Агым", 25.03.16 Ошто оппозициянын ооматы кеттиби?

Ош шаарында Нооруз майрамы чынында чоң салтанат менен белгиленди. Бул жылы Ноорузда Ош шаары көркүнө чыгып, мажүрүм тал бүрүн ачкан мезгилге туш болду. Азыр шаардык кеңештик шайлоого даярдык абдан кызуу жүрүп жатат. Парламенттик шайлоодо колдонулган "классикалык ыкмалар" Ошто да кеңири колдонулуп жатат. Шаар калкы мына ушундай кызыкка батып, шайлоо менен болуп жатканда "Оппозиция 24-мартта Ошто курултай өткөрөт экен" деген кабар шаардыктардын кулагына көп деле жакшы угулбады. Азыр курултайдын Ошто болбой калышы эми гана жанданган оппозициянын кадырына оңбогондой доо кетирди. Учурда эки киши жолугушса "Туура кылышты, азыр элди чогулта алышпайт" деп сүйлөшүп жатат. Ал эми башкалары "Курултай өткөрүүгө эмне үчүн Ошту тандашат, бул түндүк-түштүк маселесине аз да болсо доо кетирет" дегендер да болду. Оппозиция өкүлдөрү чындыгында Ошко чоң үмүт артышкан. Алар деле бир жума мурда чабармандарын жиберип, түштүктөгү өз кишилерин пайдаланып элди көп чогултууга кыйла эле аракет кылышкан. Бирок бул жердеги жагдай алардын мөөнөтүнө дал келбей акырында курултайды токтотууга аргасыз болушту. Экинчиден, оппозицияда өз ара пикир келишпестиктер болгону айтылууда. Бул алардын сүйлөшүүлөрүн жашыруун жазган тасмага да байланыштуу болушу мүмкүн. Оппозициянын бул кадамы курултайдын болушун каалаган элди нааразы кылды. Жок дегенде 2005-жылдын 24-мартындагы революцияны белгилеп коюшса болмок дегендер да бар.

Ош шаары Бишкекке салыштырмалуу таза
Акыркы жылдары Ош шаарында тазалык жакшы жолго коюлганы шаарга келгендерге дароо байкалат. Бирок шаардагы көзгө эң жаман көрүнгөн нерсе бул Ак-Буура дайрасы аккан сайдагы таштандынын көптүгү, таш шагылдардын үймөк-үймөк чогулуп дөбөгө айланганы, борбордук базардагы антисанитариялык абал. Кээ бир кварталдардагы канализациянын чечилбегени, заманбап дааратканалардын жоктугу, башаламан салынган имараттар Ош шаарын дагы эле артка тартып турат. Бирок Ошто бир топ иштер жасалганын мэриянын басма сөз кызматы төмөнкүчө маалымдайт. Ош администрациясы эки жылда жасаган иштеринин жыйынтыгын чыгарган. Бул Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин эки жыл мурда мэр болуп дайындалганына байланыштуу. Эки жылда беш бала бакча жаңыдан курулуп, эки бала бакчага кошумча имарат курулган. Жети мектептин курулушу башталган, анын арасында футбол академиясы да бар. 22 балдар аянтчасы толук кайрадан жаңыланган. Шаарда төрт эс алуу паркы оңолуп, түзөлгөн. Алты ооруканага ремонт иштери жүргүзүлүп, жабдыктар менен камсыз болушкан. Мелис Мырзакматов тушунда башталган кош кабат көпүрө бүткөрүлүп, эки көпүрө салынганы жатат. Жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча жаңы унааларды сатып алуу ушул жылда ишке ашат. Таза суу менен камсыз болуу быйыл толук чечилмекчи. Акыркы эки жылда алты ири ишкана ачылып, миңге жакын киши жумуш оруну менен камсыз болушкан. Мына ушундай иштерди санасаң уланып кете берет.

