Агым", 25.03.16 Билимсиз "билимдүүлөрдү" көбөйткөн
окуу жайлар
"Жаңы Агым" гезитинин өткөн сандарына жогорку окуу жайларын бүтүргөн сапатсыз адистер жана азыркы күндөгү күндүзгү окуу бөлүмүндө окуп жаткан студенттердин көйгөйлөрү, окуу жайлардагы паракорчулук тууралуу кеп козгогон элек. Ошол макалага утурлай сырттан окуу бөлүмү же болбосо азыркыча айтканда дистанттык окуу тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Дүйнөдө
дистанттык окуу
жай кандай
өнүккөн?
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча учурда өлкөдө дистанттык окуу жана сырттан окуу бөлүмүндөрү бар. Кеп баштаардан мурун деги эле дистанттык окуу деген эмне экенине токтоло кетсек: Дистанттык окуу же окутууну аралыктан окутуу деп которуп коюшат.
Азыркы учурда интернеттен ар тараптуу илим, техника, экономика, медицина, билим берүү жана башка толуп жаткан тармактар боюнча маалыматтарды алууга болот. Булардын ичинен билим берүү тармагында интернеттин канчалык орду бар ошону карап көрөлү.
Учурда интернеттен билим берүү тармагы боюнча көптөгөн интернет баракчаларды табууга болот. Алар негизинен электрондук почта менен же болбосо атайын шарты бар каттоодон өтүп андан кийин керектүү маалыматты алуу мүмкүнчүлүгүндө. Мындай маалымат алмашуу белгилүү бир өлчөмдө жакшы жыйынтыктарды берет. Ал эми экономикалык жактан жетишкен өлкөлөрдө билим берүүнүн бул түрү алда канча алдыда турат. Алар видео лекциялар, реалдуу убакытта (бир мезгилде) окутуучу менен окуучу бири-бирин көрүп да, сүйлөшүп да маалымат алмаша алышат.
Мугалимдер жана студенттер дүйнөлүк эң чоң архивдерге, космостук борборлорго, спутниктик метеостанцияларына жана башка миңдеген билим берүү жана илим изилдөө булактарына кирүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Интернет - бүгүнкү күндө жогорку окуу жайлар, колледждер, мектептер үчүн керектөөчү инфраструктура. Себеби компьютер ар кандай тексттерди, үндөрдү схемаларды, сүрөттөрдү камтыган тоталдык-технологиялык машина десек болот. Эми бир жактуу телевизиондук системаларга же башка кымбат технологияларга жана студенттин атайын даярдалган окуу лабораториясына келип маалымат алуусунун зарылдыгы жок.
Интернет билим берүү тармагында: Дистанттык окуу интернеттин дагы бир кызматы, бул билим алуу жана үйрөнүүнүн инструменти десек болот. Дистанттык окуу, интерактивдүү режимде эки же андан көп адамдын, көп жерден бири-бири менен байланышы. Дистанттык окуу билим берүүнүн эффективдүү жана сапаттуу чөйрөсү.
Мына, дистанттык билим берүү жогорудагыдай. Бирок бул бизде эмес жогоруда айтылгандай чоң-чоң өлкөлөрдө АКШ, Европа сыяктуу техникасы алда канча алдыга узап кеткен улуу державаларда...

Ара туулган
баладай болгон дипломдор...
Биз кыргыздар эмне көрсөк ошону өзүбүзгө алып келип алмай, болгондо да уурдоо жолу менен өздөштүргөндү өзгөчө сүйгөн калк экенбиз. Дегеним, орто билимдүүлөрдү теңине албаган же жогорку билимдүүлөрдүн катарына кошпогон азыркынын талабы делген бакалавриат системасында окуп жатабыз. Алган дипломуң ара туулган бала сыяктуу. Кыргыздар айтмакчы "жерден бийик, чөптөн жапыз болуп" жүрө берет окшойбуз. Буга го мейли дейли, ал эми азыркынын азабы дал ушул "дистанттык" деген атты жамынып акчасы бар адамды жогорку билимдүү кылып чыгара койгондор болуп жатканы сизге да, бизге да жашыруун эмес!
Айта берсе арман көп дегендей, көрүп-билип баамдаганыңды жаза берсең бүтпөчүдөй. Журналисттер өздөрү эле жаза берет дегизбей, окумуштуунун да, окутуучунун да, окуучунун да пикирлерин жазууну туура көрдүк.

