Агым", 01.04.16 Укмуштуу курултай ушундай өттү

Оппозициянын "митингге чыгабыз" деп бир нече күндөн берки жар салып жүргөнүнөн улам, кайсыл жерде кандай өңүттө эмне максат коет экен деп гезитке макала даярдоо үчүн жөнөп кеттим. Болгондо да Бишкек шаарынын баягы эле митингдер өтчү Ала-Тоо аянтында экен дегенинен топтошкон элди, кыйкырган нааразычылык акцияларды көрөм деген ойдо бардым. Ала-Тоо аянтында митингке чыккан эл эмес, эл чогулат десе жаандан кийинки козу карындай жайнап чыга калчу күч органдарынын карааны да көрүнбөйт. Адатынча "оппозициябыз" дегендер эки-үч плакатын көтөрүп Ак үйдүн алдында турабы дейин десем ал жакта деле көрүнбөйт. Болгону чет өлкөлүк элчиликтин машиналары мурдуларына өз желектерин илип алып улам бирден чыгып жатат. Анча баргандан кийин алакандай кабар табайын деп мурда-кийин эл чогула калчу М. Горький атындагы аянтчага бет алдым. Ал жакка барсам да кудум уй жалагандай. Жиним келип Спорт Ордосунун жанынан өтүп бара жатсам көргөзмө болуп жаткан экен, баш бага коем деп баягы мен издеген оппозициянын ушул жакта экенин угуп калдым. Бирок митинг эмес курултай дешти. Кур кетпей "тишке бирдеме илинет экен" деп кирип бардым.
Курултай десе жайнаган элди элестетип алыптырмын киргеним менен элдин караанын көрө албадым. Трибунада бир киши. Узунунан турган төрт кишилик стол бош, алдына плакат илип коюптур. Ал эми катышуучулар дейбизби, колдоочулар дейбизби айтор баш-аягы 13 киши отурат, мен 14-болдум. Алардын жетиси аялдар, алтоосу эркектер. Көрсө, бул "Таза оппозициялык кыймылы" өткөрүп жаткан "Бүткүл Республикалык Элдик Курултайы" экен. Сахнада турган "Таза оппозициялык кыймылдын" башчысы Назарбек Нышанов экенин билдим. Башталганына бир сааттай болуп калган экен. Назарбек ага өз докладын окуп жаткан маалда Курултайдын катышуучусу аксылык Тургунбек НАРЫКЕЕВ аганы кетип бара жаткан жеринен сөзгө тарттык:
- Курултайга кандайча катышып калдыңыз, ушундай он чакты киши менен деле курултай боло береби?
- Элдик өкмөт түзөбүз деп телефон чалып чакырышкан. Бирок, элдик өкмөт деген бул официалдуу өкмөт болуп калат да. Курултайдын андай өкмөттү түзгөнгө "полномочиеси" жок. Эмне кылам Назарбек дос чакырганынан эле келгем, эми кетип баратам.
Дагы бир курултайды байкоо үчүн келген Апсамат буларга токтолду:
- Жөн эле өтүп баратып көрүп калып, эмне жөнүндө маселе козголоорун көрөйүн деп кайрылгам. Уюштуруучу Назарбек Нышановдун жакшы сунуштарын угайын дедим эле, тилекке каршы мен ойлогондой сунуштарды уккан жокмун. Уюштуруучунун тилектери жакшы, бирок, туура эмес методдорду алып чыгып колдонуп жатат. Чындап айтканда бизде күчтүү оппозиция жок экен. Илимий тил менен айтканда де-юра бар, де-факто жок экенине дагы бир жолу өз көзүм менен көрүп ынандым,- дейт Апсамат мырза.
- Уюштуруучулардын айтымында бул курултай Максим Горький атындагы аянтчада болмок экен. Бирок ИИМ менен УКМК кызматкерлери булардын ой-боюна койбой Спорт ордосуна өткөргүлө дегенин айтышты. Демейде, саатына 20 000 сом ижара акысын алган Спорт ордосу саат 10дон кечки 18:00гө чейинки боло турган курултайын эч бир тыйын албай эле өткөрө бергиле дегени кандай?... Курултай курултай эмес эле айылдагы кечке маал чыгып алып саясатты сөз кылган адамдардай эле сезилди. Эмнеге дегенде куттуу сахнада бири Бекназаровдун туура фамилиясы, Бокназаров экенин кайра-кайра айтса, бири Атамбаевди баш кылып, Сариевди төш кылып кетириш керек, революция жасаш керек десе жетекчиси революцияны айтсаңыз сахнадан түшүп кетиңиз деди. Дагы бир кызыгы булардын курултайына каршы чыккандар оппозицияда жүргөн Азимбек Бекназаров, Адил Турдукулов, Эркин Бөлөкбаевдер экенин айтып, андан соң мындай ушактарга өттү: - Салымбековду Ат башы, нарындыктар Мадумаров деген "желмогузду" ээрчитип алыптыр деп шайлабай коюшканын, Салымбековдун дагы бир "иттиги" Нарынга губернатор болуп турганда кытайга жасакерленип Үзөңгү-Куушту сатыш үчүн жазган чоң макаласы бар экенин, дагы бир версиясында Үзөңгү-Куушту Алматыда Акаевдин баласы картага утулуп калып, шашылыш түрдө акча керек болуп сатып жибергенин кошумчалады.
Убактымдын тардыгына карабай аягына чейин олтурдум, журналист эмес жаш муун катары да өз оюмду айттым. Жыйынтыгында курултайды апрелдин ортосунда дагы бир жолу өткөрүшмөй болду.
P.S. Оппозициябыз дегендерге асылгыбыз же аларды каралайлы деген кыпындай да оюбуз жок. Болгону он, он беш киши чогулуп алып эле "Бүткүл Республикалык Элдик Курултай" - деп атай бергендин өзү мактоого алаарлык иш эмес болуп жатпайбы... Жазганыбызга териксеңиздер анда зал толо эл чогулган курултай өткөрүп калсаңыздар, анан ошол жерден өзүңүздөр айткандай миңдеген адамдардын колдоосуна ээ болуп жатканыңыздарды көрүп калсак анда эл колдоду деп жазып чыгууга колдо калем дайым даяр.

Нурмухамед ЖУМАБЕКОВ


Кандай тебетей кийгизсек жарашат, ыя?!
Сөздү айтылуу Көкөтөй чечендин бир окуясынан баштасак. Бул узун сөз. Кыскача мааниси мындай. Кайран киши ушул эле Сары-Өзөн Чүйгө кайсы бир ашка келиптир. Байкап турса өздөрүнчө топтолгон кишилер кызуу бирдемени кеп кылып жаткандай. (Кебетеси элибиз ошондо эле саясатчы окшобойбу). Жандарына барып сөздөрүнө кулак түрсө, кимиси сүйлөсө деле барып Көлдөгү бугу элин чаап алып жатат дейт. Антип чаптык эле, минтип чаптык эле, жылкы тийдик деген эле сөздөр дейт. Баары бүткөнсүп маңдай тиши түшкөн бир казак "биз да барып бугуну чауп эдик",-деп калбайбы. Ошондо күйүп кеткен кайран Көкөң топту жөөлөп кирип, (өзү бугунун Тынымсейитинен болот) "бу эрте турганыңар эле барып чаап алгандай, чаптырып койгондой бугулар силерге тамашабы" деп кадимки курч, жүйөлүү сөздөрүнөн айта баштаганда, баштары жерге кире түшүптүр. Баягы казак Көкөң сүйлөй баштаганда эле безип жоголуптур дейт.
Анын сыңарындай азыркы оппозициянын эрте турганы эле бийликти басып алууну көздөп калгандай. Буга далил катары айтсак, оппозициянын ойронун чыгарган аудио тасмалардын төркүнү бүт элге дайын. Кыргызстандын УКМКсы андагы үндөрдүн чындык экенин тастыктаган билдирүүсүн да тараткан.
Негизи "оппозиция" деген сөз (латын тилинен алынган "oppositio "карама-каршы коюу") өзүнүн классикалык аныктамасында аракеттеги бийликке карама-каршы, альтернативдүү көз карашты, позицияны түшүндүрөт. Оппозиция - саясатта маанилүү орунду ээлеп, аракеттеги бийликти уктатпай, анын эффективдүү иштешин шарттайт. Батышта оппозициянын ишмердүүлүгүнө жараша эки эле түрү бар: булар системалуу жана системадан тышкары аракеттенген оппозиция. Биринчи тибине солчул жана оңчул радикалдык партиялар, топтор кирет. Алардын программасы аракеттеги мамлекеттин бийликтин абийирин төгүп, саясый процесстин жүрүшүн оодарып жиберүүгө багытталган.