Ошто шайлоонун шары күчтүү
Ош шаардык кеңешине шайлоо боюнча үгүт иштери учурда абдан кызуу жүрүп жатат. Борбордук көчөлөрдүн эки капталы шайлоого катышуучу партиялардын үгүт материалдарына жык толгон. Жергиликтүү элдин айтымында добуш сатып алууну каалаган партиялар да бар. Бир добуш миң сомго бааланганы жалпы Оштун калкына угулду. Азырынча шайлоого катышкан партиялардын мыйзам бузуулары каттала элек. Айрыкча Нооруз күндөрү партиялар элди абдан эле мыкты майрамдатышты. Көптөгөн жерлерде койлор союлуп, сүмөлөк кайнатылып, шаар эли майрамдап эле жатып калды. Ал эми эл арасындагы көзү ачыктар сөзсүз бийликке караштуу партиялар жеңишке жетишет деп ишенишет.

Жоогазын ынкылабы белгиленген жок
Ошто мындан он бир жыл мурда болуп өткөн Жоогазын ынкылабы белгиленген жок. Бирок шаардагы дин кызматкерлери, аксакалдары шаар элин биримдикке чакырып, маалымат жыйынын өткөрүштү. Жыйында Ош шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Рысбек Зулпуев "митинг, башаламандыктар болсо өлкө дагы артка кетет. Бизге митинг жана башаламандыктын кереги жок. Эл мамлекеттин тынчтыгын гана каалап жатат. Ош шаарында согуштун 11 ардагери, ооруктун 61 ардагери элди тынч жашоого үндөп жатат. Ошол себептүү башаламандыкка алдырбашыбыз керек. Азыр жаз келип, үрөн себүү учуру дагы келди. Эл жазгы талаа иштерин аткарып, түшүм алышы керек. Айрымдар бийликке нааразычылыгын билдирип, элди жаман жолго үндөп жатат" деди аксакал.

Кыргыз тили кыйын деле тил эмес
Акыркы жылдары Ош жана Жалал-абад шаарларында өзбек улутундагы жаштардын кыргыз тилин үйрөнүп, сүйлөп жаткандары колдоого аларлык. Өзбек жаштарынын айтуусуна караганда, кыргыз тили кыйын деле тил эмес. Эгер чын дилиңден аракет кылсаң оңой эле үйрөнүп аласың. Мавлюда Имарованын айтуусуна караганда ал кыргыз тилин университетте окуп жүргөндө кыргыз жаштары менен бирге жүрүп үйрөнүп алган. Азыр Ошто дүкөндөрдө, тамактануучу жайларда иштеген өзбек жарандарынын көпчүлүгү, жаштарынын дээрлик баары кыргыз тилинде сүйлөшөт.

Жаштарга жашоо малина
Ошто студенттер көп болгондуктан шаар жаштарга бай. Жаштардын басымдуу бөлүгү тейлөө кызматтарында иштешет. Маалыматты интернеттен алышат. Гезит-журнал сатып алгандары аз. Алтургай кээ бир концерттерге да барышпайт. Акыркы кезде киного баргандар көбөйдү. Театрга киргендери да бар. Студенттик жайларда тамак-аш арзан. Бардык жердегидей эле соода солгун. Акча жок деп даттангандар көп. Ошого карабай жаштардын маанайы көтөрүңкү. Ошто жашоо кандай деп сурасаң "Ошто жашоо малина" деп жооп беришет экен.

Алдамчы аялдар
Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан салынган үйлөрдүн чуусу азыркы күнгө чейин бүтпөй келет. Жакында ошол тамдардан батир алып беребиз деп кишилерди алдоо жолу менен акча алып жүргөн шектүү аялдар Ош ШИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалды. Алар Кара-Суу районунун тургуну менен Ош шаарынын тургуну убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алардын үстүнөн 22 арыз түшкөн. Ар бир жарандан 150 миң сомдон 300 миң сомго чейин акча алышкан. Шектүүлөр өздөрүн мэрияда иштейбиз деп алдашкан.

Келдибек НАЗИРОВ, Бишкек-Ош