п»ї
Агым", 22.04.16 Агым
Спикерлик орун бош... Ким келет?
К.Исаев менен Б. Төрөба-евдин спикерлик жарышка түшүшү ит жыгылыш менен аяктаганы маалым. Эң кызыгы "кыргыз парламент тарыхында мындай альтернативдүү төрага шайланган эмес" деген да сөздөр ошол эле парламентте айтылды. Аныгында андай деле эмес. Далилге кайрылсак 2006-жылы Марат Султанов атаандаштык жол менен шайланса, 2011-жылы Асылбек Жээнбеков менен Курманбек Осмонов менен үзөңгүлөш чыгышып, А.Жээнбеков 78 добуш менен төрагалыкка шайланган.
Дагы бир байкаганыбыз жарышка түшкөн эки депутаттын добуш берүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жакшы пикирлерин айтышып, бир-биринин колун кысып басып кетишкени болду. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Б.Төрөбаев: "Бүгүн чыныгы таза шайлоо болду, муну бардыгы көрүштү. Добуш берүү деген ушундай болсо" деген ыраазычылыгын билдирди.
"Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев да "Мындайды атайын ойлоп да таба албайсың. Добуш бергендердин баарына рахмат! Баарыбыз дагы төрт жыл бирге иштей турган болгондон кийин, кармашкан колдорубуз үзүлбөсүн" деген кебин айтты.
"Кабар" мамлекеттик маалымат кызматынын "Жармастан" деген саясый-сатиралык рубрикасы бар. Анда каармандардын өз атын буруп коюп эле, окуянын жүрүшү кыйгыл-кычкыл тил менен баяндалып берилгендиктен сөз кимдер, эмне жөнүндө болуп жатканын дароо билесиң. Спикерликти К.Исаев менен Б.Төрөбаев талашып калганда минтип жазган: "Жармастандын "талашканга такси жок" деген макалы бар. Аны да кечээ бир жармачы эстей коюп экөөнүн эсине салган. Кокус келерки жумада экөө "сен бол, мен бол" болушуп, кепке келбесе, таксини айдап кетишип талаада калтырышы ыктымал"...Акыры ошондой болду. Талашабыз деп таксиден кимдер калып калганы, бул сөздү ким айтканы да белгилүү.
Ал КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков болчу. Серепчилер кокус экөө "ит жыгылыш" болуп калса спикерликке Ч.Турсунбековдун кандидатурасы сунушталат экен деген пикирлерин айтышкан. Ал сөз да тегин жеринен чыкпаса керек. Чыныбай Турсунбековдун өзү болсо кандидатурасын көрсөтө тургандыгы тууралуу айта элек. Азырынча сөз гана жүрүп жаткансыйт. Бирок, койсо жакшы болор эле. Спикерликке эң татыктуу кандидатуралардын бири болмок. Белгилүү болгондой Ч.Турсунбеков өзү акын, калемгерлер журтунан бизнеске, андан саясатка аралашкан чыгаан, салабаттуу, салмактуу саясатчылардын бири. Өлкөдөгү ири партиянын лидери катары саясатта такшалып калган ал кандидатурасын койсо спикерликке шайланып калуу шансы жогору экенин белгилей кетишибиз керек.
Бизге жеткен маалыматка кайрылсак Жогорку Кеңештин төрагалыгына депутат Иса Өмүркуловдун көрсөтүлүп жатканы да айтылууда. Иса Өмүркулов эбактан бери саясатта жүргөн, соңкусунда Бишкек шаарынын мэри катары чарбакерлик жагын да көрсөткөндөй болгон. Ошентсе да мэрлик кызматты аркалап, анчалык деле шаарды оңдоп жиберген жок. Бирок Оштун мэри М.Мырзакматов иштен ыргыганда, альтернативдүү түрдө бу да ыргып, кылмыш иши козголгон. Акыры актыгын далилдеп чыгып, кайра депутаттыкка шайланган. "Ат чуркабай, бак чуркайт" демекчи, баарын парламенттеги шайлоо чечмекчи.
Спикерликке кандидатурасы көрсөтүлөт дегендер муну менен бүтпөшү ыктымал. Анткени, парламентте амбициялары ай чапчыган, ошол эле учурда даярдыгы да жетиштүү кандидатуралар четтен чыгат.


