Агым", 13.05.16 Жаңы конуштар жашылдандырылат
Улуу муундун өкүлдөрү Бишкек кезегинде союздагы эң алдыңкы жашыл шаар эле деп эскеришет. Ал кездеги Фрунзенин бак-даракка бөлөнгөн кооздугу, сулуулугу, тазалыгы, элинин маданияттуулугу, айтор баары айкалышып отуруп, улуулардын эсинде түбөлүк өчпөс болуп калса керек. Дегеле борборубузду көрктөндүрүүдө кандай иш-аракеттер жүрүүдө деген ой менен Бишкектеги "Жашылдандыруу курулуш" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Сергей КРАВЕРге кайрылдык:

- Сергей Иванович, айтсаңыз, борборубузду көрктөндүрүүдө эмне иштер жасалып жатат?
- Шаарыбызды жашылдандырууда бүгүнкү күндө жылдык пландын 60 пайызын аткардык. Ийне жалбырактуу жана бадал дарактарды отургузуп бүттүк. Гүлдөрдү отургузуу иштерине 23-апрелден тарта кириштик. Учурда "Жеңиш" аянтын, "Жеңиш" сейил багын, "Ала -Тоо" аянтын, Панфиловдун айкелинин жана бардык эле борборубуздагы эстеликтердин айланасына, эски аянтка, өкмөт үйүнүн айланасына, Жаш гвардия жана Эркиндик бульварына, филармонияга, Жаштар аллеясына гүлдөрдү отургуздук. Мурунку жылдарга салыштырмалуу эрте да аяктадык.
- Жыл башынан бери канча дарак отургузулду?
- Так санын билбейт экенмин, бирок болжол менен 3 миңден ашык тигилди. Алардын бир жарым миңден ашыгы бадал дарактары болсо, калганы тал-теректер.
- Сугат суу маселеси кандай?
- Сугаруу иштерин 10-майдан кийин баштоонун алдында турабыз. Жалпы 14 суу тосмосу бар. Эми анын бардыгынан суу кое берилип баштайт. Ага чейин көчөттөрдү сугаруучу атайын унаанын жана түтүктүн жардамы менен сугаруудабыз.
- Кургакчылыктан башка да ар кандай зыяндуу курттар бак-дарактарга зыян келтирет эмеспи, алар менен күрөшүү үчүн кандай аракеттерди көрүп жатасыздар?
- Илимдер академиясынын жана Токой чарба мамлекеттик агенттигинин көрсөтмөсүнүн негизинде бул жылы зыяндуу курттарга каршы дарылоо иштерин өткөрбөй турган болдук. Себеби, зыянкечтердин саны азайганы байкалууда. Ошондуктан быйыл дарылоо иштери планга кирген жок.
- Жыл башынан бери бир эмес, бир канча бак кулап, шаар тургундарына зыян келтирди. Алтурсун адам өмүрү кыйылды. Сиздер тараптан кандай иштер жүрүүдө?
- Мэрия менен биргеликте иликтөө иштерин жүргүзүп, өзөгү чириген дарактарды каттоого алуудабыз. Учурда 5594 ушундай бак-дарак бар экени такталды. Шаар тургундары дагы мэрияга же "Жашылдандыруу курулуш" ишканасына чалып, шаардагы коркунуч жараткан эски, куураган бактар боюнча маалымат беришсе болот. Учурда куураган, эскилиги жеткен бактарды кыюудабыз.
- Шаар чекесинде жайгашкан жаңы конуштарда эч кандай бак-дарак жок. Аларды жашылдандыруу иштерине аракеттер көрүлүүдөбү?
- Шаарды көрктөндүрүү агенттиги өткөн жылы жаңы конуштарды жашылдандыруу боюнча долбоор иштеп чыккан. Бирок долбоорду ишке ашырыш үчүн бизде алгач сугат суулары жана ирригациялык түйүндөр болушу шарт. Тактап айтканда, кандайдыр бир бак, көчөт отургузуу үчүн суу маселесин чечип алуубуз зарыл. Ушул жагы бизде көйгөй жаратат. Шаарды көрктөндүрүү агенттиги учурда бул маселе менен иштеп жатат. Маселе чечилип калса, биз жашылдандыруу иштерин баштайбыз. Ушул эле маселе Жал, Тунгуч кичирайондорунда дагы бар.
- Ишканада эмне көйгөй бар, техникалык базаңар кандай?
- Бизде негизги маселе сугаруучу жана чириген дарактарды кыйуу үчүн атайын автоунаалардын жетишсиздиги. 1985-жылы өндүрүштөн чыккан унаалар бар. Алардын эскилиги жеткен. Эки күн иштесе, 3-күнү кайрадан оңдоого кетет. Автошаты унаасынын жетишсиздигинен бак-дарактарды кыйууда көп кыйынчылыктар жаралат. Бизде мындай унаадан болгону жетөө гана бар. Алардын эки-үчөө дайыма оңдоодо болот. Былтыр айлана-чөйрөнү коргоо фонду тарабынан 3 автошаты алганбыз. Бизди кыймылдаткан, ишеничибиз, таянычыбыз ошолор.




Бишкекте гүлдүн 18 түрү көрктөп турат

Бишкек шаарынын "Жашылдандыруу курулуш" муниципалдык ишканасында учурда эки оранжерея бар. Шаарыбызды көрккө бөлөгөн гүлдөр мына ушул эки оранжереяда өстүрүлөт. 1-оранжерея Ташкент көчөсүндө жайгашып, жалпы аянты 3,02 га болсо, 2-оранжерея Щербаков көчөсүндө жайгашкан. Анын жалпы аянты 15,2 га. Мына ушул жерде тагетес, цинерария, сальвия, георгин, агератум, пелоргония, петуния, цинния, герань сыяктуу жалпы 18ден ашуун гүлдүн түрү өстүрүлөт. Гүлдөрдүн уруктары Чехиядан алынып келинет. Буга чейин Япониядан сакура гүлү алынып келинген. Жылуулукту сүйгөн сакура биздин "Жеңиш" паркына отургузулган.


"Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасы куурап, эскирип, кооптуу делген бактарды кыйууда. Март-апрель айларында 2444 бакты бутап, 129 даракты кыйды. Маалымат боюнча апрелде кооптуу делген 3 минден ашык бак текшерилди. Биринчи май районунда 613, Ленин районунда 1225, Октябрь районунда 527, Свердлов районунда 1571 бак-дарак жок кылынды. Бишкек шаарынын жолдорун кеңейтүүнүн алкагында Биринчи май районунан 52 дарак жана 40 авариялык абалдагы бак кыйылды. Жобого ылайык кыйылган бактарды шаар башчысы Албек Ибраимов калаадагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кышка кошумча отун катары таратып берүүнү тапшырды. Учурда "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын балансында 400 куб метр кыйылган бак бар.

Бетти даярдаган
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА