынан бычакка саптуулар чыкпагандыктан жана бар байлыгыбыз болгон суу электр энергиясын иштетүү тармагы өкмөт тарабынан каралбагандыктан менчиктештирүүгө өткөнү турат.
Электр тармагынын тагдыры дагы кайсы чет элдиктин колуна тийет, али белгисиз?
Кайыркүл КалЧаева, "Айыл өкмөтү"

Кыска мазмундагы жарыялар бейшемби, жума күндөрү бекер кабыл алынат. Телефондор: (0312) 53 - 52 - 38, (0312) 53 - 32 - 98














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan