п»ї
Агым", 15.04.16 Агым
Жаныш Бакиевдин ынанымсыз жообу
Жаныш Бакиевдин айткандары көп сырларды ачыкка чыгарат дегенинен интервьюну окуп, анча деле ынанган жокпуз. Айрыкча Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча ак же көк деп так айтпай, Жаныш Бакиев такыр башка нерселерди сүйлөптүр. Айтор өздөрүнүн актыгын далилдегенге кенедей да маалымат жок. Ага караганда ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаевдин жообу ынанымдуу болуп турат. Эске салсак Курманбек Бакиев бийликте турганда Медет Садыркулов баштаган 3 киши автоунаада толук күйүп күлгө айланган. Ошондо коомчулуктун негизги катмары анын артында Бакиевдер турат деп шектенген. Ал эми ошол кездеги ИИМ окуяны жол кырсыгы деп бүтүм чыгарган. 2010-жылдан кийин азыркы ИИМ министри Мелис Турганбаев окуя боюнча Бакиевдер күнөөлүү деп кылмыштын бетин ачкан. Демек Жаныш Бакиев ак болсо дал ушулар боюнча өз жүйөлөрүн келтирсе болмок.


Малабаев дагы эле кызматка маш
Кызматтын кумары жаман эмеспи. Ордуна дайындалбай калган мурдагы Транспорт министри Аргынбек Малабаев өз ордунда калууга абдан эле аракет кылып, жетинчи кабаттагы тагдыр чечкен кишилерге тынбай звандап, мен ак болсом неге минтесиңер деп сураныптыр. Бирок Темикеден араң кутулган тигилер "азырынча чыдап тур, бир аз мезгилден кийин кызматка олтурасың" деп сыпайы жооп беришиптир. Сыягы Малабаев чөп өсүп, из басылганда, дагы бир кызматтын башына келерин күтсөк болчудай.

Абаскановна кайрадан ээрге минеби?
Өкмөттөгү өзгөрүүлөр көп кишилерге таасир этери анык. Бир кезде ЖК депутаты, андан кийин Саламаттык сактооо министри, вице-премьер болуп иштеген Дамира Ниязалиева жакында белдүү кызматка барары угулду. Бизге жеткен маалыматтарга караганда ал Саламаттык сактоо министрлигинин бир башкармалыгын жетектеп калышы ажеп эмес.

Темир жолдогу миллиондор кайда житкен?
ЖК депутаты Руслан Казакбаев "Кыргызтемиржолу" акционердик коомундагы коррупциялык схемалар боюнча маселе көтөрүп "Кыргызтемиржолу" акционердик коомунда каражаттар жүйөсүз пайдаланылгандыгы жана мекеме кызматкерлери билдиргендей, акционердик коомго тиешелүү "Локомотив" стадионундагы198 миллион сомго курулган үстү жабык муз аянтчага ай сайын бир миллион сомдон каражат жумшалды деп мекеме жетекчилиги маалымат берген менен эч кандай оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эместигин айтышкан. Мындан сырткары, бул стадионго керектүү шаймандарды сатып алууга 394 млн сом жумшалган. Ошону менен катар 15 миллион сомго мини футбол, теннис аянтчалары курулган. Курулуштардагы материалдар жогорку баада асмандатып көтөрүлгөн. Бардык иштер тендерсиз эле "Кыргызтемиржолуна" тиешелүү болгон "Мост-отряд" фирмасы иштегенин Казакбаев кече парламентте билдирди.

Рысалиев компроматым" бар дейт
Экс-ИИМ министри Зарылбек Рысалиевди айрым саясатчылар Батукаевди качыргандардын башында турган деп айыптаса, ал тескерисинче аны Жогорку Кеңештин 4 депутаты аэропорттон килем төшөп узаткан деп айтып чыкты. "Кимдер экенин өздөрү билишет" дейт ал. Анын айтымында 4 депутат аэропорттогу видео тасмага да бакыйып түшүп калыптыр. Ал видеону алып, бекем жерге катып койгонун, мындан тышкары кимдер канча акча алганынан бери билерин да жар салды. Буга караганда З.Рысалиевдин компроматы да бир топ окшойт. Бирок мындайды эмнеге катып отурганын түшүнө албай башыбыз маң. Кебетеси саясый соодалашууда "чоң базарга" алып чыкканга даярдап жүрсө керек. Болбосо мынчалык күпүлдөбөйт эле дейбиз да-а.

