Агым", 13.05.16 Атамбаев ачыгын айтты
Президент Алмазбек Атамбаевдин 9-майда Улуу Жеңиш күнүндө сүйлөгөн сөзү коомчулукта катуу талкууга алынууда. Ажонун айткан сөзү интернет аркылуу бир нече тилдерге да которулду. Алмазбек Шаршенович ардагерлерди куттуктап жатып, согуш жылдарында жүз миңдеген качкындар Россиядан көчүрүлүп келип, кыргызстандыктардын үйүндө жашап, аларга кыргыз үй-бүлөлөрү акыркы нанын, кийим-кечесине чейин бөлүшкөнүн айтты. Көптөгөн качкындар ошондон бери Кыргызстанды мекендеп, ал эми жетим балдар жаңы ата-энелүү болушканын белгиледи. Андан ары президент "Мен бул жөнүндө бир тууган Россиянын жарандарына эскерте кетейин, анткени бул жакта тилекке каршы, азыркы күндө жаңы жаш фашист-скинхеддер баш көтөрүүдө. Алар Кыргызстандан Орусияга иштегени барган кыргыз жарандарына кол салып жатышат. Мыйзамдуу иштеген кыргыз жарандары бул жактан үй-бүлөсүн гана бакпастан Россиянын экономикасына да салымын кошуп жатат" деди. Албетте, "дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат" деген кыргызда жакшы макал бар. Башкалардай болуп Путиндин маңдайына келгенде башканы айтып жылмайып, анын артынан тескери сүйлөбөй Атамбаевдин Россия башчысына бетке айтканындай көпчүлүк башка КМШ президенттери айта албаса керек. Кыргызстандын Россияда жүргөн жарандарынын такырбаштардан запкы жеген интернет булактарына да жарыяланып, аны көргөн Ажобуз да тынч жатпаптыр. Ичиндеги эмоциясын, кыргыз деп күйгөн санаасын сыртка чыгарып, бетке айтканы анын Путин менен душмандашпай тескерисинче дос экендигин белгилейт. Албетте, Россиядагы такыр баштар кыргыз мигранттарын уруп-сабап өлтүрүп жатканын айыптаган президенттин сөзү адилеттүү. Буга чейинки ажолорубуз бир да жолу Орусияга түз эч нерсе айта албаганын айтпасак деле билебиз. Атамбаев бул жагынан азаматтыгын көрсөттү.

Суусамырдагы алтыгананын түбүнө
Бокоев жетеби?
Депутат Кенжебек Бокоев Суусамырга бара калып жазып-тайып багалегин алтыганага тыттырып алса керек, айтор Жогорку Кеңеште Суусамыр жайлоосун сактап калуу маселесин көтөрүп чыкты. Анын айтымында 500 миң гектар аянтка жакын Суусамыр жайлоосунун 100-150 миң гектарын алтыгана бадалы басып кетиптир. Депутаттын ошол багалегин же балтырын тыттырып алганы чын. Болбосо мындай маселелерди мурда эмнеге көтөрүшпөйт? Себеп дегенде Суусамыр жайлоосун бир жагынан алтыгана басып, бир жагынан жол жээгине келип отуруп алышып, жай бою көчпөй кымызын сатып отургандар курутуп жатканын депутаттар көрүп эле жүрүшчү. Эмнеси болсо да бул маселе козголду. Эми аягына чыккай эле.

Муляжга муштум түйгөн Алтынбек Сулайманов
"Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов көк бөрү оюнунда сунушталып жаткан муляжга каршы экенин айтууда. "Улак тартыштын чоң философиялык мааниге ээ жоболору бар. Улак тартышка сала турган улак, теке, торпокту соёрдун алдында аксакалдар, уюштуруучулар, калыстар чогулуп, "ушул улактан аттын туягы жабыркабасын, жигиттин чекеси жарылбасын" деп бата кылышкан…Улак тартыш бүткөндө уюштуруучулар сак-сактап кайтарышат, себеп дегенде аты мыкты, билеги күчтүү улакчылар алып качып кетүү салты да болгон. Улак тартылгандан кийинки эттин бир бөлүгүн дарылык касиети бар деп сыйлуу кишилерге берилген, экинчи бөлүгүн уюштуруучуларга жана үчүнчү бөлүгүн кийинки улак тартышты уюштуруучуга тартуу кылышкан. Ошондуктан муляж тартабыз деп жүздөгөн жылдар улут катары сакталып келген салтыбыздан айрылып калбайбызбы",-деди ал...Учурда бул маселе боюнча кызуу талкуу жүрүп жатат.

Биздин тоолор бир кезде океандын түбү болгонбу?
Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын аралдарынын фрагменттерин табышыптыр. Аны иликтөөгө Орусия, Германия, Улуу Британия жана Жапониянын окумуштуулары катышкан.Байыркы аралдардын фрагменттери Кыргызстандын аймагындагы түштүк Тянь-Шань тоо кыркаларынан табылган. Негизи окумуштуулар Түркстан деп аталган же Түштүк-Тянь-Шань палеокеаны качандыр бир кезде Казакстан менен Тарим палео-континенттеринин ортосундагы аймакты ээлеген деп эсептешет.

Оштун мэрине
кайтадан Кадырбаев көрсөтүлдү
Ош шаарынын мэрлигине учурдагы мэри Кадырбаев Айтмамат Тентибаевичтин талапкерлигин көрсөтүлдү. Мындай чечим Ош шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясынын бүгүнкү жыйынында кабыл алынып, бекитилди. Ошондой эле күндүн экинчи жарымында "Мыйзам жана ыйман" коалициясынын мүчөлөрү КСДП фракциясынын сунушун бир добуштан колдоп беришти. Коалиция депутаттарынын айтымында, Айтмамат Кадырбаевдын тажрыйбасы мол жана азыркы тапта жасап жаткан иш-аракеттери мактоого алаарлык. Азырынча А.Кадырбаевдан башка талапкер көрсөтүлө элек.

"Элдик парламент" бирикмесинин жетекчилерине иш козголду
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун ЖМКларга маалымдаганына караганда "Элдик парламент" бирикмесинин жетекчилерине кылмыш иши козголуп Б.Талгарбеков, М.Султановдор кармалышкан. "Кылмыш иши "бийликти күч менен басып алууга даярдык жана бийлик өкүлүнө карата күч колдонууга даярдык" деген беренелердин негизинде козголду" деп билдирген Р.Сулайманов. УКМК аталган жарандар өлкөдөгү коомдук-саясый кырдаалды дестабилдештирүүгө, бийликти күч менен басып алууга камданып жатканын билдирген. Ошондой эле алар курал колдонууну көздөп жатканы белгилүү болгон. Кылмышка шектүүлөр УКМКда сурак берүүдө.

Фракция катчылыгынын аппарат башчылыгына
ЖоКедеги КСДП фракциясынын катчылыгын жетектеген Абдыманап Кутушев жакынкы аралыкта парламенттин аппарат башчылыгына дайындалаары күтүлүүдө. Тымызын жүрүп алып жылма саясат жүргүзгөн Кутушев аппараттын ичин "интриганын ордосуна" айландырбаса болду" деп чоочулагандар арбын. Эгер ал бул орунга көчүк басса анда ЖК депутаттыгына талапкер катары расмий арыз жазабы? Анда эле КМЮАнын (кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы) ректору Канатбек Керезбеков мандат тагынуу бактысы жанды дей бергиле.

Жагымдуу адат эми салтка айланса экен
"Бир бол" фракциясынан депутаттык мандатын өз ыктыяры менен өткөрүп берген Лунара Мамытова Жогорку Кеңешке келип, ордуна тизме боюнча депутат болгон Улугбек Ормоновдун колун сыга кучактап, депутаттык кабинетинин ачкычын өткөрүп берген. Бул жагынан Лунара азамат. Бардык эле жерде орун алмашууда ушундай маданият калыптанса мыкты болмок. Башка мезгилде мандатынан ажыраган депутаттар, кызматынан айрылган чиновниктер таарынып келбей, андан ары караанын көрсөтпөй койгонун көрүп эле жүрөбүз. Ал эми Лунара айымдын ордун ээлеген Улугбек Ормонов тажрыйбалуу саясатчы. Ал бир кезде "Ак жол" фракциясын жетектеген.

Аида Саляновадан абысын айтыш...
ЖКда "Сот органдарындагы өзүн өзү башкаруу" мыйзамын үчүнчү окууда талкуулоо учурунда депутаттар Аида Салянова менен Галина Скрипкина абысын айтышка түшүштү. Аида Салянова талкууланып жаткан маселе боюнча бир катар нормаларды кошуу керектигин айтты эле, Галина Скрипкина "биз азыр үчүнчү окууда талкуулап жатабыз, андыктан кошо албайбыз",- деп жооп берди. Бул сөз катуу тийгенби экс-прокурор: "-119 депутатка качан эмнени айтышты көрсөтө албайсың. Биз качан, кайсы убактан эмнени айтышты өзүбүз билебиз",- деди Салянова.