Агым", 01.04.16 TAXI
Америкадагы кыргыздардын эң чоң диаспорасы Чикагодо. Ал жакта жүргөндөр Кыргызстандын экономикасына салым кошууда. Алар үй салып, квартира сатып алып, машина жөнөтүп, чакан жана орто бизнес менен алектенип, инвестициялык фонд түзүп, кайрымдуулук акцияларын өткөрүп, бул жактагы туугандарына акча салып жатышат. Алардын арасында чыгармачыл, белгилүү инсандар да жок эмес. Чикаголук кыргыздар мекенге келгенде да алакан жайып отурбасын билем. Тескерисинче, АКШдан алган билимин, тажрыйбасын колдонуп, коомдук турмушка жигердүү аралашарына ишеним чоң.

АКШдагы аракетчил кыргыз кыздар
Viber социалдык түйүнүндө Чикагодо иштеген мекендештердин башын бириктирген кайрымдуулук тобу бар экен. Ал кыздар жардамга муктаж адамдарга тынымсыз көмөктөрүн көрсөтүп турушат. Ал топто 80ден ашык кыздар бар. Ошол топтогу 80 кыздын элүүдөн ашыгы таксист болуп эмгектенишет экен. Алардын бири 32 жаштагы Кайыргүл ОРУНКУЛОВА Талас районунун Көк-Кашат айылында төрөлгөн. Учурда Чикаго шаарында такси кызматында эмгектенет.
- Америкага келгениме эки жыл болуп калды. Башында Калифорния штатына баргам. Бир жылдан кийин Иллинойс штатындагы Чикаго шаарына келдим. Май айында бир жыл болот. Кичинемден эле АКШга барсам, ал жакта окуп, иштесем деп тилечүмүн. Бул тилегимдин орундалышына ата-энем жардам берип, өзүм да аракет кылдым. Жаштын тилегин берет дегендей, тилегим ишке ашты буюрса. Ошондой эле максаттарым - кызымдын келечегине кам көрүү, ата-энеме мен көргөн чет жерлерди көргөзүү.
Бул жактагы адамдардын жылмаюусу, жылуу мамилеси аябай көңүлүңдү көтөрөт. Жашоо шарты эң жакшы, Калифорния штатында кыргыздар аз, көп көрбөйсүң. Кыргыз тамактарын дагы бир жыл аябай сагынып жүрдүм. Башка штатты, башка шаарды көрөйүн деп Чикагого келдим. Бул жакта кыргыздар, кыргыз кафелер көп. Өзүбүздүн тамактарыбызды жеп жыргап калдым.
Чикагодогу кыргыздардын 80-90 пайызы таксиде иштейт. Мен дагы такси курсуна окуп экзамен тапшырып, лицензия алып иштеп калдым. Англис тилин билгендиктен кыйналган жокмун.
Жаңы иштеп баштаганда кардарды салып алып адашкан күндөрүм болду. Кардарлар аны түшүнүү менен кабыл алышты. Тил билгендиктен түшүндүрүп, кечирим сурасаң "эч нерсе эмес" деп өздөрү жардам беришет. Машина оңдогон жайдан эки жылдан бери такси айдап иштеген кыргыз кыз менен таанышып калгам. Ал мага телефондон кантип барарымды айтып турчу. Анан көбүнчө кардардын өзүнөн эле "дареги кандай?", "кантип барам?" деп сурап алчумун. Өздөрү айтып беришчү. Ошентип аракет кылып тез эле көнүп иштеп кеттим. Алгач 1-2 жумадай кыйналдым. Жай айдап көп айдоочулардын жинине тийип, капысынан чыга калып линия алмаштырганда мени сөккөндөрү дагы болгон. Аларга көңүл бурган жокмун. Мен эң башкысы кардарды айткан дарегине туура алып барууга аракет кылдым. Негизинен аябай кыйналдым деп айта албайм. Аракет кылсаң бардык нерсенин берекети болот эмеспи.

Чикагодо кыргыз жармасы
Алыста жүргөндө айрыкча калдайган Ала-Тоо, мөлтүрөгөн тунук суу, эртели кеч жалбырактарды шуудураткан шамалыбыз менен салкын аба анан да апаларыбыздын колунан жаралган өз элибизге таандык улуттук тамактарыбыз сагындырат. Айрыкча Чикагого барганда тамактары алымсындырбай көпкө кыйналышат. Көбүнчө өзүбүздүн мекендештерибиз иштетип жаткан "Бай", "Жибек жолу" кафелерине келип тамактанышат. Жакын арадан бери мекендешибиз Жуман Кеңеш идея көтөрүп үй-бүлөсү менен кыргыз жармасын сатып башташкан. Мекендешибиз" Жарманы жасап баштаганыбызга бир айдын жүзү болду. Бир стакан жарма 2 доллар турат. Мекендештерибиз жакшы кабыл алды. Жармабызды дагы жайылтсак деген тилектерибиз бар. Азырынча өзүбүздүн кафелерде абдан жакшы өтүп жатат" дейт.

