п»ї
Агым", 29.04.16 Агым
Кыргызстан - оккупациянын жаңы формасынын курмандыгына айланганда же мамлекет менен коштошкула
"ВБ" сыяктуу бардык эле редакциялар массалык маалымат каражаттарына талдоо жүргүзөт. Кечки талдоодо биз кайсы бир жергиликтүү интернет-сайттагы макалага жазылган кызыктуу комментарийге күбө болдук. Анда santamariya аттуу автор биздин өлкөнүн Башкы мыйзамынын кемчилдиктеринин жашыруун жактарын, анын өлкө турмушуна тийгизген таасирин талдайт. "ВБ"сайты автордун текстин төмөндө өзгөртүүсүз берүүнү эп көрдү.

"Азимжан Аскаров жөнүндөгү БУУнун Комитетинин, Жогорку сот төрагасынын жана Акыйкатчынын билдирүүсүнөн кийин Кыргыз мамлекетинин тарыхый барагын бүт бойдон жаап коюуга болот. Мындан ары мындай мамлекет жок, болгон да эмес. Мындан ары мамлекеттик пародия гана жашайт. Ал эми патриот мырзалар силер тууңарды таштап үйүңөргө бара берсеңер болот. Ойноп алган болсоңор, ошол жетет. Силер кумдан үй куруп, четин тосуп, аны коргоп, ызы-чуу түшүп ойноп жаткан жаш балдарды элестетесиңер. Бирок балдарды ата-энелери кечинде үйгө ээрчитип кетип оюндан арылтып чыныгы турмушка кошот.
Бир караганда Кыргызстан кудум ушундай абалга туш болду. Эми сот реформасы деп талашып-тартышып, алардын көз карандылыгы, көз каранды эместиги боюнча ызы-чуу түшүп, адилеттүүлүк, адилетсиздик деп сөз кылуунун кереги жок. Деги эле соттордун өкүмүнүн күчү жок болсо Кыргызстанда сотторду кармап кереги барбы? Аларга эмне үчүн казнадан каражат сарптайбыз? Андан көрө эл аралык уюмдардын чечимдерин соттук чечим деген укуктук ченем кийирип койбойлубу?
Өкмөттүк уюмдар менен мырза Текебаев башында "биз өтө прогрессивдүү Конституцияны кабыл алдык, анын кандуу режимге алып келүүчү эч кандай жыртык-тешиги жок" деп көтөрүңкү дем, жогорку пафосто айтышпады беле? Көрсө ошол кезде алар бизди кыжаалат кылып турган нерселерди гана демонстрациялап көргөзгөндүктөн биз ишенип калган экенбиз. Бизди мамлекетти башкаруу формасы ынандырган. Адам укуктары боюнча БУУ Комитетинин чуулуу билдирүүсүнөн кийин баарыбызды ошондо жөн гана куру сөздө сооротуп, келесоодой бүт тараптан алдап жүрүшкөнү белгилүү болду. Белгилүүсү эле бизде мамлекет болгон эмес, ал Текебаев иштеп чыгып тартуулаган Конституцияда да болгон эмес.
Эгер мамлекеттик бийликтин бир бутагы болгон сот бийлиги көз каранды болуп, БУУ Комитетинин басымы менен өкүмүн өзгөртүп жатса эгемендүү мамлекетпиз деп айта алабызбы? Көрсө баары опоңой экен. Азыркы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 41-статьясынын 2-беренесинде "Ар ким бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу. Көрсөтүлгөн органдар тарабынан адамдын укуктары менен эркиндиги бузулгандыгы таанылган учурда Кыргыз Республикасы аларды калыбына келтирүү же зыяндын ордун толтуруу чараларын көрөт" Эми кайра-кайра окуп, акыл калчай бергиле. Демек Жогорку соттун ар кандай чечимин адам укуктары боюнча эл аралык органдарга же эл аралык сотторго даттанып жокко чыгарса болот экен.
Эгер Кыргызстандын Жогорку соту террорчуну же кайсы бир саясый экстремистти соттосо Өкмөттүк эмес уюмдардын укук коргоочулары жетип келип "адам укугу бузулду ж.б." деп БУУнун Комитетине кайрылып, чечимди жокко чыгартса, буга кошумча Кыргызстан чыгымын төлөп, андан кечирим сураганын элестетип көргүлө. Ал адамга ырайым сурап президентке кайрылуунун кереги жок. Эгер АКШ менен Евробиримдиктин же башка улуу державанын улуттук кызыкчылыгын коргоп, анын алкагында иш алып барып, ушул өлкөлөрдөн каржыланган Өкмөттүк эмес уюмдун кара мүртөз укук коргоочусу адам өлтүрсө кандай болмокчу? Бул улуу державалардын "Жаман да болсо ал биздин өз балабыз, ага тийчү болбогула!" деген принциби бар.
Конституциядагы ушул статья Кыргыз мамлекетин мамлекет катары мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бийлиги болуп үч бийлик бутагынан куралган мамлекет катары негизин кыйратты. Азыркы Конституциядагы Сот бийлиги деген жөн эле сөлөкөттөн турган аянычтуу мамлекеттик негиз. Канчалык ойлонуп жыйынтыктасаң деле бизде толук кандуу мамлекет жок деген коркунучтуу жыйынтык чыгат. Себеби соттор башынан эле БУУ Комитетине таасир берчү укук коргоо уюмдарына көз каранды болуп калган. Орой айтканда биз оккупацияланган аймакта жашайбыз. Оккупация бизге уу-дуусуз, чуусу жок, эч кандай кордук көрсөтпөй 2010-жылы Конституциялык жыйынга чогулуп, Текебаев баштаган өкмөттүк эмес уюмдар эгемендүүлүктү талкалап, мамлекетти тапшырышкан. Сот бийлигин сырткы текшерүүчүгө жөн эле сатып жиберүү өтө кооз иштелген. Ушул эле жетиштүү болчу. Ал эми силер бир орунда тура албай чуркап, секирип, тарыхты көтөрөсүңөр. Кыргызстанды эми унуткула, ал жок, бир гана сот бийлиги белгисиз сырткы көзөмөлгө туш болгон аймак гана бар. Эгер мамлекет өз мыйзамдарын аткара албаса, соттор өз чечимин коргоого кудуретсиз болсо мамлекеттүүлүк жөнүндө сөз кылуунун кереги барбы?
Кийинки кадамда милицияны, армияны, прокуратура органдарын таркатып жибергиле. Эми алардын кандай кереги бар? Жөн эле баарын көк каскалуу БУУнун контингентине, БУУнун полициясына, сотторду эл аралык укук коргоо уюмдарына өткөрүп бергиле. Бир кезде АКШ президенти Обама Кыргызстанды Failed state же кыргызча толук кандуу мамлекет эмес деп атаган. Коомчулук анда АКШнын Бишкектеги элчиси өз президентинин айткандарын жымсалдаганын түшүнгөн эмес. Көрсө мырза Обама такыр башка нерсени көздөп айткан экен. Эми баары түшүнүктүү. Ал өкмөттүк эмес уюмдарды каржылап, биротоло бекемдеп салган экен. Акыры баарын ошолор жасады. Кыргызстандын азыркы соттору, Конституциясы менен Failed state элестетет.
Силер каймана атка конгон мамлекетте жашоого даярсыңарбы? Оккупацияланган аймакта жашаганыңарды моюндайсыңарбы? Ойлонуп, акыл калчап чечим кабыл алгыла. Бул жерде абалдан чыгуунун бир гана жолу бар. Ал "бомба" статьяны өзгөртүү. Керек болсо өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан коюлган ошондой миналуу статьялардын баарын бир сыйрадан карап чыгуу керек. Алар үчүн баары бир. Себеби "Туусуз, мекенсиз" деген принципте жашашат. Эң негизгиси акча болсо болгону. Мен муну каалабайм. Менин балдарым, неберелерим, көз каранды эмес, эгемен мамлекетте жашашы керек.

"Вечерний Бишкек"
интернет сайтынан которулду





Өлкөнү башкаруу бир партиянын колуна топтолду
Эң акырында мурдатан сөз болуп күтүлгөндөй эле Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Ошону менен КСДП фракциясы жогорку бийликтин баарын колго алды. Эгер бир нече министрлер, губернаторлор, район жетекчилери да КСДП партиясынан экенин эске алсак, өлкөнүн мындан аркы тагдыры бир гана ушул партиядан көз каранды болуп калды.
Бирок муну спикер болуп шайланган Чыныбай Турсунбеков өзүнө болгон ишеним катары баалады. Себеби Турсунбековду 88 депутат колдоду. Бирок парламенттеги спикерлик шайлоонун жыйынтыгы акыры келип КСДП фракциясынын пайдасына чечилип калганы коомчулукта бүдөмүк суроолорду жаратты. Алгач Асылбек Жээнбеков спикерликтен баш тартканда бир да КСДП фракциясынын мүчөсү спикер болууга талапкер катары көрсөтүлбөйт. Тескерисинче ага "Кыргызстан" менен "Өнүгүү" фракцияларынын лидерлери көрсөтүлүп, шайлоодо Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев ит жыгылыш болуп, тең чыгып калат. Бул кокустукпу же атайын жасалганбы азырынча белгисиз. Ошол жыйынга 119 депутат катышып, 51и "Кыргызстан" партиясынын лидери Канат Исаевге, дагы 51и "Өнүгүү-Прогресстин" башчысы Бакыт Төрөбаевге добуш беришти. Калган 14ү эки талапкерге тең каршы добуш беришсе, үч бюллетень жараксыз болуп чыкты. Мындай жыйынтыкты өтө күчтүү саясый технолог гана жасабаса, көп нерселер элге эмес, спикерликке ат салышкан атаандаштарга да белгисиз бойдон калууда.
Бирок мына ушундай саясый кадамдардан кийин спикер болуп кайрадан эле КСДП мүчөсү шайланды. Эми президент да, премьер-министр да, спикер да КСДП партиясынан. Өкмөт отставкага кеткенден кийин бийлик башына бир партиянын өкүлдөрүнүн келишин спикерлик шайлоого атаандаш чыгып 26 добуш алган "Өнүгүү" фракциясынан коммунист Исхак Масалиев бул кырдаалды Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө саясый монополия деп атады. Себеби учурда республиканын бардык аймагында ар кандай бийликтердин башына КСДП партиясынын мүчөлөрү дайындалып жаткандыктан бул өнөкөт бир кездеги "Алга Кыргызстан", "Ак жол" партияларынын аракетин эске салары коомчулукта сөз болду. Ал турсун Ош шаардык кеңешиндеги бийлик да КСДП партиясынын колунда болуп, эми алар түштүк борборго жакында мэр шайлашат.
Кырдаалдын мындайча түзүлүшү тескерисинче жакшы болду деп жыйынтык чыгаргандар да бар. Эми баарына бир гана партия жооптуу болот. Башка партиялар баарын ушул партияга оодарып, жалтанбай сын айтат. Экинчи жагынан, алдыда Конституцияны өзгөртүү, президенттик шайлоону өткөрүү милдети турат. Дал ушул иштер бир партиянын каалоосуна жараша өтөрүн божомолдогондор да жок эмес. Эгер экономикасы дүркүрөп өскөн, бүт жагынан белен өлкөдө ушундай бийлик түзүлсө балким жемишин бермек. Азыр бизде баары тескерисинче. Өкмөт болгону бюджеттин жыртыгын бүтөө менен гана алпурушуп келет. Бирок ошого да алы жетпей жатат. Ошондой болгон соң мындан ары эл дагы турмуш, жашоо-тиричиликтеги жетишпестиктерге баягыдай өкмөттү күнөөлөбөй эми КСДП партиясын күнөөлөп калары талашсыз.

Кадыр БОСТОН

а ­е¦Є.НҐй«