Агым", 13.05.16 Насвай
- жаштардын өзүн да, келечегин да талкалайт
Акыркы кезде шилекей аралашкан жашыл түстөгү майда тоголок насвай түкүрүндүлөр мектеп коридорлорунан, класстык кааналарда, жогорку жана орто окуу жайларынын дубалдарын, коомдук транспорттордо, булуң-бурч, аялдамаларда көп кезиге баштады. Көчөдө насвай түкүргөн кишилер көбөйдү. Насвай тартуу мектеп окуучулары менен жаштар арасында массалык мүнөзгө ээ болуп, акырында бул маселе мамлекеттик деңгээлде карала баштады.


Бүгүнкү күндө насвайдын (нас) кайдан келип чыкканы, кантип таралганы тууралуу так маалыматтар жок. Орто Азия жана Казакстанда, Кавказ республикаларында, Азиянын айрым мамлекеттеринде мурда насвай атуу жашы улгайган кишилерге гана мүнөздүү болгон. Кыргызстанда мурдатан бери эле насвайды аксакалдар гана атып койчу. Аксакалдардын айтуусу боюнча насвайды эң алгач дарылык иретинде колдонушкан. Эгер адамдын мурдунан сары суу акса, мурун менен дем алуу кыйын болуп, денеге ар кандай кычыштырган бүдүрлөр чыкса табыптар менен эмчи-домчулар аларга насвай атууну сунуштаган. Демек ошол мезгилде насвайды бир гана табыптар жасаган болуу керек деген түшүнүк бар.
Бирок өткөн кылымдын 70-80-жылдарынан баштап насвайды Кыргызстандын түштүгүндө, Өзбекстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда, Казакстандын түштүк аймагында насвай тартуу жаштар арасында кенен жайыла баштаган. Айрыкча 90-жылдары союз ыдырап тамеки тартыш боло баштаганда насвай чегүү массалык мүнөзгө ээ болгон. Ал турсун кээ бир учурда жаш кыздар да насвай ата баштаган. Себеби тамеки жок, тамеки тартчулар махорка ороп чеккендиктен насвайга оогондордун саны кескин көбөйгөн. Ал эми эмгек миграциясынын пайда болушу менен насвай Россиянын дээрлик бардык шаарларына тараган. Натыйжада насвай тартуу Россияда мектеп жашындагы балдарда аябай өөрчүгөн.
Бүгүн насвайдын жасалышы, анын курамы боюнча көптөгөн маалыматтар айтылат. Деги эле насвай илгери кантип жасалган, курамына эмнелер кошулганы боюнча иликтеп көрөлү. Өмүр бою нас тамекисин эгип, андан насвай жасаган кадамжайлык Сатыбалды жана Момун аксакалдардын айтуусу боюнча, нас тамекиси сигарета жасаган тамекиден кескин айырмаланат жана экөө башка өсүмдүк. Эгер сигарет жасалган тамекинин бою 2 метр жана андан бийик болсо, насвай жасаган тамекинин бою болгону 70 сантиметрден ашпайт. Экөөнүн жыты эки башка жана өңдөрү да окшош эмес. Насвай жасаган тамеки бүгүнкү күндө Баткенде өстүрүлөт. Бирок ички эмгек миграциясынын агымы менен нас тамекиси бүгүн Чүй өрөөнүнүн айрым райондорунда да өстүрүлүп жатат. Нас тамекисинин бир түбүнөн болгону 5-6 гана жалбырак алынат. Калган майда жалбырактарын бутап салат. Жалбырак кургатылгандан кийин аны ун сыяктуу майдалап талканга айлантып, анын бир килосуна 300 грамм чекендинин күлүн кошот. Бул үчүн чекендини тоодон алып келип темир чарага салып күйгүзүп, күлүн идишке чогултуп алат. Ошентип 700 грамм тамекинин талканы менен 300 грамм күлдү сууга чылап аралаштырып, сокуга жанчып, элек аркылуу тоголоктоп чыгышат. Баткендик аксакалдардын айтуусу боюнча насвайга башка эч нерсе кошулбайт. Илгери аксакалдар аны бир күндө 2-3 ирет гана тилдин алдына салып коюшкан. Жаштар чеккен эмес. Азыр сапатсыз, ар кандай жаман нерселер кошулган насвайларды чегүү жаштардын азаптуу илдетине айланды. Себеби тооктун көңү, акиташ, май, малдын көңү сыяктуу нерселер мурда насвайга кошулган эмес. Демек насвайдын кылымдардан бери келе жаткан курамы нас тамекисинин талканы менен таза күйгүзүлгөн чекендинин күлү гана болгон. Айрым учурда чекенди жок болсо терек менен арчанын күлүн пайдаланышкан.
Учурда насвайга тыюу салуу Казакстан менен Түркмөнстанда киргизилди. Азыр бул маселе Кыргызстанда көтөрүлүп жатат. Себеби насвайды колдонуу мектеп жашындагы балдарда көбөйүп кетти. Баарынан жаманы алар насвайды класстык бөлмөлөрдө, көчөдө, коомдук транспорттордо түкүргөнү болуп жатат. Көпчүлүк учурда атайын жана жогорку окуу жайдын студенттери окуу имараттарынын алдында топтолушуп туруп алышып жолго жабырта түкүрүп турушканы көпчүлүктү ирээнжитип жатат. Өспүрүмдөрдүн насвайга бат үйрөнүүсүнүн бирден бир себеби, эгер алар көчөдө буркуратып тамеки тартса тез эле жеме угушат. Дүкөндөрдөн тамеки сатып алуу да кыйын, баасы кымбат. Ал эми насвай арзан, чексе эч ким байкабайт. Ата-энеден, башкалардан жеме укпайт. Бүгүн насвайды ар ким ар башкача жасайт. Аны жасагандар өз билгениндей жасай берет. Бири тамекиге күл кошсо, экинчиси тезек менен тооктун кыгын күйгүзүп кошуп, акиташ аралаштырып салат. Тамекиден башка өсүмдүктөрдүн жалбырагын кошуп салгандар да бар. Демек насвайда эч кандай санитардык эрежелер сакталбайт. Ушул кезге чейин ал кандай шартта даярдалып, курамына эмнелер кошулганы боюнча маалымат жок.
Бүгүн насвай атуунун кесепети боюнча адистердин бирдиктүү пикири жок. Бирок алар насвай тилдин жана ооз көңдөйүнүн рак оорусуна алып келет, шилекей бездеринин бузулуусун жаратат. Себеби насвай тарткандар тез-тез түкүрүнүп, бат суусайт. Насвай эске тутуу жөндөмдүүлүгүн азайтат, ашказандын жара оорусун пайда кылат, тиш оорусун козгоп, түшүп калуусуна алып келет деп эсептешет. Ал эми россиялык адистер мындан да коркунучтуу зыяндарын кошуп айтат. Мындан сырткары насвай өспүрүмдөрдө кыжырдануу, бат-бат ачууга алдыруу сыяктуу психикалык ооруларды пайда кылат. Ошону менен катар насвай ар убак ооз көңдөйүндө жагымсыз жытты пайда кылары белгилүү. Кээ бирөөлөр насвайды айрым учурда тамекини таштоо үчүн колдонушат. Бирок андан ары насвайга бекем үйрөнүп алышып, аны таштай албай калышат. Насвай тарткандардын айтымында, ал тамакты сиңирүүгө жардам берет. Ой жүгүртүү жөндөмдүүлүгүн арттырат. Бирок адистер муну өзүн өзү алдоо, сооротуу деп түшүндүрүшөт. Себеби насвайдын кишиге эч кандай пайдасы жок. Насвайды көбүнчө тилдин астына салышат. Насвай аткан киши аны 3-4 мүнөт тилдин астына салып түкүрүп салат.Насвай салганда унчукпай отурат. Ошондо жалпы денеси бошоп, башы тегеренип салмактанат. Деген менен насвай тамекиге биринчи орунда турган атаандаш. Эгер насвай такыр жок болуп кетсе анда азыркы насвай аткан жүз миңдеген кишилер бир заматта тамеки тартууну адатка айландырат деп эч ким кепил боло албайт. Баткен облусунда нас тамекисин өстүрүп, аны саткандардын кирешеси болжол менен 400 млн сомго бааланары