presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым", 20.05.16 Агым
"Центерра Голд" менен "Кыргызалтын" тирешкенде
17-майда "Центерра Голд" компаниясынын жетекчилигине жыйынга катышкан акционерлер тарабынан кыргыз тарап сунуштаган Эдуард Кубатов, Нурлан Кыштобаев, Бектур Сагыновдор көрсөтүлүп, алар колдоо тапты. Ал эми "Центерра Голддун" башкармалыгы тарабынан сунушталган Ричард Коннор, Рафаэль Жирар, Стивен Ланг, Майкл Парретт, Скотт Перри, Шерил Пресслер, Терри Рожерс, Брюс Вальтерди "Кыргызалтын" компаниясы колдогон жок. Учурда "Кумтөр" маселеси кандай чечилип жатат, бул багытта өкмөттүн кандай максаттары бар экени коомчулук үчүн белгисиз.

Кыргыз кыздары качкындарга статус алууга кепилби?
"Бир бол" фракциясынын депутаты Алмасбек Акматов Кыргызстанда канча качкын бар экенине токтолуп ЖК жыйынында маселе көтөрүлдү. Анын айтуусу боюнча качкындардын канча экендиги боюнча так маалымат жок. Бирок Кыргызстанда Украинадан, Ооганстандан, Өзбекстандан ал турсун Сириядан да келген качкындар бар. Депутат алар качкын статусун албаган күндө да Кыргызстанда калып жашоону каалашат. Айла кетсе кыргыз кыздарына баш кошуп, баары бир качкын статусун сурайт. Бул мамлекеттин коопсуздугуна доо кетирет. Себеби Европага барган качкындар менен кошо жүздөн ашуун террорист барганына токтолуп, бул иште сак болууну каңкуулады.

Генерал Алиев үн катты
Россиянын Коопсуздук кеңешинин аппаратынын мурдагы башкы кеңешчиси, генерал Бахтияр Алиев Бишкектеги жергиликтүү сайттардын бирине маек бергени жарыяланды. Анда генерал Алиев Бекболот Талгарбековдун камалышын туура эмес деп эсептейт. Ага чейин президент Атамбаев энелер майрамында сүйлөгөн сөзүндө "Чет элдик генералдар биздин элибизге эч качан жакшылык кылган эмес. Биз муну 1916-жылкы окуяларда падышалык генералдардын ишинен билебиз. Анда Кыргызстандын түндүгүнүн жарымына жакыны кыргынга учуратылган. Ошондой эле биз төрт жүздөн ашуун жараныбыз каза болгон 2010-жылы июнь окуясында Ош менен Жалал-Абаддагы чет элдик атайын кызматтардын генералдарынын ишмердигин дагы билебиз" деп айткан эле. Бахтияр Алиев өз маегинде Талгарбеков менен Колубаевдин телефондук сүйлөшүүлөрүнө токтолгон эмес.

Мандат тапшырчулардын аягы көрүнбөйт
"Жылан чагып жылкы теппей" депутаттык мандатын кокус тапшырган депутаттар көбөйдү. Жакында эле "Бир бол" фракциясынан Лунара Мамытова мандатын тапшырса, дагы эле ушул фракциядан Чолпон Жакупова да мандатын тапшырат деген кабар угулду. Кыязы мандатын тапшыруу КСДП фракциясынан да кыя өтпөйт. Тар чөйрөдө айтылгандарга караганда Рыскелди Момбеков менен Мээрбек Мискенбаевдер жакын арада мандатын тапшырат. Алар кызматка барабы же башка максат барбы бул жагы белгисиз.

Кийинки президент Аалы Карашевби?
Президенттик шайлоо жакындаган сайын Алмаз Атамбаевден кийин Кыргызстанды башкарчу мураскерди тандоо табигый иш. Сыягы бул маселени калчай турган кишилер андай талапкерди тапкан өңдөнөт. Бул ирет президент түштүктөн болсун дешкенби алар Аалы Карашевдин талапкерлигине токтолушкан. Учурда бул боюнча Карашевдин айланасына таасирдүү кишилер чогулуп, аны өткөрүүнүн планы иштелип жатыптыр. Аалы Карашев учурунда Ош облусун башкарып, вице-премьерлик кызматка чейин көтөрүлгөн. Учурда Алмаз Атамбаевдин эң бир ишенимдүү кадры катары анын командасында жүрөт.

