presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым", 27.05.16 Агым
"Манасты" түшүнбөгөн Элвира Сариева
Жогорку Кеңеште жаңы жоруктар башталды. Парламенттеги өкмөттүк саатта "Ата мекен" фракциясынан депутат Садык Шер-Нияз Билим берүү министри Элвира Сариевага "Манас" эпосундагы саптарды окуп, маанисин сураганда Сариева аны түшүндүрүп бере албай уят болду. Анда Садык мырза "Мен тажик же фарс тилинде сүйлөгөн жокмун. Мен "Манас" эпосунан үзүндү окудум. Аны Билим берүү министри түшүнбөй жатса, башкаларга сын айтуу кыйын. Ата-бабалардан калган сөздөрдү түшүнбөө - трагедия" деди. Ал эми вице-премьер Олег Панкратов учурда кыргыз тилин үйрөнө баштаганы дайын болду.

Балдардын өз жанын кыюу себептери баарыбызды ойлонтушу керек
Эң кейиштүүсү Кыргызстанда балдар арасында өз жанын кыюу көрүнүшү болууда. Кечээ ЖКдагы өкмөттүк саатта бул тууралуу ар кандай фактылар айтылды. ИИМ 96 бала жанын кыйды десе, Башкы прокуратура 102 баланын санын атады. Ал эми КР вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева жыл башынан бери 39 баланын өз жанын өзү кыйганын маалымдады. "Мугалимдер балдарга аз көңүл бурулуп жатканын белгилешет. Балдардын жан кыюусунун себеби социалдык көйгөйлөр жана ден соолугунун абалы болууда" деди Г.Кудайбердиева. Кандай болгондо да бул маселеге мамлекеттик деңгээлде көңүл буруп, чукул чараларды көрбөсөк болбойт. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек балдардын мындай кадамга барышы Кыргызстандын жалпы коомчулугун ойлонто турган маселе.

Кожобектин тилинин котормосу
Депутат К.Рыспаев мамлекеттик кызматкерлер тууралуу мыйзам жазыптыр. Анысын өзү деле унутуп калса керек ЖК жыйынында минтип эстеп отурду: "Мен бир кездерде мыйзам жаздым эле ошол эмне болду? Азыр кандай деңгээлде иштеп жатат? Чокчойгон секретарша кыздар орусча сүйлөшөт, айылдан келгендерди шылдыңдашат, андай болбойт да" деди ал. Анан туруп-туруп эле "вице премьер-министр Олег Панкратов тилди үйрөнүп жатабы, жок дегенде биздин Дастан Бекешовдой билээр бекен?" деп салды. Депутаттын мамлекеттик кызматкерлер тууралуу мыйзам жазганы жакшы, анан кокусунан эсине түшө калып анын аткарылышын талап кылганы да сонун деп коелук. Бирок сүйлөө маданияты кайда? Айткандарын кыргызча которо келсек "чокчойгон" деп кыздарды өзү шылдыңга алып атпайбы. Ал эми Дастан Бекешовго келсек ЖКда андай таза сүйлөгөн, маданияттуу депутат аз. Депутат К.Рыспаев О.Панкратовдон мурда өзү Дастан Бекешовдой деңгээлде сүйлөсө эч нерсе дебейт элек.

Күч структураларын алмаштырган Сарпашевдин күпүлдөгү
Депутаттар КР мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Т.Сарпашевди чакырып алып, аз жерден ажыга жөнөп кете жаздаган 98 паспорт тууралуу сурап, жакшы эле эзишти. Чоң сүйлөп көнгөн берениң бир маалда оңду-солду сүйлөп күпүлдөй баштады эле депутат Мирлан Жээнчороев тизгинин тартып араң токтотту. "Сиз Башкы прокуратураны да, Улуттук Коопсуздук кызматын да өзүңүз менен алмаштырып, аларга тиешелүү суроолорго жооп бере баштадыңыз. Өзүңүздүн мекеменин ишине гана жооп бериңиз" деп жатып араң токтотту... Каап бекер кылды да токтотуп. Бир аз болгондо алардын ким экенин, качан, кайда, кантип жасашканынан өйдө айтып жиберет беле ким билет. Анан Башкы прокуратураны, Улуттук Коопсуздук кызматын жалгыз өзү алмаштырып атса оңойбу.

