Агым", 15.04.16 Оп, майда

"Түкүрбө!"
акциясы старт алды
Бишкекте мугалим Куштар Мамыталиев маданиятсыздыкка каршы "Түкүрбө!"деген акцияны баштады. 10 күн мурда башталган акцияны колдогондор күн сайын көбөйүп, ага волонтерлор да кошулду. Демилгечи алгачкы 2 миң чаптама кагазды өз акчасына чыгарган, бирок кийинчерээк ага активисттер жардамга келип, кийинки чаптама кагаздарды чыгарууга каражат топтоп беришкен. Эми шаардын борбордук көчөлөрү менен коомдук жайларынан коомдук тартипти бузбоого чакырган мындай чаптама кагаздарды көрүүгө болот.

Гемодиализ алгандарга 60 млн сом бөлүндү
КР өкмөтү Милдеттүү медициналык камсыздоо фондуна өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган 118 бейтапка гемодиализдин кызматтарын каржылоого 60 млн сом бөлдү. Учурда мамлекеттик бюджеттин эсебинен 552 бейтап гемодиализ алат. Бир процедуранын орточо баасы 6000 сомдон 7500 сомго чейин.ММКФ менчик медициналык борборлор менен түзүлгөн келишимдердин негизинде ар бир бейтапка 4500 сомдон (сеанс үчүн) төлөйт, калган 2000-2500 сом өлчөмүндөгү сумманы бейтаптар өздөрү төлөшөт.

"Курут" фестивалы өтөт
17-апрелде Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде КРнын туризм департаментинин колдоосу менен Улуттук "Курут" фестивалы өтөт. Фестивалды өткөрүүнүн максаты улуттук ашкананы жайылтуу, сактоо жана өнүктүрүү, Кыргызстанга туристтерди тартуу жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу, жаштарды маданий салттарга тартуу, Бишкек шаарынын тургундарын жана конокторун улуттук маданияттын өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу болуп саналат.

Свети жок айылга жарык жетти
Жалал-Абаддын Ноокен районунун Сары-Камыш айылына алгачкы жолу электр линиясы тартылып, жарык жеткирилди. Ош-Бишкек жолунун Таш-Көмүр участогунан 15 км алыстыктагы тоо арасында жайгашкан бул айылга 46 жылдан соң гана свет барды. Буга чейин айылдагы 200 түтүн чырак менен жашачу.

Кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү
Ташкенде Кыргызстандын коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров өзбекстандык кесиптеши Виктор Махмудов менен жолукту. Жолугушуу өзбек тараптын демилгеси менен уюштурулган. Тараптар аймактык коопсуздук боюнча ой бөлүшүп, эки өлкөнүн ортосундагы көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечүүнү сүйлөштү.

Бишкекте "Шырдак" брусчаткалары чыкты
Кыргызстандык ишкерлер Бишкекте кыргыздын оймолору түшүрүлгөн шырдак сыяктуу, түстүү брусчаткаларды чыгара баштады. Бул брусчаткалар "Шырдак" деп аталат. Ата мекендик мындай брусчаткалар көпчүлүккө жагып, жакшы баага сатылууда. Брусчатканын боектору ар кандай түстө жана ар кандай формада жасалат.

Караколдуктар катастрофа алдында…
Каракол шаарынын суу тазалоочу станциясы учурда иштебей жатат. Суунун биотазалоо процесси, хлордондуруу жана лаборатордук анализ иштери токтоп турган кези. Эгерде мындай көрүнүш улана берсе анда жакын арада Каракол шаарынын тургундары массалык түрдө инфекциялык ооруларга чалдыгышы мүмкүн.

Жаанчыл жаз...
Кыргызгидромет берген билдирүүгө ылайык апрель айынын 25нен баштап май айынын 10на чейин Бишкек шаарында тындырбай эле жаан жаап турат экен. Андан сырткары Кыргызстандын аймактарында дагы май айынын ортолоруна чейин жаан болоору күтүлүүдө.

Элдин колундагы куралдар...
13-апрель күнү Москва районунун Ак-Суу айылынын 34 жаштагы тургуну өз ыктыяры менен ички иштер кызматкерлерине "Сүлөөсүн" деген өрт атаар (пехотный огнемет) куралын өткөзүп берген. Анын айтымында, ал куралды Беловодск айылынын көчөлөрүнүн биринен таап алган.

Чемпиондукка жол...
Дүйнөнүн үч жолку чемпиону, биздин мыкты кикбоксчу мекендешибиз Алексей Федосеев 23-июнда француз мушкери Сальвадор Дилан менен WAKO-PRO версиясы боюнча дүйнө чемпиону деген наам үчүн беттеш өткөзөт. Бул беттеш Франциянын Монако шаарында өткөрүлөт.

Арзан нан...
Жакынкы арада Бишкек шаарынын айрым супермаркеттеринде жана соода түйүндөрүндө атайын арзандатылган нан сатыла баштайт. Учурда шаардык нан бышыруучу ишканалар эки нөөмөттө иштешүүдө. Алар үч нөөмөткө өтөөр менен атайын социалдык абалдары начар жана пенсионерлер үчүн нан жасалып сатыла баштайт. Нандын баасы 12 сомду түзөт. Соода түйүндөрү көбөйүп жана нан көп жасала баштаса арзандатылган нандын баасы он сомго чейин түшүүсү күтүлүүдө.


Бириңерден
бириң эр, спикер болчу кимиңер?
Парламент төрагалыгына депутаттар Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги көрсөтүлүп, эки лидердин кимиси бул кызматка татыктуу деген суроо күн соболуна коюлуп турган учуру.
Айталы, Бакыт Төрөбаев негизги кесиби боюнча экономист жана ал эмгек жолун кара май сатуу бизнесинен баштап, кийин 2007-2009 -жылы кандуу президент Курманбек Бакиевдин "Акжол" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. Мунун себебин, парламенттин бир нече жолку депутаты болгон, абройлуу аксакал атасы Эргеш Төрөбаевдин кадыры деген да кептер бар. Андан соң ортодо алты айдай КРнын Өкмөтүнө караштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде министрлик кызматка дайындалып, 7-апрелдеги элдик революциядан кийин "Республика" партиясынан депутат болуп келген. 2013-жылы өз алдынча "Өнүгүү" партиясын түзүп, 2015-жылы ушул партия менен ЖКнын 6-чакырылышына депутат болгон. Кыскача өмүр баяны ушул. ММКлар жазып жаткандай Бакыт Төрөбаевдин ишмердигинде анчалык деле из калтырарлык опол тоодой иштер, жарк эткен жалындуу фразалар жокко эсе. Эсибизде калганы, ал убагында түптөгөн партиясын Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов менен бириктиргенин жар салып, кийин өнөктөшүнүн башына кара булут айланганда таштай качканын билебиз.
Ал эми Канат Исаев "жаш мэр" атыгып 33 жашында Токмок шаарынын мэрлик кызматын аткарганын, 35 жашында Жогорку Кеңешке депутат болуп келип, алгачкы көпчүлүк коалициянын лидери болгонун тарых өзү айтып турат. Жаш болсо да баш мэр болгон жылдары ал шаардагы экономикалык-социалдык абалды тартипке келтиргени азыркыга чейин айтылып келет. Буга ал кимдин аркасы менен жетти? Ушул суроого келгенде, Канат Исаевдин атасы же тагасы, агасы же жездеси бийликтин бийик серелеринде иштебегенин, ал өзүнүн иш билгилиги, ийкем тил табышкан дипломаттыгы жана эч нерседен кайра тартпаган көк жал мүнөзү менен ээ болгонун көрөбүз. Анын артынын тазалыгын ушундан билели, депутат болуп турганда Караколдогу мамлекеттин ээлигиндеги ат майданды жеке менчикке мыйзамсыз өткөнүн көтөрүп чыгып, аны мамлекетке кайтарып алууга жетишкен. Андан соң Бишкектеги жападан жалгыз "Аккула" ат майданын да козгоп, жең ичинен сатылганын ашкерелеп, кайтарып алууга жеке салым кошкон. Ал турсун, 2010-жылдан кийин орустардын оффшордук компаниясына "Альфа-Телекомдун" (Мегаком) 49 пайызы мыйзамсыз өтүп кеткенин парламентте көтөрүп жатып, акыры аталган компания 100 пайыз кыргыз элинин үлүшүнө тийип, жыл сайын миллиарддаган сом салык төккөн кирешелүү жалгыз мекеме болуп калганын ким Канат Исаевсиз болгон деп айта алат? Андыктан, эгер Канат Исаев коррупцияга жакын болсо, артында калбыры болсо эмдигиче анын баскан изине чөп салган атаандаштары эчак таап чыгып, антикоррупциялык органдарга тапшырат эле го?! Анын не Токмоктон, не Чүйдөн бир теше жерди сатып жибергенин же ээлеп алганын айткан жан барбы? Болгону Канат Исаевге чейин менчиктештирилип кеткен Токмок шаарындагы бир бала бакчаны улам көтөрүп чыга беришип, көө жапкысы келгендер өздөрү деле тажашты көрүнөт. Ал эми акыркы эле жасаган иши бул Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бюджеттен жол оңдоого ири көлөмдөгү миллиард сомдун тегерегинде каражат бөлүнүп, анын да көмүскөдөгү "кожоюндары" тендерди өздөрү билип өткөрүп мамлекеттин акчасын сол чөнтөккө солоп кетерде дал ушул Канат Исаев көтөрүп чыкты. Анын арты өкмөт жетекчиси жана тийиштүү министрликтер коштогон жетекчилердин кызматтан кетиши менен аяктады. Жыйынтыктап айтканда Исаевге адвокатчылык эмес, болгону калыс катары акты ак, көктү көк деп коюш ар бирибиздин милдетибиз.

Жусуп ЧЕРИКОВ