Азамат Калман келсе, Тажимамат кетеби?
Жаңы спикер Чыныбай Турсунбековдун кеңешчиси болуп жакында Азамат Калман дайындалды. Ал буга чейин маалымат тармагында иштеп келген.Бир кезде өкмөттүн басма сөз кызматында да иштеген. Жогорку Кеңештин аппаратын тазалоо иштери ийгиликтүү уланууда. Учурда бир нече бөлүм башчылар качан кызматтан кетем деп жегени аш болбой турган кез. Ошондой эле ЖКнын Аппарат жетекчисинин орун басары Тажимамат Шаботоевдин кызматтан кетери айкын болду. Ошентип Азамат Калман кудуңдап турса, кетчүлөрдүн кейип турган кези. Ишенимдүү булактар билдиргендей "парламентте төрөлгөн" деген атка конгон Сүйүн Касмамбетов дагы эле иштей берет шекилди.

Кыргыз паспорту дүйнөгө дүңүнөн таралууда
Ондогон жылдар бою паспорт бизнеси коомчулукка шардана болуп, далай фактылар калкып чыкса да аларга эч кандай чара көрүлгөн эмес. Болгону Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты каттоо департаментинин мурдагы башчысы Дүйшөн Сатыбалдиев камакка алынган. Бирок ал паспорттук маалыматтарды толтуруучу кагаздын сапатсыз болгону үчүн гана айыпталууда. 16-майда Үрүмчүдөн Түркияга учуп келген 98 уйгурдан жасалма кыргыз паспорту табылган. Азыр муну Мамлекеттик каттоо кызматы жасалма болушу мүмкүн деп жатат. Бирок суроонун артынан суроо жаратып ойлондурган маселе абдан эле көп. Кытайлык уйгурлар кыргыз паспорту менен Стамбулдун "Ататүрк" аба майданында кармалган. Алар аэропорттогу паспорттук көзөмөлдөн Түндүк Кипрге алган билеттерин көрсөтүп, транзиттик залга өтүшкөн. Ошол жерден төрт киши уйгурларга Кыргызстандын паспортторун беришкен. Алар Стамбулдан Жиддага учушмак. Түркиялык басылма кабарлагандай уйгурлар ар бир жасалма паспорт үчүн 2500 евро жана ар бир билетке 300 доллардан төлөшкөн. Түрк полициясы аларды самолетко отура электе колго түшүргөн. Эгер чын эле паспорттор жасалма болсо анда ал жерде төрт кыргыз жараны эмне кылып жүрдү? Азыр мамлекеттик каттоо кызматы ошол паспорттор Кытайда да жасалышы мүмкүн деп шекти өздөрүнөн алыстатышат. Ал эми аталган кызматтын жетекчиси Тайырбек Сарпашев кылдат текшерип чыгууну тапшырды. Бирок Кытайда мындай кылмыш жасагандарды чекесинен сылабайт. Ал эми ошол 98 паспорт Бишкекте эле, мамлекеттик "Инфоком" ишканасында даярдалып сатылган болсочу?

Өзбекстандан өткөн пансионаттар менчиктештирилеби?
Ысык-Көлдөгү Өзбекстанга караштуу пансионаттардын Кыргызстанга өткөнүн угуп кубанып калдык эле, бирок ага көзүн кызарткандардын саны арбып баратыптыр. Депутат Узарбек Жылкыбаевдин белгилегенине караганда айрым министрликтер, ведомстволор "бизге өткөрүп бергиле" деп буттары үзүлгөнчө чуркап жүрсө керек. Баарынан кызыгы, бул пансионаттардын статусу эмгиче аныкталбагандыктан, печать берилбей, керектүү кагаздарга кол коюлбай, иштери жүрбөй калса керек. Бирок депутат У.Жылкыбаев жылкы четинде жүргөнсүп ышкыра сүйлөп жатканына караганда маселе башка жакта окшойт. "Эгерде бул пансионаттарды мамлекеттин балансына которсок, анда алар өнүкпөй калат. Бүгүн эле менин коллегам Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайлардын 65 пайызынын тазалоочу жабдуулары жок деди. Ошондуктан жеке менчикке берип, бирок алардан экологияны таза кармап, тазалоочу жабдуулары болушун талап кылуу керек" деди ал. Сөздүн төркүнү эми түшүнүктүү болду окшойт. Депутат У.Жылкыбаев мамлекетке бербей эле менчиктештирип алалы деп жатпайбы... Кимиси илип кетер экен?

Каримов өлкө коопсуздугун чыңдоодо
Өзбекстан Европадан өтө кымбат баалуу аскердик 16 вертолет сатып алганы маалым болду. Вертолетторду Өзбекстанга Airbus Helicopters компаниясы жеткирген. Аталган компания вертолет жасоо боюнча алдыңкы орунда турат. Айрым басылмадагы маалыматтар боюнча Өзбекстан 2013-жылы Airbus Helicopters менен 8 транспорттук жана 8 жеңил тик учак үчүн 180 млн евролук келишим түзгөн.







??.??