presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым", 01.04.16 Агым
Жылдыз айымдын көтөргөн көйгөйү туура эй!
Депутат Жылдыз Мусабекова журналисттер журтунан чыккан коллегабыз болот. Бирок ЖКга барганы баягы гезитте жазганындай кескин пикирин айтпай, аярлап калгандай туюлду эле, көрсө андай эмес экен. Кечээки ЖКнын "Ар кайсы маселелер" саатында талуу маселени көтөрүп чыкты. Анын айтымында, Новопавловка айылындагы мүрзөдөн каза болгондор үчүн жай берүү 25 миң сомго чыгыптыр. Бул мазар кезегинде Ак-Өргөө, Ак-Ордо, Ала-Тоо жана Сокулук эли үчүн берилип, жайдын баасы 3 миң гана болчу экен. Азыр жогоруда айтылгандай 25 миң сомго чыгып кетиптир. Мунун себебин карапайым эл деле түшүнбөй келет. Кебетеси мазардагы жайды саткан ортомчулар пайда болгонбу же себептери барбы билбейбиз...Депутаттар кызыгып көрүшсө жаман болбос эле.


Мээрбек мээси жеткен иш жасайт
Бүгүн 1-апрелде филармонияда апрель революциясынын алты жылдыгына карата иш-чара өтөт экен Аны куудулдар менен кармашкандан бери үнү чыкпай калган депутат Мээрбек Мискенбаев уюштуруп жатыптыр. "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" демекчи Мээрбек өнөр адамдарына асылбай минтип акылы жеткен ишти жасаганы туура.

Ыргалай үн катты
Социалдык түйүндөрдүн бирине учурда "некий Ыргалай" болуп таанылган Бекмуратова маалымат каражаттары ал тууралуу "Ыргалай жаңы конуштарда акча таркатып жүрөт" деген маалыматты төгүнгө чыгарды жана ал тууралуу айтылгандардын баарын жалган жалаа деп атады. Ошондой эле бийлик тиши түшкөн Ыргалайдан коркпой башкалардан корксун деп каңкуулады жана чындык деп чыркырап жүргөнүн жар салды.

Ооматы арткан Орозбаев
Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо "Кыргызстан" партиясы 2-орунду ээледи. Натыйжада Жогорку Кеңештин вице-спикери Н. Алимбековдун жардамчысы Н. Орозбаевдин аброю артып, оомат кончудай болуп турат, себеби ал штабды жетектеген. Эми вице-спикердин жардамчысы Ош шаарынын вице-мэрлигин же башка кызматты тартуулашабы? Көрө жатабыз го.

Анвар ака МАИчини майдай сызгырабы же...
12-мартта Ботаникалык бакчада ишембилик өткөн. Ошол күнү МАИчилер Анвар Артыковдун машинесин туура эмес токтоттуң деп айып пул салышкан, тасмасын интернеттен көрсөтүшкөн. Иликтей келгенде Артыков эреже бузбаптыр, МАИчилер күнөөсүн мойнуна кое албай, акыры кечирим сурашыптыр. Анвар мырза айкөлдүк кылып кечирээр бекен? Же МАИчини майдай сызгырабы?

Кул жесем дейт куйрукту...
"Кыргызстанчы" Канат Исаев менен баш бакан Темир Сариевдин тиреши күчөдү. Исаев Сариевди ээрден оодарып түшөм деп чамынып атат дейт. Канат Кедейканович оңой менен көк үйгө чабуул жасабайт эле чамасы өзүнүн жылдызын жандыргысы келип калган окшойт. "Кул жесем дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту" демекчи, Исаев премьерди "пошел" кылганы менен анын ордуна кимди келтирет экен, ыя?

Орто жана чакан ишкерлер оңой эмес
Билинбегени менен орто жана чакан ишкерлердин үлүшү Кыргызстанда ички дүң продукциянын 40,5 пайызын түзөт экен. Башкача айтканда 2014-жылга салыштырмалуу 2015-жылы алардын үлүшү 10,4 млрд. сомго ашык болуптур. Премьер-министр Т.Сариев мунун себебин ишкерликти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу үчүн, айрым салыктардын кыскарышы, электрондук салык төлөөлөрдүн киргизилиши менен түшүндүрүүдө. Анын сөзүнө караганда жаңы түзүлүп жаткан ишканаларды 3 жылга чейин салыктан бошотуу пландаштырылып жатыптыр.

Бир маселе, эки башка көз караш
Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов акча алмаштыруучу жайлардын тукуму үзүлсө туура эле болмок дегендей оюн билдирген. Анын пикирине караганда акча алмаштыруучу жайлар атайын финансы институту болуп саналбасын, аларда айланган акчанын каражатынын көлөмү банк системаларынан да көптүк кыларын, бирок мамлекетке алардын ишмердүүлүгүнөн анчалык деле акча түшпөй жатканын айткандай болгон. Ал эми КР Салык кызматы бул пикирге караманча каршы чыгууда. "Банктар кеңири масштабда иш жүргүзүшөт, андыктан салыштыра келгенде алардын акча алмаштырган жактары эле окшобосо, калганы караандабайт. Ошондой эле 2015-жылы 25 959 900 сомдук 3339 патент алынса, быйылкы жылдын эки айында эле 4 446 600 сомдук 532 патент берилиптир. Ошону менен эки килейген мамлекеттик мекеме бир маселе боюнча эки башка пикирде…Кимиси жеңээр экен.

Кулов "туурусун" айтты
Кадимки Ф.Кулов мамлекеттик төңкөрүш жасайм дегендерге сын пикирде экенин билдирди. Анын айтымында, бийликти басып алуу үчүн фантазиядан тышкары ресурстар да болуш керек экен. Ошондой эле элдердин арасында тарапташтарынын болушу, ага жараша акчасы болуш керек тура. Бирок оппозициянын кыялына келгенди чын көрүп алганы менен, ал кыялы ишке ашпай калганынын себеби ушул экен. Мындан тышкары бардык социалдык маселелер саясатташып кетиптир. Карт саясатчы кантсе да "туурусун" айтты окшойт деп биз турабыз. Баса, Ф.Кулов акциялар, протестер нормалдуу көрүнүш экенин, эгерде демонстрациялар тынч өтсө, бул мамлекеттеги туруктуулукту көрсөтө турганын кошумчалап, учурдагы айрым нааразычылыктардын аягы революцияга айланып кетпейт деген ишенимде экенин билдирди.

"Жаңы-Агым"-пресс

 
Warning: include(../../but.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/16/0401_2.htm on line 75

Warning: include(../../but.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/16/0401_2.htm on line 75

Warning: include(): Failed opening '../../but.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/agym/16/0401_2.htm on line 75





??.??