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ,
окумуштуу, профессор:
"Билим берүү системасында президент билбеген чоң мафия бар"
- Агай, айтсаңыз, сырттан окуу деген окутуу методу кайдан келген, эмне болгон түшүнүк?
- Сырттан окуу деген эч убакта адамзаттын пейилине туура келбей турган түшүнүк. Бул СССРдин ойлоп тапкан билим берүү системасынын бир түрү. Себеби ал кезде абдан чоң идеологиялык согуш болгон. Ал согуш капиталисттик идеология менен социалисттик идеологиянын ортосунда жүргөн. Ошол мезгилде элге билим берүүнүн ылдамдатылган жолу болгон. Мунун себеби: бир эле убакта адамдар иштеш керек болсо ошону менен катар билимге да ээ болсун дешкен. Ал гана эмес кечки окуу деген да болгон. Бирок азыркы заманда жогорудагынын баардыгы өзүнүн актуалдуулугун жоготуп койгон.
- Сиз айткан кечкисин окуу, сырттан окуу дегендердин ордун азыр дистанттык окуу ээлеп албадыбы. Буга көз карашыңыз кандай?
- Биринчиден, ар кандай жаңы нерсени өзүбүзгө кабыл алуудан мурда, ага шарт түзүшүбүз керек . Дистанттык окуу дегендин атын жамынып, акча жасоонун саясатына өтүп алган бул системаны азыркы күндө бийлик колдогонуна мен абдан бушайманмын. Чындыгында шарт түзүш керек эле. Мисалы, Европада илгери ХIХ кылымдын 90-жылдары эле мобилдик окутуу саясаты башталган. Эки жыл Берлин университетинде окуп, андан кийин эки жыл Париж университетине барууга уруксат берилген. Биздин Кыргызстанда Европанын ойлоп тапкан жакшы моделин кыргызча эле акча табуунун жолуна өткөрүп алышкан.
- Билим берүү тармагында жүргөн адис катары айтсаңыз, педагогдорду даярдоодо дистанттык окуунун канчалык пайдасы бар?
-Мен дал ушул маселени көтөрүп чыгып, акыры мага иш козголду. Себеби бул жерде ортодон акча жасаган абдан чоң мафия турат. Бүгүнкү күндө ушуну президентке жеткиришпейт. Билим берүү системасы менен ойнобош керек. Анткени билим берүү системасынын бир эле жолу бар. Бул күнү-түнү анын талаптарына туура келе тургандай жол менен барыш керек. Ошондо гана таланттар, окумуштуулар чыгат. А тескерисинче, биз билим берүү системасын толугу менен талкалап бүттүк. Учурда өзүм улуттук университетте сабак берип жатам. Мени таң калтырган нерсе көп. Мисалы, өткөндө мындай деп айтышты: Бизди окуткан адамдардын илимий даражасынын деле кереги жок турбайбы деп. Себеби биздин министрдин өзүнүн илимий даражасы жок да. Жыйынтыктап айтканда бардык тармак боюнча дистанттык окуу дегендин кереги жок. Биз кадрлардын дипломуна эмес, билимине карап баа беришибиз керек.

Эржан АСЫРАНОВ, Талас районундагы Асылкан Бөрүбаев атындагы орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы:
"Сырттан окуп
келген кадрлардын билим деңгээли
өтө төмөн"
- Бүгүнкү күндө сырттан окуу бөлүмүн бүтүрүп келген мугалимдер баардык эле мектептерде иштеп жатышат. Бирок алардын өздөрүнүн билим деңгээли канчалык? Башкы суроо ушул. Чынын айтканда эгемендүүлүк жылдарында беш жыл университетте жүрүп,окуп келген кадрлардын билим деңгээли канааттандырарлык эмес. Анан кайдагы сырттан окуп бүтүрүп келгендерди айтабыз? Мына, жакында эле облустук деңгээлдеги окуу бөлүмүнүн башчыларынын семинары болуп өттү. Семинарга катышкан дээрлик бардык мугалимдер бүгүнкү күндөгү келип жаткан кадрларга нааразы экенин айтып жатышат. Кыргызстан билим берүү тармагында абдан чоң кризиске учурады. Мейли, экономист, юрист, журналист, артисттерди сырттан окутуп даярдасын. Бирок педагогикада сырттан окуу же дистанттык окуу дегенди жоюп салышса жакшы болмок. Анткени билим берүү бул оюнчук эмес, келечек муунду тарбиялоо деген абдан жоопкерчиликтүү иш.

Мурат, 38 жашта, КМКТАУнын сырттан окуу бөлүмүнүн студенти:
- Орто билимдүүмүн. Бирок ал орто билимиңди тастыктаган диплом болгону менен кээ бир ишке жогорку билимим жок орношо албай кыйналдым. Ошол себептүү учурда он сегиз миң контракт төлөп окуп жатам. Буйруса быйыл акыркы жылым. Чынын айтканда сессияга барган деле жокмун, пулуң болсо кулуңмун деген заманда баардыгын эле акча менен бүтүрүп жатам.

Нургазы, 22 жашта дистанттык окуу бөлүмүнүн студенти:
- Мен бир жыл күндүзгү окуу бөлүмүндө окугам. Шартка байланыштуу бир жылдан кийин дистанттык окууга которулууга туура келди. Учурда дистанттык окуу бөлүмүндө 4-курста окуп жатам. Ушул дистанттык түрдө окуган үч жыл аралыгында менде интернеттен тапшырмаларды алып, аларды аткарууга шарт болгон жок. 2-курсумда менин ордума күндүзгү окуу бөлүмүндө окуган досум тапшырып жүрдү. Ал антип тапшырганы менен эки-үч сабагыман бүтпөй калып, университетте иштеген бир агайга сүйлөшүп койгом. Бир жылдагы эки семестрди жабыш үчүн контрагым жыйырма миң сом болсо дагы ошончо каражатты агайдын колуна тапшырам. Эч көйгөйү жок эле сабактарым бүтүп жатат.
Эмне дейбиз, бул өз пикирин айтып берген студенттердин бир-экөөсү гана. Ал эми мындайлар ар бирибиздин досторубуздун, тууган-туушкандарыбыздын арасында бар экени сиз менен бизге айдан ачык. Биз деле түшүнүп турабыз, бюрократияга белчебизден батып калган өлкөдө акылыңа эмес, алакандай кагазыңа ишеним артканың алда канча жогору экени. Канткен күндө да өзүбүздү өзүбүз алдап "ары жок" билимдүү адам боло бергенибиз өкүндүрөт. Эмнеси болсо да бүгүнкүбүз менен жашабай эртеңкибизди ойлой жүрсөк экен. Билим берүү министрлиги бул жөнүндө ойлоноор бекен...?

Нурмухаммед ЖУМАБЕКОВ