Коомдук-саясый гезит
№05, 14.02.08-ж.

Меймансап
Форум




  Мекенинин бейпилдигин, элинин эсендигин ойлобогон эр эр эмес

М.Конгантиев ИИМди реформалоого убада кылды
Генерал-майор Молдомуса Конгантиев министр болуп келгени ички иштер тармагынын кемчиликтерин белгилеп, бир топ жетекчилерди кызматтан алды. "Учурдун башкы милдети - ИИМди реформалоо, ал аркылуу милиция кызматкерлеринин элге болгон мамилесин өзгөртүү болуп саналат" деди ал.
Айрым бир милиция кызматкерлери өздөрү кылмышка аралашып жатканын маалымат жыйынында министр катуу сынга алды.

Ырасмий маалыматтарга караганда 2000-жылдан бери эле киши колдуу болуп өлгөндөрдүн саны кырктан ашкан. Мындан тышкары адам өмүрүнө кол салуу боюнча 10 факт катталган. Алардын ичинде 2005-жылдын март окуяларынан бери эле ондон ашык адам киши колдуу болгон.
Кылмыштуулуктун деңгээли төмөндөгөнү айтылып жатканы менен бул чуулгандуу буйрутма өлүмдөрдүн биринин да бети ачылган эмес.
Маалымат жыйынында ички иштер министри М.Конгантиев ушул темага да токтолду. Ал Ош облусунда былтыр күзүндө киши колдуу болгон журналист Алишер Саиповдун кылмыш ишин кайра өзү көзөмөлгө алганын, иликтөө-тергөө жүрүп жатканын белгиледи.
"Менин милициям мени коргойбу же кордойбу?" демекчи, коомчулукта милиция кызматкерлери тууралуу ар кыл сын пикирлер айтылып келатат. Эл арасында дале болсо милицияга ишенбегендер арбын.
Ал белгилегендей, милиция кызматкерлеринин элге болгон мамилесин өзгөртүү, участкалык инспекторлордун ишин жигердештирүү - бул 2008-жылкы ички иштер министрлигинин негизги максаттарынын бири. Саясий чөйрө ички иштер министрлигинин кылмыштуулукка каршы күрөш жаатында жүргүзүп жаткан ишине канагаттана баштады.
Маселен, милициянын Ысыккөл областтык ардагерлер кеңешинин төрагасы Жолболду Осмоналиевдин айтымында, азыр милиция уюшкан кылмыштуулукка жана экономикалык кылмыштарга да каршы катуураак күрөшүп жатат.
Бул кылмыштуулуктарга каршы күрөшүүдө буга чейин аракет жок болчу. Министрге, бардык ички иштер кызматкерлерине, бардыгына азыр саясий эрк керек. Милиция психологиялык жактан өзгөрө баштады. Азыр милицияда өзүнүн кызыкчылыгын, пайдасын гана ойлоп ишкерлерди, цехтерди тоноп, рэкет болуп алуу маселелерине катуу чаралар колдонула баштады. Алар буга чейин элди коргобой эле, айрым учурда кордоп, тоноп келишкен. Министр М.Конгантиевдин бул системаны реформалап, санын кыскартып, сапатын жогорулатууга киришкендиги колдоого арзыйт.
Милициянын ардагери, эс алуудагы подполковник Догдурбек Чынгышевдин көз карашында кылмыштуулукка каршы күрөшкө тоскоолдук кылып жаткан факторлор - мамлекеттик кызматкерлер менен кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн биригип кетиши жана милицияда кесипкөй адистердин жетишсиздиги. Анын пикиринде милиция тармагын реформалоого жаңы жетекчинин кесиптик билим деңгээли жетиштүү.
Министр Молдомуса Конгантиев болсо маалымат жыйынында ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин 25 пайызы кыскарып, 148 кызматкер облусттук, шаардык, райондук бөлүмдөргө иштөөгө жиберилээрин, Жогорку Кеңештин алдындагы аянтта айт намаздарын окууга милиция каршы эместигин кошумчалады:

- "ИИМ жөнүндө" жаңы жободо участкалык инспекторлордун ролу жана жоопкерчилиги кеңейтилген. Бүгүнкү күндө 25%га борбордук аппараттагы кызматкерлердин санын кыскартуу менен участкалык инспекторлордун санын көбөйтүү пландаштырылууда. Министрликтин башкы милдети - эл менен тыгыз байланышта болуп, мыйзам бузуулардын алдын алуу жана профилактикалык иштерди күчөтүү, - деп айтты Молдомуса Конгантиев.
Маалымат жыйынында ички иштер министри Молдомуса Конгантиев жол кырсыктары көп болуп жатканын айтты. Өткөн жылы жол кырсыктарынан эле алты миңге жакын адам каза таап, жети миңге чукул адам жарадар болгон.
Өлкө боюнча мамлекеттик автоинспекция кызматкерлери коррупцияга батып кеткенин министр дагы, андан сырткары өлкөнүн премьер-министри өтө катуу сынга алган.
Себеби жол кырсыктарынан айрыкча жаш балдардын өлүмү өтө көп болуп кеткен. МАИ кызматкерлери кырсыкты алдын алуунун ордуна өз чөнтөктөрүнө иштеп калган.
Тартип бузууларга көз жуммай, айдоочулардын күбөлүктөрүн бекер бермей көбөйгөн. Ошол себептүү өлкөнүн МАИ башкармасынын жетекчиси, милициянын полковниги Леонид Поляк жана Бишкек шаардык МАИ бөлүмүнүн жетекчиси Эмилбек Абдиев кызматынан алынды.

Мирзат Урдавлетов



"Сен өзүңө курам десең жыргал күн ,
Сөздү коюп, эмгектенгин күнү-түн.
Баары өтөт, түбөлүктүү - жакшы атак,
Жакшы адамдын ишин айтып макташат".
Жусуп БАЛАСАГЫН
"Эл айыл өкмөтүнө, айыл өкмөтү элге дем берип..."
Кышкы чыкыроон чилде дагы деле күчүндө. Бишкекке жумуштап келген жигит "Редакцияга учурай кетейин деп кайрылдым эле" деп короодон телефон чалды. Иш бөлмөбүзгө чакырып, редакциянын чыгармачыл тиричилиги, гезиттин айыл өкмөттөрүнө колдоо көрсөтчү багыттары менен тааныштырдык.
Бул жигит Токтогул районундагы "Үчтерек" айыл өкмөтүнүн башчысы Молдомусаев Нурлан Токтогулович экен. Нурлан "Үчтерек" айыл өкмөтүнүн эли гезитибиз менен жакшы кабардар экендигин, өз айыл өкмөтүндө да 2007-жыл жакшы жыйынтыкталып, калкка кызмат кылуучу көп обьектилерди куруп жана ремонттоп, ишке киргизишкендигин баяндап берди.