Экинчисине, Батыштын жалпы көпчүлүктү түзгөн солчул жана оңчул центристтик (либералдык, социал-демократтык, консервативдик, христиан-демократиялык) партиялары кирет. Булар коомдук саясый, социалдык-экономикалык башкаруу институттарынын туруктуулугун, ага кол тийбестигин көздөшөт. Балким, Батыштын өнүгүп жатышы, негизинен ушул багыттан чыкпай келе жатышында болуп жүрбөсүн?
Бул өңүттөн алганда Кыргыз-стандын оппозициясына кайсы тебетейди кийгизээриң билбейсиң. Мүмкүн "радикалдык оппозициянын" шляпасын кыйшайта кийгизип койсо жарашар беле?! (Радикалдык оппозиция - бул аракеттеги бийликти күч менен айдап жиберип, аны өзүнүн кызыкчылыгына жооп берүүчү бийлик менен алмаштыруу). Азыркы оппозициянын кадамдары ушул шляпаны кийгизе салышты өзү эле суранып тургандай. (Айта кетсек оппозициянын акыркы аракеттери боюнча УКМК суратпай эле тиешелүү статья боюнча иш козгоп алдын камап, артын үй түрмөсүнө алды).
Бирок Кыргызстанда жалпак тил менен айтканда салттуу оппозиция болгон эмес дегенге болбойт. Булар кеминде 20 жылдык тарыхы бар "Ата мекен" социалисттик партиясы, "Кыргызстан социалисттик демократиялык партиясы" (КСДП). Эки бийлик менен тирешип, эки революциянын баштан өткөргөн бул партиялар азыр бийликте. Ошол эле учурда бизде партия түзө коюш, оппозиция боло калыш бир чыны кымызды тартып ийгендей эле кеп. Кыргызстан парламенттик башкарууга аттангандын эртеси эле, башкача айтканда парламентке партиялык тизме аркылуу гана барууга боло тургандыгы Жаңы Конституцияга жазылгандан кийин бир айдын ар жак бер жагында катталган партиялардын саны 180ге чаап кеткени эсибизде. Атургай "Ата журт" өңдүү бир түндө түзүлгөн партиялар да азыр бийликте. (Менин маалыматым боюнча бүгүнкү күндө 197 партия каттоодон өткөн).
Ал эми айта берип өзүбүз, кайталай берип сөзүбүз тажагандай болгон, биздеги бүгүн бийликтеги бирөө эртеси оппозиция болуп чыга келүү эрежесин эч ким буза элек. Дагы бир эреже биздин оппозицияда айтканын айттым деш, өз карашына акыр аягына чейин туруу, жигиттик деген жок. (Деги эле биздин саясатчыларда сөзгө туруу сейрек көрүнүш. Сыягы ал ошол үчүн саясат окшойт). Качан гана УКМКнын укуругу үстүлөрүнөн айлана баштаганда, үндөрү, дем алганына чейин жазылып турса да кашайып танып "монтаждап ийди" дей салуу өнөкөт ооруга айланган. Бул жагынан алчы-таасын жеген саясатчы Д.Сарыгулов аудиодогу сөздөрүн танган жок. "Биз курултайга альтернативдүү өкмөт мүчөлөрүн сунуштайлы дегенбиз" деп иштин багытын таптакыр башка жакка буруп жиберди. Ал эми Т.Касымбековдун "Сынган кылычынын" романындагы Шады ынактай "ишке ашып кетсе ичинде, ашпай калса тышында" калгысы келген айтылуу Азимбек Бекназаров адатынча танып чыкты. Азыр болсо өкмөттүн Үңкүр-Тоого байланыштуу делген токтомду бетине кармап, күпүлдөшүн улантууда. Баса, Үңкүр-Тоо маселеси күн өткөн сайын курчуп баратат. Маселе Жогорку Кеңешке чейин жетип, депутаттар өкмөттү кыса баштады. Өкмөт оппозиция булгалап жүргөн токтом жасалма экенин айтууда...Айтор, саясат кызыды...Кырдаал ушундай.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