АКШнын галереяларына кыргыз сүрөттөр коюлуп турат
Кыргызстандык сүрөтчү Улан Сатыбай АКШнын Чикаго шаарына көчүп кеткенине бир топ жыл болду. Ал азыр деле сүрөт тартат, анын эмгектери Чикагодогу галереяларга коюлуп, сүрөттөрүн такай сатып алган америкалык күйөрмандары пайда болду.
Улан Сатыбай Ош областынын Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында чоң ата, чоң апасынын колунда өскөн. Беш жашында сүрөткө кызыгып, 9-класстан атайын билим ала баштаган. Академик Тургунбай Садыковдун аспиранты, Сүрөт академиясынын алдындагы колледждин проректорунун орун басары болуп иштеп жүрүп, кийин Америкага сапар алган.
Учурда Чикагодо жашайт. Ал жакта белгилүү галереялар менен иштешет экен. Татынакай бактылуу үй-бүлө ээси. Улан кичинесинен Веласкес, Сальвадор Далидей дүйнөлүк атагы бар улуу сүрөтчүлөргө таасирленип чоңойгон. Учурда алардын эмгектерин Чикагодогу музейден көрүп ырахаттанып жатканын айтат. Өзүбүздөн С.А.Чуйков, Гапар Айтиев, С.Төрөбеков, Д.Нургазиевдин эмгектерин жактырат. Биздин сүрөтчүлөрдүн баатырдыгына, өжөрлүгүнө баа берет. Уландын сүрөттөрүнүн көбү мекен жөнүндө. Дээрлик бардык сүрөттөрү бала кезде көргөн элестерге, кыргыз жеринин сулуулугуна арналган. "Мен үчүн ырахаттын баары Кыргызстанда калды окшойт, асман тиреген тоолор, көз жоосун алган кооз жаратылыш, ата-эненин сөздөрү, бакылдаган достордун үндөрү… эй, айта берсе түгөнбөйт. Өзүм пейзаж темасына жакынмын" дейт.
Улан АКШга барганда тилден кыйналган экен. Бирок сүрөт өнөрү бардык тилде сүйлөйт эмеспи. Акырындап Уландын туруктуу кардарлары пайда болгон. Талантын сыйлап, андагы кыргыз жерине суктангандар картиналарды дароо эле алып кетишет.
Америкадагы кыргыздар ынтымактуу жана ыймандуу
Америкадагы мекендештерибиздин көпчүлүгү - туристтик, студенттик визаларын узартып же жумуш жана саякат программалары менен барып кайтпагандар. Документтери мыйзамсыз болсо да кыргыздар мыйзам бузбоого тырышат. Тапкан кирешесине жараша жыл жыйынтыгы менен салык төлөйт. Мындай салык маданияты америкалыктарда мыкты өрчүгөн. Кыргызстанда адвокат менен иши да болбогон кыргыздар бул өлкөдө адвокат күтүшөт. Себеби, ар кандай макам менен кирген мекендештерибиз Америкадагы жашоосун мыйзамдаштырууга машакаттанышат. Эң кеңири тараганы - саясый качкын. Эгерде макамы өзгөрсө, бир топ артыкчылыктарга ээ болушу мүмкүн. Бирок туристтик же студенттик виза менен барып калып калгандардын деле кыйынчылыкка тушукканын байкабайсың. Баары жөндөмүнө жараша иш менен алектенишет, жашоо-шартын өздөрү түзүп алышат.
Чикаголук кыргыздардын жаштары улууларын сыйлашат. Баш кошкондору улууларынан өкүл ата-өкүл апа коюшат. Жума сайын ыйман, дин туурасында баарлашууга чогулгандары бар. Кыргызстандын бардык майрамдарын, айрыкча, Эгемендик күнүн же орозо, курман айтты сөзсүз белгилешет. Жигиттер чогулуп футбол ойношот. Кыз-келиндердин да топ-топ ынтымагы бар. Аксакалдары маал-маалы менен чогулуп, баарлашып, чер жазышат. Бул үчүн кыргыз даамын унуттурбаган бир нече кыргыз кафе-ресторандары бар. Ар бир кыргыздын жашаган үйү биздин өлкөнүн туусу, оюм-чийим түшүрүлгөн сувенирлер менен жасалгаланат.

Даярдаган Жамиля НУРМАНБЕТОВА