Агым", 01.04.16 Оштогу шайлоонун шааниси
27-мартта болуп өткөн Ош шаардык кеңешине шайлоо шаарда мэрия тарабынан жүргүзүлүп жаткан алдыдагы иштер үчүн мааниси абдан зор эле. Ошентип каттоодон өткөн "Күч биримдикте", "Өнүгүү-Прогресс", "Ата мекен", "Бир бол", "Кыргызстан", "Республика - Ата журт", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" ("Партия коммунистов Кыргызстана"), КСДП, "Ата журт", "Эмгек", "Аалам" жана "Демократ" саясый партиялары ат салышып, алдын ала чыгарылган жыйынтыкта КСДП - 16 миң 599 добуш же16 мандат, "Кыргызстан" - 9 миң 250 добуш менен 9 мандат, "Мекеним Кыргызстан" - 6 миң 36 добуш менен 6 мандат, "Республика-Ата журт" - 5 миң 346 добуш менен 5 мандат, "Бир бол" - 4 миң 623 добуш менен 5 мандат, "Өнүгүү- Прогресс" - 4 миң 314 добуш менен 4 мандатка ээ болгон. Ошондо жалпы шаардык кеңештеги жалпы депутаттардын саны 45 болмокчу.


Ал эми "Демократ", "Ата мекен", "Ата журт", "Эмгек", "Кыргызстандын коммунисттер партиясы", "Күч биримдикте", "Аалам" сыяктуу партиялар мандатка ээ боло алган эмес. Добуш берүүгө 117 миң 752 шайлоочу катталып 70 миң 651 же алтымыш пайыз шайлоочу добуш берген. Ошентип Ош шаарынын эли республикада өтө активдүүлүгүн көрсөткөн. Баарынан кызыгы буга чейин ар кандай шайлоолордо жеңишке жетишип келген "Ата мекен" партиясы бул ирет бир гана Майлы-Суу шаарында 7 пайыздык чекти багындырып, Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы шаарларында жеңишке жетише алган эмес. Муну кээ бирөөлөр Өмүрбек Текебаевдин акыркы мезгилде өтө пассивдүү болуп кеткендиги менен түшүндүрүшсө, кээ бири "Ата мекен" партиясынын эл арасындагы кадыр-баркы күндөн күнгө ылдыйлап баратканын айтышат.
Чындыгында Ош шаарынын акылы тунук калкы шаардык кеңештин шайлоосуна да, парламенттик шайлоого да нааразы экенин жашырышпайт. Биринчиден, партиясынын тизмесиндеги кишилердин көпчүлүгү белгисиз. Белгилүүсү эле алардын басымдуу бөлүгү бизнесмен, базар жетекчилери, заводдордун ээси, мэрия чиновниктери экендиги менен элге таанылган. Эгер мурдагы шаардык кеңеш шайлоосунда ошондогу мэр Мелис Мырзакматовдун партиясы утуп чыкса, бул шайлоодо КСДП партиясы көпчүлүк добуш алууга жетишти. Демек мэриянын ишин илгерилеткен тил алчаак кеңешти КСДП жана "Кыргызстан" партиясынан түзүп койсо болот. Ош шаарынын тургундарынын айтуусуна караганда, азыркыдай мыйзам, калыптанып бараткан салт менен шайлоо өткөрүүнүн акыбети жакшылыкка алып келбейт. Себеби шайлоочулардын добушун сатып алуу эч качан мынчалык деңгээлде болгон эмес. Кээ бир эбин тапкан шайлоочулар бир партиядан миң сом алып, экинчи партия бир жарым миң сунуштаса ошол партияга добуш беришкен. Эгер мурда партиялык тизмеге чейин депутаттыкка талапкерлер жалпы айылдын же округдун деңгээлиндеги маселелерди чечүү үчүн акча бөлүп шайлоочуларды өзүнө тартса, азыр саясый партиялар ар бир шайлоочуга акча берип, добушун сатып алууда.

Жарандык коом жакшы баасын берген жок
Ош шаардык кеңештеги депутаттарды шайлоонун жүрүшүнө "Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы" уюмунун 148 өкүлү шайлоого байкоочу катары катышкан. Алар шайлоого колдонулган айрым аппараттар жакшы иштебей калганына күбө болушкан. Уюмдун жетекчиси Руслан Таштановдун айтымында, кийинки шайлоолордо техникалык катачылыктарды азайтуу аракеттери көрүлбөсө элдин шайлоого болгон ишеничи төмөндөйт. Руслан Таштанов добуш саноо учурунда айрым шайлоо участоктору байкоочуларды сыртка чыгарып жиберишкенин маалымдады. "Биз Ош шаарында байкоочу катары жүрдүк. Бул шайлоодо мурдагыга караганда административдик ресурс аз колдонулду десек болот. Биздин уюмдун байкоочулары шайлоодо тобу менен жүргөн партиянын өкүлдөрүн да байкашкан. Айрым шайлоо участокторунда акча ачык таратылып, эл акча алууга кадыресе көнүп баратат десек болот" дейт Таштанов.
Ал эми "Таза шайлоо" коомунун 40 байкоочусу катышып, алар да шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдиришти. Аталган уюмдун өкүлү Эльвира Икрамова шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды коркуткан, ачык эле басым жасаган, атүгүл добуштарды сатып алган аракеттер абдан көп байкалганын айтты. "Шайлоонун алгачкы жарымында аймактык шайлоо комиссиясына катуу басым жасалды. Шайлоо тилкелеринде добуштарды сатып алууга, шайлоочуларга басым жасаганга аракет кылган адамдар жойлоп жүрүштү. Биз аларга токтоосуз түрдө чара көрүү керектигин айттык. Шайлоо бүткөндөн кийин добуштарды ачык эле сатып алуу фактысы боюнча актыларды алып барсак, Ош шаардык прокуратурасы таптакыр кабыл албай койду" дейт аталган уюмдун өкүлү Эльвира Икрамова. Алар добуштарды сатып алуу фактысы боюнча БШКнын кароосуна арыз жолдошкон. Баарынан кызыгы, Ош шаардык милициясы добуштарды сатып алуу жүрүп жаткан фактысы боюнча тогуз адамды кармап прокуратурага өткөрүп беришкен. Себеби алар кармаган факт боюнча иш козгоого милициянын акыл дарамети жетпейт экен. Бирок БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов Оштогу шайлоо тынч, жылуу маанайда өтүп, одоно мыйзам бузуу болбогонун айтты. Шайлоого биз дагы көз салып, бир топ шайлоо округдарында болдук. Эң биринчи эле көзгө көрүнгөнү жети-сегиз кишиден турган бир нече топтор шайлоо участкаларында турушту. "Келесиңби" деп телефон чалгандар андан көп. Келгендерге октой жетип барып жандап кулагына шыбырагандар мындан көп. Иши кылып шайлоо базары кызуу жүргөнү ачык эле байкалып турду. Ал эми элдин айтымында, бир добуштун наркы миң сомдон бир жарым миң сомго чейин чыккан.

Акылга сыйбаган айрым көрүнүштөр
Эгер бүгүнкү бийликтин айткандарына кулак төшөсөң баары мыйзам чегинде экенин билдиришет. Алар бийликке келүү үчүн митинг кылба, пикет өткөрбө, элди дүрбөтпө. Бийликти каалайсыңбы түз эле шайлоого бар. Биздеги шайлоо ачык жана таза деп айтышат. Бирок жыйынтыгында ар бир жерде КСДП фракциясы биринчи орунга татыктуу болуп, жеңип чыгууда. Эгер мурдагы шайлоодо Мелис Мырзакматовдун "Улуттар биримдиги" партиясы жеңишке жетишсе, азыр КСДП фракциясы көп мандат алды. Ар бир партиядагы талапкерлердин басымдуу бөлүгү капчыктуу кишилер экени да көп нерседен кабар берет. Айрыкча КСДП партиясынын тизмесинде мэрия кызматкерлери басымдуулук кылат. Мисалы, Ормонов Жапарбек Ош шаарынын вице-мэри, Талантбек Капаров "Ош шаарындагы "Тазалык" ишканасынын жетекчиси, Гүлсана Эсенбаева Ош шаардык кеңешинин комитет төрайымы, Хамидилло Исмаилов Амир-Темир аймактык кеңеш төрагасы, Рысбек Турдуев Ош шаардык кеңеши, мурдагы фракция лидери. Данияр Атабаев Араван цемент заводунун директору, Салтанат Аматова Ош шаардык кеңеши, Нурмат Рашев "МСПМК-2" ААК директору. Ал эми башка партиянын тизмесиндеги талапкерлер да жогорудагылардан көп айырмаланбайт.

Шайлоонун жолун билгендер жолдуу болот
Чындыгында шайлоо компаниясы курч мүнөздөгү саясый өнөктүк. Бул жерде абдан кылдат мамиле керек. Мындайда эл арасында 25 жылдан бери шайлоодон пайда тапкандар жардамга келет. Алар көчө, махала башчылары, урук-туугандуу, жээк-жааттуу кишилер. Саясый партиялар эң алды менен ушул кишилерди колго алып, үгүт иштерине пайдаланат. Бирок бардык эле шайлоочу добушун акчага сатат деген туура эмес. Жарандык позициясы бийик шайлоочулар да көп. Бирок добушун саткандар алардан басымдуулук кылат. Мисалы, Ош шаарында КСДП партиясынын жеңишинин башкы себеби тизмедеги талапкер болгон кишилердин азыноолак болсо да өз электораты бар экендиги. Анда жогорку окуу жайлардын проректорлору да бар. Ал эми бул миңдеген студенттердин добушу. Азырынча үгүт иштерине кайсы партия канча сом сарптаганы боюнча маалымат жарыялана элек. Бирок жол боюндагы жарнамалык тактайлар, ар кандай чакырык жазуулар, жергиликтүү маалымат каражаттарындагы жарнамаларга назар салсаң.

Келдибек НАЗИРОВ