Отунбаев Орусияга барды
Ушул жумада Кремлдин чоң сарайында Кыргызстандын Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев орус президенти Владимир Путинге ишеним грамотасын тапшырды. Владимир Путин Кыргызстанды стратегиялык өнөктөш деп атап, жардам берерин айтты. Бирок биз билгенден ар дайым Кыргызстандын Орусиядагы элчисине даттануулар көп болот. Ал жактагы эмгек мигранттарыбыздын маселесине кайдыгер карайт деп наалышат. Эмнеси болсо да Отунбаев эң ириде ошол жактагы мекендештерибиздин түйшүгүн жеңилдетсе жакшы болмок.

Момуналиевдин кадр кызматындагы кадр кетирүү формуласы
Өкмөттө болуп жаткан өзгөрүүдөн кийин Мамлекеттик кадр кызматынын башчылыгына барган Нурханбек Момуналиев кадр кызматындагы Сооронбай Жээнбековдун кадрларын тазалай баштаптыр деген кабар угулду. Көрсө Сооронбай аке Нурханбекти өкмөт үйүнөн "айдаса", Нурханбек анын "балдарын" Мамлекеттик кадр кызматынан айдайын деген го. Же өч алуунун Момуналиевче бормуласы шунакайбы?

Жеңиш Молдакматовду
"Элдик парламентке" жең ичинен жазып коюшуптур
"Элдик парламент" аталган кыймылбы, коомдук уюмбу ким билсин, 20 миң кишини жылкы айдагандай эле алеки саатта жыйып коебуз деген сөздөрүнүн артында "жылымчы" иштер бар экени ачыкка чыгууда. Булар көчөдө өтүп бараткан кишини деле өз катарларына каттай бергенби кандай, айтып ооздорун жыйгычакты "ошол оозуңарды жапкыла" дегендей сөздөр чыкты. Көрсө, жаш активист Жеңиш Молдакматовду өзүнөн сурабай туруп, тизмеге кийирип коюшкан экен, "...булар Акаев заманынан бери жалаң өндүрүштү талкалагандар, элдин, мамлекеттин байлыгын тоногондордон түзүлүптүр. Биз эч качан мындай адамдардын катарына кошулбайбыз. Аймактагы жаштарыбыз бизге чалып, катуу нааразы болуп жатат" деп билдирди. "Мен алар менен сүйлөштүм. Эгерде дагы бир жолу сыртыман тон бычып кийирип койсо Талгарбековдун колунан сүйрөп чыгып, жазасын беребиз" деген маалымат таратты ал... Ошону менен "Элдик парламенттин" деле төркүнү билинип калды окшойт.


Бекназаровго абактагылар нааразы
Абакта жаткан Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров темир тордо аларга эч кандай кысым көрсөтүлбөгөнүн, арыз муңу жок экендигин алардын жактоочусу Сартбай Жайчыбеков билдирди. Бирок жактоочунун айтканына караганда экөө тең Азимбек Бекназаровдун суракка чакырылбай жатканына нааразы экен. Эгер жактоочунун айтканына ишенсек анда булардын ортосунан жарака кетип, ынтымак ыдыраган түрү бар. Буга чейин Бекназаров абактагыларды чыгарбаса бомба жарам деп сес көрсөткөн эле ошол бомбасы жарылбай Бектур менен Кубанычбек мырзалар нааразы болуп жатканбы?

Цемент эмес азык-түлүк да казактардыкы
"Бир бол" фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу Кант цемент заводун "Жунданын" тагдыры күтүп турарын, себеби Кордайда казактар цемент заводун курууга ниеттенип жатканын айтты. Азыр Бишкектин бардык жеринде казак цементи сатылып жатканын да кошумчалады. Учурда бир эле цемент эмес Казакстандан кирген арзан азык-түлүктүн баары жалпы Чүй облусун каптап кетти. Эгер абал ушул бойдон улана берсе жалаң казак товарларын сатып алып каларыбыз алыс эмес.

"Жаңы Агым" пресс



а ­е¦Є.НҐй«