- Үчтеректе жыл боюу айыл банкы жакшы иштеди, - деп сөз баштады айыл өкмөт башчысы. - Банк ар бир кардарга 15 миң сомдон чакан кредиттерди берет. Бир жарым жылдык үстөк төлөмү да 15 пайыз. Күрөөгө эч нерсе коюлбайт. Айыл өкмөтүнүн кепилдик каты гана жетиштүү. Биз бул кредиттерди мөөнөтүндө кайтаруунун жыйынтыгы боюнча республикадагы алдыңкы орундарга чыккандыгыбызга айылдык банктын жетекчилиги ыраазычылыгын айтты.
"Бител" уюлдук телефон байланыш компаниясы Жетиген жана Үчтерек айылдарына өз антенналарын орнотту. Эми Кызылураан айылына антенна коюлганы жатат. Айыл өкмөтүндө 11 миңге жакын тургундар жашашат. Аларды бири-биринен бөлүп турган 130 чакырым аралыктагы беш калктуу пункт бириктирет. 2260 кожолук эл бар. Өлкөбүздөгү бардык эле тоолуу аймактар сыяктуу эл негизинен дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен тирикчилик улашат.
Айыл өкмөтү калктын социалдык-маданий тирикчилигин өнүктүрүүнү алдыга башкы багыт кылып коюп, мамлекеттик, өкмөттүк эмес, фонддук, төтөпулдук жана коомдук-ишкер уюмдардын каражатына долбоорлор жазуу менен айылдарга алып келүү ишин жакшы жолго койду.
Өткөн жыл аралыгында жогорудагыдай ыкма менен айыл өкмөтүндөгү калктуу пункттарга жалпы суммасы 12 миллион 142 миң сомдук социалдык-маданий обьектилерди куруп жана ремонттоп, калк кызматына берип, бешенебиз жылып, кубанып отурабыз. АРИС программасына долбоор жазган азаматтарыбыз Кызылураан айылына мончо куруп, Саргатадагы мектепти короолоп, Жетиген айылына жаңы электр линиясын тартып, Үчтерек айылына темир устачылык цехин, ветеринардык аптеканы, айылдык ресурстук борборду жана тренажердук залды бүткөрүп беришти.
Түрткү берип кызыктыруучу төтөпулдарды (гранттарды) утуп алган интеллектуал жарандарыбызга да эл алкышы чексиз болду. Алар Үчтерек , Такталык айылдарында маданият үйүнө, таза суу түтүктөрүн орнотууга чоң салым кошушту. Жогорудагыдай иштерди жасоодон атайын фондубуз да четте калбады. Алардын материалдык салымы насостук станцияны электрдик кыймылдаткычы менен иштетүүгө жумшалды.
Эл болгондон кийин ичинде ачы-тогу, кеми-өксүгү да болот тура. Айыл өкмөтү менен биргелешип иштеген кайрымдуулук мээрими бар өкүлдөрүбүз жетим балдарга жардам берүүнү ишке ашырышты. Алар Бүткүлдүйнөлүк жаштар Уюму ассоциациясы - же "ВАУ Азия коомдук уюму" деп аталган эксанияттык камкорлор аркылуу айыл өкмөтүнүн аймагындагы 25 атасыз жетимдерге ай сайын ар бирине 750 сомдон жөлөкпул жана жылына эки сезонго кийим-кече, окуу куралдарын, ай сайын белектер бердирип турууну камсыз кылышты. Буларды каржылоо мусулман өлкөлөрүндөгү эксан жыйымынын эсебинен болот. Бул өлкөлөрдө салт боюнча атасыз балдарды гана жетим деп эсептешет. Себеби, ата гана үй-бүлөнүн багуучусу болуп таанылат. Мындан ары аларды каржылоо туруктуу улантылмакчы. Жумушсуздук желкеден басып турган айыл жергеси үчүн бул деле кыйла жардам деп каниет кылып, аны уюштуруп берген азаматтарыбызга миң мертебе ыраазы болуп жатабыз.
"Башат" деп аталган жергиликтүү коомдук уюмубуз пахта тазалоочу цех куруп, үпнарды ремонттоп, ресурстук борбор ачып, кийим тигүүчү универсалдуу 4 даана машина менен чеберлерди камсыз кылды. Жергиликтүү ишкерлердин каражаты менен Үчтеректе майбекеттин жана тактай тилүүчү цехтин курулганы жергиликтүү калк кыйла тирикчиликтик түйшүктөрдөн арылышты. Жетигендин эли өткөн жылда атайын фонд менен биргелешип 1 миллион 110 миң сом каражатка айылдык клуб куруп алышты. Айтор, эл айыл өкмөтүнө, айыл өкмөтү элге дем берип, өткөн жылда алдыга койгон жакшы тилектер ишке ашты.
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов айткандай, "Адамга эң кыйыны - күн сайын адам болуу". Андыктан айыл өкмөтүбүздө "Өх!" деп отуруп калууга али-бери убакыт жок. Өлкө Президенти 2008-жылды экономикалык өнүгүүнүн жылы деп белгиледи. Азыр Президенттик демилгенин нугунда натыйжалуу жыйынтыктарды жаратуунун жолун көздөп иш улап баратабыз,-деп, биз менен да үзбөй маалыматташ болорун билдирип, сапарын улады айыл өкмөт башчысы Нурлан Токтогулович.

