presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агым", 25.03.16 Агым
Рамзан Кадыровго жиберилген кыргыз тартуусу
Жакында Чечен президенти Рамзан Кадыровго кыргыз бүркүтү тартууга жиберилген. Азыр ал бүркүттү чечен президенти асырап өз колу менен эт берип жаткан учуру. Тартууну Кыргызстандын күч органдарында иштеген өтө чоң чиновник жибериптир . Ал тартуу Манас аба майданында кээ бир кишилердин кыжырын келтирип, нааразылык туудурса да чиновник акыры Кадыровго тартуу бүркүттү жиберүүгө үлгүргөн.


Өзбекстандагы кыргыз объектилери жоголдубу?
"Өзбекстанда Кыргызстандын бир дагы объектиси жок" деп өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров маалымат жыйынында билдирди. Бирок Анжыянда Майлы-Суу лампа заводунун, Ферганада Кадамжай сурьма комбинаты менен Айдаркен сымап комбинатынын курулуш жана жабдыктарды сактаган 20 гектардан ашуун жерди ээлеген темир жол боюндагы кампалары болгон. Ал объектилердин бар экенин өкмөт билбейби же эбак эле жалмап коюшканбы?

Билбей туруп, эл башын айландыргандар
Аксы районундагы Кербен шаарына жакын жерде жайгашкан тоонун аты эзелтеден бери эле Унгар-Тоо деп атала турганын кербендик аксакалдар айтышат. Эң башкысы "Унгар" деген сөз кыргызча да, өзбекче да мааниге ээ эмес. Муну атайын тилчи окмуштуулар иликтебесе бул сөздүн маанисин өзбек да, кыргыз да билбейт. Ошого карабай ар кыл маалымат каражаттарында Үңкүр- Тоо деп аталып жүрөт. Бирок ал тоодо үңкүр жок. Ал эми тоодо жайланышкан телемунараларды кыргыз тарап көчүрүп кете турган болсо, ал тоону өзбек аскерлери дароо ээлеп алат. Аксылыктар ал тоону өздөрүнүн тоосу катары санашат. Бирок Сариевдин өкмөтү дал ушул тоонун айынан катуу айыпталууда.

Акимдин адепсиз аракетин айыпташат
Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров тууралуу Кадамжай районунун тургуну Сейиткасым Эрмеков "Митинг учурунда Акрам Мадумаров мага керек болсо күч колдоном" деп коркутканын айтып чыкты. Анын айтымында аким "Бел-Алма" кениндеги көмүрдү казып алууда мыйзам бузууларды көз жаздымында калтырып, ага өзү кызыкдар окшойт. Жергиликтүү элдин талабы менен эсептешпейт дейт. "Себеби акимди Бишкекте колдоп турган аткаминерлер" арбын дейт С.Эрмеков.

Кытай жезделер көбөйүп баратат
Миграция кызматынын төрагасы Бакыт Адылов Ошто өткөн маалымат жыйынында Кыргызстанда калуу үчүн кыргыз кыздарына баш кошкон чет элдик жарандар арбын экенин айтты. Учурда Кыргызстанда ишкердик кылууга 14 миң чет элдик жарандарга уруксат берилген. Албетте, кыргыз кыздарына баш кошууну каалагандардын көч башында кытай жарандары турат. Ош шаарында да чет элдик жарандарга баш кошкон кыргыз кыздарынын ондогон фактылары бар. Албетте алар жакшы турмуш, акчага азгырылышкандар. Эгер абал ушул бойдон өзгөрбөсө дагы бир аз жылда кытай жээндерибиз арбып, улут уңгусу өзгөрө башташы турган кеп.

Сариевдин өкмөтү "пошел" болобу?
Учурда Сариевдин өкмөтү отставкага айдалат имиши катуулай баштады.
Көпчүлүгү бул орунга Аалы Карашев, Канат Исаев жана Чыныбай Турсунбековдун ысымын аташууда. Эгер өкмөт "пошел" болсо жаңы өкмөт техникалык өкмөт болот. Ошондо кезектеги премьер ким болоорун божомолдой бергиле... Анткени менен Аалы Карашев менен Чыныбай Турсунбековдун шансы жогору деген сөздөр да жок эмес.

Жалган токтомду чын дегендер жоопко тартылсын дейби
Жаш саясатчы Мавлян Аскарбеков Үңкүр-Тоо маселесине байланыштуу бүгүн митингге чыгып, айкырып Ак үйдүн, көгөрүп Көк үйдүн сезин алгандан кийин мындай деген билдирүү таратты: "Эгерде өкмөттүн Үңкүр-Тоону Өзбекстанга берүү тууралуу токтому жалган болсо, анда премьер-министр Т.Сариев Аксы райондук кеңешинин депутаттарын жоопко тартсын" деди ал. Бир карасаң туура эле айтып жаткансыйт, бирок бийлик андай токтом жок деп жатпайбы. Неси болсо да бул сөз жакында токтобой калды окшойт.

Бизге өткөн суу сактагычты өзбектер кайтарат тура
Өкмөт Орто-Токой суу сактагычын Кыргызстанга өткөргөндүгүн билдирген. Кызыгы ошол эле өкмөттүн өкүлү К.Искандаровдун айтымында кыргыз тарап өзбек тарабын бизге өткөн суу сактагычтан чыгып кетүүнү талап кылышканда, алар кур дегенде кайтаруучуларыбызды калтырып кетели дешиптир. Ошого макул болуптурбуз. Ошону менен бизге өттү делген Орто-Токой суу сактагычын өзбектер кайтарышат тура. Анда бизге өткөнү кайсы деп ушуга акылыбыз жетпей турат.

Мэр Ибраимов имне дейт, я!
Капырай бу атка минерлер алайын эле деп турушчу эле, берели дегендери да чыгат экен тоб-боо! Айталы дегенибиз Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов шаардык депутаттарга бир миллион сомдон чыгарып, шаарды көрктөндүрүү ишине жумшасак кандай болот деп кайрылды. Мындай демилгени эгемендик алганы эч бир мэрден укчу эмеспиз. Калп айткан менен болобу "берели" деген сөз кулакка жакшы эле угулат экен. Мэрдин бул демилгесин шаардык депутаттар колдоп кетишип, ар кимиси миллион болбосо дагы алынын келишинче берсе дурус эле болчудай. Баса, Кыргызстандын мен деген байларынын баары Бишкекте жашайт эмеспи. Алар деле уялганынан кол кабыш кылып жиберет деген үмүт жок эмес. Карапайым жарандар деле борбордон аянмак белек, берчүбүздү бермекпиз. Негизи, эмнеси болсо да жаңы шайланган мэр жаңы көздүк кылып туура демилге көтөрүп жатат. Ишке ашса эле болгону.

Таба эмес, Тобо!
Эл ичинде мамлекеттик кызматтарга уурдайын, жутайын, жулуп кетейин деп барышат деген сөз чын окшойт. Же жанагы "кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет" деген сөз да калетсиз белем, өкмөт өзү жаш, ишке маш деп Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчылыгына дайындаган Нурлан Шерипов Коррупцияга каршы кызматы тарабынан ашык-кеми жок 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Коррупцияга каршы күрөш күчөгөнү эки күндүн биринде эле кайсы бир чиновниктин пара алды деп кармалып жатканын угасың. Буга караганда айрым алкы бузук атка минерлердин кекиртеги кернейдей болгонуна жараша жүрөктөрү да тоодой болот окшойт...Болбосо кичине бир сестенишет эле да.

"Жаңы Агым" - пресс







??.??