presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым", 08.04.16 Агым
Азикенин ажайып доору Ташкентте өткөнбү?
"Эл үнү" оппозициялык кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров баштаган оппозиционерлер Өзбекстандын атайын кызматы менен тыгыз кызматташкан таризинде "бомба" жардырышкандан кийин бизди да Азикенин өмүр жолундагы бир кызык жагдай көңүлүбүздү бурду. Маселен, "Википедия" сайтынын жазышынча, ал 1982-1987-жылдары Ташкендеги юридикалык техникумду аяктаган экен. Анан суроо жаралат: ошогезде Азимбек Анаркулович кокусунан өзбектердин "конторасына" "конок" катары чакырылып, көк чай ичип "даам" сызып калган эмес беле? Эгер азыркы шпион окуясы чын болсо ошондогу "сыйдын" акысын кайтарып жаткан жокпу?

Сариевдин орду көптүн көзүн кызартууда
Өкмөт башчылыкка талпынгандар арбып баратыр. "Кыргызстанчы" Канатбек Исаев башкы талапкер катары аталса Аалы Карашев, Бакыт Төрөбаев тымызын аракет көрүүдө. А баса, Сооронбай Жээнбековдун да ысымы аталууда, оңтою келсе Өмүрбек Бабанов да жок дебейт. Себеби акыркы өкмөт айланасындагы окуялар башбакандын күнү бүтүп баратканын каңкуулап турат. Ал турсун кыңыр иштер байкалса кылмыш иши ачылат деп көзү ачык болгондор бар.

Отунбаеванын көзүнө мокочо көрүнгөн Исаева
Ушул жумада мөөнөтү кыска мезгилдин президенти болгон Роза Отунбаева дагы эле бакиевчилдер бийликте отурат деп түз эле ЖК депутаты Динара Исаеванын ысымын атады. Отунбаеванын оюна таянсак Динара Исаева 2010-жылы 7-апрелде Роза эжекебиз менен кечинде коштошуп кеткен Данияр Үсөновдун аялы болгон үчүн ага бакиевчил жарлыгы тагылыптыр. Эгер Исаева 2005-жылы 24-мартта Курманбек Бакиевди жандап келип, Акаев качкандан кийин аны такка отургузууга көмөк көрсөткөндө биротоло кутулбас балээден арылмак эмес экен. Бирок баарына тегиз караган жакшы. Динара айым көп сүйлөбөгөн менен Кара-Балтада эл үчүн жасаган иштерин уксаң атан төөгө жүгү оордук кылат. Баарынан да улуу акын Алыкул Осмоновду эскерүү иш-чараларына каржылык колдоо көрсөткөнү жүрөгүбүздү жылытты.

Артыковдун батирине байланышкан кара пиар
Азыркы КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков Өмүрбек Текебаевди мага атайын кара пиар уюштуруп жатат деп айыптады. Ал өзүнүн особнягы, квартирасынын артында бир кезде Өмүрбек Текебаев турганын айтты. Маселенин чоо-жайына келсек Анвар Артыковго учурда кызматтык батир берилген. Бирок Артыковдо жашаганга буга чейин квартирасы болгон.

Темикенин Жунда заводун жаптырууда да салымы барбы?
Тендер чыры көп сырдын башын аччудай. Сыягы буга чейин премьер-министр Темир Сариевдин Кара-Балтадагы Жунда заводун жаптырганы да тар чөйрөдө айтылып жаткан. Бир кезде Өмүрбек Бабановду аргымак чыры, Жантөрө Сатыбалдиевди дирекция чыры ээрден оодарган эле. Ал эми акыркы кезде Темикеге компроматтар көбөйгөнүнө караганда ага ор казып жаткандар толтура өңдөнөт. Бирок Темике да оңой эмес.

Расмий майрам Алымкулов үчүн эскерүү күнү
7-апрелде өзгөчө эрдик көрсөтүп, "терминатор" атка конгон Кыргыз эл баатыры Алиясбек Алымкулов 7-апрелди майрам катары эмес эскерүү күнү катары кабылдайт. Себеби ал ошол күнү оор жарадар болуп, андан кийин көпкө чейин дарыланган. Ал бул оюн кечээ 7-Апрель курмандыктарын эскерип жатып билдирди. Эске салсак бир топ Апрель баатырлары бул күндү майрам катары кабылдабаганын социалдык түйүндөрдөн айтып чыгышты.

Кадыров менен Асанов азаттыкка чыгабы?
Учурда Азимбек Бекназаров баш болгон оппозициянын лөктөрү Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду абактан чыгарып алуу үчүн болгон аракеттерин көрүшүүдө. Алардын таянганы экөө ишке ашпаган ойдун курмандыгы болушкан. Азимбек Бекназаров эгер экөөнү чыгарбай турган болушса болгон нерсенин баарын ачыкка чыгарып, бомба жарам деп бийликке сес көрсөтүүгө да жетишти. Ал эми абакта жаткан экөө тезинен бизди бошоттургула деп кирип-чыккандарга байма-бай дубай-салам берип жаткан кербези экен.

Бөрү карыса бир койлук
Акаев бийлигинин тушундагы экс-премьер-министр, азыркы "Бир бол" фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев жол курулуш депертаментинин башкы инженерине Депутаттык комиссиянын отурумунда эгер баш бакан отставкага кетсе алар да таза бойдон калбай кызматынан кетерин эскертти. Эмнеси болсо да Кубанычбек Жумалиев такшалган жетекчи. Азыркы ыкма менен иштеген кызматкерлердин былыгын бат эле чукуп чыгат. Акаевчил деген гана жарлыгы болбосо азыр да ар кандай кызматты аркалап кетчү дарамети бар. Кантсе да советтин токочун кажыган эмеспи.

Илхом Алиев Кыргызстандагы алтын кендерге кызыкдарбы?
2012-жылы Кыргызстанда алтын кенин иштетүү боюнча үзгүлтүккө учураган аукционго катышкан Redgold Estates Azerbaijan Ltd компаниясы Азербайжан президенти Илхом Алиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү экендиги Панама документиндеги маалымат боюнча ачыкталган. Кыргызстанда өткөн ошол аукционго 11 алтын, 1 көмүр кени коюлган. Ага дүйнөнүн ар түрдүү өлкөсүнөн 35 компания катышкан. Панама документиндеги дагы бир маалымат боюнча Лейла жана Арзу Алиевалар Азербайжандын алтын кендеринен алынган 70 пайыз таза кирешеге ээ болушат.

Сүйлөшүү жолу көз карашты бат өзгөртөт
КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев бир аз күн мурун эле "Чолпон-Ата-Корумду" автожолу боюнча өткөрүлгөн тендер маселесинде өкмөт башчы Темир Сариевди сындап атты эле, эми кайрадан аны айыбы жок деп коргоп тескерисинен кетти. Бул да бекеринен эмес. Бизге жеткен айрым маалыматтарга караганда азыр өкөмөттө өз ара чырдашкандар депутаттарды өз тарабына тартуу үчүн аябай катуу аракеттерди көрүп жатышат. Эгер маселе парламентте каралса, мурда башка ойду айткан депутат, эртең такыр карама каршы пикир айтса көп деле таң калуунун кереги жок. Себеби көмүскө жердеги алаканды сунганда эле ысыткан сүйлөшүү бардык маселени заматта чечет.

"Жаңы Агым"-пресс


 
Warning: include(../../but.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/16/0408_2.htm on line 79

Warning: include(../../but.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/16/0408_2.htm on line 79

Warning: include(): Failed opening '../../but.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/16/0408_2.htm on line 79





??.??