Уланбек ПАРМАНОВ,
"Айыл Өкмөтү"




  Жарыяланганга кайрылабыз

Каражат кеңири болсо,карала турган иш арбын…
"Айыл өкмөтү" гезитинин 2007-жылдын 1-ноябрдагы № 31 (41) санында ардагер, белгилүү экономист Садирдин Төралиев Кыргыз Республикасынын Президентине кат жолдогон эле. Анда ал Суусамыр Арал-Кочкор автожолу туурасындагы атуулдук олуттуу сунушун ортого салган. Садирдин аксакалдын козгогон маселесинин тегерегинде КР Транспорт жана коммуникация министринин орун басары, статс-катчысы Кубанычбек Мамаевге кайрылып, бул боюнча анын пикирине кулак төшөдүк.
Каражат кеңири болсо, карала турган иш арбын…
- Бул жол - "Кызылой-Разливка-Арал" деп аталат. Аны менен Токтогул, Ош, Талас, Кочкор тараптан келип өтсө болот. Ички маанидеги ушул автожолдун чынында мааниси өтө чоң. Бирок, бул жол эл аралык маанидеги жолдордун катарына кирбейт. Бишкек-Ош автожолу түндүк-түштүк, андан ары Кытай, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Россия менен байланыштырып турган эл аралык маанидеги автожол болуп саналат. Ал эми биз сөз кыла турган автожол мындай критерийге ээ эмес. Албетте ички мааниси зор болгону менен ал эл аралык карым-катнаш далиси катары кызмат өтөй албайт. Ал эми Бишкек-Торугарт жолу Казакстан, Кыргызстан жана Кытай мамлекеттерин байланыштырып туруучу эл аралык мааниге ээ автожол болуп саналат. Же болбосо Казакстан аркылуу Россияга чыкса болот. Ал эми кеп болуп жаткан Суусамыр-Арал-Кочкор жолу эл аралык маанидеги автожолдун катарына кирбегендиктен ал инвесторлорду тартууда азырынча артыкчылыкка ээ эмес.
Жогоруда айтылгандай эл аралык автожолдор оңдолсо транзит катары мамлекеттик бюджетке каражат түшүүсүнө шарт түзөт. Мунун катарында эле ички маанидеги автожолдордун абалын жакшыртуу деген маселе да негизги орунда турат. Үчүнчүдөн дүйнө жүзүндө практикаланып келгендей биздин мамлекеттин аймагында кошуна мамлекеттин да ичке кирген кичинекей жарым аралча аянттар жайгашкан. Мындай абал түштүк регионго тиешелүү. Мисалы, биздин мамлекеттин аймагында, Сох, Форух, Шахимардан сыяктуу үч анклав ичке ийнедей болуп кирип калган. Тажикстандын, Өзбекстандын аймагынан Союздун убагында биздин жолдор өтүп келген. Мына ушундай абалдан улам коңшу мамлекеттердин бажы, чекара кызматы жайгашкан аймакты айланып өтө турган жолдорду куруу - бүгүнкү күндөгү негизги маселелерден. Анткени түштүк аймактын элинин жол каттамы боюнча маселе алиге чейин оор бойдон калууда. Өткөн жылы Пүлгөн-Бүргөндү жолу башталган эле. Быйыл аны асфальттап, Сох анклавын айланып өтсөк деген максатыбыз бар. Ал жол 49 чакырымды түзөт. Ошондо Баткен районун, Кадамжайдын жарымын жана Лейлек районун жердеген калктын жол маселеси чечилип, ошол жергиликтүү элдин экономикалык социалдык абалын жакшыртуу кыйла дурус жолго коюлуп калат эле.
Өткөн жылы эл аралык жана ички маанидеги жолдорду оңдоо иштери боюнча каражат мүмкүнчүлүгүн карап көргөнбүз. Азыркы учурда Түп-Кеген жолу да чоң мааниге ээ болууда. Аталган жолдун да белгилүү бир бөлүгү талкаланып, эл аралык маанидеги бул автожолу да тез арада ремонтту талап кылат. Капиталдык ремонт жасаганга көп каражат талап кылынгандыктан азырынча автомашина менен өтүүгө адам өмүрүнө коркунуч келтирет деген автожолдун бөлүктөрү ремонттон өткөрүлөт. Чынын айтыш керек, Кыргызстандын аймагындагы эл аралык болобу, ички маанидеги болобу автожолдорду капиталдык ремонттон өткөрүп алсак деген эле жакшы ойлорубуз бар, каражат жетишпейт.