айтылууда. Ал эми аны нас кылып сатып, андан киреше таап, канча адам жумуш менен камсыз болору тууралуу так маалымат жок. Насвайга тыюу салынат деген маселе көтөрүлөрү менен Баткенде нас тамекисин өстүрүүчүлөр жергиликтүү бийликтин алдына митингге чыгышты. Чындыгында насвайга тыюу салуу менен андан биротоло арылып, маселе оң жагына чечилет деген туура эмес. Ошол тыюу салган өлкөлөрдө деле насвай кадимкидей жашап жатат. Бирок бул зыянкеч менен такыр күрөшпөй коюуга да болбойт. Демек маселенин зыяны менен пайдасын илимий жактан терең изилдеп, баарын тактап чыккандан кийин коомчулуктун талкуусуна коюп, андан кийин гана бүтүм чыгарган туурадыр.
Келдибек НАЗИРОВ




Дүйнөнү баңгизаттын түрлөрү каптап барат
Баңгилик боюнча жаралган сандар жылдан жылга өтө эле кооптуу болуп баратат. Дүйнөдө жаштар арасында бензин, клей жыттоо, синтетикалык баңгизаттарды пайдалануу, нашаа тартуу, героин сайынуу, кокаин жана башка акыл-эсти алып, азапка салган наркотикалык заттар күн санап көбөйүп барат. Мурда баңгизатынын онго жетпеген түрү болсо, азыр дүйнөдө наркотикалык каражаттардын элүүгө жакын түрү бар. Алардын кээ бирлери заманбап лабораторияларда жасалып, ири кирешелерди алып келүүдө.
Бүгүн наркотикалык каражаттар кадимки медициналык таблетка түспөлүндө да жасалып, аны чыгаргандар баңгизаттын ордун алмаштырат, зыяны жок деген шылтоо менен легалдуу да сатып жатышат. Негизинен дүйнөдө баңгизат бизнесинен айланган акча дүйнөлүк экономиканын үчтөн бир бөлүгүн түзөрүн дүйнөлүк уюмдар айтышат. Криминалдык бул бизнеске инвестиция салуу акыркы 10 жылда 3 триллион долларга жеткен. Дүйнөлүк баңгизаттын акчасы 800 миллиард долларды түзөт. Бир эле Ооган героини жылына 10 миллиард долларга жакын сатылат. Ал эми Кыргызстан аймагынан баңгизат өткөн 40 өлкөнүн арасынан 20-орунда турат жана он миңге жакын киши баңгизатын колдонот. Айрым маалыматтар боюнча Кыргызстанда 4 жарым миң киши баңгизат бизнеси менен алектенип, алар 40тан ашуун топко бөлүнүшкөнүн Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттиги маалымдайт.
Биз жакында азык-түлүк саткан ири соода түйүндөрүндөгү дүкөнчөлөр менен сүйлөшкөндө алар мектеп окуучуларынын көпчүлүгү энергетикалык суусундуктарды көп сатып аларын айтышты. Ал эми ИИМдин баңгизаттар менен күрөшүү бөлүмү Кыргызстанда синтетикалык баңгизаттар Россиядагыдай кенен жайылбаганын, жыл сайын 2-3 гана факт катталарын билдиришти.
Баңгилик жана анын таасири боюнча дүйнөдө абдан кейиштүү маалыматтар көп. Мисалы, Россияда баңгиликтин айынан бир жылда 70 миңге жакын жаш адам жарык дүйнө менен кош айтышса, дүйнөдө жылына 200 миң киши көз жумат. Ал эми талкаланган тагдыр, үй-бүлө тууралуу айтпай эле коелу.