Казакка барсак 5, Кыргызстанга келишсе 30 күн...
ЕАЭБдин шартына ылайык Кыргызстандын жарандары Казакстанда 30 күн каттоосуз жүрө алышы керек болчу. Бирок Казакстан "ЕАЭБиңдин энесин урдум" дегенби биздин жарандарды каттоосуз 5 күндөн ашык жүргүзбөйт экен. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрага орун басары А.Асанбаев ЖМКларга билдирди. "ЕАЭБдин эрежелери боюнча Казакстандын жарандары Кыргызстанда 30 күн каттоосуз жүрө алышат. Бирок алар Кыргызстандын жарандарына андай мүмкүнчүлүктү бербей жатышат. Эгер мындай боло турган болсо биз дагы паритеттик негизде Казакстан үчүн 5 күнгө чейин кыскартабыз",-деп билдирди ал.

Өкмөт башчысынын чорнобай планы
Өкмөттөгү ишеничтүү булактарыбыз билдиргендей жаңы дайындалган премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттөгү кадрлардын деңгээлине ичи чыкпай чоң кадрдык өзгөрүүгө барарын ойлонуп жатыптыр. Азырынча бул боюнча өкмөт башчысы чорнобай план түзүп, анда Саламаттык сактоо, Билим берүү, Маданият министрлерин, ошондой эле бир канча министрликтеги орун басарларды, башкармалыктын жетекчилерин, салык кызматынын белдүү аткаминерлерин ээлеген кызматынан шыпыруу максатын койгон. Кечээ жакында эле бир жетекчиге сөгүш жарыялады. "Жооштон жоон үн чыгат" дегендей Сокебиз крышасы бийик кызматкерлерге чейин тазалап, кадрдык ызы-чуу түшүрбөсө болгону.

Башкы прокуратурага айтылган сын көп
Акыркы кезде коомчулукта Башкы прокуратуранын дарегине абдан көп сындар айтылууда. Себеби прокуратуранын белдүү кызматкерлерине байланышкан бир нече чуулуу окуялар болуп кетти. Ошого карабастан бул көзөмөл органынын ишин жакшыртуу, жандандыруу боюнча Башкы прокурор Индира Жолдубаева тарабынан алгылыктуу аракеттер көрүнбөй жатат. Элге жарыя болгон кээ бир кылмыш иштерине кылмыш козгомок турсун, көңүл сыртында калтырышууда. Ушу тапта мыйзам бузууларга даттанган элдин арызы тоодой үйүлүп, алардын каралбай жатканына нааразы болгон жарандар маалымат каражаттарына кайрылышууда. Бул абдан өкүнүчтүү. Мыйзамсыздыкка жаны кейиген жарандардын даттануусу каралбаган соң акырындык менен прокуратурага да элдин ишеними кете баштады.

Түлеев Нарымбаевди жалганчы деп атады
Абактан жаңы бошонгон экс-мэр Нариман Түлеев маалымат каражаттары менен байланышууну үзгүлтүксүз улантууда. Ал жакында эле берген маегинде Данияр Нарымбаевди "ал жөнөкөй адам эмес, чыныгы жалганчы" деп атап, анын күнөөлөрү сотто толугу менен далилденгенин, жада калса түрмөдөн ооруп ооруканага жатканда да ага келип ар кайсы нерселердин башын кылтыйтып сүйлөгөнүн айткан. Ошондой эле камакка алынган үйү дагы бошотулбаганын, ага соттун өкүмү жок экенин билдирген.

Спортту колдогон ынтымак уюм
"Токтогул ынтымагы" аталыштагы жаңы уюм эртең, 28-майда Токтогулда спорт оюндарын өткөрө турганы маалым болду. Азырынча уюштуруучулары жергиликтүү жаш жигиттер деп айтылууда. Башкы байгеге 2 автоунаа сайып атышыптыр. Ошондуктан Кетмен-Төбөнүн кыйындарын спорттук мелдешке катышууга чакырууда. Ал эми билермандардын айтымында, уюмдун артында Ак үйдөгү таасирдүү фигуралардын бири турат.







??.??