- Суусамыр-Арал-Кочкор автожолу сиздердин министирликтин иш планында каралып келе жаткан экен да…
- Ооба, Кочкордон Аралга (Нарын областы) кете турган жолдун иши да планда турат. Кочкордо таш талкалай турган жана асфальт чыгара турган завод курулбадыбы. Асфальттын температурасы 120градус болуш керек. Оңдоло турган автожолго жеткиче асфальт муздап кетсе жараксыз болуп калат. Жапан төтөпулунун эсебинен курулган завод былтыр убакыттын тартыштыгынан (кечирээк курулду) толук кубаттуу түрдө ишке киргизилген эмес.
Быйыл кышы менен таш талкаланып, асфальт жасоого даярдыктар көрүлүүдө. Буга ылайык Кочкор тараптан иш тезирээк жылат деген ойдомун. Аралга барып, Миңкушка кеткен, Өрнөккө кеткен автожолдордун бардыгы тең кесилишет. Бери жагынан Кызылойдон Сарыкамышка чыкса болот, мына ушул тараптарда маселе болууда.
Буга окшогон көйгөйлөр оголе көп. Бюджет бекисе "Бул иштерди жасайбыз же жок" деп так айтууга мүмкүнчүлүк түзүлөт эле. Ушулардын катарында Суусамыр-Арал-Кочкор автожолу да ички мааниси зор болгондуктан автожолу көңүлдүн борборунда турат. Бирок жогоруда айтылгандай капиталдык ремонт өткөрүүгө каражат жетпейт, оңдоо иштери жүргүзүлүүгө тийиш. Жакын жайгашкан тик аскалардан улам коркунуч пайда кылган аймактар сөзсүз түрдө ремонттон өткөрүлүүсү ийги.
Экономист, ардагер Садирдин Төралиевдин "Айыл өкмөтү" гезитиндеги атуулдук сунушунда белгиленгендей ошол жол аркылуу Каракечеден Таласка да көмүр тартылмакчы. Туристтик жактан түштүктөн, Өзбекстан, Тажикстандан келе жаткандар 130км жол кыскаргандыктан көбүн эсе ошол жол аркылуу өтүшмөкчү. Ушул сыяктуу маселелер көңүлгө алынып 2006-2007-жылы Президенттин демилгеси менен биздин бюджет көбөйтүлгөн. Ошол себептен Кыргызстандын ички карым-катышын жөнгө салууда Суусамыр-Арал-Кочкор жолун 2010-жылга чейинки стратегиялык планга ылайык толук капиталдык ремонттон өткөрө албасак да, ага ремонт иштерин жүргүзүү жагы киргизилген. Анткени капиталдык ремонт дегенибиз жолду кайрадан куруу деген эле түшүнүк.
Буга чейин жалпы республиканын автожолдоруна көңүл бурулбай асфальт жолдору талкаланып бара жаткан эле. Ошонун кесепетинен 18 миң км автожолдордун абалы өтө начарлаган эле, эки жылдан бери жылыш бар. Былтыр көп нерселерге жетиштик. Быйылкы жылдын планында 100км жолго асфальт салыш керек деп киргизгенбиз. Сөз болуп жаткан Суусамыр-Арал-Кочкор автожолу Чаек тарабынан оңдолуп жатат, планда бар. Бирок толук капиталдык ремонттон өткөрүүгө каражат жетише бербейт. Чаектин өзүндөгү асфальт заводун калыбына келтирели деген максаттарыбыз да бар. Чаек Аралга чейин 20км. Чаектен нары Кызарттын белине кеткен Кызылойго кеткен жолубуз да бар.
Аталган аймактын акими да келип кетти, завод маселеси биринчи чечилсе, калганын дагы каражатка карап ишке ашырабыз деген ойдобуз.