Анализи так чыкпаган лабораториялар
Капырай, буга чейин медициналык лабораториялар кандай анализ чыгарса да макул болуп жүрө берген окшойбуз. ЖК жыйынында депутат Анвар Артыков бул маселенин ар жагын айтып отурса эсиң чыгат экен. "Аз убакыт мурда КР Саламаттык сактоо министри Т.Батыралиев 10 лабораторияны текшергенде, анын тогузунун анализ жыйынтыгы туура эмес чыккан. Буга эч ким көңүл бурган жок. Анда эмне үчүн туура эмес жыйынтык чыгарган лабораториялар иштеп жатат?! Министрлер кабинети бул маселени көз жаздымда калтырбашы керек" деп билдирди Жогорку Кеңештин жыйынында...Мына тамаша...Андай болсо лабораториялар билгениндей анализ жыйынтыгын чыгарып, дарыгерлер билгениндей дарылай береби? Бул жөн эле сөз менен кала бербей турган, Башкы прокурор И.Жолдубаеванын кулагына куп жараша калчу маселе окшойт.

"Декретке чыккан" эркектер көбөйүптүр
Ушу Жогорку Кеңеш сонун да эй! Укпаганды ушулардан угасың. Не болду дебейсиңерби? ЖК Башкы прокурор И.Жолдубаеванын отчетун угуп жатканда депутат И.Масалиев күтүүсүздөн "Башкы прокуратурада канча эркек декреттик отпускага чыгып бала багып жатат?" деп сурап калды. Уккан кулагыбызга ишенбей тыңшай калсак, Башкы прокурор андай фактылар бар экенин танган жок, бирок так санын айталбасын билдирди. Көрсө, мыйзамда буга уруксат экен. И.Масалиев КР Салык кызматын башкарып турганында эркектин көбү "декретке" чыгып кеткенин эске салып, ошондой болгон жокпу деп Жолдубаевадан сурап турган кербези тура.

Туяк алдында калган миллиондор
ЖКнын кезектеги жыйынында депутат М.Абдылдаев өткөндөгү I Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнуна карата 70-80 млн сом акча каражатына оңдолгон Чолпон-Атадагы ат майданын кимдин буйругу менен түрттүрүп салышканын билүү керек деген маселени койду. "Буга ким жооп берет? Бул деген мамлекеттин акчасы да? Ал кимдин демилгеси менен болгон? Ким бирөөлөр жооп бериши керек!" деди ал. Чынында эле мурдагы жылы олчойгон акчага оңдолгон Чолпон-Атадагы ат майданын орду түбү менен түрттүрүп салып, кайра бүгүнкүдөй жаңысын курууга киришүү анык ысырапкерчилик эмеспи?!

Сооронбай эмес Токтобек
Жогорку Кеңеште премьер-министрликке С.Жээнбековдун талапкерлиги талкууланып жаткан учурда, өкмөт башчылардын тез-тез алмашып туруулары жүрөгүнө тийгенби кандай, депутат Ч.Султанбекова: "Сиз 28чи премьер экенсиз. Сизге Токтобек деген ат коюш керек" деген сунушун айтты. Чындап эле колдой турган сунуш окшойт. Кыргызда мындайды сыр аяктан аш ичирип ырымдачу эле, жаңы дайындалган өкмөт башчыбызга канча жылдан бери туруктуу иштеп, бирде президент, бирде премьер-министр болуп келаткан Орусиянын өкмөт башчысы Д.Медведовдун рюмкасынан бирдеме жуткуруп келсекпи, я!


а ­е¦Є.НҐй«