Канышай Мамыркулова,
"Айыл өкмөтү"



  Аксы жаңылыктары

"Аксы кышы" майрамы
Жалалабат областынын Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен жакында "Аксы кышы-2008" майрамы өткөрүлдү. Жергетал айыл өкмөтүнүн аймагында касиеттүү Босбу тоосунун бооруна мектеп окуучулары, мекеме-ишканалардын жумушчу-кызматчылары, үй-бүлөлөрү менен келишти. "Аксы кышы-2008" майрамын Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Жыргалбек Шакиев сөз сүйлөө менен ачты. Андан соң бул майрам менен райондук элге билим берүү бөлүмүнүн кызматкери Мырза Батыров аксакал чыгып сүйлөдү.

Бул майрам көп жылдардан бери белгиленбей калгандыгын, адам баласына таза абадан артык дары бул дүйнөдө жоктугун айтып райондук СЭСтин башкы дарыгери Үсөнбай Салиев, райондук спорт комитеттин терагасы Тыныч Кожогелдиев жана башкалар чыгып сүйлөштү.
Кыш майрамында балдар, ата-энелер чана, лыжа тээп бир кумардан чыгышты. Балдар жыгылып, карга тыгылып калып жатышкандарына да кайыл болуп жатышты. Майрамдын акырында мында келгендер бул майрамды салтка айландыруунун зарылчылыгын белгилешти.

Координациялык кеңештин жыйыны
Жакында Жалалабат областындагы Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын залында райондук координациялык кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү. Анда райондогу кылмыштуулуктун алдын алуу маселеси каралып, бул багытта райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Рысбек Ызабеков кеңири баяндама жасады жана райондогу күч структураларынын кызматкерлеринин алдына чоң милдеттерди коюп, иштерди жандандырууга милдеттендирди. Кылмыштуулуктун саны кескин түрдө өсүп кеткендиги белгиленди.

Андан сөзгө Аксы районунун прокурору Төрө Кожошов чыгып сүйлөп, мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолду. Сөзгө чыккан райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги Марис Нуралиев мындан ары ар бир айыл өкмөттө атайын участкалык инспекторлордун болорун, айыл өкмөттөрү аларга иштөөгө шарттарды түзүп берүүсү зарыл экендигин белгиледи. Ошону менен быйылкы жылда кылмыштуулуктун саны кескин кыскара тургандыгын жана анын алдын алуу менен бул багытта иш жакшыра тургандыгын билдирди. Ал үчүн ички иштер кызматкерлери, чек ара заставасынын аскерлери эл менен тыгыз байланышта иштеп жатышкандыктарын айтышты.

Абдымомун Калбаев,
Аксы району













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan